Анатай ӨМҮРКАНОВ: “Арманым жок, а көчөдө эркин басам”

Кыргыздын таланттуу акыны Анатай Өмүрканов 65 жаштан ашты. Аны тааныбаган кыргыз жок. “Бир бетиң өпсөм, бир бетиң калат” деген сөздүн атасын кантип тааныбайсың. Таластын легендарлуу Кайыңдысынан,  Алымкул менен Эстебестин айылынан чыккан. Студенттик кезинде күрөшкө катышып,  “спорттун чебери” деген наам алган. Башка наамдары да бар. Курч сөзү, терең ою бар.

Мен сарууга жээн болом, сизди таяке деп тергейин. Эмне үчүн дене тарбия институтуна барбай, кыргыз филология факультетин тандадыңыз?
– Менин ыраматылык курдаштарым Нурлан Эшмамбетов менен Жумгалбек Аманбаев да дене тарбия институтунан окушкан эмес, бирок  кечинде спортзалга чогуу барып күрөш секциясында машыгып жүрдүк. Муну силер “хобби” деп атап жүрөсүңөр. Кыргызстандын күрөш боюнча курама тобунун мүчөсү болчумун. Жогорку тепкичке чыгып “спорттун мастери” болгом. Мактанайын сага,  жээним.

Андай болсо эмне себептен Бишкекте калбай, кийин Мургабга  жөнөдүңүз?  Жердин түбүнө?
– Ооба, жакын эмес. Оштон таң эртең менен машине менен чыксаң, Мургабга түн ортосунда араң жетесиң. Бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүп жатканда  “Ким Мургабга барат?” деп сураганда “Мен барам” дегем. Кыргыз тил жана адабият боюнча мугалим болуп мектепте 5 жыл  иштедим. Эки жылдын ордуна.  Ал жерде мага чейин Мурза Гапаров менен Эрнис Турсунов иштеп кетишкен.

Анан  кантип кайра келдиңиз?
– Мектептен бери ыр жазып жүрчүмүн. Лирика ырларын.  Ошолорумду конвертке салып Байдылда Сарногоевге жөнөттүм. Ал киши ошол кезде Жазуучулар союзунда адабий кеңешчи болуп иштеп турган. Бирок конвертим  жата берип саргайып бүтүптүр,   аны Омор Султанов ачып окугандан кийин 16 ырымды “Ала-Тоо” журналына бастыртып, а өзүмдү борборго  чакырышты. Ошентип заматта белгилүү  болуп калдым. Анан 8 жыл “Советтик Кыргызстан” гезитинде, анан кийин 32 жыл “Кыргызстан” басмаканасында эмгектендим. Квартира беришти.

Сыйлыктар да берилдиби?
– “Каарман эмгеги үчүн” деген медалды беришти, 1985-жылы Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты болдум. “Эл акыны” наамды болсо К.Бакиевдин учурунда 2005-жылы алдым. Кур калган жокмун.

Эмнеге  биринчи президентибизди сындап чыктыңыз? Таластык болуп туруп, Таластын күйөө баласын сындагаңыз кандай?
– Акаев  элди  тентитип  жиберди, системаны  талкалады. Чыдабадым. “Күйүттүү катын  кошокчу” дегендей “Кан аз күлөт” деп ыр жаздым. Өкүнбөдүм. Ооба, “Аскарды эми мактагын” деп жердештер айтып турушту. “Наам аласың” дешти. “Кереги жок,  көчөгө басалбай калам” деп жооп бердим. Убактылуу кызыкчылыкка алдырган жокмун. Андай болгондо кийин өзүмдү өзүм жектеп өлүп эле калмакмын. Андан көрө ачкадан өлгөн жакшы эмеспи.

Эми  акчасынан кур калган жоксуз го, пенсияңыз барбы?
– Ооба, айына 12 миң сом алам. “Эл акыны” деген наамдын пайдасы тийип жатат. Кудай буюрса, ачкадан өлбөйм. Үйдө бош олтурган деле жокмун. Китептеримди  чыгарып жатам. Байдылда Сарногоевдун чеберчилигине арнап изилдөө эмгегимди жарыяладым. Учурунда бул акыныбыз коомдун сезимин ойготкон. Саясий сатиранын устасы эле. Мидин Алыбаевдин баа жеткис жолун улаган.

Кыргыз адабиятындагы сатиранын  классиктери деп дагы кимди бул катарга кошсо болот?
– Райкан Шүкүрбеков менен Эсенгул Ибраевди.  Классикалык  даражага ушул төрт улуу акыныбыз татыктуу.  Курч ырларды жаратыш үчүн таланттан тышкары жүрөк керек. Тайманбас жоокердин жүрөгү керек. Мидиндин доорунда “Ак чүч” деген ырды жазыштын өзү эле чоң эрдик болгон. Ал эми Байдылданын “Ак калпагы” да ошого окшогон эрдик болду. Сатира конкреттүү көрүнүштөргө байланат. Сөздү учурунда айтпасаң атасы өлөт деп бекер айтылган эмес. Сөздүн мындай чеберлери сейрек жаралат.

Учурунда сиз эки ажого тең тайманбай сөз айттыңыз. Эми Таластан чыккан үчүнчү ажого да айтасызбы же кол ийрисине тартат кыласызбы?
– Роза Отунбаева менен бир урууданбыз. Районубуз да бир, бирок мен аны мактаган жокмун. Мактоого негиз жок.  Командасы начар экенин байкадым. Өзүнө сын айта турган мезгил келсин. Мөөнөтү да чектелүү, президенттик шайлоого барбаймын деди. Сөзүнө турбаса, айтамын, Акаев менен Бакиевге окшоп жер сатса, сындаймын.

Эми “карындашым” деп бир аз мактап койбойсузбу? Акындарыбыз анда-санда ошентип эле жүрүшөт го, ажонун аялын “канайымым”, кызын “карлыгачым” деп?
– Андайды айта албайм. Натурам ушундай. Кошоматчылыкты бала кезимден жек көрөм. “Акаевдей киши эч качан туулбайт”, “Максим Бакиевдин көзүндөй көз дүйнө жүзүндө  жок  экен” деген сөздөрдү укканда далайга таң калгам.

Муну  уккандар ыйлаганча күлүштү. Кантип күлбөйсүң, ушундай укмуш сөздөн  кийин   “укмуш  иштер” жаралып жатса.  Кептин сыры эмнеде дейсиз?
– Арзыматчылыкта дейм. Гамлет айткандай, “бол” же “болбо”. Же Арзымат, же Чолпонбай. Чындыкты айтпаса ырдын касиети качат. Токтогул кудай берген чындыкты чыркырап айтып өттү. Ар бир адам сыноодон өтөт. Бирок акындын сыноосу  эл астында. Акындарды кудай шайлайт.  Жанагы сен айткан “карлыгачтардын” артында эмне турат же ким турат, кептин түбү ушунда.

Ушуну  көркөм сөз менен түшүндүрүп берсеңиз, сезимге бир аз жетпей калды?
– Ыр менен мисалдайын. “Кандай  аял тууду экен, ажодой болгон уулду” деп айтсак сезимде эмне пайда болот, жыргайсыңбы же сөгүнөсүңбү?  Эми мына улуу акын  Калмырзанын Шабдан баатырга айткан ырын  эсиңе салайын:

“Атактуу баатыр Шабдан эр,
Сен ажылыкка аман барып,  аман кел.
Ак боз бээни сойсо да,
Атын Шабдан койсо да
Кыргыздан чыкпайт  сендей эр.
Айта турган арызым бар,
Кумар ойной коём деп,
Беш жүз теңге  карызым бар.”

Бул ырдын мааниси терең. Шабдан дароо түшүнүп акынга беш жүз теңге ошол   замат   бериптир. Саптардын мааниси терең. Сезимге жетти окшойт.

Ооба,  эми түшүндүм. Сөздүн учурун кармаптыр. Сизге бийликте турган баатырларыбыз тенге карыз болгон эмеспи?
– Болгон. Бир жолу. 2005-жылы.  Султан Раев маданият министрлигин башкарып  турганда мага 60 жылдыгыма карата 2 миң сом бериш керек эле. Ошондой тартипти өздөрү ойлоп чыгарышкан. Ар бир жазуучуга мааракелик куракка жеткенде 2 миң сомдон берилет деп. Баарына берип мага келгенде беришкен жок. Себебин билбедим, бирок  таң калдым. Бул тууралуу арыз жаздым. Жооп беришсин деп. Жоопту күтүп олтурам ушу күнгө чейин.

Өтө кызык окуя экен.  Өкмөт сизге 2 миң сом карыз турбайбы. Алмазбек Атамбаев муну уккандан кийин “кокуй, карыздан кутулайын” деп сизди өзү чакырат го дейм.  Маданият министрлиги болсо “кудай урган киши экен” деп намыстанса кана?
– Мейли, эми эмне кылайын. Мындай көрүнүштү өздөрү түздү. Күлкүм келет буларга. Эми мынча болду, 70 жылдык мааракемде ошол карызды эки эсе көбөйтүп биротоло беришсин. Мен болсо дагы беш жыл күтөм.

Тамашага салдыңыз, таяке. Андай болсо сизге “серьезный” суроо берейин. Азыркы эгемендик күндөргө сүйүнүп жатасызбы?
– Жок, эмнесине сүйүнөм? Өзгөрүү жок. Жылыш жок. Тарыхыбыз китеп түрүндө жазыла элек. Тарыхчылар жаза албай жатышат. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда жыл сайын жалындуу эмгектер чыгат ко. Эмнеге тарых институту дымып турат. Буларга  эгемендүүлүк жетишпей жатабы? Кызык.

Жазуучулар менен акындар деле ашып-ташыган  жок да.  Же баягы “жаман бийчинин бир  нерсеси”  тоскоол болуп жатабы,  ыя?
– Совет доорунда тамсил жанры күч алган. Азыр болсо түз айтыш керек. Эзоптун тили бүгүн кереги жок. Эскирди. Тоскоол кылчу күчтөр да жок. Сен айткан “бийчинин жаңгагын” эч ким жулбайт. Кептин маңызы башкада.  “Каапырды азанчы кылба, катынды базарчы кылба” дейт  элибизде. Базарчы катындар А.Акаевди колдошту, К.Бакиевди колдошту, азыркы ажону да колдойбуз деп турушат. Орой айтсам кечиргиле, мындай катындардан патриоттор туулбайт. Күнкорлор чыгат. Кошоматчылар пайда болот.

Төгүп салдыңыз го сырыңызды. Жазуучуга убакыт керек экен, ал эми акынга да ошондойбу? Лермонтов Пушкиндин кыркын өткөзүп коюп, анан жазыптырбы падышага найзадай тийген саптарын? Балким акынга башка нерсе керектир?
– Акынга жүрөк керек. Эч кимди күтпөй жана эч нерседен коркпой ырды жүрөгүнөн сууруп чыкса. Чагылгандай болуш керек. Жарк этпесе өлгөн. “Дүйнөдөн жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” деп таамай айтылган кеп бар. Негизгиси, акын жалтактабай  жүрөгү тоодой болушу керек. Буга Мидин менен Байдылда  мисал.

Акындар  илгертеден бери эле ар кандай болуп келатышат. Бирөө коён, бирөө шер. Жүрөгү тоодой акындардын саны чектелүү. Бир кылымда бештен ашпайт. Табияттын мыйзамы. Эми бизге арманыңызды айтыңыз. Кулакты түрүп угалы.
– Арманым жок. Каалоом бар. Жер жүзүнөн кайран элим  жоголбосо экен дейм. Өлкөбүздү көтөр­гөн жетекчи пайда болсун дейм.  Көзү өткөн  улуу инсандарга   мамлекеттик деңгээлде мааракелер өтсүн дейм. Карапайым  кыргызым  эмгек менен акча таап, үй-бүлөсүн баксын дейм.

Маектешкен Кубан МАМБЕТАЛИЕВ, “Кыргыз туусу”, 18.02.2011ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий