Кадыр Өмүркулов: «Айтматов кезикпесе кинобуздун тагдыры белгисиз болмок»

«Айтматовдун дүйнөнү дүңгүрөтүшү-кинодогу Океев, Шамшиев, Өмүркуловдор менен бирге вокалдык искусстводогу Миңжылкыевдердин чыгышына төп келди. Ал эми музыкадагы К. Молдобасанов жана актердук искусствобуздагы М. Рыскулов, С. Чокморов, ошондой эле сүрөт өнөр жаатындагы ачылыштарды айтсак сөз арбыйт». Мынабул эки сүйлөм «Жетилген курак» макаласындагы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу А. Стамовдун калемине таандык. Бул жерде калемдешибиз өтө кыска бирок жөндүү белгилегендей жогоруда аттары саналган кыргыздын улуу уулдарынын катарына Кадыр Өмүркуловдун аты жөн эле аталып калдыбы? Жо-ок, мындай болушу мүмкүн эмес. Мындан 45 жыл илгери бул күндөрү, тактап айтканда үстүбүздөгү жылдын февраль айынын ортосунда 70 жашка чыгып жаткан Кадыр менен андан беш гана жаш улуу агасы Төлөмүш Океев экөө «Бакайдын жайыты» аттуу эң сонун көркөм тасманы жаратууга бел байлашкан. Эки жаштын бул тобокели келечекте кандай ишке ашты? Кеп ушунда. Эгер бул көркөм тасма көптүн бири катар ишке ашса кеп кыйла башка болмок. Эгер Кадырдын «Эски тегирменин» эске албаганыбызда өткөн кылымдын ортосунда башталган «кыргыз керемети» бешөө болсо бешөөнүн, үчөө болсо үчөөнүн бири баятадан сөзгө алынган «Бакайдын жайыты» болуп жатпайбы. Ошондуктан жарым кылымдык чыгармачыл өмүрүн кыргыз журналистикасы менен кыргыз адабиятына арнаган замандашыбыз Кадыр Өмүркуловго 70 жылдыгыңыз кут болсун айтуу менен узун өмүр, чыгармачылык ийгилик каалайлы!?

Кадыке,үстүбүздөгү жылдын 16-февралында 70 жашка толдуңуз. Мына ошол төрөлгөн күнүңүз куттуу болуусун айтамын!
Чоң ырахмат!

Сиз быйыл эки майрамды башыңыздан кечирүүнүн алдында турасыз. Анын бири жогоруда эскертилген төрөлгөн күнүңүз болсо, экинчиси, чыгармачылыңыздын башатында турган айтылуу «Бакайдын жайыты» аталган көркөм тасмаңыздын тартылып тараганына 45 жыл толот экен. мен жогорудагы куттуктоого бул экинчи куттуктооону да уланта кетким келип турат!?
Ооба, буга да ырахмат!

Бүгүн бизди бул жерде баш коштуруп жаткан чыгармачылык экени белгилүү. Столумдун үстүндө мындан эки жыл мурда чыккан «Мөңгү муңу» деп аталган бир томдугуңуз турат. Буга бир канча ангемелериңиз, повестериңиз жана калемдеш-досторуңуздун сиздин чыгармачылык жөнүндө жазган макалалары киргизилген экен. Булар бир, эки же он жылдын ичинде эле жарала калган чыгармалар эмес. мына ушул томдукка кирген эң биринчиси жөнүндө сөз кылсаңыз. Ал кандай аталат жана канча жашыңызда кандай шартта жарыкчылыкка келген эле?
Ооба, сиз туура билгилегендей мунун өзү да өзүнчө белги, сөз болушу жөн, эң алгачкы чыгармамды 19 жашымда «Бурма» деген аңгемемди жазыптырмын. Ал кезде орто мектепти бүтүп, заводдо иштеп жүргөнмүн. Бул аңгеменин жазылып калышынын да өзүнүн тарыхы бар. Ал мындай болгон эң, жакшы көргөн Бурма деген апабыз бар эле. Ал Касымаалы атамдын (К. Жантөшев-ред) жеңеси болгон . Ал абдан мыкты адам болгондуктан ушул курагыма чейин мага чоң таасир берген адам. Биз Ысык-Көлгө Тепке деген айылыбызга барган сайын Бурма апа тосуп алаар эле. Ал киши абдан жаракөр, бала дегенде чебеленип, он айланып жалынып турчу. Өзгөчө мени көргөн сайын: «Айланайын, кагылайын,» -деп канаты менен калкалап, түркүн тамагын алдыма коюп, үйрүлүп түшөөр эле. Бурма апанын мээрими өзгөчө болчу. Анан ошол кишинин таасири калган экен, ошентип ал аңгемени жазганда бир эле ал киши эмес жалпылаштырып ага өз апамды да кошуп, бирок аталышын ал кишинин атына ыйгардым. Анан ал газетага чыгып келди, Касымаалы атам ага чейин жазып жүргөнүмдү билчү. Бирок минтип колунда баягы аңгеме чыккан газетаны кармаган абалында эле мени далайга карап туруп: «Ой ушуну сен жаздыңбы?» деп сурап жатпайбы. Ал сөзүн дагы кайталап: «Ой өзүң жаздыңбы?» деп тамашалуу суроосун экинчи жолу кайталады. Бир жагынан сыймыктанып, ыраазы болуп жатты окшойт. Ушинтип ал киши абдан ыраазы болгонун сезген мен дагы анын жанында кубанып турам. Мен анда заводдо иштөө менен биринчи курста сырттан окуп жүргөм.

Кадыке, бул жерден дагы бир нерсени кыстара кетели, жогоруда өзүңүз белгилегендей жалаң эле Бурма апа эле чагылдырылбаса керек?
Ооба, жалаң эле баштан-аяк ал киши деп айта албайм. Албетте, Жамал апамын да кыялынан алдым. Жеке эле ал экөө эмес Нуркамал апалар сыяктанган бир топ энелердин жалпылаштырылган образы түзүлдү да. Жогоруда өзүңүз жөндүү белгилегендей менин чоң чыгармам «Бакайдын жайыты» экени ырас. Анын экранга чыкканына 45 жыл болуптур, чынында бул да өзүнчө дата! Сценарист катары бул менин дипломдук ишим болсо Төлөмүш Океевдин да режиссерлук дипломдук иши. Биз үчүн бул эсте калган эмгек болгону ырас.

Бир ирет сүйлөшүп отурганыбызда сиз сценарийин жазып, ал эми Төлөмүш болсо киного тарта турган болуп экөөңөр Москвага барып алгач башыңыздан кечирген бир окуяны эскергениңиз бар эле. Көрсө «Бакайдын жайыты» түздөн түз кетпептир да.
Ал окуя өзүнчө кызык. Ал сценарийди жазып «Кыргызфильмге» тапшырдык, ал жерде көркөм кеңеш иштөөчү. Анда жөнөкөй эле адамдар отурушпайт да, анын катарында Чыңгыз Айтматов, Токтоболот Абдумомунов, Калый Молдобасановдор бар эле. Ошолор биз берген сценарийди окушкан соң Төлөмүш экөөбүзгө:
— «Азаматсыңар, сценарийиңер мыкты жазылган, куттуктайбыз!» дешип чын дилден жактырышкан. Анда экөөбүз тең 22-23төрдөгү жаш жигиттербиз. Алардын жакшы сөздөрүн укканда биз да канат байлап жерде баспай эле учуп калдык. Сөздүн кыскасы алакан чабышып, чоң жактыруу менен кабыл алышты. Ал учурда бул жерден кабыл алынган сценарий Москвага жиберилип ошол жактан бекитилчү. Ансыз он мүнөттүк кино да тартылчу эмес. Ошентип «Бакайдын жайытын» Москвага жиберишти, анын артынан Төлөмүш экөөбүз бардык, ал жерден ишти жактап, бүткөрүп келүү максатында жөнөп. Москванын Мамкиносуна талкууга катышмакпыз. Ал жерде 6-7 киши чогулуп алышып биздин сценарийди кабыл алышпай, жактырбаган жыйынтыкка келишти. Алар: «Бул эмне бир бала айылга барат тура… Бул чыгармада олуттуу турмуштук маселе чагылдырбаган. Андан көрө эмгек азаматтары, завод- фабрикадагы мыкты адистер, колхоз талааларында эмгектенишкендер чагылдырылса абдан маанилүү болоор эле» дешип биздин сценарийди жактырышпай турган ойлорун билдик. Алар акырында:
«Дагы ойлонуп мүмкүн башка сценарий жазасыңар, ошол жарап калаар» деген кеңешин беришти. Акырында экөөбүз оозубуздан алдырган бөрүдөй болуп аларга жөндүү жооп кайтара албай көчөгө чыктык. Ал турмак ар бирибиз өзүбүзчө ойго батып, бири-бирибиз менен сүйлөшпөй келе жатсак алдыбыздан: «Ой жигиттер кандай?» деген үн чыгып калды, карасак Чыңгыз Төрөкулович экен, ал кезде Кыргызстан киночулар кошунунун жетектеп калган. Ал киши да Союздук кино союзунун пленуму болуп, ошого барып калган экен. Ошол жерден тагдыр буйруп ал кишиге капысынан жолугуп жатпайбызбы. Мындайча айтканда тагдыр, ошол күнү ал жерден жолукпасак «Бакайдын жайыты» андан нары кандай болот, ким билет эле. Саламдашкан соң эле Чыкем экөөбүздүн түрүбүздү көрүп:»Ой эмне экөөңөрдүн мынча маанайыңар пас? -деген суроосуна биз болгонун башыбыздан кечиргенибизди төкпөй чачпай айтып бердик. Ал киши андай болушу мүмкүн эмес деди да: «Силер кайда жайгаштыңар, мен сүйлөшөйүнчү, дагы кабарлашалы, болуптур» -деп басып кетти. Көрсө бая экөөбүздөн соң Чыкем чоңдоруна барып сөздөн-сөз чыгарып «Бакайдын жайыты» жөнүндө аларга кеңири маалымат берген окшойт. Менин баамымда «Биз сценарийди абдан жактырып кабыл алганбыз, бул татына жазылган, силер эмнеликтен жактырбай жатканыңар мага түшүнүксүз десе керек», ошонун эртеси эле бизге телефон чалып: «Тезинин келгиле» деди. Ошол мекеменин башкы редактору бир аял киши эле. Экөөбүз жетип барганыбызда ал аял кечирим сурагандай болуп: «Бул чыгарманы окуп чыгышкандар анча маани бербей окуп коюшуптур. Туура эмес сөз болуп калыптыр. Биз муну эми тереңирээк карап чыгабыз, каратып башка редакторлорго да тапшырдык. Окуп чыгышкандар жакшы пикирин айтышты. Силер мырзалар туура түшүңгүлө, бул сыяктуу кемчилик турмушта болот» деп керектүү кагаздарына колун коюп, бизге карматты.

Ошондо Чыкем капысынан алдыңардан чыкпаса, сценарийдин кийинки тагдыры кандай болот эле ким билсин.
Ооба, ал созулуп кетсе, жогоруда сценарий жазып келгиле дегенин эскерип өтпөдүм беле. Анан Төлөмүш экөөбүз эми эмне деп жазалы, кайсы темага кайрылалы деп ойлонмокпуз. Мындан башка жазалыбы же жазбайлыбы деген эки анжы ойлор да болушу мүмкүн эле. Ошентип созулгандан созулуп отуруп акыры кандай болоорун ким, бир кудай билет эле да.

Эми Кадыке, баятадан чыгармачылыктын башталышынын олуттуу жеринен сөз кылуудасыз. Эми ушул эле маекти улантсак, ошондон соң аты аталган көркөм тасманы тартуу иши алгач кандай башталды? Ал Кыргызстандын кайсы жерлеринде тартылды? Менин жеке баамымда тасманын көп жери айтылуу Суусамырда тартылса керек эле? Кийин белгилүү япон киноматографисти Кадзуо Яматанын «Орто Азиялык фильмдердин ичинен мазмуну, тартылышы жагынан мага жагып, терең ойго салган ушул картина болду» деген чоң баасына бекеринен татыбаган чыгаарсыздар?
Москвадан жогоруда айтылып өткөндөн кийин кеп-сөз болгон жок, бул жерде бизди жакшынакай тосуп алышты да: «Бул сценарий аманчылык болсо ишке ашат, тартууну баштагыла» дешти. Бирок ал кезде убакыт өтүп күздөн соң жазды күтүү керек эле. Убакыт деген кинону жазда тарталы дегени кыш болуп калат. Ал үчүн бизге:
— Эми силер жаздын акыры, жайдын башталышына чейин да бир топ айлар бар. Эми эмне кыласыңар, ага чейин убакытты бошко кетирбей бир нерсени иштебейсиңерби, -дешти. Бул жөндүү сунушту туура көрүп биз, экинчиден көнүгүү -тажырыйба болсун, -деп «Бакайдын жайытына» окшоштуруп кичинекей даректүү сценарий тарталы деп «Жылкылар» деген тасмага мен сценарий жазып Төлөмүшкө бердим. Аны режиссер ошону жүзөгө ашырды. Ал он эле мүнөттүк болгонуна карабастан абдан жакшы чыкты. Ал кийин бир топ фестивалдарда сыйлыктарга татыды. Ал эми «Бакайдын жайыты» бул чоң чыгарма да. Анда жылкычылар, айыл аксакалдары көрсөтүлөт эмеспи. Ушуну менен Төлөмүш экөөбүз үч-төрт ай анын аракетинде болдук. «Жылкылар» чыккан соң арадан төрт ай өтүп тиги чоң чыгармага кириштик.

Натыйжада көркөм тасманы тартуу башталыптыр?
Ооба, майдын ортосунан иш ордунан козголуп натураны тартуу башталды. Чындап келсе көркөм тасманын жүз пайызы көрүнүш(натура)! Тоолор, өрөөндөр, жайлоолор да. Тасма негизинен Суусамыр жайлоосунда тартылды. Ошондой эле Ысык-Көл менен Чаткал тараптан да кыйлалар жүзөгө ашырылып сөздүн кыскасы Кыргыздын эң кооз аймактары анын көрүнүшүн түздү.

«Бакайдын жайытында» ойногон башкы каарман Муратбек Рыскулов эмеспи, андай мыкты артистерди тандоо иши да оңойго турбаса керек? Башкы каармандан башкалар жөнүндө сөздүн жүрүшүндө да өзүңүз кеп кылаарсыз?
Чынын айтыш керек, ал көркөм тасманын жүзүн ачкан өзүңүз эскерген Муратбек Рыскулов болду. Анда кандай артистер тандалса ошого жараша фильмдин да жүзү ачылат эмеспи. Мукемдин ошондогу аткаруусу «жылдызга тете роль» деген учкул сөз бар эмеспи, ошол сыңары жаңы жылдыз жаратуулары болду десек, артистин мээнетине шайма-шай келген ишине калыс баа берген болобуз. Ал Муратбектин талантын өзгөчө көрсөткөн көркөм тасма болду. Мүкем анда укмуштай аткаруусу менен көркөм тасманы өзүнчө бийиктикке көтөрүп салды. Ал улуу артистин катарында эң таланттуу артисттер Советбек Жумадылов менен Алиман Жангорозова да өздөрүнө жараша бийиктик жаратышты. Ошондой эле аты аталган чыгармада баланын ролун ойногон бала да жаштыгына, ага чейин андай ролду аткаруу башынан кечирбегенине карабастан мактоого татыктуу иш жаратты. Баланын ролу өзүнчө ачылыш болду.

Ал андагы өспүрүм бала азыр кайда?
Ал фермер болуп өзүнчө чарбанын ээси. Кинодон алыстап калды, бирок духу боюнча чыгармачылыкка жакын. Бул күндөрдө аны менен кино жөнүндө сүйлөшсөң кыйла кызык баян куруп берет. Ошондон кийин да ал эки-үч киного тартылган. Ошол «Бакайдын жайытында» менин да үй-бүлөлүк экинчи тагдырым да ошол убакта чечилип, фильмде келиндин ролун аткарган биз тандап алган киши Бүбүсара Рыскулова менин өмүрлүк жарым болду. Бул күндөрдө ал киши менен баш кошконубузга 50 жыл толот. Бул жанатадан сөз кылып жаткан «Бакайдын жайыты» бөтөнчө чыгарма болуп менин чыгармалыгыма да өмүрлүк тагдырымдын өзүнчө ачкычы да болду дээр элем!

Бул көркөм тасманын режиссеру Төлөмүш болгонун жогортодон сөзгө алып келдик. Ал кезде Төлөмүш да, өзүңүз да жыйырма бешке толуп толо элек кырчын курагыңыздар экен. Төлөмүш жаш болсо да аракети кандай эле?
Мен айтып жатпайымбы, ал ага чейин үн режиссеру деген факультетти аяктаган эле. Мен дипломдук ишке чыгып Кыргызстанга келип калдым. Мен ага чейин эле «Эски тегирмен» деген сценарий жазып ошону менен дипломдук ишимди жактайын дегем. Ушул максатта киностудияга келип сценарийимди кызматкерлерине тааныштырайын дегем. Мен ошол киностудиядан Төлөмүш менен жолугуп тааныштым, ага чейин экөөбүз бири-бирибизди билишчү, тааныш эмес элек. Ошол киностудиянын короосунда бир жакшына аллея бар, ошондо ары-бери басып жүрүп бири-бирибиз менен сүйлөшүп, таанышып калдык. Көрсө мен да дипломго, ал дагы дипломго чыгып келиптир. Ушундан улам кептен кеп, сөздөн сөз уланып жатпайбы. Ошондо эле «менде мындай ой бар, кыргыздын турмушу жөнүндө кино тартпайлыбы? Анын кайсы жагын алсак болот»деп бири-бирибизге суроолор берилип кеттик да! Болгондо да кыргыздын накай турмушун алсак бөтөнчө жакшы болот, кыргыздар бала кезинен ат жалында өскөн эл эмеспи. Бекерден бекер «ат атамдын канаты» деген сөздү калтырышпаган да?! Ошентип ошол эле сөзүбүздүн сонуңда каарманыбыз жылкычы болсун, жылкылар жайдыр-кыштыр жайылып оттоп жүргөн тоолорубузду, өрөөн-капчыгай, бел-белестерибизди көрсөтөлү деген ойго келдик. Ошол жөнөкөй эле кыргыз жылкычысы аркылуу адамдын духун, демек элибиздин жан-дүйнөсүн, санаа-салтын көрсөтсөк анын тереңинде чоң маани катылып жатат эмеспи дедик. Ошондон соң эми жакшылап туруп сценарий жазалы деп кайра Москвага барганыбызда ошерден оюбузду жүзөгө ашырууга өтүп, Төлөмүш балалыгын кандай өткөзгөнүн мага айтып, мен дагы балалык учурумду ага айтып бирибизге экинчибиз кошумча киргизип отуруп чыгарманын пайдубалы түптөлө баштаган эмеспи.

Тенти Орокчиев, “Кыргыз руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.02.2011ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий