Алмагүл Беки кызы: “Мен кыргыздын кызымын…”

– Алмагүл, Кытай Республикасынан атайын  келип, Кыргызстандан билим алып да, иштеп да кеттиң эле. Учурда киндик каның тамган жериңде иштеп жүрөсүң. Айтчы,  Кыргызстандан эмне үйрөнүп, эмне алып, кандай таасир менен кеттиң?
– Кыргызстанда жети жылы окуп, иштеп жүрүп, сонун табылгаларды таптым. Балалыктын кайталангыс мүнөттөрү дал ушул тарыхый мекенимден  уланды. Биринчиден, эмгек жолум Кыргызстандын тунгуч гезити “Кыргыз Туусу” гезитинен башталып, журналистиканын керемет сырларын үйрөнө алдым.  Экинчиден, көзгө  басаар Кыргыз улуттук радиосунун жаштык каналында радио-журналисттик адистигин үйрөндүм. Ошондой эле Ала-Тоодогу кыргыз элимден сабырдуулукту, жөнөкөйлүктү, сылык-сыпаалыкты, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо керек экендигин билдим. Айтор, бул жакшылыктарды мен бир ооз сөз менен айтып соңуна чыгара албайм.

– Ала-Тоонун аркы-берки бетинде жашаган кыргыздардын кулк-мүнөздөрүндө, деги эле каада-салтында эмне өзгөчөлүктөр бар?
– Бул жактагы кыргыздар менен Кытайдагы кыргыздардын  айырмачылыктары  – алар тарбия-таалим жагынан болобу, көз караш, ой жүгүртүүсү жагынан болобу, бири-бирине такыр дал келбейт. Албетте, мен айтар элем, эки бөлөк  жашаганыбыз менен кыргызбыз. Түбүбүз, дилибиз, каныбыз, динибиз бир.

Кытайдагы кыргыз элим тууралуу кеп салганда, аларда  өзгөчө нукура каада-салттары абдан бекем сакталып келген. Мисалы,  кыз алып, кыз  берүүдө  кызга калыңды көп алышып, септи да ошончо  беришет. Кол өнөрчүлүктөрүнөн кыргыздын улуттук саймаларын жүк көркүнө, жүз жоолук сыяктууларга түшүрүп колдо жасашат. Кызды узатып жатканда элдик ырларынан созуп, мактап узатышат. Мына ушундай салттарды кытайлык кыргыздар майрамдашат. Өзгөчө Нооруз майрамында шаңдуу, айыл-айылдарга маараке өткөрүп, ат чапмай, күрөш, ордо оюндарын ойношот. Апалар биздин улуттук кийи­мибиз – элечекти кийишет, артисттер сонун концерт берет.

– Өзүң учурда эмне иш менен алектенип жүрөсүң?
– 2009-жылы Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик университетин бүткөн соң,  Кытайга барып котормочу болуп иштедим. Андан кийин, азыркы убакка чейин  “Бүгүнкү Жуңго”  телекөрсөтүүсүндө котормочу жана кабарчы болуп иштеп келе жатам. Учурда КТРден эки айлык стажировкадан өтүп, маданият көрсөтүүсүн иликтөө үчүн келдим.

– Атаң тууралуу да абдан толкундануу менен айтчу элең?
– Атам жөнүндө айта турган болсом,  атамдын адабий аты “Чаартеке”. Өз аты — Беки Шаадат уулу, кытайлык кыргыздардан чыккан сөзү куйкум, өзү куудул сатирик акын. Байдылда Сарногоевдин көзү тирүү кезинде атам экөө чыгармачыл достордон экен. Атам кереметтүү Ала-Тоого келбесе да, чыгармачыл инсандардын жүрөгүнө жакын. Айтматовдун, Сарногоевдин, Жантөшевдин, Касымбековдун, Жусуевдин, Эралиевдин чыгармаларын үзбөй окуган. Эми буюрса, кыргыз элимде тынччылык болсо, май айында атамдын сатираларын  жыйнак кылып чыгарып, чыгаан акын-жа-зуучу калемдештери менен жолугуштурсам деген ак тилегим бар.

– Канча бир туугансың?
– Эмне үчүн минтип сураганыңызды түшүндүм. Мен жети кыздын алтынчысымын. Кытай элинде калктын саны жети миллиарддан ашуун болгондуктан, өзүлөрү бир гана балалуу болууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми кыргыз, казак, уйгур элдери шаарда эки, айылда үч балалуу болушат.

– Анда силер кандайча жети бир тууган болуп калдыңар?
– Бул мыйзам 1989-жылы чыккан, биз ага чейин жарык дүйнөгө келип калган болчубуз.

– Кыргызстанга келип, китеп чыгарып жатам дедиң эле?
– “Мен кыргыздын кызымын” аттуу поэзия жыйнагымды басмага  даярдап жатам. Буюрса, окуп көрүп, пикириңиздерди айтасыздар го деп ойлойм.

– Кытайлык кыргыздарга чоң белек ала кетет турбайсыңбы анда?
– Буюрса. Анан да Кыргызстандан узап кетип жатканда  боордошторума “Кыргыз Туусу” гезитинен ала барам. Өзүм дагы маданият тармагына жакын болгондугуман,  кыргыз элим өзүнүн эч кимге окшобогон маданияты менен ааламга таанылса деген үмүтүм бар.

Жыпар ИСАБАЕВА, Жайнагүл МИНИЧ кызы, “Кыргыз Туусунун” практиканты,
“Кыргыз Туусу”, 22.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий