Кыргыздын саламы — «Арыбаңыз», алиги — «Бар болуңуз»

Салам-алик — адам баласынын ортосундагы алака-мамилени туюнткан  өтө  байыркы жөрөлгөлөрдүн бири. Абалкы адамдар үчүн жарыкка келген наристенин «аа» деп чыгарган үнү анын аман-дыгын билгизип, айланадагыларды ага жооп кайтарууга («бу») түрткөн. Балким, алака-мамиле, суроо-жоопту билдирген «а-бу» деген сөз ошондон калса керек. «Ал-бул», «аны-буну (му-ну)», «ары-бери» деген кош сөздөр да дал ушул бирдиктүү мамиленин үзүрү сыяктуу. Көптөгөн дүйнө элдеринин алфавитинде «а», «б» тыбыштары удаалаш турганы да кызык. Сыягы, «а» де­генде сөз, «бу» дегенде кеп болгон.

Абалкы маалыматтарда айтылгандай, кыргыздар амандашканда «Арыбаңыз» деп кайрылышып, анан ага «Бар болуңуз» деп жооп кайтарышчу экен. «Арыбаңыз» деген сөздүн мааниси өтө кеңири жана терең. Ал ооз учунан эле адамдын көңүлүн жубатып, собулап айтылган солгун сөз эмес. Ал адамдын ал-абалынан кабар алуу максатында ага суроо иретинде берилген да сөз эмес. Ал — адамга кадимки күү-деми, күч-кайратынан тайбай, кайгы-капага жеңдирбей, куунак көңүлдө, узак өмүрдө жашашын каалап, чын дилден айтылган угумдуу, жугумдуу салам-тилек сөз.

«Бар болуңуз» деген жоопто адамдын ал-абалы кандай болбосун, ал үчүн башкысы — бар болуудан, башкача айтканда, тирүүлүктөн өткөн асылдык жок экендиги таасын туюнтулган: «Куур тондун ичинде куурасын, жигит өлбөсүн», «Киши болор кишинин киши менен иши бар». Бул — кыргыздардын адам парасатын артыкча баалап, бөтөнчө бийик койгон адамгөй, жапакеч эл экендигин далилдеген нарк-насилинин бир гана мисалы.

Айталы, орус эли «Здравствуйте» (Саламат болуңуз) деген каалоо-саламга «Здравствуйте» (Сиз да саламат болуңуз) деп жооп узатат. Мындан ал элдин артыкча баалаган асылдыгы (ден-соолук) айкын баамдалып турат. Арабдар «Салам алейкум» (Сизге тынчтык каалайм) деп учурашса, экинчи тарап «Алейкум ассалом» (Сизге да тынчтык каалайм) деп алик алат. Албетте, мын­дан тынчтык күндүн кадырын кастарлаган калктын ой-мүдөөсү таасын көрүнүп турат. Алтайлыктар «Такши лар ба?» («Жакшысыздарбы?»), татарлар «Исэнмесез?» («Эсенсизби?») деп учурашып, диалог кайра ошондой суроолорду коюу менен уланат.

Кыргыздар ал-жайды сурашкандан кийин эле «Мал жан эсенбиге?» өтөт. Ага «жакшы», «шүгүр», «дурус» деген жооптор айтылат. «Мал боор эт менен тең» деген сөз тегинден эмес. Себеби, бул — адамдын жандуу жаратылыш ме­нен тыгыз алака-катышын терең аңдап-таануудан улам чыгарылган тыянак. Мында адам табият менен бирге болсо гана анын турмушу жайлуу бо­лот, атүгүл, этин жеген жаныбардын касиеттери ага өтүп, аны кубаттантып турат деген элдик ишенимдин изи даана сезилип турат: «Мал ээсин тартпаса, арам өлөт» ж. б.

«Амандашпай, сөз баштаба», — дейт кыргыздар. Адамдын ал-абалын сураган адамга элибиз эч качан текебер, терс мамиле жасабайт, «жаман» деп жооп бербейт. Бул — эң алды менен адам парасатын ардактай билген, өз түйшүгүн, өз көйгөйүн башкага оодаргысы, башка адамдын көңүлүн ооруткусу келбеген элдин адептик асыл эрежеси.

Элибизге мүнөздүү көрүнүштөрдүн дагы бири — эркектердин дайыма кош колдоп саламдашуу жөрөлгөсү. Бул байыркы адамдардын ортосундагы астейдил мамилени, алардын колунда, койнунда каткан курал-жарагы жок экендигин билгизген ишаарат болгон. Кол алышуу амандашуудан башка да бир бүтүмгө келүүнү, макулдашууну туюнткан.

Көпчүлүктүн арасында адамдарга улуулата өңдү карай салам берүү, колду бекем кысып учурашуу, ачык маанай, жайдары, шайдоот амандашуу, атчан жөөгө, кичүү улууга, эркек аялга озунуп салам айтуусу ж. б. — ата-бабалардан калган асыл мурас.

Аялдар арасында да амандашуунун түрлөрү болгон. Жүгүнүү — ошолордун ичинен эң бир ыйбаалуусу, ызааттуусу болуу менен аялзатынын табигый касиетин сактоого, анын ички маданиятын байытууга кызмат кылган.

Элде коштошуунун да көптөгөн түр­лөрү бар. «Кош бол» деген сөздү кыргыз­дар мерчемдүү учурларда гана колдонгон. Улам жолугуп турган адамдарга карата «Кайыр», «Аман тур», «Эсен бол», «Жакшы кал» дегендей сөздөр ай­тылган.

Тилекке каршы, бүгүн салттуу салам берип, алик алуу эрежеси унутулуп, бузулуп баратат. өзгөчө мектеп мугалимдери окуучуларга «Сен» деп орой кайрылганы аз келгенсип, анын «Саламатсыңарбы?» деген суроо-саламына окуучулар «Са-ла-мат-сыз-бы?» деп кайра суроо менен жооп берип турушу түшүнүксүз. Ал эми мугалимдин адегенде окуучуларга «Арыбагыла, балдар» деп аздектүү кайрылып, ага окуучулардын жапырт «Бар болуңуз, эжей» деп каалоо-тилек айтып турушунда касиеттүү элдик салт, адептүү асыл-нарк сезилип турганы жалганбы?

Мисалы, бүгүн «аксакал» деген сөз жашы улуу адамга эмес, кызматы жогору адамга карата айтыла баштады.

Учурашуунун «Привет», «Хеллоу», «О кей», «Чао» сыяктуу «баш ийкешуу», «колун жаңсоо», «ээгин экчөө», «өбүшүү» сыяк­туу өөн учураган түрлөрү өрчүп баратат. Куттуу элибиздин ата салты, эне адебиндеги улуу-кичүү, аял-эркек орто­сундагы амандашуу адебин аздектеп сактоо, аны заманга шайкеш ардактап урунуу — ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Айталы, жаңырткыбыз эле келсе, күн маалына ылайык бири-бирибизге «Кутман таң», «Кутман күн», «Кутман кеч», «Кутман түн» деп каалоо-салам айтып турсак болбойбу?..

Сабыр Иптаруулу, «Кыргыз диаспорасы» сайтынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий