Ырчы Токтобек АСАНАЛИЕВ: «Эмне үчүн Манас таануу факультети жок?»

Токтобек мырза, ырчы болуп калышы-ңыздын себеби эмне?
Кээ бирөөлөр айтат го, кошунабыз кошокчу болчу, атам чоң комузчу эле, мен чоң дарактын бүчүрүмүн, чоң токочтун күкүмүмүн, чоң дөбөттүн күчүгүмүн, Тоголок Молдо же Токтогулдун түздөн түз урпагымын деп. Мен карапайым эле бир чабандын үй-бүлөсүндө чоңоюп өстүм. Ар бир бака өзүнүн сазын мактайт эмеспи, ар бир адам үчүн киндик каны тамган жер бейиштин төрүндөй. Мен Ат-Башынын керемет жайлоосунда төрөлгөм. Бала кезден көргөнүм, атам кечке кой кайтарат, апам үйдө, чоң энем бизди ары-бери жетелеп эрмектейт, ар кандай ырларды үйрөтөт. Кечинде атам келгенде тамак даяр болгончо биз атама концерт койчубуз. Көрсө, чоң энем байкуш атамдын курсагы ачып келерин билип, тамак даяр болгончо кабагы бүркөлүп калбасын деп бизге атабыздын көңүлүн ача турган ар кандай ырларды, тамсилдерди үйрөтүп жүргөн экен.

Анда сиз өнөр дүйнөсүнө чоң энеңиз аркылуу келген экенсиз да…
Ошондой десем болот. Ал киши бизге ыр, бий үйрөткөндөн башка Тоголок Молдонун биртоп тамсилдерин жатка айтчу. Мен чоң энемдин эске тутуу жөндөмүнө азыркыга чейин таңгалам. Ал өзү кат тааныбаган киши эле. Бирок угуп жаттап алган нерсесин төкпөй-чачпай айтып берчү. Атургай өзү да андан ары көркөмдөп ийсе керек. Мисалы, мышык менен чычкан тууралуу тамсилди эле жалаң ыр менен эки сааттай айтчу. Биз угуп атып уктап калчубуз. Ыраматылык кишинин арчанын сынган дүмүрүн бычак менен жонуп, чот менен капкагын оюп, ар кай жерлерин өгөп, айтор, эки айдай түйшүктөнүп жүрүп бизге чыканактай комуз кылып бергени эсимде. Бетин фанера менен капкактап, атамдын комузунан арткан кылдарын тагып берди. Байкуш киши мен ал комузду кыңгырата чертип үн кошуп калсам кубанып калар эле. Кыргыз «балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» деп бекер айтпаган тура. Менин ырдап калышым ошондон башталган.

— Кайсы окуу жайлардан билим алдыңыз?
— Канчалык деңгээлде билим алганымды айта албайм, бирок көп жыл окудум. 1992-жылы чымындарым чоңоер бекен же ошол бойдон тынчып калабы деп Т.Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык курска тапшыргам. Эмнегедир чымындарым өлгөн жок. Анан Улукмырза Полотов агайдын чакыруусу менен Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда төрт жыл окудум. Андан кийин Муратбек Бегалиев улуттук консерваторияга которуп, ал жактан да төрт жыл окудум. Кыскасы, музыкалык багытта он жыл билим алдым. Азыр консерваторияны бүтүп, салттуу музыка жана фольклор деген кафедрада элдик ырды ырдоо боюнча мугалим болуп иштеп жатам.

Профессионал ырчы катары кыргыз музыкасынын, жалпы эле көркөм өнөрүнүн акыбалы тууралуу эмне дейсиз?
Менин көңүлүмдү өйүп жүргөн маселелер толтура. Бул тирүүлүктө өмүрдөн башкасын өз ордуна койсок болот. Жесир кемпирдин да, селсаяктын да күнү өтөт. Эгер улуттун маданиятын, тилин өлтүрүп алсак, ал кайра жаралбайт. Отуруп алып элдин маданиятын, адабиятын, тилин сакташ керек деп сайрай бергенден эч нерсе өзгөрбөйт, аны баарыбыз жапатырмак ишке ашыруубуз керек. Мына, Садык Шер-Нияз чоң иш жасап төкмөлөрдү өз ордуна коюп койду. Эми дагы акылман жигиттерден чыгып комузчулардын, ырчылардын, манасчылардын, чечендердин социалдык, материалдык маселелерин чечип ордуна коюп койсо кана. Эл арасында Намазбек Уралиев деген чоң комузчу бар. Ушул учурга чейин анын мамлекеттен сыйлык катары алган бир барагы жок. Айрыкча комузчулар таптакыр баркталбай калды. Улутубузду сактайбыз десек кыргыздын калпагын, комузун, төкмөсүн, манасчысын көкөлөтүп турсак, бизди эч ким жогото албайт. Кыргыз искусствосун өнүктүрүү боюнча алдыда көптөгөн пландарым бар. Мен балдарымды үйдө дайыма кыргызча сүйлөтүп, комуз чертүүгө үйрөтөм. Себеби кыргыз тили, музыкасы талаада кор болсо да үйдө кор болбосун дейм. Мындай иштерди чогуу-чаран, мамлекеттик деңгээлде жасасак жакшы болот эле. Ал жеке адамдын колунан келе турган иш эмес. Обончулардын, ырчылардын, комузчулардын, манасчылардын, акындардын конкурсун бат-бат өткөрүп, ошондон түшкөн каражатты өнөр адамдарын бир-бирден үйлүү кылуу жолдорун караштырсак, жок дегенде бири-биринин кийим-кечесин толуктап, бүтүндөп алса эмнеге болбосун. Азыр Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда бир да манасчы иштебейт. Андай орун жок. Мындай жерде Уркаш Мамбеталиев сыяктуу аксакал манасчыларыбыз көзү өткөнчө иштеш керек эле да. Бул өтө таңгалыштуу, анан аянычтуу көрүнүш. Аны билбей биз бул жакта Манастын элибиз деп мактанып, эпосту кытайлар менчиктеп кетти деп кыйкырып жатабыз. Эмне үчүн окуу жайларда манас таануу факультети жок? Жок дегенде искусство институтунда, консерваторияда манас таануу факультетин ачып, азыр көзү тирүү манасчыларды сабак өткөртүп, бул өнөргө кызыккан жаштарга билим берсек болбойбу?

Баса, теледен дайыма «Керемет көч» көрсөтүүсү берилүүдө. Чү дегенде эле иренжиткен маселе — Актан менен Акылайдын эшектин баласы такай менен божурашып сүйлөшүп, кээде андан акыл сурап калганы. Кыргыз баласы турмушунда качан эшектин баласынан акыл сурачу эле? Аны жок дегенде кулун кылып коюшпайбы? Менимче, бул нерсе деле чет элдик уюмдардын улуттун келечегин талкалоого жасаган маданияттуу аракети.

Кайсы конкреттүү иштер тез арада чечилсе деп сунуш кылаар элеңиз?
Башкасын айтпай эле коеюн, Карамолдо атындагы эл аспаптар оркестри сахнага чыкканда менин бетим жер карайт. Бул оркестрде 60-70 киши иштейт. Курамы жалаң пенсия курагындагы чоң энелер менен чоң аталар. Чындыгында алар азыр окуу жайларда жаш муунга таалим тарбия берип отуруш керек эле да. Карамолдо атындагы эл аспаптар оркестринин сахнага чыга турган курамы жалаң тал чыбыктай ийилген улан-кыздар менен толукталса болмок. Андай таланттуулар Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун, консерваторияны жыл сайын бүтүп жатат. Жаш деген жаш, карасаң көз тоет, уксаң кулак канат. Аныгында сахна сулуулукту сүйөт. Экинчиден, алар жаштыктын жигери менен курсагы тойсо эле күпүлдөп иштеп бермек. Анан калса жаштарга атактуу оркестрде иштөө чоң сыймык болуп, жандили менен кызмат кылмак. Ал эми эмгек өргүүсүнө чыккан эже-агайлар эптеп эле күн өткөрүп айлык алгылары келет экен да. Азыр он кишиден турган «Ордо сахна» этнографиялык фольклордук тобу дүйнө жүзүн кыдырып укмуш иштеп жатпайбы. Эмне үчүн алар черткен күүнү Карамолдо атындагы эл аспаптар оркестриндеги жетимиш киши чертпейт? Карамолдо дегенде кыргыз эле эмес казактар да дүңгүрөп туруш керек эле го. Ошондуктан бул оркестрдин курамын таланттуу жаштар менен жаңылап, жакшы кийимдерди кийгизип чыкыйтып койсок кыргыздын жүзү болмок. «Ордо сахна» этнографиялык фольклордук тобундагы он киши берген үндү мен Карамолдо атындагы эл аспаптар оркестри жүз эсе күчтүү кылып беришин каалайм.

Эми сөздү жеке турмушу-ңузга буралы, үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
Азыр саясатчылардын баары эле бийликке келсем кыргызга асмандагы Айды, Күндү алып берем деп жулунат эмеспи. Менимче, бийликти оңдош үчүн, элибиздин эртеңки келечегин жакшыртыш үчүн балдарга биринчи үйдөн тарбия бериш керек экен. Мен аны өзүмдүн аталык милдетимди аткарып жүрүп сезип жатам. Үйдө балаңды кандай тарбияласаң, эртеңки күнүң ошого байланыштуу болот. Уулдарымдын улуусу Канат, андан кийинкиси Боогачы, Насыйкат, Даткайым деген кыздарым бар. Балдарым кыргыз өнөрүнө, кыргыз каада-салтына жакын чоңоюп жатышат.

Жеңебиз ырчыбы, же…
— Үй-бүлөдө бирөөбүз эле искусствого жакын бололу дедик. Анын кесиби бухгалтер. Аты Саадат.

Уулуңуз Канат комузчу катары жакшы таанылып калды окшойт…
— Тун уулум Канат комуз чертип, ар кандай сынактарга катышып, ийгилик жаратып жүрөт. Андан кийинкиси Боогачы да комуз менен мыкты ырдайт. «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет» дейт кыргыз. Андыктан мен азыр уулдарымдын өнөрү тууралуу эч нерсе айта албайм. Балтыр эти толуп, кабыргасы катып жигит болгондо тай күлүктөргө кошуп көрүп, анан кимиси кандай экенин билебиз го. Азырынча алардын кара терин алып таптап жаткан убагыбыз.

Эстрада жанрына көз карашыңыз кандай?
— Кесир кылгандай болбоюн, бирок эстрада жанры убактылуу оокат. Замандын талабына жараша иш кылып жатабыз десем оң болор. Бирок ата-бабанын салып кеткен жолун улоо, комуздун кулагын толгоп ырдап жүргөн ар бир ырчынын милдети. Бизге эстафета сыяктуу өткөрүлүп берилген белекти келечек муунга татыктуу өткөрүп беришибиз зарыл. Мен Атай менен Муса, Ормонбек Асанов, Жапар Чабалдаев, Жеңишбек Шамшиев сыяктуу таланттардын ырларын угуп, өзүм ырдаганда гана чыныгы эргүүнү сезем. Жашоом алардын ырлары менен экенине чексиз ишенем.

Алдыда чыгармачылык боюнча кандай максаттарыңыз бар?
Быйыл 36га келдим, мүчөл жашым экен. Жалаң комуздун коштоосунда эмне ыр билсем ошонун баарын жаздырып коеюн деп аракеттенип атам. Кыргыз радиосунун балдары менен сүйлөшүп койдум. Анткени жаштык кезде ырдаган ыр башка, 50-60 чыкканда үн башка болуп калат экен.

Биздин замандашыбыз Калмурат Рыскуловдун ырларын да аткарып жүрөсүз. Ал тууралуу да айта турганыңыз бардыр?
Калмурат Рыскулов менен жанбирге курбу элек. Ал Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек деген айылынан эле да. Калмурат тогузунчу класста, мен сегизинчи класста Нарын облусунда адабият сабагы боюнча сынакка барып, ошондо экөөбүз тең өз классыбыз боюнча жеңип алганбыз. Мен ойлойм, анда биз дил баянды кыйратып деле жазбасак керек, мугалимдер комуздун коштоосунда ырдаганыбызга карата эле биринчи орунду берип коюшкан окшойт. Калмураттын арбагынын алдында мойнумда бир милдет турат. Анын өзүнүн аткаруусундагы ырларды Жылдызбек деген аранжировщик жигиттен көчүрүп алдым. Эми анын өзүнүн аткаруусунда ырларын компьютерге киргизип, тазалачу жерлерин тазалап, радионун алтын фондуна өткөрүп коеюн деп жүрөм. Мен бул милдеттен сөзсүз кутулушум керек, себеби анын ырын ырдап киши болгом.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий