«Көктөм» сынагы: Акбар Кубанычбеков

Сагынган көктөм

Кайда кетти бала кыял күндөрүм,
Сагынамын балалыктын үндөрүн.
Он сегизге жаңы толуп турганда,
«Сен чоңойдуң, токтолгун» — деп үндөдү.

Түш сымалдай он сегиз жыл өткөнү,
Кайра келсе, балалыктын көктөмү.
Эркелетип, күндө бир маал болсо да,
Кайда кетти ата-энемдин өпкөнү?

Байчечекей гүлүндөй ачыласың,
Эртерээк чоңоюуга шашыласың.
Чоң турмуш кызыксызбы түшүнбөдүм,
Балалык күндөрумдү сагынамын.

Бала кезим токтоп турса, шашпаса,
Ар пенденин жүрөгүнөн качпаса.
Анда аалам, болмок эле ар дайым,
Наристенин күлкүсүндөй таптаза.

Алгач сүйүүм тутанганы сезимдин,
Сакталыптыр түпкүрүнө эсимдин.
Ал сүйүүм да шамал сымал жок болду,
Эстен кеткис оюн-күлкү кезимдин.

Кошуп ырдайм, балалыкты ырыма,
Өмүр жылат түшүп алып ыгына.
Чоң турмушка баш багып киргичекти,
Токтой турчу он сегиздин кырына.

Акбар Кубанычбеков
“Көктөм” сынагына

Соц тармактар:

Добавить комментарий