Ободо толкуган обондор

Айтылуу Ысык-Ата курортуна бараткан жолдо тоо этегинде бак-шактуу Жар Башы деген айыл бар. Белгилүү композитор, обончу, дирижер Сардарбек Жумалиев ушул берекелүү айылда жарык дүйнөгө келген. Дүйнө табиятын тааныган, шоокум-ыргагын туюп, сулуулук ажарынан азыктанган ыйык кичи мекени ушул айыл. Байкаса бойго жыйган бардык жакшылыгы ушул айылдан башталыптыр. Азыр ойлосо, өзү чыгарып жүргөн обон деле табияттын керемет үнү экен, анын өнө-боюнан жыбылжый аккан, кубулжуган дирили менен кулакка куюлган сыйкыр угуму экен.

Дирил каккан ушул угумду Сардарбек бала чагында эле бир керемет шоокумундай сезип туйган.

– Жакшы ырдан обондун ыргагы сезилип турат, – деди Сардарбек кубанган ынаным менен. –  Андан куду табияттын өзүн көргөндөй, шоокумун уккандай болосуң. Андайлар адеп эле ойду толкутат, жарк эткен нурдай таасирлентет, обонду чакырат. Ошондой абалда калган бактылуу учурлар көп эле болот. Алар куду эле аялуу кыйбасымдай, жаншерик сырдашымдай эш туткан пирим, жарк эткен күнүм өңдөнүп кетет. Ошондой кезде ойдогудай мыкты обондор жаралат…

Сардарбек ушуну айтканына жетине албагандай, ага маашырлана ыраазы болгондой бешенеси жадырай жылмайды. Анын ушул бактылуу маанайына көз таштап ойлодум. Дүйнөдө жүрөктү толкуткан, көңүлдү уютуп маанайды көтөргөн канча сонун обондор бар. Аларды укканыбызда чарчаганыбыз басылат, көңүлүбүз ачылат. Керемет ыргагы менен бойду балкытып, жанды чалкытып коёт. Жакшы обондун сыйкыр күчүнө эрксиз кубанасың, таңданасың, шыктанасың, ыракаттанасың. Дагы уксам деп эңсейсиң. Бир таң калаарлыгы – авторлору жөнүндө ойлонбойсуң, ага маани бербейсиң.

Ал эми жакшы ырлар, обондор өзү эле жаралып калбайт да. Азыр Кыргыз Республикасынын эл артис­ти Сардарбек Жумалиев менен аңгемелешип отуруп бир окуя эсиме түштү. Ал Сардарбектин айтылуу “Сен менин жазылбаган ырларымсың” аттуу чыгармасына байланыштуу окуя эле. Бир отурушта телевизордон ошол ырды берип калды. Кубулжуган ыр үй ичин заматта шаңдантып жиберди.

– Кандай укмуш обон, –  деп тамшанып койду отургандардын бири, анан өзүнчө эле кудуңдап: “Бизди ушул ыр табыштырган”, –  деди жанындагы жубайына күлө карап. Анын бул сөзүнө: “Кантип?” –  деп бир тобубуз суроо берип да жибердик.

Үлпөттөшүбүз оозунан кокус чыгып кеткен сөзгө ыңгайсыздангандай: “Жөн эле бир нерсе”, –  деп айткысы келбегендей кыйылып, акыры буларды айтып берген…

“…Кыязы, андан бери далай жылдар өттү го. Ошол жылдары өздүк чыгармачылык фестивалдары өтчү эле. Азыркы Арабаев атындагы университет ал убакта “Женпед” деп аталчу. Бир күнү ошол институттун чоң залында концерт болуп калды, угуп отурабыз. Ушул убакка  чейин түшүнбөйм, мунун эмне экенин. Ошол обон кулагымда кечке жаңырып турду. Уктап жатып аны түшүмдө да уктум, ырдап жаткан ошол кызга жолуктум. Окуянын аягы кантип бүткөнүн мына өзүңүздөр көрүп отурасыздар”, –  деп баяндамачы жайдарылана жылмайды.

Сардарбектен азыр ошол обондун чоо-жайын сурадым. Обон деле баладай төрөлөт эмеспи. Ошону айтып берсең дедим.

–  Албетте, ар бир обондун өзүнчө тарых-таржымасы бар, алар деле куду жандуудай. Анткени, композитордун жан-дүйнө­сүнөн, эргип толгонуусунан жаралат эмеспи, –  деди Сардарбек. – Бул обондун жаралышы да кызык болгон. Жубайым Гуля экөөбүз жаңыдан баш кошконбуз. Бир топ обондорум эл арасында ырдалып жүргөн убак. Бул жолу ушул ырга көзүм түшүп калды. Автору Биримкул Алыбаев экен. Болгону эки эле куплет болчу. Гуляга көрсөттүм. Ал дагы окуп чыгып, жактырды. Куду экөөбүзгө арналып жазылгандай экен деди. Эки куплеттин салмагы азыраактай туюлду, ага дагы бир куплетти коштук. Маани бир топ кеңейди. Жаңы баш кошкон түгөйлөш өмүрдүн өргө чыгуучу жолу, тилеги, жакшылыгы, ачуу-таттуусу аралаш жаш жубайлык сезимибиз, эриш-аркак кол кармашкан жашоо-тирлигибиз ушул ырдын өзөгү болуш керек эле. “Сен менин көк деңизим чалкып жаткан, ыраазымын миң мертебе тагдырыма, өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан”… Жүрөктөн чыккан нерсе жүрөккө жетет деген учкул сөздүн мааниси ушундайча болсо керек.

–  Обондоруң дайыма ушундайча жаралабы?
–  Албетте, обон жаратуу оңой эмес. Ар кандай таасирлерден, эргүүлөрдөн… Кээде көчөдө баратып эле сонун кайрыктарды таап аласың. Убагында нотага жазып калсаң жакшы. Жазылбай калган обон өлүү баладай. Экинчи аны таппайсың. Өкүнүчтүүсү ушунда. “Ысык-Ата-Арашан” деген обонду ушинтип чыгаргам. Обондун ыргактары шык дүйнөмө кокусунан келди. Өзүнчө эле бир көл толкуну келгендей. Оңой жазылды. Таланттуу акын, маркум Турар Кожомбердиевге айттым, текст  жазып бер деп. Тексти обондон кийин жазылган, ушундай учурлар да болот.

–  Турар экөөңөр көп иштештиңер го.
–  Ооба, көп обондорум Турардын ырларына жазылган. Алтымышка жакын ыр. Ал ошондой акын эле. Мыкты акындын ырлары ыргактуу, музыкалуу болот, обонду өзү эле чакырып турат. Бир күнү Турар кыздарым Гүлзат, Нурзаттын туулган күндөрүнө арнап ыр жазып келиптир. Ошого обон чыгардым. Жеңил жазылды. Угумдуулугу да купулга толду. Жана айтпадымбы, Турар экөөбүздүн алтымышка жакын ырыбыз бар деп. Алардын арасында “Жаңы жылды тосолу”, “Ак толкундар”, “Тууган айлым”, “Ажайып элес”, “Кыздын ыры”, “Күтөм сени”, “Үзүлбөгөн үмүттөр”, “Жайкы түндө назик күн” өңдүү ырлар бар. Быйыл Турар да жетимишке чыкмак. Кайран акын өмүрдөн эрте өтүп кетпедиби. Ушуга байланыштуу “Бийиктик” басмасынан обондуу ырларыбыздын жыйнагы чыгып жатат.

–  Эл акыны Анатай Өмүркановдун ырларына да бир топ обон чыгардың. Айталы, “Жан эркем”, “Кетпейм сага жолукмайынча” өңдүү… Кандайча жазылды эле? Ошонун жайын айтсаң.
–  “Кетпейм сага жолукмайынча” да “Ысык-Ата-Арашандай” обону мурда жазылган. Текстин Анатай кийин жазды, күчтүү чыкты. Обон менен ыр куюлушуп, куштун эки канатындай чыгарманы бийик учурду. Ыр менен обондун төп келиши авторлордун да, чыгарманын да бактысы. Ырдын тагдыры деле адамдыкындай. Бири узакка жашайт, бири келип эле кайра кетет. Чыгарма жаралганда эле байкалат, кандай экени. Жаныңды, каныңды аралап өткөндөй таасир калтыра алабы, же албайбы…

–  “Таң сыры” деген ырыңдын да кызык таржымалы бар дешет.
–  Тексти Аскар Исаевдики. Тарыхы чынында эле кызык, турмушта болгон окуя. Ырды окуп чыгып, анан Аскардын өзү менен кеңешип, ал түгүл жапон ырларынын ыргактарын да угуп көрүп, анан ага ар бир атуулга Ата Мекендин кымбат экендиги жөнүндөгү сезимди жууруп, ошонун айланасында обон кайрыктарын жараттым.

–  Кийинки убактарда гимндерди жаза баштадың. Айталы “Сары-Өзөн”, “Азаттык ыры”.
–  Бир күнү Чүй облустук кеңешинин ошондогу төрайымы Жаңыл Түмөнбаева акын Акбар Рыскулов экөөбүздү чакырып, чүйлүк жигитсиңер, башка облустар жөнүндө ырлар бар. Чүй жөнүндө эле жок экен деп калды. Ошондон кийин Акбар экөөбүз “Сары-Өзөн”, “Азаттык ыры”, “Аларча”, “Махабат Мекени” деген ырларды жаздык.

–  “Махабат Мекенин” кантип чечмелесек болот?
–  Окуу жайлары, маданият очоктору жайгашкан республиканын борбору Чүйдө эмеспи. Анан борборго бардык аймактан жаштар келип, ушул жерде үй-бүлө күтүп, жашап калып жатпайбы. Ошондон улам Чүйдөн сүйүүмдү, үйүмдү таптым деген маанидеги ыр.

Ал эми гимн жөнүндө айтсак, бир топ гимндерди жаздым. Алар: Кыргыз улуттук университетинин, Токой чарбасынын, Бишкек шаарынын, Манас мектебинин, Кыргыз Патенттин, Кыргыз Почтасынын, “Ак-Шумкар” партиясынын гимндери өңдүүлөр.

…Чыгармачылыгын жарым кылым мурда “Бульварым” аттуу лира таңшык ыр менен баштаган Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү дирижёр, доцент, Абдылас Малдыбаев атындагы эл аралык жана “Руханият” эл аралык сыйлыктарынын ээси Сардарбек Жумалиев жүз элүүдөн ашуун обондуу ырларынын куржунун артынып, жетимиш жаштын марасына жете келди. Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө жазылган кичи мекени Ысык-Атага арналган жаңы обонун белекке тартуулап, чыгармачылыгынын көрөңгөсү – булагы менен тулаңы, жанган чырагы ушул жергесинде – анын ташы менен топурагында, бак-шагында, аба-суусунда экенине дагы бир ирет ынанып, ага таазим этип, андан кубат алып, дагы жаңы жагымдуу обондорду жаратуунун аракетинде.

Бекбай АЛЫКУЛОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Кыргыз туусу”,
18.02.2011ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий