Кыргыз искусствосунун кайраткерлери Назира Мамбетова, КРнын Эл артисти: «Биздин көчөдөгү майрам эч нерсеге алмашкыс…»

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры… Алгач эшигин ачып, босогосун аттаарың менен корифейлерибиздин бири — Бакен Кыдыкееванын сүрдүү, бирок, түпкүлүгүндө муңайым тиктеген портрети көзгө урунат. Калган көрүнүштөр эч кимди суктандыра да албас. Кайран имараттын эскилиги жетип, абдан көрксүз, кунарсыз абалда. Залкар адамдын атын алган театрдын эшик-төрүн мурда-кийин көрбөгөндөр таң калуу менен карашат. Түшүнбөйм. Маданият министрлиги эмнени карайт? Же алар аземдүү кечелердин ачылыштарында укмуштай кооз сөздөрдү, куру убадаларды айтуудан колу бошобойбу? Таң… Кабинеттеринен чыгып, айланасына көз жүгүртүп коюшса эмне?!

Максатым боюнча Назира Мамбетовага кезиктим.

41 жылдык талбаган эмгек… Жаштыгын, жакшы күндөрүн, айтор, бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган актриса…Жөн эле колго көтөрүп алып, аздектеп ала турган сейрек талант ээси. Актриса кум алдында калган жакут таштын өзүн элестетет. Анын: «Таң калаарсыз, азыр менде үй да жок. Бирөөнүн үйүндө жашайм… Бирок, аны кимге барып айтат элем? Дегеле, менин кайгым, өксүгүм менен кимдин иши бар?!» деген сөзү дале көңүлүмдөн кетпей турат. Бакыйган Эл артисттери үйсүз жүрөт. Кыргыз искусствосун көтөрүп, баалуу мурастарыбызды көрктөндүрүп келишкен өнөрпоздорубузду унутта калтырганыбыздын өзү акыйкатсыздыктын жеткен чеги болоор…

Теңдеши жок таалай…
— Алгач бала кезимде солдат болуп, Армияда кызмат өтөгүм келчү. (Күлүп…) Кийин кыздар солдат боло албастыгын түшүнгөн соң, дүкөндө сатуучу болуп иштегим келди. Анын да менин балалык баёо көңүлүмдү кызыктырган себеби боло турган. Дүкөнгө кирсең, түркүн түстүү, эң эле кооз буюм-тайымдар көз жоосун алып, тизилип турат. Келген адамдарды бир гана адам тейлеп, так ошол татынакай буюмдарды улам бирине карматып жатат. Бул мага кызык көрүнсө керек. Мен да түрлүү адамдарга ар түрдүүчө буюмдарды саткым келе берчү. Кийинчерээк эмнегедир чыгармачылык багыт мени өзүнө арбап алды.

Ырас, түйшүк менен коштолгон чыгармачылык жолумда бармак тиштеп, аттиң кылып: «Ка-ап, сатуучу эле болуп албай…» деген өкүт да болду. Бирок, кууралдын жыргалы бар. Бүркөлгөн күндүн ачылаар убагы да бар. Биз үчүн кайталангыс, кереметтүү майрам күндөр да болот. Ал — премьера. Ал — сахнада образ жаратып, эл алдына чыккан мүнөттөр… Ал — көрүүчүлөрдүн чын дилден чыккан кол чабуулары, ыраазы боло урматтаган көз караштар… Бул күндөр биз үчүн кубаныч, теңдеши жок таалай.

Кай бир адамдар кабат-кабат үйлөрдү, жалтыраган машине, бриллианттарды байлык катары көрсө, а биздин байлык, тапкан табылгабыз — бул биз жараткан образдар. Биздин көчөдөгү майрам эч нерсеге алмашкыс, ал баарынан кымбат сезилет. Ал тарткан оорчулуктарыбызды унуткартып коё алаарлык күчкө ээ.

Изденүү жолунда
— Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институтта окуп жүргөн мезгилибизде биз актёрдук чеберчилик боюнча көп түшүнүктөрдү алдык. Бактыга жараша, абдан күчтүү окутуучуларга туш келген экенбиз. Күндүз мугалимдерибизден теориялык билимди аң-сезимибизге сиңирип, а кечкисин Москвадагы театрларды кыдырып, спектаклдерди калтырбай көрүп чыгаар элек. Жаштык кезде кызыгуу, кабыл алуу сезими күчтүү келет го. Көптү үйрөндүк. Адистигибизге байланыштуу жакшы үлгү, сабактарды ала алдык. Жаштык куракка таандык максималдуулук менен талбай, чымыркана изденүү жолуна түштүк. Мындай түйшүктүү күндөр бизге чыгармачылыктын алгачкы ажайып дүйнөсүнө жол ачып берди.

Түбөлүк ысым
— Туура, чыгармачыл адамдар үчүн баалуу жылдар, жылдызы жанган учурлар болот. (Күлүп…) А менин жылдызым бүгүн да асманымда жаркып турат. Абдан ыраазымын! Театрдабы, көчөдөбү, айтор, кай жакта болсом да, көрүүчүлөр колумду кармап, ыраазычылыгын билдиришет. Ырахматын айтып, чын дилден жаадырап, жылмайышат. Демек, менин жылдызым али өчө элек…

Баалуу философия
— Бул абдан олуттуу тема. Мамлекеттин маданиятыбыздагы баалуулуктарга жасаган кайдыгер мамилесине карата ички дүйнөмдөгү каршылыкты айтып, түгөтө да албайм. Алсак, Казакстан маданиятына кандай мамиле жасаарын жакшы билебиз. Аталган өлкө барган сайын өнүгүп-өсүү жолунда. Алардын алдында биз байкуш абалдабыз.

Кейиштүүсү, биздин «жакшылар» калктын өнүгүшүн камсыз кылгысы жок. Алар Ак үйдүн босогосун аттаары менен суу кечпеген убадаларын, куру ураандарын дароо унуткарат да, ар кимиси өз көмөчүнө күл тарта баштайт. Жыйынтыгы, эч бир тармактан алга жылуулар, өзгөрүүлөр байкалбайт.

Биздин эл абдан таланттуу келет. Ошол эле учурда жерибиздин байлыгы да жетишээрлик. Бирок, биз дал ушундай асылдыктарыбызга туура эмес мамиле жасап келебиз.

Маселен, Америка менен кыргыз фильмин салыштырып көрөлүчү. Биздин тасмаларда укмуштай терең түшүнүктөр, адамдын жан дүйнөсүнөн сызылып өтө тургандай чоң философия жатат. Актёрлорубуз андагы кейипкерлердин ролун билгичтик менен аяр алып чыгып, анын өзөгүн таап, ийнине жетээрлик деңгээлде түзө билет. Түшүнбөйм. Мындай артыкчылыктарыбызды эмне үчүн көрбөй келебиз?!

Күрөш…
— Талант абдан аяр мамилени талап кылат. Аны багып, аздектеп, күндө өөрчүтүп, өстүрүп туруу милдети бар. Жараткандан ыроолонгон дараметти чарчоо билбес кажыбас эмгек аркылуу «жарк» эттирип чыгара билүү да адамдын өзүнө байланыштуу маселе. Беш кол тең эмес. Бир талант күчтүү болсо, экинчиси андан алсызыраак келет… Бирок, окутуучуларыбыз бизге билим менен бирдикте эмгектенүүнүн да ар тараптуу принциптерин үйрөткөн. Ошондон уламбы, айтор, бирге окуган курсташтарымдын дээрлик баардыгы татаалдыктарга карабастан күчтүү аракет менен өз адистигинде иштеп келишет.

Адам канчалык өзүн «сабап», аракет кылса, ошончолук жемиштүү жетишкендиктердин күбөсү боло алат. А тоскоолдук деген түгөнгүс, ал абдан сансыз. Ошол эле курсташтар, бирге эмгектенген кесиптештер жана жетекчилик тарабынан да бут тосуу, ич күйдүүлүк менен жасалган иштер болбой койбойт. Андайда ого бетер курчуп, кайраттанып, өз позицияңда бекем туруу кажет. Башка жол да жок. Себеп, жашоо күрөш менен башталып, күрөш менен аяктайт тура.

Ак тилек
— Мен Бишкекке келген жылдары тогуз жыл ишсиз калгам. Профессионалдыкты сүйгөн адам билимине жараша эмгектенгиси келет. Андыктан, тигил же бул жактардан иш издеп, көрүнгөн жердин босогосун да жыртпадым. Унчкупай гана ичтен сызылып, күтүп жүрө бердим. Тилегим, үмүтүм ак экен. Тогуз жылдан кийин театрда иш козголо баштады. Анан мени фильмдерге тартылууга чакыруулар келип жатты. Ошентип, күндөн-күнгө ичтен дегдеген каалоом аткарылып, чыгармачылык ишмердүүлүгүм уланып, мына эми беш-алты жылдан бери иш үстүндө жүрөм. Билесизби, «Менде бир орунда токтоп калуу болбосо» дейм. Өмүрдүн ушунчалык тездик менен өтүп жатканы мени катуу тынчсыздандырат, кейишке салат… Мен ишке таптакыр тойбой кетем.

Кайдыгерлик
— Айрыкча, чыгармачыл аялзатынын шыбагасына жашоо да татаал нукта тургузулат. Күнү-түнү иш, изденүү… Натыйжада, жеке жашоом артта калган. Убагында мен өзүмдүн жеке жашоомо көңүл бурбай, аны экинчи орунга калтырып койгом. Таң калаарсыз, азыр менде үй да жок. Бирөөнүн үйүндө жашайм… Бирок, аны кимге барып айтат элем? Дегеле, менин кайгым, өксүгүм менен кимдин иши бар?! Биз азыр баарына кайдыгер карайбыз. Илгери бир үй кой союп калса, «Ай, коңшуларды чакыргыла! Казанда кайнап жаткан тамактан чогуу ооз тийели» дешээр эле. Азыр «Менде баары бар» дегенсип, койду мактаныч менен союшат. Бирок, көрүп турсаң да, «Кел, бышкан тамактан жеп кет» деп айтпайт. Адамдардан пейил кеткен. Ошондуктан, көчөдө кедей-кембагалдар, селсаяктар көп.

Мамиле
— Бир сапар театрга келдим. Отураарга орунум жок ары-бери басып жүрөм. Тигинде кечээ эле келген бала гримденүүчү бөлмөсүнүн эшигин ачып, кирип жатат. А менин андай бөлмөм да жок эле. Эмне үчүн? Мен алсыздыгымдан же жамандыгымдан эшикте басып жүрдүмбү?! Жок! Андай эмес! Анткени, азыр жагдай, жашоо-шарт өзү так ушундай аргасыз абал түзүп койгон. Көрдүңүзбү, бардык жерде туура эмес, алдамчы мамиле…

Ким үчүн?..
— Ырас, чогулуштар боло калганда башынан калыптанган мүнөзүм менен баардыгын ачык-айкын айтып тураар элем. Чыгармачылыкка бийик талап, профессионал мамиле керектигин билдирип, көз карашымдын тууралыгы үчүн талашып-тартышууга да барчумун. Азыр: «Унчукпа! Жөн олтур!» деп өзүмдү-өзүм көндүрчү болгом. Ким үчүн, эмне үчүн адилет пикир айтам? Ал эч кимге керек эместигин аңдап, билдим…

Абал…
— Келечек үчүн айткым келет. «Жакшылар» маданиятка, руханий дөөлөттөрүбүзгө аяр мамиле жасаса деген эле тилек. Көчөдө чемичке сатып олтурган адамга да, депутаттык креслону ээлеген чиновникке да маданият аба-суудай зарыл. Бизде маданият тармагы олку-солку абалда. Демек, мындай жагдайда, ага өзгөчө мамиле керек.

Мына, кечээ жакында Маданият министрлигинин эки чылбыр, бир тизгинин айыл-чарба адисинин колуна кармата беришти. Анын маданият тармагын тейлөөгө билими, деңгээли төп келеби? Аны караган киши жок. Башаламандык… Бул эмне деген мамиле, эмне деген шылдың?! Мен мына ушундай байкабастыкка, профессионалдык деңгээл анчейин мааниге ээ болбой калгандыгына кейиш кылам…

Нурзада ОСМОНОВА, «Айкын саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.02.2011-ж.

Окшош материал:

Назира Мамбетова: «ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КҮЙҮП-ЖАНЫП ЖАШОО – ТОЗОК»

Соц тармактар:

Добавить комментарий