Жолон Мамытов

jolon_mamytov

Жолон Мамытов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

«Сүйүү жөнүндө жазбаган акын акын эмес» (Меңди Мамазаирова менен маек)

Жолболду Алыбаев: «МЕНИ «ЭКИНЧИ РЫСПАЙ» ДЕШЧҮ»

«Ашуу болсоң Долондой, акын болсоң Жолондой бол»

Меңди Мамазаирова: «СЕН ЫРЫМ, ЫШКЫ ЖАНДЫРГАН…»

Отту сүйүү (Жолон Мамытов тууралуу эскерүү – кошок, Михаил Синельников, акын, котормочу (Россия))

Жолон акын: «Биз эми эрди-катын болбой калдык…»

Башка тилдерге которулган ырлары

CНЫ-О-НЕЗДЕШНЕМ: КЕШОК ПО ВЫМЕРШИМ РОДАМ

Ырлары

АЯН

Аян берет көргөн түшүм түнүндө,
аян берет кылган ишим күнүндө,
кабылсам да кар, мөндүргө канчалык
мен бактылуу болоорумду сүйүүдө.

Көкүрөгүм толо түшүп нурларга
аян берет ар кыл өткөн жылдарда,
мен бактылуу болоорумду жашоодо,
мен бактылуу болоорумду ырларда.

Арыбаган зор санжыра бууданы,
арбын сыры тоолорумдун чуудалу
аян берет келечеги элимдин
эң бактылуу болоорлугу тууралу.

 

* * *

Мелмилдеген кылым жүзгө толгон күнү
жарыкка төрөлгүлө, мен силерге
биз жашап жаткан ушул жылдан салам
Айтамын, бакыт каалап эңчиңерге.

Ишенем, ошондо да адамзатка
таалайдын керегине аба сыңар.
А силер бул саламды китебимдин
саргарган барагынан табасыңар.

Учурам турмуш сүйгөн үнүмдү мен,
силерге көз кайкыган закымдагы,
жыйырма биринчинин сулуулары,
жыйырма биринчинин акындары.

Бүтүндөй жердин шарын, мейкиндикти
силерге ишенгени отурамын.
Адамдык, сүйүү, чындык, эркиндикти,
Ак мөңгү Ала-Тоонун топурагын.

Өбөмүн жүзүңөрдөн кучактап бек
жыйырма беш жазды көргөн эрдим менен,
өпкөндөй сүйгөнүмдү алгач ирет
ак ийрим суу жээгинде мелмилдеген.

Махабат болооруна ошондо да
ишенем, ошондо да күлкү болот.
Тоолордо тоолук сүйгөн кымыз менен
ай туяк үйүр-үйүр жылкы болот.

Ишенем сенин жолуң алысына,
Ата Журт, алаканда сакталасың.
Апасы түнү бою “Манас” угуп,
баласы соруп уктайт ак мамасын.

Учурам турмуш сүйгөн үнүмдү мен
силерге, көз кайкыган жылдыздагы
жыйырма биринчинин урпактары,
жыйырма биринчинин кыргыздары.

 

***

Ой-дүйнөдө кезип жүрүп бүтпөгөн
он уктасам он түрлөнтүп түш көрөм.
Аркыратып Айды, Күндү асманда
сүйлөшкөнсүйм алып жүргөн күч менен.

Чексиздикке өз бийлигин тараткан
ченейм күчтү, баш айланып санактан.
Тартылуунун мыйзамына таңданам
дөңгөлөтүп Жерди сүйрөп бараткан.

Жиреп жүрүп кышты, жазды, күздү мен,
жыйнап келем кызыл-жашыл түстү мен.
Кээде чыксам салтанаттуу тойлордон,
кээде чыгам өкүрүктүн үстүнөн.

Жүрөгүмдү тынч албаган, жатпаган
тиреп алып ишенимге батпаган,
жердин тартуу күчүн жеңип кетчүүдөй
кээде туруп куюндатып ат чабам.

Ден соолугу ташып турган жайда мен
турагында так түйүлгөн кайберен.
Күн отуна чылымымды тамызып
тоодо жатам кучакташып Ай менен.

 

ӨМҮР

Бойго жетип кара кыздар кечээги
кызыл-тазыл түргө бөлөйт көчөнү.
Суктандырат жаш балдарын алдыда
сеникинен өмүрү көп экени.

Жылуу ойлор көөдөнүңдө жык толуп,
көпкө турат ыракаттуу жүк болуп.
Мөлтүлдөтүп быша түшөт сезимдер
бир кыйлага жалгыз жүрсөң бук болуп.

Унутулат далай сууну кечкениң,
далай үйдөн далай үйгө көчкөнүң.
Улуу күндүн маегинен бошобой
унутпайсың жылдар кантип өткөнүн.

Уюлгуган тунук ойлор андайда
чырак болуп жанып турат маңдайда.
Кызык, таттуу, табышмактуу жашоонун
бирок, даамы калбайт тура таңдайда.

Болбогондой дайым тегиз көл бети,
көп кездешет добулдарга жер бети.
Тирүүлүккө төрөлмөй бар, кайтмай бар,
жигиттик бар калыбына келбечү.

Булчуңдай дирт сезим түйүп түйүнгө,
маани бербей акча, даңкка, кийимге,
Поэзия коңшу болуп күн өтөйт
кыймылдагы жандар тоонун түбүндө.

Токтотпостон өмүр чырак жүрүшүн,
табийгаттан алат каткан үлүшүн.
Тууган жерде жүрөк калат от болуп,
жалбырттаган сүйүү болуп бир үзүм.

Туйбайсың сен турпатымдан күмөндөп.
калаар болсом сезимдери үнөмдөп:
качандыр бир кайра баштап жаралсак,
мен өзүңө келээр элем “Сүйөм!” деп…

 

ЧЫН ЖҮРӨКТӨН СҮЙЛӨШӨЛҮ

Коркпойм десе өлүмдөн ким,
Ал калп айтат, ишенбегин.
Ж.Ж.Руссо

Оозумдан ышкырык чыгат үшкүрүктөй,
көөдөнүмдөн жалын куюлат.
Жан курбулар, өткөн күнүбүз,
баарысынан кымбат туюлат.

Биз мезгилди шылдың кылабыз,
ден соолуктуу жашыл куракта.
Кош дешээрбиз чогуу боло албай,
ар кай жерде, ар кай куракта.

Бул дүйнөгө келген нерсени
кетпес кылып жасап койсочу.
Белгисиз бир күндүн колунда
кылыч турат бизди мойсочу.

Мезгил мынча ылдам учат деп,
карыялар ойлуу сүйлөшөт.
Билем, андай токтоо болууга,
бизди дагы турмуш үйрөтөт.

Жаштыктагы жалын күндөрүн,
карыялар тез-тез эскерет.
Жамандыгы ичке катылып
эт жүрөгүн тилет кескилеп…

Кармаштарда кандар төгүлгөн.
бул күн бизге оңой келбеген.
Алп жүрөктөр октон быркырап,
аралашып калган жер менен.

Келе электе биз бул жарыкка
мойнубузга милдет тагылган.
Бийиктерге алып чыксын деп
биздин жаштык – учкул чагылган.

Биз урунган жеңил буюмдар
кыйынчылык менен жаралган.
Үмүт ишке ашып жатпайбы
үлгүлөрү калып алардан.

Сактангыла, азиз курбулар,
көңүл чөгүү деген илдеттен.
Колубузда журттун тагдыры,
алдыбызда улуу милдеттер.

Каалабаган колун көтөрсүн.
Бирөө, экөө… мында калчулар.
Бөлөгүбүз Мекен буюрса
өлүмгө да ырдап барчулар!

