“Уркуя эжебиз Акылкарачачтай акылдуу, Акмөөрдөй сулуу болгон”

Төөлөс айылындагы  Уркуя Салиеванын музейинин  директору Зуура Нуркамилова бизди ээрчитип алып, басмачылардын  колунан  каза тапкан кыргыздын жалын жүрөк кызынын өмүрү,  кейиштүү тагдыры, музейдеги  экспонаттардын таржымалы  тууралуу  маалымат берип жүрдү.

– Музейибиз  1980-жылы ачылды.1993-жылга чейин колхоздун эсебинде болгон. Төрт жыл эч кимдин карамагында болбой, 1998-жылдан бери “Сулайман Тоонун” филиалыбыз.Төрт жыл кароосуз калганда имарат кадимкидей талашка түштү.

– Былтыр жүзгө чыкса, Уркуя эже 1910-жылы туулган экен да?
– Колхоздун Салиевадан кийинки башкармасы Гайвали Мамаюнусов  өзү менен тең кылып, 1910-жыл деп жаздырып койгон экен. А чындыгында Уркуя эжебиз 1907-жылы туулган. 21 жашында комсомол ячей­касын түзүп, эки жыл айылдык кеңешти жетектеген, анан эки жыл башкарма болгон. БКга мүчө болуп, жыйында сөз сүйлөп келгенден  кийин анан 1934-жылы 3-февралдан төртүнө оогон  түнү басмачылар союп кетишет. Көп өтпөй  үч колхоз  бириктирилип, эженин атына коюлган.   Эже курман болгондон кийин анын бир топ курдаштары, сиңдилери  жалгыз аял бар эле, ал да жок болду дебеңиздер дешип, партияга өтүшүп, бири бригадир, бири звеновой болуп иштешкен. Ошолордун бири – Бааринса эже азыр бар, жүзгө жакындап  калды. Ушул өрөөндөн чыккан биринчи трактирчи аял. Эң көп иштеген Гайвали ака болгон. Насирдин Байтемиров ушул киши аркылуу келип, элден сурап жазган да.

Мынабул эженин партияга өткөндөгү мүнөздөмөсү. Анда 1907-жылы туулган деп жазылган. Биз ушуга таянып туруп, жүз жылдыгын белгилөө тууралуу сунуш берсек, Жогорку Кеңештегилер энциклопедия боюнча 1910-жылы туулган деп бекитип берген. Жүз жылдыгы белгиленсе бир топ экспонаттарын жаңылап алалы деп сметаларды түзүп бердик эле. Бир жарым миллион сом бөлүнүп, мына бул экспонаттар айнекке салынып, астылары алмаштырылмак. Шолор болбой калды. Бечара эже көзү тирүүсүндө дагы бут тосуулар көп болгон экен, эми деле тоскоолдук көп. Мен кечээ жакында эле жаңы бийликтерге барып келдим. Эч кимди карабай эле өзүмчө бара берем. Барсам,  быйыл өткөрө албайбыз, жүз беш жылдыгын кудай буюрса жакшылап өткөрөбүз дешти.

– Уркуя эженин балдары барбы?
– Эки уул, бир кыздуу болгон экен. Кеңеш аттуу бир баласы калган. Алты жашар бала балдар үйүндө чоңоёт дагы орус аялга үйлөнүп келет. Кеңеш абанын өзүнүн үч уул,  бир кызы бар. Бул жерде бир эле уулу бар, калгандары ар жакта. Сергей анча –мынча иш- чараларга чакырсак келет. Кызы Галя, ол дагы кыргызча  билбейт. Кеңеш абабыз силерди жаман көрөм деп  ичип алса эле тополоң кыла берчү экен. Себеби, атасы менен апасын кантип сойгондорун көргөн да. Он эки жашар кызы карап турган экен. Ал сакоо болуп калат. Ал дагы көп өтпөй туугандарынын колунда өлөт. Колундагы кичине бөбөгү суука тоңуп өлүптүр. Февралда күн суук болот да.

– Бул киши  эжени көрбөй тарткан да, – деди Зуура эже  Алтымыш Усубалиев тарткан Салиеванын портретин көргөзүп, – колуна “Кызыл Кыргызстан” гезитин карматып коюптур. Эже сабатсыз болгон да. Кат тааныган эмес.

Мынабул эч жерде жок жападан -жалгыз тарыхый  сүрөттөр. Мына, Уркуя  эженин өлүп жаткандагысы. Бул болсо Колдош акабиз. Мынабул жыйында сүйлөп жаткан учуру. Кандай жыйын болсо дагы сүйлөй берчү экен да. Тайманбай, бетке, бетке айтип. Анан бей-бечараларды уюштуруп, тез эле колхоз түзүп алат экен. Өтө кыйын аял болгон. Аны азыр мен сөз менен айтип жеткире албайм. Ол маалда сүйлөгөн кыйын болгон да. Кыйындыгынан өзүн ойлогон эмес. Өлтүрүп коёт деп дагы ойлогон эмес. Чекеден кулака тартып, анан ошолор келип өлтүрүп коюп атпайбы.

– Өлтүргөндөр кармалганбы?
–Кармалган.  Сот болуп, он алты киши жоопко тартылган. 1988-жыл беле же 89-жыл беле, Токтосун деген киши келген. Ондо музей о нар жакта эле, ийлап эле өзүнчө куран окуп калды. Мен туугандары окшойт десем, “кызым биз бул аялды түбөлүк жок кылабыз деп туура эмес жолго барган экенбиз, эси жоктук кылган экенбиз. Мен дагы өлтүргөнгө катышканмын, бирок колум кандуу эмес”  деди. Балдарынанам кечирим сураптыр барып. Камалып, кайтып келген экен. Өзү жалгыз жашап эле өтүп кетти окшойт. Уркуя эжени өлтүргөн корбашынын аты-жөнүн азырга чейин тактай албай жатышат. Сүрөтү бар, бирок. Архивден табылган. Уюштурган дагы, сойгон дагы  шол болгон дешет.

– Океев тарткан фильмде  Акмат, Теке  дегендер бар го. Ошолор реалдуу кишилерби?
– Болгон ошондой кишилер. Төлөмүш Океевдин киносуна да тоскоолдук кылып, чыгарышкан эмес экен. Анан бу киши  ушу сүрөт­төрдү апарып, Алматыда көрсөтүп, комис-сиядагыларды  ынандырыптыр. Мен ал кишинин көзү өтүп кеткенден  кийин барып калдым. Кызы  Гүлбара “жакшы келдиңиз, атам фильмдин 35 жылдыгына карата Салиеванын  музейине алпарып берем  деп жүрдү», – деп ушул сүрөт­төрдү берди. Бул биз үчүн алтындан да кымбат нерсе болду.

– Мынабул да архивдик сүрөтпү?
– Гүлбара Төлөмүшевна жанагы сүрөттөрдү бергенге чейин биздин колубузда 1934-жылы 17-февралда “Кызыл Кыргызстан” гезитине чыккан жалгыз ушул сүрөтү бар эле . Өлгөндөн кийин тартылган. Мойнун тигип, көзүн керип, кызынын такыясын кийгизип анан тарткан. Жани жок маалдагы сүрөт да.  Эми жани барда кандай болгонун элестете бергиле. Жөн эле Акылкарачачтай акылдуу, Акмөөрдөй сулуу  болгон экен да. Таттыбүбү Турсунбаевага түспөл­дөшүп кетет. Көргөндөр Уркуянын бою бир аз кыскараак эле дешет.

– Музейдин бир бурчунда “Кош жылдыз” деп сиздердин да сүрөттөрүңүздөр турат. Ырчылык да талантыңыз барбы?
– Жолдошум Калил Жороев ырдайт, бийлейт. Кырк жыл маданият үйүндө иштеди. Илгери билесиздер да, кайсыл тармак  артта калса баргыла, көтөргүлө деп ошо жакка жөнөтөт эле. Иштеген жерибизде кызыл туу алганбыз. Москвага, үй-бүлөлүк ансамблдердин конкурсуна барып, 69 үй-бүлөнүн ичинде биз үй-бүлөбүз менен биринчи орунду ээлеп, алтын медаль алып келдик. Польша, Германия, Чехословакияга гастролго бардык. Экөөбүз тең “Даңк” медалынын ээсибиз. Бир гана “Эмгек сиңирген ишмер”
наамына жете албай жүрөбүз…

“Бааринсани карагылачы, трактир айдап жүрөт” дечү”

Музейден чыккандан кийин  ал-ахыбалын сурап, батасын алып кетели деп Уркуя Салиева менен чогуу жүрүп, чогуу иштешип калган  Бааринса эненин үйүнө кайрылдык. Бизди  шартылдап сүйлөгөн орто жаштагы киши тосуп алды.

– Энем кандай отурат?
– Кудайга шүгүр. Токсон бешке чыгарып коюп,  аман болуң, пен-сияңызды үзө көрбөң деп жалынып-жалбарып отурабыз.

– Сиз уулу  болосузбу?
– Жок, небересимин. Өзүм  дагы неберелүү болгом. Неберелеримдин чоңу  он алтыга чыгып калды. Шондо энеме кыбыра  болуп калабы?

Аңгыча келини менен чебереси Бааринса энени эшиктен  жөлөп- таяп киришип, жакөндөзгө отургузуп коюшту.

– Кандай эне, дамдүүсүзбү?
Бааринса эне биздин сөзүбүздү уккан жок, келини жакты карады.

– Бияка караң, мыймандар сизди сурап келиптир, – деди келини.

– Кандай өзүңөр, бала-чакалар менен тынчсыңарбы? Кудай тынчылыгын берсин. – Бааринса  эне алаканын жайып бата кылды.

– Эн-ов, газиттан келиптир, – деди небереси Акун аке. – Өмүр баяныңызды сурап, өзүңүздү бир көрүп коёлу деп келишиптир. Сизге падарка бар экен, келиниңиз эле бекитип албаса… Акун аке карс-карс күлүп калды.

– Менин келиним беките турган адам  эмес. Имне болсо менин колума берет. Баласындай кылып карайт мени.

– Энем Ленин орденин алган. “Эмгек Кызыл туу”, “Ардак белгиси”, ”Октябрь революциясы” ордендерин алды. Жогорку Кеңешке эки жолку чакырылышта депутат болгон. Куйбышев колхозуга раис дагы болгон. Медалдары болсо сан-санаксыз.

– Канча пенсия алат?
– 4192 сом. Адегенде персоналдык пенсионер болуп 120 рублге чыккан союз маалыда. Пенсияга тамекиден чыкты. 1974-жылы Ленин орденин алды, бир жылдан кийин пенсияга чыкты.

– Уркуя эже жөнүндө сурасаңыз?
– Эне, Уркуя тууралуу сүйлөп берсин дейт.

– Уркуя жакшы иштерди жасады. Элдерди топтоп, “айттирбай эле  иштегиле. Иштесеңер тиштейсиңер, иштебесеңер нимени тиштейсиңер?” дейт эде. “Бааринсани карагылачы, трактир айдап жүрөт, силер эшигиңерди ям шыпыралвайсиңар” дейт эде.

– Илгери трактордо иштеди беле?
– Он жети жыл трактир минди. 1936-жылы Араванда трактирчилардин курсу ачылганда энем окууга барган экен. Курсту бүткөндөн кийин  1952-жылга чейин трактир айдаган. Андан кийин уй фермада эсепчи болуп жүрүп, эң аягында тамеки звиналыктан пенсияга чыкты да. Трактирдин аркасыда дүжүрү болчу экен. Сокону көтөрүп, түшүрүп турган. Талаанын башыда бирөө челек менен суу алып турат экен, барганда куюп берет. Аянттын этегине түшкөндө челек көтөргөн дагы бирөө тосуп турат.  Көрсө, биринчи трактирларда  помпа деген нерсе болбоптур да. Кызыл-Кыядан гыш ташыганбыз дейт шол трактирда. Мен барбайм, мотор стук берип атат десе механик урушуп жөнөтүп ийген экен жолдо блок жарилип кетиптир. О маалда бир минүт кеч касаң сотко берет эде дейт. Блок, шатундарды айтат. Подтяжка кылат элем дейт. Подтяжкасы эмне экен деп ойлоп көрсөм, вкладыш тартканды айтат экен да. Энем менен иштеген кишилер айтат: “Биз жаш жигиттер бурай албаган ручканы энең бурап, трактирди жүргүзверет эде дешет. О маал­да стартир жок да туурабы? Сиздер билсеңиздер керек, “Кыргызстандын 25 жылдыгы” деген китеп чыккан го? Ошондо энемдин трактирда отурган сүрөттөрү бар. 1970-жылы Россия колхозунда чогулуш болгондо Төрөбай Кулатов өзү орден тапшырган экен.

– Өлтүрүп кетишкенден  кийин мени чакырышты, – деди Бааринса эне. – Баари жок: үйү дагы, кийимдери дагы кан. Көрүп менам коркуп кеттим. Олор кетишип каган экен.Уркуя өзү жатат, түсү билинбейт дегин. Кыйнап өлтүрүшүптүр да…Көрүп эле ийлап жибердим.

– Шондо сиз канча жашта элеңиз?
– Энем он төртүнчү жылкы да. Шондо жыйырма жашта болуп калабы?

– Сотуна катыштыңызбы?
– Соту болду, бирок мен катышалвадим. Өлтүргөндөр камалып кетишти.

– Өлтүргөн кишилер каерликтер эле?
– Билалваим  шону. Шу тактектик болот дейт у.

– Мурда эси барда айтат эде, – сөзгө келини Бурма эже  аралашты: – Жалдык эле өзүнүн авалары өл­түргөн деп айтат эде. Ачыкка чыгып кетти деп намыс кылып эле өлтүрүп коюшкан дечү.

– Жакшы аял эде, – деди кемпир.

– Уркуя менен ат чабышканын  көп айтчу. “Уркуянын ак аты бар эде. “Бааринса, кел ат чабышалы дегенде экөөбүз жарышканбыз. Анан менин атым озуп кеткенде намыс кыган” дейт. Эне, жанагы басмачылар коркуткандарын айтат элеңиз го? Шолорду айтсаңиз?

– Ээ, басмачылар…-Бааринса эне дагы унчукпай калды.

– Кечеси келип,  эртең ишке чыкпагыла деп коркуткандарын айтат эле да.

– Өлгөнүнү көрүп ийлаверсем биттаси мени урушуп, “ийлава, а көзүң оюлгур” дейт.

– Масалиевди ич эсиден чыгарбайт, – деди Акун аке. – “Колу пахта эле экен, жаш баланын колу дагы онон каттыгыраак”  дейт. Кийин компартия жоюлуп, башка партиялар пайда богондо ям мен коммунист бойдон калам деди. Азырга чейин партбилетин тапшырвады да.

– Масалиев жакшы карайт эде да, – деди келини. – Азыр эми…мана, паспортуну жаңылагыла деп пенсиясыны төрт-беш айдан бери бервейт. Эми кампир багышам кыйын. Сиздердин дагы энеңиздер бардыр.

– Энемин  канча баласы бар?
– Бир эле кызы болгон. Согуш маалыда күйөөсү урушка кеткенден кийин кайта турмушка чыккан эмес экен. Бир кыз менен калып кетиптир.

– Кызы барбы азыр?
– Өтүп кетти. Төрт жыл болду. Апабыз өтүп кетсе да тайнебизди карап,  апа кылып  отурабыз.

– Эмне тамак жейт?
– Бир маал атала кылып берем. Тукум кууруп берем. Ама тамакты таптап беребиз. Жейм дегени таап беребиз да. Энемдин иштейи, ден  соолугу жакшы. Тольке карычылык да.

– Баладай эле карайт, – деди Баа­ринса эне. – Тукум кууруп, гөш кууруп..

P.S. Мындан бир топ жыл мурда  үч киши келип, Новосибирскиде Орто Азиянын борбордук музейин ачабыз деп Бааринса эненин бүт орден-медалдарын алып кетишиптир. Эң таң калыштуусу, документтери калып, жалаң гана орден-медалдардын өзүн алышкан. Айылда жашаган карапайым кишилер да, небереси менен келини силер  кимсиңер, музей эмне үчүн Ошто же Бишкекте эмес, Новосибирскиде ачылат? – деп  тактап сурашпаптыр…

Мамат САБЫРОВ, Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Ноокат району,
“Кыргыз Туусу”, 01.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий