Меңди Мамазаирова: «СЕН ЫРЫМ, ЫШКЫ ЖАНДЫРГАН…»

Журналистика тармагын, драма, поэзия, проза жанрларын бирдей деңгээлде алып келе жаткан адабият айдыңынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири – Меңди Мамазаирова. Ал өмүрүнүн көп бөлүгүн гезитке, улуттук телевидениеге, «Азаттык» үн алгысына арнап келди.

Меңди Мамазаирова адегенде ыр жазып, 1960-жылдары акын катары таанылган. Андан кийин эле “Жайдын эң ысык күнү”, “Чалдын ыйы”, “Кемпир” аттуу аңгемелери эл арасында резонанс жаратты. Ага удаа “Кеч күздө”, “Шабдалы гүлдөгөн маалда”, “Туулуп өскөн үй” деген повесттери жарык көрдү. 1988-жылы “Турумтай” деген романы жаралып, Жазуучулар союзунда чоң талкууга алынып, оң пикирлерге ээ болгон. Ошону менен катар “Наристеге арналган хризантема”, “Аппак аял, айдай кыз”, “Кымгуут түшкөн бир кечте” деген пьесалары биринен сала бири элге тартууланды.

КИЧИНЕКЕЙ КУЙМА КУЛАК
Меңди эже кичине кезинде эркек баладай шок болгону менен, бала күнүнөн эле көркөм сөзгө жакын болуп, атасынын жомогу менен чоңойгон. Башка кыздар сайма сайганды үйрөнүшсө, болочок акын машина айдаганга кызыкчу. Мектепке бара электе эле тамга таанып, окуганга аракет кылчу. Эже-байкеси китеп окуп беришкени менен, кичинекей Меңдинин колуна карматышчу эмес. Анткени чиймелеп салчу.

– Эстесем, 4-классымдан тарта ыр жаза баштаптырмын. Убагында ыр экенин деле билген эмесмин. Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын мектеби 7-класска чейин болчу. 7-класстан кийин Оштогу Уркуя Салиева атындагы жатак мектебинде окуй баштадым. 8-классымда “Ленин жолу” деген гезитке биринчи ырым чыкты. Ырдын аягындагы аты-жөнүмдү көрүп алып өзүмдү асманда учуп жүргөндөй сездим. Биринчи ырың менен биринчи китебиң жарык көргөндөгү сүйүнүчүңө уул-кыз төрөгөндөн башка эч кубаныч чак келбейт экен.

Мектепти аяктап, Улуттук университеттин филология факультетине тапшырдым. Студент кезимде жазылган ырларым гезит-журналдарга чыгып жүрдү. Анда Жолон Айыл чарба институтунда окучу. Экөөбүз баш кошуп, мен 5-курска келгенде тун уулубуз төрөлдү. Маяковскийди мен дагы, Жолон дагы абдан сыйлачу элек. Ошол адамдын урматына балабыздын атын Маяк деп койдук. Андан кийин эки уул, бир кыздын ата-энеси болдук. Жолон мамлекеттик кызматта жүрдү, ага карабай чыгармачылыгын таштаган жок. Мен балдарымды тарбиялоо менен бирге “Мугалимдер газетасы” деген гезитте журналист болуп 16 жыл эмгектендим.

40 ЖАШЫНДА «ТУРУМТАЙДЫ» ТАПКАН
“Турумтай” романы акын-жазуучунун 40 жашында тапкан эмгеги болуп саналат. Меңди эже роман жазып алып эч кимге көрсөтпөй, “кантип эле мен роман жазып калайын?” деп өзүнө ишене албай койгонун айтып азыр жылмаят. Аны жолдошу Жолон Мамытов окуп чыгып, “сен накта прозаиксиң” деп жубайына чын дилинен баа берген. Ошондон көп өтпөй, 1988-жылы Жолон агай 48 жашында о дүйнө салат.

– Жолон агайдан айрылуу сиз үчүн жаныңыздын жарымын алып койгондой эле болду го…
– Жолон каза болгондон кийин айрымдар мага угуза “бул байкуш бүттү эми соолуйт, адабияты да калат” дешти. Балдарым студент, жалгыз мага төрт баланы багуу абдан кыйынга турду. Бирок бирөөдөн бир сындырым нан сурабадык. Ар кандай ушактардын чууруганын сураба. Бирөө “Жолондун эстелиги курулбай калды” десе, экинчиси “Меңди антип кийинет, минтип басат” дейт, дагы бири балдарым жөнүндө бир нерсе ойлоп табат. Анан мен ал ушактарды териштирип, кайым айтышуунун ордуна ырдан күчүмдү чыгардым. Бардык кыйынчылыкты ыр менен жеңдим.
«Ушактар… буттан тайдырган,
Же мактоо эстен тандырган.
Баарынан ысык көрүндүң,
Сен ырым, ышкы жандырган…»
— деп алып эч нерсеге көңүл бурбай тиричиликти өткөрө бердим.

«ЫР КЕЛЕ ЖАТКАНЫН АЛЫСТАН СЕЗЕМ»
– Сизде ыр качан, кантип жаралат?
– Түпкүрдө оргуштаган кандайдыр бир ой-толгоо келе жатканын мен алыстан сезем. Анан калемимди, кагазымды даярдап отуруп калам. Кээде коомдук унаада экенимде пайда болот. Андай учурда дароо унаадан түшүп калам да, ичимден ошол саптарды үйгө келгенче кайталай берем. Мисалы, бир жолу тааныш жесир аялдын айткандары эсиме түштү. Ал эженин айтуусунда, өзү теңдүү мырзалар колун сурайт, сөз айтат, анан ал кабыл алгандай жыргап калат да, бир аздан кийин кайра өз оюн тыя берет. Анын айткандары төмөндөгүдөй сонун ыр саптарынын жаралышына түрткү болду.
Кирпигимден соктум алтын көпүрө,
Өтөйүн деп сендей бийик сепилге.
Көздөрүмдүн нурларынан кештелеп,
Жолдоруңа гүлдөр эктим энтелеп.
Келдиң дагы колдорумду карма­дың,
Ширин, таттуу сөздөрүңдү арна­дың.
Жалгыздыктан жапа чеккен кургурдун,
Көңүлүн алдың, оюнуңа тундур­дуң.
Анын баары менин гана кыялым,
Ал кыялды кантип эми тыямын?
Ыр ушинтип өзүңдүн, башка бирөөнүн турмушунан улам жарала берет.

– Айрымдардын акындарга карата айтылган “эмнеге ыр жазышат, андан көрө акча тапчу башка иштер менен алектенишпейби?..” деген кептерин угуп калам. Сиз да мындай сөздөрдөн куру калбасаңыз керек…
– Туура айтасың, “кызыксыңар, акындар, силердин жазган ырларыңар кимге керек?” деген сөздү көп уккам. Мен анда “бирдеме ойлоп таап акча жасоо колумдан келбейт да” деп кутулам. Ушундай сөздөрдү угуп алып, кээде көпкө ойлоном, “чын эле күнү-түнү отуруп жазган ырларымдын пайдасы барбы?” деп. Акыры “бар, кимдир бирөө окуп алып, “дал менин башымдан өткөндөй жазыптыр” деп сүйүнөт да” дейм.

«ЖОМОКТОГУДАЙ ЖАШОО КЕЛЕТ ДЕП СҮЙҮНГӨМ»
– Акыркы ырларыңыз патриоттук сезимди козгогон, “мамлекеттин бүтүндүгү, коом деген эмне? Анын негизин түзгөн адамдар кандай болуш керек?” деген ойлорго түрткөн поэтикалык күчтүү саптар экен…
– Көз карандысыз мамлекет болсок эле жомоктогудай жашоо келет деп сүйүнгөм. Бирок аны биз башкача түшүндүк. Эркиндик деп эле ар ким каалаганын жасай баштады. Натыйжада бай-кедей болуп бөлүнүп калдык. Эл ишенген эр жигиттер өз көмөчтөрүнө күл тартып, байлык жыйноого өтүштү. Казино, сауна, соода түйүндөр, сансыз салынып, эл башчылары тарабынан буларды тыйган бир мыйзам болбоду. Буга нааразы болгондор митинг, жөө жүрүш жасоого өтүштү. Аны кайра эле айрым саясатчылар өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланышты. Ушул нерселерди көз алдыман чуурутуп жатып Жеңиш аянтынан КТРге жөө кандайча жетип калганымды билбей да калчумун. Анан “эркек болуп жаралсам, мен дагы ушундай кылат белем?..” деген кыйноого тушуктум. “Жок, мен энемин! Мен андайга бара албайм” деп ойлонуп-толгонуп отуруп “Энелер үнү” деген публицистикалык поэмам жаралды.
Эр эмесмин,
Эрди тууган энемин!
Элим үчүн
Эр өстүрүп келемин.
Эки этегим желек болуп делбиреп,
Эки колум калак болуп суу шилеп,
Ай-ааламга дүрбү болуп карегим,
Айдап келем бул жашоонун кемесин.
Кайратыңды, колдо болгон мүлкүңдү,
Неге аяйсың сени өстүргөн элиңден?
Чындык сөзгө тике багып карайлы,
Элиң жалпы аксап турса жашоодо,
Сенин жалгыз жыргаганың жарайбы?

Карасам дагы деле эл башчылары бир бүтүндүккө келе албай кайым айтышып жатышат. Эл ээрчий турган лидердин карааны көрүнбөйт. Ошондон улам “Тур, улуу журт!” деген публицистикалык поэмам жазылды.

– 10-февралда ошол поэмаңыздын атынан коюлган китебиңиздин бет ачары болорунан кабарым бар…
– Былтыр маданият жана маалымат министрлиги “Китеп – жан дүйнөнүн азыгы” деген сынак жарыялап, бир нече калемдештеримдин чыгармалары менен бирге менин “Тур, улуу журт!” деген китебим 1-орунга татыды. Ошондо замандаштарым “ушул китебиңдин бет ачар аземин өткөр, биз колдоо көрсөтөбүз” деп чыгышкан эле. Кечеде артисттер аталган поэмадан үзүндү да коюшат.
Жер бетинде жамандык канча болсо,
Жабыр тарттың, бедөө элим, так ошончо.
Созулдуң да, сүзүлдүң, үзүлбөдүң,
Ушул күнгө жеткениң – улуу олжо.
Алтай менен Эне-Сай мекен болуп,
Алакчылар башкарды көсөм болуп.
Ошондо да муңбаган улуу журтум,
Кетилсең да кебелбе бекем болуп.

Сүйүн Кулматова, «Супер-инфо», №431 4-10-февраль, 2011-жыл.

Соц тармактар:

Добавить комментарий