Ааламдашуу доорунда кыргыз тилинин кадыры кандай болот?

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргыз тили жана маданияты азыркы замандын шартында” деп аталган кереге кеңеш баарлашуусу  болуп өттү. Ага Япониянын ЦУКУБА университетинин профессору, филология илиминин доктору Тошинобу Усуяма, мамлекеттик  тил комиссиясынын мурдагы жетекчиси А.Ибраимов, кыргыз-түрк  “Манас” университетинин профессору Замира Дербишева, И.Арабаев атындагы  КМУнун профессору Курманбек Токтоналиев жана башкалар катышып, доклад жасашты. Кыргыз тилин өнүктүрүүнүн, окутуунун абалы  бүгүнкү күндүн эң көйгөйлүү маселелеринин бири болгондуктан биз кереге кеңеште айтылган айрым ой-пикирлерге гезитибизден орун берүүнү туура таптык.

Халва, халва дегенден…

Эмил Каниметов, И.Ара-баев атындагы КМУнун илимий иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору: – Азыр  кыргыз тили дүйнөдөгү башка элдер менен, башка тилдер менен катар жашаганга, өнүккөнгө укуктуу. Адамзаттын келечеги тилдердин баарын бир стандартка салып, жалпылап салбастан, ар кимиси уникалдуу болуп, өз жолу менен өнүгүү­сүн шарт­таганына байланыштуу биздин кылып жаткан аракетибиздин да чоң ааламдык мааниси бар. Кыргыз тилинин буга чейинки абалын айта турган болсок, тилдин куту кетип, касиети качкан деңгээлге чейин түшүп бараткан. Азыркы кезде шарт жеңил деп айтканга болбойт. Ар кайсыл өрөөндөн келип, азыркы жаңы замандын шартына, шаар турмушуна көнүп, келечекте өсүп, өнө турган азыркы кыргыз  жаштары, жаңы муундар кыргыз тилин, элибиздин байыртадан келаткан руханий салттарын улантса деген ой. Бирок азыр бизде  башка тилдердин, айрыкча орус тилинин басымы абдан күчтүү болуп атат. Кыз менен жигит сүйлөшсө дагы орус тилинде айтса жакшыраак, жеткиликтүүрөөк болот дегендей ой жүгүрткөндөрү  байкалат.

Азимжан Ибраимов, мамлекеттик тил боюнча комиссиянын экс-төрагасы: – Кыргыз тилин мамлекеттик деңгээлге жеткирип,  үйрөтүү боюнча  көп нерселер аткарылбай жатат. Окуу китептери начар, сапатсыз экендиги тынымсыз айтылууда. Биз көп китептердин бет ачаарын өткөрүп, бекер тараттык. Бирок коомчулукта бекем орноп, аң сезимге сиңип калган “жок, жок” деген түшүнүк бар. Бизде окуу китептери жетиштүү эле, бирок ушу бар нерсени жайылтып, таркатып, окутуу жагынан бизде мүчүлүштүк кетип атканын моюнга алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө стандарттарды да жаңыртып, алмаштырыш керек болуп калды окшойт. Анткени,  биз эски стандарт, көндүмдөр менен окутуп тажадык. Бизге келген кардарлар  методиканы оңдобосоңор болбойт, эмне үчүн биз англис, орус тилин тез эле үйрөнүп кетебиз, ал эми кыргыз тилин үйрөнө албайбыз дешет. Андыктан,  усулчулар ойлоно турган да көп маселелер бар. Бүгүнкү күндө окуулуктарды жөн гана китеп түрүндө чыгарып койбостон, элекрондук жол менен таркатыш керек экен. Бул абдан ыңгайлуу жол. Биздин жаштар, студенттер баары тең компьютерде иштегенге көнүп, китепти ачпай калышыптьр.Биз бул багытта да  иш жүргүзсөк жакшы болот эле. “Баланы башынан” дейт, балдарга тилди бала бакчадан үйрөтүү жагын көбүрөөк ойлонуш керек болуп жатат.Чет элдиктер үчүн окуу китептерин чыгаргандар толтура, бирок балдарга, кичинекей бөбөктөргө арналган усулдуктар,  жакшынакай көркөм адабияттар  аз.

Эмил Каниметов: –  Бизге  конок болуп  Япониядан Тошинобу Усуяма мырза келген. Ал киши Япониядагы эң чоң окуу жайларынын бири ЦУКУБА университетинде иштейт. Бул университет   азыркы заманда тилди жана  маданиятты кандайча сактап калууну ар кайсыл өлкөлөрдүн мисалында изилдеп жаткан экен. Биз бул университет менен келишим түзүп,  Ито Хирониро аттуу кыргыз кызына үйлөн­гөн япон жигит  аркылуу  Усуяма мырзаны чакырдык. Биз ал кишини катыштырып,  башка жактарда жүргүзүлгөн илимий изилдөө­лөрдү, тажрыйбаларды пайдалануу аркылуу  кыргыз тилинин, маданиятынын келечегин, азыркы кездеги ал абалын изилдөө боюнча  илимий иш жүргүзгөн окутуучулардын, коомчулуктун көңүлүн буралы деп жатабыз. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей, Усуяма мырза Австралиядагы орустардын мисалы аркылуу ааламдаштыруу шартында улуттук тилди жана маданиятты кантип сактап калуу керек экендиги тууралуу айтып берет.

Эне тилдин тагдыры энелердин колунда

Тошинобу Усуяма, ЦУКУБА университетиндеги илимий изилдөө борборунун директору, профессор: – 2007-жылы мага Сидней шаарындагы университетте өткөн  орус тили, адабияты, маданияты боюнча  эл аралык конгресске катышуу бактысы туш келди. Ал жерден мен мындан элүү жыл мурда Кытайдан, негизинен Харбинден көчүп келген орус этникалык мектептеринин мугалимдери менен тааныштым. Мени таң калтырган нерсе,  алардын кээ бирөө­лөрү Россияда бир да жолу болбосо да орус тилинде англис акцентсиз сүйлөшкөндөрү болду. Көрсө, Сиднейде орус балдарына орус тилин, адабиятын окуткан   7 этникалык орус мектеби бар экен. Арадан ушунча жыл өтсө да Австра-лияда орус тили жана маданияты кандайча сакталып калган? Бул кызыгуу мени атайын изилдөө жүргүзүүгө түрттү.  Сиднейде өткөргөн ал­ты айдын  ичинде  (2008-жылдын июлунан 2009-жылдын январына чейин) мен изилдөө үчүн керектүү көп материалдарды: илимий макалаларды, монографияларды, жергиликтүү тарыхый жана көркөм чыгармаларды   жыйнадым. Ал жерде орус тилинде үч гезит, журнал чыгат экен.

2006-жылдагы маалымат боюнча, Австралияда  болгону 82 миң 409 орус эмигранты  жашайт. Алардын ичинен 15 миң 354ү Россияда төрөлгөн. 67 миң 55 киши орус эмигранттарынын урпактары болуп эсептелет. Алардын башка тилдүү, башка маданияттуу  чөйрөгө жуурулушу сөзсүз болуучу табигый процесс. Анткени, алар такай башка тилдеги, башка маданияттагы коомдо жашап, ага адаптациялашып, ошол өлкөнүн  жараны болууга милдеттүү. Дал эмигранттардын ассимиляция процесси адамдын жаңы тилге жасалма түрдө өтүп,  өзү келген коомдун маданий турмушуна ыңгайлашкан жаңы тилдүү  жаңы инсандын пайда болуусуна шарт түзөт. Ал эми эмигранттардын эне тилинин канчалык деңгээлде сакталып калышы бул алардын жаш курагына жана эне тилин сактап калуу үчүн жасаган аракетине байланыштуу болот.Мен  эмигранттардын эне тилин жана маданиятын сактап калуусунда  алардын жаш-курагы башкы ролду ойнойт деп айтаар элем. Мында үч эреже бар. Эмигранттын жашы канчалык улуу болсо,  башка коомго ассимиляция болушу ошончолук кыйын. Ал канчалык жаш болсо, анын  ассимиляция болушу ошончолук жеңил. Экинчи эреже: эмигрант канчалык улгайыңкы болсо өзү жаңыдан көчүп келген коомдун  тилин өздөштүрүүсү ошончолук кыйын.Тескерисинче, канчалык жаш болсо тилди ошончолук бат өздөштүрөт.Үчүнчү эреже: эмигрант  канчалык картаң болсо өз тилин сактап калуу аракети ошончолук күчтүү. Ал эми  жаштар өз тилин жана маданиятын сактап ка-лууга өтө деле жан үрөбөйт. Демек, жаңы көчүп келген орус канчалык жаш болсо Австралиянын турмушуна  адаптация болуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук чоң.

Ошондой болгон соң орус эмигранттардын жергиликтүү австралиялыктар менен ассимиляциялашпай калуусуна,  эң жок дегенде бул процесстин тездешин жайлатууга мүмкүнчүлүгү бар беле? Бул өтө оор, татаал милдет. Бирок менин оюмча, эгер каалоо,  аракет болсо эне  тилди кандайдыр бир деңгээлде сактап, ассимиляция процессин токтотуп  калууга болот. Бул үчүн кандай чаралар керек? Кайсыл факторлор чечүүчү ролду ойнойт? Мен жүр­гүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында Австралияда орус тилин жана маданиятын сактап калууга шарт түзүүчү   27 фактор аныкталды. Алар: тилдик саясат, улуттук саясат, Россияга, орус тилине, адабиятына жана маданиятына болгон сүйүү, Россия Федерациясынан эмигранттардын агымынын такай келип туруусу, орус коомчулугунун ич ара тыгыз байланышы, кызматташтыгы, ата-энелер, чоң ата, чон энелер, орус этникалык мектеби, орус православ чиркөөсү, орустардын арасындагы никелер, орус тилиндеги телевидение, интернет, гезит-журналдар, такай өтүп туруучу орус тилиндеги иш-чаралар, китеп дүкөндөрү, китепканалар, үй-бүлөдөгү иш чаралар, университеттер, орус ресторандары, орустар иштеген мекемелер, Россия жөнүндө оң таасир, географиялык аралык, маданияттардын окшоштугу ж.б.

Булардын ичинен эң маанилүүсү  – бул Россияга, анын маданиятына, каада-салттарына, жаратылышына  болгон сүйүү жана кызыгуу. Экинчи фактор – улуту орус болуусу. Анткени, орус тилдүү башка улуттар менен нагыз орустардын ортосунда чоң айырма бар. Эгер биринчи муундагы орус тилдүү башка улуттар Россияны, орус маданиятын  мага таандык деп эсептесе, экинчи муундагы орус тилдүү еврей, армян ж.б.улуттардын  орус маданиятына, тилине карата мамилеси таптакыр башкача. Алар англис тилдүү Австралия маданиятын бат эле өзүнө сиңирип, өзүн ошол чөйрөгө таандык деп сезе баштайт. Мен орус бойдон калышым керекпи же жаңы тилди кабыл алганым туурабы деген маселеге келгенде аларда  ички конфликт болбойт. Үчүнчү фактор-бул орустардын арасындагы нике. Эгер ата-энесинин экөө тең орус болуп, орус тилинде сүйлөшсө, бул үй бүлөдө орус тилин жана маданиятын сактоо оңой болот. Эгер жубайлардын бирөө башка улуттан болсо, натыйжа бир аз башкачараак. Бирок аялы орус,  мекенчил болуп,  күйөөсү орус болбосо да аялына колдоо көрсөтсө, бул үй-бүлөдө орус тилин сактап калууга жакшы шарт болот. Мен Сиднейдеги мектептерде апасы орус, атасы австралиялык балдардын орус тилинде эркин сүйлөгөнүн көп көрдүм. Бирок  орус эмигранттын  аялы австралиялык болсо, анда, жакшы натыйжа болуусу өтө кыйын.

Жыйынтыктап айтаарым, жогорудагы факторлор өкүм сүрүп  турганда жок дегенде жакынкы 20-30 жылдын ичинде Австралияда орус тили жана маданияты сакталып турат деп айтууга негиз бар.

Салмоорбек Дыйканов, докторант: – Сууга  сүзгөндү үйрө­нүш үчүн эмне керек? Анүчүн сууга кириш керек. Жээкке отуруп алып үйрөнө албайт. Машина айдаш үчүн рулга отуруш керек. Тилибиз эмне үчүн өнүкпөй жатат? Анткени, мекемелер  кыргыз тилине өтө элек, биринчи кезекте ошолор  мыйзамды бузуп, Конституцияны аткарбай  жатышат. Конституция – бул эң негизги мыйзам. Эмне үчүн кыргыз тили мамлекеттик боло албай жатат? Анткени, бизде Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын басымдуу көпчүлүгүндө сабактар орус тилинде жүргүзүлөт. Анан адам беш жыл орус тилинде окуса бүт­көндөн кийин кантип кыргызча иштейт? Үйрөнгөн эмес да. Эң негизги маселе-бул жогорку окуу жайларындагы окуу процессин кыргызчага өткөрүү керек. Беш жыл кыргызча окуса, өз кесибин, адистигин жакшы билсе, ал  орусча сүйлө десең деле сүйлөбөйт.

Кубат Жакыпов, И.Арабаев атындагы КМУнун музыка кафедрасынын доценти: – Мен бир китеп чыгардым эле . Ошондон тилге байланыштуу  жерлеринен бир эки шингил окуп коеюн. Эне тилинде сүйлөшө албаган эне-бала ошол улуттун эр азаматтарынын  жок болгондугунун белгиси. Улутту кырып жок кылуудан улуттук аң-сезимди жок кылуу алда канча кылмыштуу. Эне тилинде сүйлөгөндөн уялгандарга айтаарыбыз – эч нерсе эмес, биз деле арабызда силердин төрөлүп калганыңарга уялып жүрөбүз.

Биздин башатыбыз башка жактабы?

Чынар Үметалиева, искусство таануучу: – Биздин кыргыз музыкасынын кошуна жашаган элдердин музыкасынан айырмасы көп. Мен окуп жүргөндө эле Дмитрий Шостаковичтин чыгармаларын изилдей баштагам. Ошол кишинин элдик обондордун  негизинде жазылган “Увертюра” деген бир чыгармасы бар экен. Мен ошонун партитурасын алып угуп көрсөм,  биздин “Шырылдаң”, “Оп майда” деген элдик ырлардын жана орустун элдик ырларынын негизинде жазылыптыр. Бүт дүйнөгө белгилүү болгон композитордун  орус жана кыргыз темаларын аралаштырып, чыгарма жаратканы мага кызык көрүндү. Өзүбүздүн тарыхчылар да, чет элдиктер  да кыргыздардын тарыхы жөнүндө көп эле жазышты. Бирок  кыргыздын  башаты каякта? Кайсыл элдер менен тектеш, кайсыл элдер менен тили, маданияты жагынан жакын? Мына ушул суроолорго жооп табуу үчүн мен тарыхка сүңгүп кирип кеттим. Тил, искусство, музыка  боюнча көптөгөн китептерди, интернет материалдарды  окудум. Окуу процессинде генетика боюнча да кызыктуу материалдарга туш болдум. Мисалы, америкалык генетиктер биздин кыргыздардын гендик түзүмү чыгыш славяндардыкына шайкеш келет деген тыянакка келишкен. Менин “Кыргыздардын этногенези. Музыкалык аспект” деп аталган китебимде Евразия элдеринин гендик түзүмүнүн шайкештиги жана оригиналдуулугу  деген схема бар. Бул генетика, музыка, искусство, лингвистиканын негизинде жазылган китеп. Биздин генибиз, музыкалык системабыз  казак, башкыр, татар сыяктуу башка түрк элдеринин музыкасына эмес, славяндардыкына окшош болуп атат. Бул эмнеден кабар берет? Демек, биз түрк тилдүү эл болгонубуз менен башатыбыз башка жакта.

Музыка адамдын аң-сезиминин түпкү жагы менен байланышкан. Биринчи обон, интонация чыккан, экинчи сөз жаралган. Ошондуктан, мен музыкага таянып, кыргыз элинин башаты боюнча өз тыянагымды  сунуш кылдым.

Байыркы кыргыздар европалык типтеги,  бойлору узун, ак жуумал, көзү көгүш эл болгон деген да версиялар бар эмеспи? Сиздин тыянагыңыз да ошого үндөшүп кетип атат…
– Биздин музыкалык системабыз өтө эле байыркы, жок дегенде тагар маданияты калыптанган. А тагар маданияты доору биздин заманга чейин бир миң жыл мурда болгон. Енисейлик кыргыздардын кебете-кешпири европалыктарга жакын деп тарыхчылар деле жазып чыккан. А.Бернштам да,  Н.Аристов да жазган. Демек, бул жөн эле айтылган сөз эмес экен.

Мамат САБЫРОВ, “Кыргыз Туусу”, 22.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий