Чокуңду билесиңби же чоочундарга бересиңби?

Өткөндө “окшошуп баратышат” деп бир жаздык эле. Башкага жагынган кошоматчылык жагынан бул өкмөт мурункуларга окшошмок тургай озуп түштү. Алыс барбай эле жакында болуп өткөн окуяларды санап берели.

Биринчиден, бензиндин баасын арзандатып бергенине эрип кетиштиби, же дагы бир себеби барбы, айтор бийлик башындагылар жылан чакпай, жылкы теппей кыргыздын чокусуна Путиндин ысымын ыйгаралы деп демилге көтөрүп чыкты. Анысын дээринде жок депутаттар уялбай-этпей колдоп беришти. Ал чоку кыргызда кандай аталат, силер ушуга макулсуңарбы деп элден бир ооз сурап да коюшкан жок. Илгери Ельцинге тирүү кезинде эстелик коебуз деп чыгышканда “друзья, ну я же вроде еще живой” деп бир уят кылды эле. Болбой эле орнотуп салышкан. Эми дагы минтип тигил кишинин арааны жүрүп турганда кошомат кыла коелу деп жанталашып атышат. Же бир Путин ошондой чокунун атын сурасачы, же бир ошого муктаж болсочу. Ар бир кабыл алынган чечимдин кунуна көрүнгөн чокунун атын бере берсек Кыргызстанда тоонун аты калабы, жерибизден жер калабы? Оендорубуздун ойлоп тапкандары ушубу? “Ишенген кожом сен болсоң…” дебегенде эмне дейсиң?

Көп өтпөй КТРди Кыргызстанга биринчи орунга коелу деген Кубат Оторбаевге орус элчилиги кыргыз-орус мамилесин бузуп жатасың деп кыр көрсөтүп, ага каш кага турган чоңдору чыкпай жергиликтүү маңкурттар жеп кое жаздашты. Орустардын каналын Кыргызстанга таратыш үчүн кыргыз өкмөтү өз эсебинен каражат бөлүп атканын, мындай мисал башка бир да өлкөдө жок экенин уккусу келген бирөө болбоду.

Экинчиден, Кыргызстандагы жер-суу аталыштарын тарыхый калыбына келтиребиз деген Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы Азимжан Ибраимовду буйдамга келтирбей алып ыргытышты. Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын иши жанданып атканда кайдагыны айтып атасың дегендей эле болду. Анын буга чейин кандай иштегени башка кеп. Бирок кыргыздын жерин кыргызча атайлы дегени үчүн кызматтан алып салганы бул бийлик баягы эле компрадордук саясаттан алыстай албай атканынан дапдаана кабар берет.

Тил маселесине келгенде жалпысынан алсак Убактылуу Өкмөттүн тушунда кабинет жыйындары Кудай жалгап кыргызча өтө баштады эле, кийин кайра баягы таз кейпине түшкөнүн көрүп турабыз. Жарандык укугун коргоп, кыргызча маалымат бергиле деген журналисттерге кыргыйдай тийип, орус тилдүү кесиптештерибиз ормон опузага өтүштү. Ал аз келгенсип орус тилдүү форумдарда 7-апрелдин баатырларын бийлик талашкан баскынчы катары көрсөтүү аракеттери күч алып, “жел кайыктардын” жемечи зайыптары кыргызды жерип үрө баштады, өлкөмдү сатам дегендердин кайра баштан арааны арылдап жүрө баштады.

Бул күн да кетет. Арачалап кыргыздан Акаевди куткарган, астына чоңдор бүт барган, орустун даңкын көтөргөн, ойлуу сүйлөп жөтөлгөн орошон Путин да бир күнү тарыхтын бетинде калат. Ичинде жаман кири жок, иштеп берчү бири жок, он төрт төбөл оң көрүп, ортосунда сыйланган, оңдуу сөзүн айта албай онтоп катуу кыйналган азыркы башчыларыбыз да кетет. Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат. Төбөсү ачык Көк менен төшү түктүү Жер калат. А бирок азыркы турган бийликтин артында кандай кеп калат? Бакиевдин башын куткарып, куйругу менен кучакташкан, Каркыраны казактардан сурап келем деп, кашына барганда унчуга албай ызатташкан, убадага бош бийлик, убаралуу кош бийлик ушундай болчу деп калат. Элчилигине карабай, эч нерсеге жарабай, Манасты Кытайдан кайрып ала албаган, Максим менен Жанышты таба албаган, элге ок аткан ойрондорду түрмөгө тыгып сала албаган, мажирөө болчу деп калат. Учурунда улутчулдарды пайдаланып утурумдук керек кылган, кийин чокусун тааныбай чоочундарга белек кылган, калмактардын каргышын кашына сыйлап калтырган, өлкөнүн байлыгын мурункудан тартып алып кийинкиге саттырган, жүзү курсун деп калат.

Кыргыз эли өз өлкөсүнүн ээси экенин сезмейинче Кыргызстанда эч качан тынч заман болбойт. Андай заман келе элек, азыркысын кошкондо бир да бийлик андай заманга жакындата элек. Көчөгө чыксаң жазуусу орусча, кайсы бир кызматтарга чалсаң алган кишинин жооп бергени орусча, дүкөндөрдөн тейлегени, өкмөттүн жыйындары, иш кагаздары бүт орусча, жер-суу аттарынын жарымы орусча, каналдардын жарымынан көбү орусча. Кийген кийимибиз менен жеген тамагыбыз кытайдыкы. Конституциябыз Батыштыкы. Качанкыга чейин кыргыздар өз өлкөсүндө көпчүлүк эл боло туруп аз улуттун абалында кала берет?

Эгемендик өзү келди дегенибиз менен, кыргыз эли өзү тил менен айтып бере албаган, формулировкага түшпөгөн, бирок эзелтен бери эңсеп жүргөн боштондугу үчүн күрөш жолунда келатат. Ошон үчүн Максимдин схемаларынан тартып Гуревичтин пландарына чейинки чоочун афералардын баарын кыргыз эли белинен кайрып сындырып келди. 7-апрель окуяларындагы негизги кыймылдаткыч күч да кыргыз элинин мекенчил позициясы болду. Андыктан ошондой элдин ар-намысы жана кызыкчылыгы менен эсептешпеген бийликтин күнү кыска болоору азыркы төбөлдөргө сабак болууга тийиш.

Жыргалбек Касаболотов, “Айат пресс”, 17.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий