Эл акыны Майрамкан Абылкасымова: «Гүл ордуна тикен кетти тукумдап, Улам кырсык тооруп калды утурлап…»

Аскар Акаев президент болуп турганда Курманжан датканын 180 жылдыгы өткөрүлдү. Ошондо катуу даярдык болуп, Курманжан датка менен Шабдандын элди-жерди сактап калалы деп сүйлөшкөндөрү тууралуу ж.б. документтерди жакшылап окуп чыккан элем. Курманжан датканын 180 жылдыгы түштүктө белгиленди. Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Жылдыз Жолдошева ал учурда Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болчу. М.Садыркулов райондун акими эле. Маданий мекемелер Биринчи май районуна карарын билесиңер, театрлардын көбү ушул аймакта жайгашкан. Ошондуктан,  мааракелерде, туулган күндөрдө райакимчилик тарабынан акын, жазуучуларга, маданият ишмерлерине жардамдар берилчү. Мен бир күнү Жылдызга райондун социалдык маселелерин тейлеп жатасың, Медетке мен айтам, фонддун атын Курманжан датка кой, чоңойтолу, чоң масштабга алып чыгалы дедим. Ошол кезде Шабдан ата фондун түзө баштаганбыз, аздыр-көптүр тажрыйба бар эле. Алгач кеңешибизге К.Кондучалова, Ж.Ташибекова, Ж.Нусупованы чакырып, “Курманжан датка” фондун түздүк. Жылдызды А.Акаевге, А.Жумагуловго киргизип, акча алып, эстелигин тургузуп, комплекс куралы деп Ысык-Көлдөн жер алдык.

Ал жерге 11 баатырдын атын  коёлу деп чечкенбиз. 11 баатырдын ичинде Көлдөн чыккан чыгаандар да бар. В.Плоских, А.Какеев сыяктуу окумуштуулар менен кеңештик. Музей да ачмай болдук. Документалдуу фильм тарттыралы деген да планда бар. Бирок, былтыртан бери тукумдары фондду талаша башташты. Мынча камынып калгандан кийин Курманжан датканын 200 жылдыгын өткөрө берели деп Жылдызга айттым. Тукумдары Алымбек датканын фондун иштете беришсин, биз да ага аралашалы, алар да бизге аралашсын деген элем. Эми бардыгы даяр болгондо “Курманжан датка” фондун алабыз дешет. Азыр ушундай ич ара тирешүү пайда болуп турат. Менин оюмча Курманжан датканын өмүр баяны, баскан жолу айтылганда Алымбек датка кошо айтылып жатат. Ошого татыктуу аял болгону, элди-жерди сактап калганы бүт айтылууда. Кокус тукумдары көгөрсө, бириктирип өткөрүүгө болот. Бирок, фонддун өзүн алып алабыз дегендери жаңылыштык. 20 жыл болуп калды, бир топ катуу эмгек сиңирдик.

Т.Касымбеков “Курманжан датка” драмасын жазып, эң жакшы коюлду. Ушул драманы көрүп, комиссиясына аралашып жүргөн кезде Атаке баатыр жөнүндө жазайын деген ой кетти. Кандай берсем деген ой менен Шекспирди окуп чыктым. Себеби, Атаке баатыр жөнүндө эмне айтылса жыйнап жүргөм, күн­дөлүккө жазып койчумун, өтө көп эле. Ошол тушта жаш драматург Кайрат Иманалиев да “Курманжан датка” драмасын жазып, ал Нарындын театрында коюлду. Ушуларды бастырып туруп Кайрат Иманалиевге бердим. Ал өзүнчө сөз.

Баатыр- ларыбыздын жакшы жактарын айтышыбыз керек
Биз советтик доордо аталарыбызды аябай эле жамандадык. Советтик доордун балдары ошентип чоңойдук. Чоң атам “Бүгүн сабактан эмне окуп келдиң”, – деп сураса: “Шабдан атаны, Жантай атаны жамандадык”, – деп айтчумун. Чоң атам куран окуп, жыт чыгартып, мени Алтын-Булакка жетелеп барат.

Ал жактан да куран окуп, менин бетимди булактын мөлтүр суусуна жуудуруп, “Эй, аталар, Майрамканды кечиргиле, ушинтип окуп жатат. Айла жок. Бирок, мунун көңүлү таза, мен түшүндүрүп жатам. Баарыңарды билет. Окуусун бүтсө, баарыңарды жакшылап жазат”, – деп койчу.

Азыркы кезде биз Барсбек, Тайлак баатырдын, Алымбек датканын, Курманжан датканын ж.б. эл-жер коргогон баатырларыбыздын жакшы жактарын айтышыбыз керек да.

Баягүнү теледе бир нерсени  көрүп кыжырым кайнады. СССР тушунда бизди “оң каарман” жана “терс каарман” деп жакшы тарбия­лашкан экен. Райкомдун биринчи катчысы болуш үчүн ичип-жебеген, элге кызмат кылган адам болуш керек эле. Анын сыңарындай, биздин баатырлар ыйык болуш керек. Ушак кылгандын эмне кереги бар. Улуттук каналдан Манастын Каныкей жана Кыз Сайкал менен болгон секси деп берип жатышпайбы. Жаштар каткырып, күлүп жатышат. Анын кимге кереги бар. Ушундай нерседен сак болушубуз керек.

Тытыша берсек кул болуп калабыз
Кыргыз эли чачынды жашаганы менен мурдатан эле биригүү жөнүндө баары аракет кылышкан. Ич ара бириге алышпаганынан далай кыргынга учураган эмеспи элибиз. Өңгөсүн айтпайлы, “Туран” партиясынын мүчөсү деп канча кыргыздын чыгаан, интеллигент, жан дилинен кыргыз эли деп күйгөн эр азаматтарыбыздын өмүрү кыйылды.

Алар советтин билимин, илимин алып, бирок улуттук сезимин, Ата журтун унутушкан эмес да. Аларды СССРге каршы чыккан деп өзүбүз эле кармап бербедикпи. Азыр эмне кылып жатабыз? Азыр да ошону кылып жатабыз. Бүгүн гезиттерди окусаң  баары эле жаман, бир да жакшы киши жок. Ушинтип отурсак эмне болобуз? Азыр бизди кошуна өлкөлөр аңдып отурат. Суунун, кендин, алтындын баары бизде. Кудай ушуну кут кылсын. Мобул эле Воронцовкадан баштап Ала-Арчага чейин миң булак! Күмүш булактан Байтик ата суу ичип, бетин жуучу экен. Андан ары Кашка-Сууга түшүп жаткан булактар бар. Суу алтынга татып баратат. Былтыр дүйнөдө кургакчылыктан эмне болушту. Биз жети эле күн коңшуларга сууну бууп коёлучу. Кытайга Үзөңгү-Куушту бергенде Ысык-Көлгө куюп турган суулардан ажырап калдык. Ушундай кыйын маалда майдадан өйдө болбойлубу.  Менин кайгым кийинки күнү ушул боло баштады. Атаке  баатыр, Курманжан датка, Дүр атаны жазам деп тарыхка кирип кетип, алардын тарткан азабы, биздин жыргалчылык үчүн аталарбыздын өмүрүнүн кыйылганы бассам-турсам эсимден кетпейт. Азыр ушинтип тытыша берсек, кул болгон жатабыз. Ушуну ойлонушубуз керек. Патриоттук ырлар такыр берилбей калды. Анын ордуна жанагындай тарбияга терс таасир берген берүүлөрдү беришет. Мисалы, менин ырларым патриоттук болгон үчүн ырдалбайт.

Менин үйүм № 68 мектептин жанында. Биздин короого чоң балдар кичинелерин алып келип, акчасын, чөнтөк телефондорун жулуп алышат. Жонуна китептерди артып алып, калп эле окууга келимиш болушуп, компьютердик оюн жайлардан көргөндөрү “ужас”, “секс”, зөөкүрчүлүк. Бул эмнеге алып баратат? Бул жети атасын эмес, өз эне-атасын “өлтүрүп” жатышпайбы. Өзүнүн бир тууган карындашын зордуктаган балдар бар. Ушунун баары маңкурттукка алып баратат. Мына ушуларга ичим күйүп, 75 жашка келгенде чоң атамдын сөздөрүн кайрадан ойлоп отурам. Китептер окулбай калды. Жазуучуларыбыз үчкө бөлүнгөн. Идеология жок, ичибизди идеялык жактан ыдыратып жаткан душмандарыбыз көп окшойт. Катуу коркуп калдым. Мектептен мечит, чиркөө көп. Азыр диндин ар бутактарына кирип кетип, тири шумдуктарды жасап жаткандар бар.

Курманжан датканын жылында Роза Отунбаева да кыйын учурга туш келди. Эми кыйын учурда ага карата көрүнгөн интриганы уюштуруп жатабыз. Азыр бири-бирибизге мүмкүнчүлүк берип, атайын тытыштырып жаткандардан сак болуп, кыргыз элинин, жеринин тагдырын, мамлекетибиздин келечегин ойлонушубуз керек. Курманжан датка элинин тагдыры үчүн баласынын өмүрүн да арачалап калбаганын эч качан унутпай жүрсөк…

Курманжан датканын арманы

Эл дегеним, элим кана күйгөнү?
Жер дегеним, жерге курган түрмөнү.
Тунук таза кабыл алдым эле го,
Жексур ушул, желмаяндай дүйнөнү.

Аппак десем, кара экенсиң жапырак,
Кайран дөөлөт кабыл болуп чачылат.
Ат чабышта байге алган тулпарым,
Казыгында ээсиз калды азынап.

Жашыл десем тикен экен көктөмүм,
Өксүз мезгил ак өргөмдү өрттөдүң.
Көк жал бөрү жеригендей карысын,
Сай сөөгүмө өттү турмуш, өктөмүн.

Жетилсин деп, жетеледим бөбөктү,
Тайтайладым, тамтуң жүрүп бастың да.
Кайран датка ушу күндү көрөтпү,
Шар элең го, хандык барда астыңда.

Кырсык басты, кылым жылып келбеген,
Кыйласынан кымбат кыргыз эл деген, –
Эмес беле, кутуң кетти журтум ай,
Жоокер элең, жоого намыс бербеген.

Жер карайсың жетимсиреп желкемден:
“Мен куруюн, ажырадым эркемден.
Карыганда кабыргамды сындырбай,
Бирөөң аман калалбадың төртөөңдөн”.

Колдон тартып коё албаган элбизби?
Кантип чыдап көтөрүүдө жер бизди.
Өмүр өтүп аркасында из калбай,
Өчүрөбү каптагандай сел бизди.

Ичкен суумду ылайлаган сыяктуу,
Ташыркаттык ташка салып туякты.
Не кылайын, туткун болгон балдарым,
Сактагыла намыс, арды, уятты.

Ата-бабаң, жети атаң жердеген,
Кана дүйнө, тутка болуп бергени?
Уу дегенде, дуу кетет эл деген,
Кана сага, соогат сурап келгени.

Күнүң бүтсө, алыс болуп турасың,
Ормон хандын куну калган алынбай.
А Шабдандын дайнын элден угасың,
Өмүр жолу өкүт болгон кайрылбай.

Алты уул күтүп кенен Чүйдү ээлеген,
Атаке да арман кылган экен дейт.
Ошол арман, ошол күйүт миң санаа,
Келечекти, эртеңкини бекемдейт.

Кайрат керек ар нерсеге балдарым,
Капсалаңга кабылганды кантели.
Өздөрү да бизден бетер тынч эмес,
Коңшу турган, көп болсо да сарт эли.

Гүл ордуна тикен кетти тукумдап,
Улам кырсык тооруп калды утурлап.
Ак өргөдө алтын тактым акыры,
Жат колунан жамбы аткандай тытылмак.

М.АБЫЛКАСЫМОВА,
Жазып алган Бермет МАТКЕРИМОВА, «Кыргыз Туусу»,
18.02.2011ж.

Соц тармактар:

Эл акыны Майрамкан Абылкасымова: «Гүл ордуна тикен кетти тукумдап, Улам кырсык тооруп калды утурлап…»: 1 комментарий

Добавить комментарий