 

УБАКЫТ

Айлуу түндө Айды тиктейм айбыга,
айланчыктайм ай көңүлүм кармалбай.
Бирөө туштап табитимди кайгыга,
ай бетиндей чамбыл кылып салгандай.

Күндүз болсо көкүрөгүм жагжайып
нурду тосом мейкиндиктен келаткан.
Колдоруна кармап алып ак жарык
Денге батпай бийлейт баардык клеткам.

Бейдаректик, сени менен күрөшөм,
жаш өмүрдү үлөштүрүп ырларга.
Жүрөгүмө толкуп кирип бир өзөн
жүрөгүмдөн мөңкүп чыгат бир дайра.

Качандыр бир жаралам деп ойлоном,
бул чеги жок табийгаттын колунан.
Аалам кезип, айланычтуу жол менен
кайра баштап мен жашоого жолугам…

 

ТООЛОР

Ааламда теңдешээри жоктойсуңар.
Жаңырып кыйкырыкты коштойсуңар.
Көк сүзгөн бийик тоолор, силер дале
билинбей кемий берет окшойсуңар.

Убакыт үстүңөрдөн жүрүп барат,
күн кайнап мөңгүңөрдү сүрүп барат.
Дайралар чарчоо несин сезишпеген
байкатпай түбүңөрдү үңүп барат.

Аз-аздап аралары таарып кетээр,
көмүскө көбүгүнө салып кетээр –
мезгил – бул, дүлөй бүткөн кудурет бейм,
мухитке ташый берип алып кетээр.

Антсе да теңдешээри жоктойсуңар,
жаңырып кыйкырыкта коштойсуңар.
Көк сүзгөн бийик тоолор, силер дале
билинбей кемий берет окшойсуңар…

 

* * *

Басынып кусалыкка толгон денем,
баратам барик учкан жолдор менен.
Акынга бир тынымдык кайгы да оор,
дүйнөдө күндө майрам болгон менен.

Күн күлөт түбөлүктүү бийигинен,
оордук колун тартпайт ийиниминен.
Ыйлагым келип кетет эмнегедир
бирөөнүн салбыраган кийиминен.

Ойлоном ойлой жүргөн өктөрүмдү
качанкы отко салган дептеримди.
Ачууда ким бирөөнү ыза кылып
бирөөгө катуу айткан кептеримди.

Ич күйөт от жалындап арманыма
көп жылды бошко жашап алганыма,
баркына көп нерсенин жетпей жүрүп
тиктесем, өмүрүм аз калганда.

Түйүлөт муштум таштай байкабастан,
сээлдейт дүйнө толкуп чайпалбастан.
Ич күйөт көп адамдан кордук тартып,
көп сөздү калганыма айталбастан.

Жашоону туюп четтен көрүүчүдөй,
мөлтүлдөйм кызыгына эрүүчүдөй.
Кыжынып эртең деймин, эртең деймин,
эртеңдер чексиз келе берүүчүдөй…

 

ЭКИ ЗОР МҮМКҮНДҮКТҮН АЛДЫНДАМЫН

Дүйнө бүт кулак түрүп сөздөрүмө
толсо дейм жанып турган көздөрүмө.
Кайгылар аркак болуп согулса дейм
ченемсиз кубанычтуу кездериме.

Жашоону таанысам дейм таанылганча,
жаңылбай бассам деймин жаңылганча.
Ойлорду төрт тарапка созсом деймин
Чексиздик чууларына малынганча.

Саптарды жаратсам дейм үйлүгөнчө,
бир улуу түйүнчөккө түйүлгөнчө.
Мөмөмдү дабыратып каксам деймин
Мөмөсүз жалбырагым күбүлгөнчө.

Өмүрдү ак өтсөм дейм кыйылганча,
турмушту туйсам деймин туюлганча.
Карама-каршылыктар ааламынан
жыйынтык жыйсам деймин жыйылганча.

Пенденин табияты — дүйнө таануу,
жалындоо, быкшуу, өчүү, күйүү-жандуу.
Эки зор мүмкүндүктүн алдындамын:
ийгилик, эч нерсеге жетпей калуу…

 

БУЛУТУМ

Үлпүлдөгөн шамалга саамайыңды сылатып,
көк деңизди күрпүлдөк кечип бара жатсың.
Бир четинен дүйнөнүн чуудаларың чубатып
Бир четине дүйнөнүн көчүп бара жатасың.

Шиш чокулар тоодогу илип алып кыйлага,
этек-жеңиң тыттырып жулунасың, секетим.
Көз жашыңды көлдөтүп адыр-түзгө жылгага,
Туткундуктан бошондуң, эми кайда кетесиң?

Чагылгандар камчысын үйрүп коюп бир жерде,
турушкандыр күтүшүп келээриңди кыйладан.
Була болуп аз туруп, буурул тартып бир демде,
бушаймандап, бук болуп, ыйлаганың ыйлаган.

Ый тамакты бууганда ыйлаш керек эчкирип,
сен түбөлүк ыйыңды күлкү менен алмашсаң;
Жашаңдыктын дооруна күтүлбөгөн кеч кирип,
Жашыл, токой жаш гүлдөр, соолубайбы калбастан?

Үлпүлдөгөн булутум жамгыр жашын тыйбаган,
кезигем да өзүңө ойдон-тоодон коштошом.
Тагдырыңды акындын жаш өмүрүн кыйнаган
бир жайдары, бирде сур тагдырына окшотом.

 

ЭЛЕГИЯ

Бул турмушта биз экөөбүз бала чакта
жөнөкөй эмес беле ушунчалык.
Канчалык көз талдыра карасак да
элесте бир өчпөптүр ушул тарых.
Жаздарда көпөлөктү кууптурбуз
көрүнүп ал көрк үчүн жүргөн учуп.
Делдейип жомокторду угуптурбуз
кыялдын кемесинде калкып сүзүп.

Түндөрдү уктоо үчүн келет деппиз,
күндүздөр оюн менен өтүптүр тез.
Жашоону жеңил-желпи элестеппиз
агыптыр кайткыс нукка балалык кез.
Алдыда арбындаган сан машакат
байкабай жол таптадык, кийим кийдик.
Дүңгүрөп өз өмүрүн кылым жашап,
дүңгүрөп өтөөрлүгүн кайдан билдик…

 

* * *

Көлдөр жатат толкундап, көбүктөнүп,
Тынчый түшүп, кайра эле көбүк бөлүп.
Көңүлүмдү чагылган жанып өтөт
Көл түпкүрүн көз менен көрүп келип.

Тоолор турат асманга боюн созуп,
Аалам жакка тигилип моюн созуп.
Тоодой болгон толкунга урунгансыйм,
Капсынан катылган оюн сезип.

Кумурсканын тиктесем уюгуна,
Дуушар болом турмуштун уюлуна.
Күрөш барда, күч барда жер үстүндө
Мүмкүн эмес бул жашоо тыйылууга!

 

КЫЗЫК, ТҮНДҮ КӨРБӨГӨНҮМ

Күн жылып бара жаткан көк иримге
көп тиктеп, көп суктанып көңүлүмдө:
батырбай ошол күндү ээрчип жүруп
бир ирет түн көрбөдүм өмүрүмдө…

 
ОТТУ СҮЙӨМ

Алоолонуп күйгөн от көрсөм,
Алоолонуп кетет жүрөгүм.
Канча оттуу күндөр өткөрсөм
Ошончолук отту сүйөмүн.

Жолугат деп Күндү жолуман,
Өзүм дагы билбей себебин:
Алоолонгон максат соңунан
Алоолонуп күйүп келемин.

 

* * *

Булут болуп өмүрлөр көчүп барат,
Таңга калган жылдыздай өчүп барат.
Алма гүлдөй чакчайып аз мезгилге
Жаштык аттай алкынып өтүп барат.

Батберекче сан үмүт калкылдашат,
Толкун мисал сан эргүү шарпылдашат.
«Бул дүйнөгө эки ирет жаралбайбыз»
Деген саптар сезимде жаркылдашат.

Көп сакталып буулуккан күчтүү шарап,
Дүргүп агат өстөндөй канга тарап.
Белгисиз бир сүйүнгөн сезим менен
Ыракатка батамын сени карап.

Жүрөктөрдөн эң назик ырлар учуп,
Ушул түндө гүл болуп ыргалышып
Бийлигине көчөбүз куш уйкунун
Моюндарга билектер чырмалышып.

Кээде тиктеп күзгүгө, ойго келем;
Топуракка айланат ушул денем,
Ушул күлкү, ушул көз, ушул билек
Жуурулушуп жок болот мезгил менен.

Оо табийгат, ушунуң улуу кордук,
Салып турат салмагын таштай оордук.
Балким өлбөй калаармын деген ойдон
Ажырадык, жазмышка кайыл болдук.

 

* * *

Отурсам таң атаарда көлдү карап,
Күн көлгө сары нурдан көпүрө салат.
Отурсам күн батаарда көлдү карап,
Күн көлгө кызыл нурдан көпүрө салат.

Тиктесем түн ичинде көлдү кырдан,
Ай анда көпүрө жасайт аппак нурдан.
Мен кантсем курам көпүрө оттуу ырдан
Элдердин жүрөгүнө өтө турган.

 

* * *

Мелмилдеп кылым жүзгө толгон күнү
Жарыкка төрөлгүлө, мен силерге
Биз жашап жаткан ушул жылдан салам
Айтамын, бакыт каалап энчиңерге.

Ишенем, ошондо да адамзатка
Таалайдын керегине аба сыңар.
А силер бул саламды китебимдин
Саргарган барагынан табасыңар.

Учурам турмуш сүйгөн үнүмдү мен
Силерге көз кайкыган закымдагы
Жыйырма биринчинин сулуулары,
Жыйырма биринчинин акындары.

Бүтүндөй жердин шарын, мейкиндикти
Силерге ишенгени отурамын.
Адамдык сүйүү, чындык, эркиндикти,
Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун топурагын.

Өбөмүн жүзүңөрдөн кучактап бек
Жыйырма беш жазды көргөн эрдим менен,
Өпкөндөй сүйгөнүмдү алгачкы ирет
Ак ийрим суу жээгинде мелмилдеген.

Махабат болооруна ошондо да
Ишенем, ошондо да күлкү болот.
Тоолордо тоолук сүйгөн кымыз менен
Айтуяк үйүр-үйүр жылкы болот.

Ишенем сенин жолуң алысына,
Ата Журт, алаканда сакталасың.
Апасы түнү бою «Манас» угуп,
Баласы соруп уктайт ак мамасын.

Учурам турмуш сүйгөн үнүмдү мен
Силерге, көз кайкыган жылдыздагы
Жыйырма биринчинин урпактары,
Жыйырма биринчинин кыргыздары.

 

ТУЮМ

Булуттар булайышып, түрмөктөлүп
Түндөрдүн түндүгүнөн түйүп муштум.
Атылып ак дайрадан чамгыр көбүк
Чачырайт канатына учкан куштун.

Ийилтип ийинимди миң чакырым,
Карайлап сезимимде күңүрт боёк,
Дүңкүйүп көөдөнүмдө түмөн кылым,
Алоолойт көздөрүмдө сансыз жомок.

Мен гана муну туюп, билип-муюп,
Чаташып, жазып, оңдоп, түзөп-жамап,
Туюк ой дүйнөсүндө тунуп туруп,
Чексизге чегинемин ошол замат.

Булуттар булайышып, түрмөктөлүп,
Түндөрдүн түндүгүнөн түйүп муштум,
Атылып ак дайрадан чамгыр көбүк
Чачырайт канатына учкан куштун.

 

* * *

Жок, мен эми сараң болом сөздөргө,
Ташка, сууга чапкылабайм сезимди.
Мейкиндикке күлө баккан көздөргө
Жылдыз кылып салып берем өзүмдү.

Сансыз ойду кайчылашкан оркойгон,
Издейм, иргейм, жылмалаймын, жономун.
Билем, добул дарактарды омкоргон,
Үлпүлдөгөн желден пайда болоорун.

Чуулгандуу даңктын жана мактоонун
Билем бир күн турмушума кирээрин.
Тирүү болсом көңүлүмө так салып,
Мүнөзүмдү талашаарын билемин.

Акын жолу — сайсаң дагы өмүрдү,
Ийгилиги опурталдуу экенин
Билсем дале, бир тилегим — өзүңдү
Саптарымда сактап калуу — Мекеним!

 

СОРУП ЖАТТЫ ЖОНДОР БУЛУТ МАМАСЫН

Ойго салат өткөн өткүн, жааган жаан…
Улуулардын ысысмдарын санаймын.
Чопулдатып жондор булут мамасын
Соруп жаткан тараптарга караймын.

Төө тикенди барсылдата чайнаган
Жаш ботолуу инген көздүн учунда.
Сени дайым өпкүм келет кучактап
Жаз жамгыры куюп турган учурда.

Уйкаштардын арасында эндиреп
Мен өзүмдү кыйнай берем күндө эле.
Арманынан, чаңдарынан арылган
Балкылдаган жубан өңдүү дүйнөдө.

Сезимдердин бакчасында саргарып,
Сени тосуп узатамын күндө эле.
Бабалардын жомогунан парпырап
Учуп чыккан дубан өңдүү дүйнөдө.

 

КУСАЛЫК

Сен кеттиң көктү тилип каркырадай,
Мен жерде кала бердим карыядай.
Кусалык жүрөгүмдө аркыраган
Агууда шаркыраган дарыядай.

Кайтышты каркыралар багытынан
Кар түштү мага бүткөн убайымдай.
Көргүм бар келсең туруп табытыман,
Тоскум бар ыйык сезип кудайымдай.

Жок, күтүү өмүрүмдү кемитүүдө,
Учмакмын эми түнгө ылаачындай.
Кысмакмын ушул жолку көрүшүмдө
Ышкыга азаттыктын кулачындай.

 

МАХАББАТ ДАБАСЫ

Мен үчүн жаралгансың бул турмушка,
Сезимтал махабатка болуп даба.
Окшошсуң асмандагы бир жылдызга,
Жок, жалган. Жылдыз өзү окшош сага!

Мен сени тоодон өскөн шамал деймин,
Кыдырган бул ааламды куунап, эркин.
Сен ошол сапарыңдан аман келгин
Жашоомду жагалданткан, кымбат селким!

Аз күнгө көрбөй калсам илдет чалды,
Сүйүүңө байланышкан айыкмайым.
Мен үчүн андан ашкан милдет барбы
Термелген толкундагы кайыктайым!

Өзүңсүз бул өмүрдүн жок кызыгы,
Билсем да алда сонун жылдар барын.
Жүрөктө сагынычтан чок кызыды,
Гүл болуп маңдайыма ыргалганым!

Мен үчүн жаралгансың бул турмушка,
Сезимтал махабатка болуп даба.
Окшошсуң асмандагы бир жылдызга,
Жок, жалган. Жылдыз өзү окшош сага!

 

ЫСЫК-КӨЛ

Жалгыз сулуу сан адамдын карегин,
Талыткандай чырайына каратып.
Кылымдарга таркай берет дарегиң,
Тирүүлүккө үзөңгүлөш баратып.

Тоо тамырын апчып турган чеңгелиң,
Таасир сунат таасын, баёо ойлорго.
Жалтылдаган сендей алпты пенденин,
Күчү жетпес көрүп, сүйбөй койгонго.

Сен бир балык, ортосуна тоолордун,
Түшүп калып, өзөн-сайды шимирип.
Арбын кылым алдын келген жоолордун,
Торош үчүн туруп калган тирилип.

Күзгү болсоң миң-миң жылдык турмушка,
Мөлтүр кашка эбегейсиз денесиң.
Сен бешинчи Океансың кыргызга,
Берип турган океандын элесин…

 

АРНОО

Кезигип жылдардын бир жылдарында,
Кыйырсыз айлардын бир айларында.
Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды
Жер чийген чачтарыңа байладың да.

Тирүүлүк бүтүн бойдон тушап алып
Түшүүдө өмүр менден ушаланып.
Узун түн элесиңди унута албай
Унчукпас болуп кеттим кусаланып.

Коноктой күндөр өтөт алчыланып,
Күмүш сап камчы менен камчыланып.
Бой таштап тегирмендин парасына
Кээ күнү калгым келет кайчыланып.

Көз бүтүп көк көйнөкчөн убагыңдан,
Арбын жыл атың кетпей кулагыман.
Түшүмө киришиңди күндө тилеп
Уктаарда угузбастан дуба кылам.

Кезигип жылдардын бир жылдарында,
Кыйырсыз айлардын бир айларында.
Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды
Жер чийген чачтарыңа байладың да.

 

АКЫН МЕНЕН УБАКЫТ

Жүрөгүм буюрса, кайтпастан
Күнгө да бой таштаар элем мен.
Кумарсың неликтен байкатпай
Жоюуга ал күчтү денемден?

Кылдаттап кол салып сезимге
Оюңду куюуга башыма,
Айтканың аткарып кезинде
Жетсем деп жеңишке шашыла.

«Алсам, — деп эңсейсиң — кул кылып»,
Кың дебей орундаар буйрукту,
Ойлобой, — ойлорум кыйырды
Түргөнүн Жылдыздай куйруктуу.

Чыккынчы өзүнө ал акын —
Ийисе даңкына жылдардын;
Көңүлүн улайм деп жалгандын,
Көңүлүн сындырса ырлардын…

Оо, анда ал өзүн жазалайт,
Өзүнөн турмушту тазалайт.
Жашоону жалгандан арылтат,
Жарыкта бир тыным жашабайт.

 

АТА ЖУРТ

Түн бир убак… Саман жолу бозоргон,
Көктү тилген ошол түпсүз тозоңдон.
Не бир укмуш назик ырлар угулат,
Ырлар учат кайруулары озондоп.

Укмуш доордо акыл-эстер жердеген,
Турам жалгыз түн жамынып жерде мен.
Көкүрөккө толуп алып үмүттөр,
Өкүнүчтөр жанга тынчтык бербеген.

Түгөнгөндөй ойдун таза, асылы,
Элестердин ыраңдуусу, жашылы.
Сен тууралу ыр жаза албай Ата Журт,
Алсызданып мыкчый берем башымы.

Келди мына аймагыңа жаз кайра,
Тилге кирди кышта суусу аз дайра
Биз узаттык кыздай сулуу бир жылды,
Дагы бирге өйдөлөдү жаш кайра.

Далайлары баш кошушту теңине,
Сапарынан кайтты көбү элине.
Ушинтип эле кезигүүлөр арбындап,
Айрылуулар токтоп калса эмине.

Ата Журтум, ааламга учкан сен барчын,
Ыйык сезип сендей кутман жер баркын.
Достукка бек тоолук жүрөк толкундап,
Согуп турса, сен жашайсың, сен барсың.

Түп аталар жат колунан сак кармап,
Жалындашып, сени сүйгөн кастарлап.
Ошол тейден тирүү жетип бул күнгө,
Өсүүдөсүң ай теректей асмандап.

Мунун баары дайын сага беш колдой,
Муну билүү бизге керек беш колдой.
Биздин тагдыр сага куят, Ата Журт,
Дайра суусун көлгө келип кошкондой.

Соц тармактар:

Жолон Мамытов: 4 комментария

Добавить комментарий