Арслан Койчиев, жазуучу-журналист: «Арманым – чоң жазуучулардан таалим албадым»

Адатта биздин шартта профессионал адабий чөйрөдөн чыккан татыктуу жаңы ысымдар дароо оозго алынып кетпейт, тескерисинче, кодура таланттардын шоораты угулуп, базары кайнап турган заман. Ошентсе да көркөм чыгарма жаратуучулар көмүскөдө калып кетпей, соңку адабий көч башындагы жаңы ысымдар бирин-экин жаңылык жаратканын атабай кетүүгө болбос. «Жаңы Ала-Тоо» адабий журналыбыз өткөн жылдан тарта «Турар» басылмасынын демөөрчүлүгү менен жарык көргөндөн тарта чыгармачылык жандануу туюлуп, саман-топондон ажыратып алаар өрнөктүү чыгармалар да басылууда. Алардын бири Арслан Койчиевдин «Мисмилдирик» (Беделдеги каргыш) романы окурмандар издөөгө алчу табылгага айланды. Буга чейин А.Койчиев жаш тарыхчы катары өлкөбүздүн чегарасынын калыптанышы, коңшулаш элдердин этностук курамы туурасында жазылган өз эмгектерин кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде жарыялап келсе, кийин Батыштын  маалымат уюмдары менен кызматташып, «Азаттык», Би-Би-Си үналгыларында журналисттик кесип менен алектенип жүргөнү дайын. Кесиптешибиз коомчулукка Борбор Азия тууралуу түрдүү маселелердин тегерегиндеги маалыматтарды чагылдыруу менен катар Кыргызстандын СССР дооруна чейинки тарыхын элестүү сүрөттөгөн «Мисмилдирик» романын жарыялады.

Соңку 15 жылдан бери өзү Лондондо жашагандыктан – жакында киндик каны тамган мекенине мейманга келгендигин угуп, чыгармачылык ийгилиги туурасында сөз кылган элек…

– Арслан мырза, сизди буга чейин көпчүлүк журналист катары гана билчү эле, көрсө, орошон таланты бар жазуучу турбайсызбы… Эмнеге жашырынып жүргөнсүз?
– Жашырынганым жок, жашырынсам, сиз көкөлөткөн чыгармамды жарыялайт белем. Бала күнүмдөн чоң жазуучулукту эңсеп, чоң адабий сынчыларыбыздын эмгектерин үзбөй окучуумун. Ошондон улам жакшы чыгарма менен жаман чыгарма эмне экенин ажыратуу туюмум ойгонсо керек.

– Демек, калем кармаганга чейин эле адабий планканы жогору коюп алган турбайсызбы…
– Ошондой го. Чыгарма жазуудан мурда сынчылардын жемесине кабылбоону көп ойлончумун. Экинчи жагы – чыгармада сөзсүз бир идеяга чырмалган адабий кубулуштар жүк болуп турушу керектигин түшүнүүгө аракет кылчумун. Бирок кийин адабият эмес, тарыхка кирип кетип, докторлук эмгектеримдин үстүнөн иштеп жүрүп, ал ишим же ордунан жылбайт… Негедир балалыкта эңсеген адабият таасирине оой баштадым. Себеби ал сезим мени эч куткарбай койду. Арада 2-3 жыл өттү. Бир идея тынчтык бербейт. Отурайын дейм, баарын шыдыр эле кагазга төгүп салчу жазуучу эмесмин, эмне кылыш керек? Өмүр сызып атса!..  Бир чыгыныш керек болду да, акырында өзүмдү өзүм күч менен отургуздум, чыгарма жазыла баштады.

– Дегеле «Мисмилдирик» дегендин өзүн чечмелей кетсеңиз.
– Бул негизи «Манас» эпосунда деле колдонулган сөз. Мааниси – тукумкурутка айланып кетүү коркунучун туюндурат. Чыгармадагы теманын өзөгү – тарыхый чындыкты чагылдыруу. Чындыгында улуттун тукумкурутка кабылуу маселеси керек болсо бүгүн да уланууда. Чыгармада ушул кошсызыкты ажыратпай бергенге басым койдум. Бул менин кыргыз элинин тагдыры жөнүндөгү жеке ой толгоом десем болот.

– Чыгарманы окуп отуруп, сизди жылкычынын баласы болсо керек деген ой келди мага. Себеби, жылкы кайтарбаган болсоңуз, бул стихияны көкүрөк туюм аркылуу мынчалык көркөм элестер менен чагылдыруу кыйынга тураар беле дейм?
– Кыргыз баласы болгондон кийин мунун баары бизге ген аркылуу өтөт го дейм. Кезинде чоң аталарым жылкы чаап, казактын талааларына чейин барчу экен. Андан сырткары – ата-бабаларыбыз жылкы чаап, жылкы дүбүртү биздин каныбызга чейин сиңип калса керек. Болбосо, эчкандай жылкычынын деле баласы эмесмин. Тек гана бала кезден жайлоодо өсүп, жылкычыларды көрүп чоңойгом. Менин бир таңгалганым – уулум Лондондо өсүп атканына карабай, чыбык көрсө эле ат кылып минип алмай адаты бар. Болгондо да Лондондун асфальт жолдорунда… Кенедей 7 жаштагы кызым да ат деп эле турат. Башка оюнчуктарга анча кызыкпайт, үйүбүздүн ичи чоң, кичине артүрдүү ат оюнчуктарга толгонуна карабай, жылкы сүрөтүн же оюнчугун көрдү дегиче, бүттү… Өткөндө Кыргызстанга келатсам да, башка эчнерсе суранбайт, «ат ала келиңиз» дейт. «О, кантип» десем, «мынаминтип алдыңкы колдорун бүксөңүз, самолетко өзү кирет да» дейт.  Карабайсыңбы, демек, мунун өзү генибизден болсо керек.

– Кыргыздар негизинен жылкы чапкан ууруларды баатыр деп келген эл экенбизди шылдыңдагандарыбыз бар, сыймыктангандарыбыз бар. Жеке мен жылкы чапкандарды «баатыр» эмес, ууру эле дейм. Сиз жылкы чапкандарды баатыр катарында сүрөттөпсүз. Бирок мага чыгармадагы эң катуу таасир эткен эпизоддордун бири Нарбото баш болгон кыргыздардын жылкы чабууга барганы болду. Чынчынында баатырдык кулк-мүнөзү жок жигит жылкы чабууга батынар эместей…
– Көчмөн турмуштун шартында жылкы чапкандар баатыр болуп калган себеби: көрүнгөн эле ат мингендери жортуулга батына берген эмес. Эл-журтка өзүнүн лидерлигин көрсөткүсү келгендер бала күнүнөн жылкы чабууга дилгирленген. Анткени андай жигиттер эл оозуна тез алынгандыктан тарыхта Шабдан баатыр да бала күнүнөн жылкы чабууга жарасам экен деп кыялданганы бар. Ошондуктан кийин өкүнүч менен айтып атпайбы: «Атаңдын көрү, жаш кезде жолум болгон күндөр болду, кээде канча өжөрлөнүп да жылкы чапмак түгүл ташжалак кайтып келип, эл үмүтүн актабаган учурлар өттү. Бирок беталганымдан кайткан жокмун, кыргыз менен казактын арасында барымтачыларды тынымсыз уюштуруп жүрүп, акырында эл мени Шабдан баатыр атады» деп. Демек, буга коом өзү көзөмөл мамиле жасагандыктан, тыйган эмес. Көрүнгөн жигит жылкы чапканга дааган эмес. Эл камын, эл тагдырын ойлогон намыскөйлөр гана топтон суурулуп чыккан. Шабдан, Балбай, Байтикке окшогондор өздөрүнүн табигый лидерлигин ушундай чоң сыноолордо көрсөткөн үчүн баатыр катары таанылышкан. А кезде лидерлик позицияны кантип көрсөтүш керек болгон, билим алууга мүмкүнчүлүк болбосо, азыркыдай улуттук университети болбосо. Москва, Петербургду билишпесе. Ошондуктан кандайдыр бир улуттун таламын талашыш керек болгондуктан – бу жерде өздөрүнүн баатырдык кулк-мүнөзүн көрсөтүүнү гана максат кылбастан, элди багууну ойлонгон жигиттердин тобокелчиликке салган опурталдуу өнөрүнө айланган.

– Адатта калемгердин көбү чыгарма жазууну аңгеме же ыр жаратуудан баштайт. А сиз тырмак алды чыгармаңызды дароо романдан баштаганыңыз да өзгөчө болуп турат. Анан калса чыгармаңыздын көркөмдүк жагы абыдан чебер жазуучунун тажрыйбасындай туюлду. Андагы баяндоолор өтө кыска, так, жандуу элестер менен коштолуп, динамикалуу жерлерин диалог аркылуу бергенге аракет кылыпсыз. Мага эң өзгөчө жакканы ошол болду. Баяндоонун милдетине кирчү жерлердин көбү диалогго айланган үчүн окуялар чубалжыбай, окурман баш көтөрбөй аягына чейин бир дем менен окуп салаар ийгиликке кантип жетиштиңиз? Же бир чебер прозачынын жетеги менен ушундай бийиктикке жеттиңизби?
– Тилекке каршы, ошондой адам болгон жок, сиз айткандай: эгер кайсы бир чоң жазуучунун жетегинде жазсам, чыгармам мүмкүн мындан да бийик деңгээлде жазылмактыр. Бир арманым ушул – эчкандай чоң жазуучулардын таалимин албай калдым, адабий билимим да жок. Албетте, адабият менен жалпы тааныштыгым болгону менен…

Олжобай Шакир

Соц тармактар:

Арслан Койчиев, жазуучу-журналист: «Арманым – чоң жазуучулардан таалим албадым»: 1 комментарий

  • 17.02.2011 в 06:56
    Permalink

    Yras ele interview boluptur. Bul bolboso oshol romandy ubakyt korotup okuganga araket kylmak ekem — pretenziyasy tim ele «tash jara turgan» bolup turbaiby, «kyrgyzdyn tukumkurut boluu korkunuchu jonundo» delinip.
    Jylky chabuunu baatyrlyk dep eseptegen pikirge bir munot dele ubakyt jumshaganga arzybait. Jylky chabuu — bul japaiylyktyn korunushu bolgon, jana al azyr dele ulanyp kele jatat (bizdin intelligentterdin da ang seziminde). Civilizatsiyaga cheyin baary ele elderde bolgon biri-birinen chaap aluu, munu kochmondordun ozgocho fenomeni dep karoogo bolboit. Ozgocho ele jeri, bashka elder myndaidy bizge karaganda mingdegen jyl murun ele japaiylyk dep taanygan (Bibiliya, Kuran, Grek, Rim okuulary, j.b. j.b.). Bul moraldyn joktugunun, japaiylyktyn korunushu, sebebi jylkysyn chaptyrgandar dele eldin bir bolugu bolgon. Biz taryhtun nugunan obochodo, «chong tashtardyn daldaasynda» kalyp kalyp, andai oilonuulardy baikagan dele emespiz da oshol ele «baaluuluktardy» aliguncho tashyp jurobuz. Azyr chaap almailar jogolgon emes, bashka formaga otkon. Andai kubulush biylikte ele emes, bizneste, ilimde, mekemelerde, aiyldyk-shaardyk turmushta, uilonuudo, degi ele bizdin ang sezimizdin chok ortosunda dagy ele guldop kele jatat. Anyn galstuk takkan, jazuu-jazgan ideologdoru ar-bir burchta bykshyit. Osholor on-onbesh bolup biroonun mulkun chaap kelgenderge bata berip, okul ata bolup jatyshat.
    Tak ushundai oilonyy ykmasy («chaap alamai» alkagyndagy)kyrgyzdyn jan duinosunundogu oor jara bolup, kyrgyzdy jok boluuga alyp kele jatat — tsivilizatsiya shartynda kochmonduk ang sezim konkurentsiya kyla ala albait. Anan Londondo jurup dele ushundai talap-tonoogo tamshanyp, maktoo arnap jurgondun ozu ele bu moraldyn kemtigin korgozot dep oiloim.

    Ответ

Добавить комментарий