«СВЕТ АКЕ» – эротика менен реалдуулуктун айкалышы

Жылдын эң чырдуу тасмасы атагын алган “Свет аке” жеңиштерден да куру кол эмес. Кыргызстанга келгенче чет элдиктердин оозун ачырып, кыйла жеңишке жетишкен тасма Актан Арым Кубаттын жемиштүү эмгеги десек болот.

Тарткан өлкө – Кыргызстан
Режиссёру – Актан Арым Кубат
Сценарийин жазгандар – Актан Арым Кубат, Талип Ибраимов
Продюсери – Алтынай Койчуманова
Оператору – Хасан Кыдыралиев
Сүрөтчү – Талгат Асыранкулов
Башкы ролдордо – Актан Арым Кубат, Таалайкан Абазова, Аскат Сулайманов, Зуура Бакирова, Станбек Тойчубеков ж.б.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Биздин заман. Электр жарыгы кымбаттап, эл кыйналып жаткан учур. Свет аке электр жарыгын уурдап, элге жардам берет. Ал “жарыкты шамалдан алса болот” деген ачылышы менен айылдын апендисине айланат. Өз кыялына ишенип, аны ишке ашыра билген Свет аке жубайы жана төрт кызы менен жупуну турмушта жашайт. Арманы – артында туягын улай турган эркек баласы жоктугу. Мүнөзүнүн өзгөчө экенин мындан билиңиз, ал өзүнүн досуна “аялымды эркек бала төрөтүп берчи” деп суранат. Досу “сен эркек балалуу болуу үчүн асманда чагылган чартылдашы керек” десе, ишенчээк Свет аке бутуна «когтисин» кийип алып бийик столбага чыгып, ток зымдарына колун салып бир өлүмдөн аман калат. Свет акенин айта берсе кызыктары көп.

Айылга кытай инвесторлору келет. Боз үй ичинде чимирилип чыгыш бийин бийлеген жаш бийкеч кытайлардын көңүлүн ачат. Оюнду узартыш үчүн депутат кытайларга селкиге кол тийгизбей тиш менен чечинтүү оюнун баштайт. Акча үчүн кытайлардын алдында жыпжылаңач болуп чечинген кызга Свет акенин гана жаны ачыйт. “Кийин!” деп кызга кийимин көтөрүп барып, андан кагуу жеп ызаланып чыгып кетет. Эртеси белгисиз үч атчан келип, адилеттүүлүктү сүйгөн Свет акени сабап, сууга ыргытып жиберишет.

КЫРГЫЗ, КЕЛЕЧЕК ЖАНА ҮМҮТ
Тасманын идеясы 2002-жылы эле пайда болгон. Режиссёр элдин реалдуу жашоосун чагылдырып бергиси келген. Бул тууралуу режиссёр: “Кыргыздарда табигый нерсени жашырып, сулуу көрүнгүбүз келген оорубуз бар. Бүгүн бирөөнү жашырсак, эртең экинчиси калкып чыгат. Чет өлкөлүк инвесторлор келгенде бизнесмен байкелериң сага окшогон карындаштарын салып берип жатышат. Аны жашырганда эмне?”- дейт.

Тасмада кичинекей бала талдын чокусуна чыгып, тоонун аркы бетин көргүсү келет. Бул эпизод менен режиссёр келечектеги үмүттү айткысы келген. Ал эми тасмада дайыма сыдырым жел согуп турганы бул – келечекке болгон жарык сезим. Мына ушундай жөнөкөй нерсеге ороп, глобалдуу маселелерди чагылдырып берүү – режиссёрдун чеберчилиги. А бирок элге режиссёрдун берейин деген ою жеттиби же орто жолдо калдыбы, ал башка маселе.

Актан Арым Кубат: “ТАБИГЫЙ НЕРСЕНИ ЖАШЫРЫП ЖҮРҮП ЧАРЧАДЫК”
– Чыгармачылык жактан тыныгуу алдыңыз окшойт, кино тармактан көрүн­бөй жүрүп “Свет аке” жарк деп чыга келди…
– Кесибиме байланыштуу Казакстанга барып-келип иштеп жаттым. 2005-жылдан бери “Энеге бейиш” тасмасына режиссёр катары, ал эми ”Келин”, ”Кечиккен махабат” фильмдерине сценарий жазып иштеп жүрдүм. “Свет акени” биринчи чет элдиктер көрүшкөн. Фильмди каржылаган продюсерлер менин көрөгөчтүгүмө таң беришти. Анткени ушул фильм аркылуу элдин аң-сезимин ойготкум келген болчу, бирок бул тасма көрөрмандын сынына коюла электе апрель революциясы болуп кетпедиби.

– Биз билгенден бул тасмаңыз сыйлыктарга эле ээ болуп жатат…
– Туура айтасың, “Свет аке” көп ири сыйлыктарга ээ болду. Эми «Никага» талапкер болгону жатат. Бул жеңиштердин башы гана деп эсептейм. Францияда менин тасмаларымды мектептерде маданият сабагынан көрсөтүшөт экен.

– Фильм кайсы жерде, канча убакытта тартылып бүттү?
– Мен тарткан тасмалардын көпчүлүгү Ысык-Көл өрөөнүндө тартылган. Көлдүн кереметин сүрөтчү катары да, режиссёр катары да тартып бүтө албай келем. Бул эмгегимди да ошол аймактын Көк-Мойнок айылында тартканбыз.

– Тасмаларыңызда ар дайым элге жакын айылдын турмушу сүрөттөлөт. Эмнеге?
– Айылда төрөлүп, айылдан тарбия алып чоңойгом. Азыр да айылда турам. Айылдын турмушун билгендиктен, мыкты ачып бере алам десем болот. Мен көргөн-билген окуялар сүрөтчүнүн көзү менен тартылып, режиссёрдун эмгеги менен ишке ашты. Балким, мага бирөө “шаардыктар жөнүндө фильм тартчы” десе, анда тарта албай калышым мүмкүн.

– Жарнамада эмнеге “жылдын чырдуу тасмасы” деп берилип жатат?
– Тасманы сындагандардын саны көбөйүп, “Актан биздин жапайылыгыбызды тартып эле байгелерге ээ болуп жатат” дегендердин айынан чыгып жатат. Мен мындай пикирлерге кошула албайм. Эмнеге биз чечинип, денесин көргөзгөндөрдү уят дейбиз да, мыкаачылык менен киши өлтүрүп жатса унчукпайбыз?

– Кадр артындагы кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз…
– Свет акени дагарага салып жуунтуп жаткан учур бар эмеспи. Ошол учурда аялымдын ролун аткарып жаткан актриса Таалайкан аябай уялды. Мага деле ыңгайсыз болду дечи. Кийин Таалайкан “сиз болбой башка актёр болгондо, катыра ойноп бермекмин” деп жатпайбы. Негедир ушул эпизод эсимде калды.

Нуржамал Жийдебаева, “Супер-инфо”, №433 18-24-февраль, 2011-жыл.

Соц тармактар:

Добавить комментарий