“Бизди “Манас” гана бириктире алат”

“Бөлүп-жар да башкара бер”
– Акай мырза, жазмыштын буйругу менен ар кайсы жактарга чачырап кеткен кандаш элдерди кайрадан башын коштуруу аракетиңиз качан башталды эле?

Акай КИНЕ, “Алтай” коомдук уюмунун президенти:  – Мен өзүм кесибим боюнча филолог болгондуктан студент кезден эле  кыргыздардын фольклорун окуп, жарык көрбөгөн кол жазмаларды чогултуп, жүрчүмүн. 1995-жылы Алтайда жаштардын биринчи курултайын уюштурдум. Менин максатым – маданий, рухий, тарыхый маркерлерди калыбына келтирүү. Аларды калыбына келтирүү аркылуу биз биригүү процессин баштай алабыз.

Байыркы доорлордо кыргыз  улуту бүткүл Евразиянын аймагында өтө кеңири тараган этноним болгон. Мындан 2,5–3 жыл мурда мамлекеттүүлүктүн  көп формалары өкүм сүрүп, кыргыз этноними  мамлекет түзүүчү этноним катары жашаган. Улуу кыргыз каганатынын бир нече империялары болгон. Кыргыздар ошол байыркы өлкөлөр­дүн мураскери катары азыр да сакталып калгандыгы менен баалуу. Мындай элдер тарыхта аз эле. Бирок Россияда жана башка өлкөлөрдө жашаган кыргыздар өзүбүздүн түпкү тегибизди, башатыбызды унутуп калганбыз. “Бөлүп-жар да башкара бер” саясаты биз бири-бирибиз менен байланыша албашыбыз үчүн араларыбызга чек араларды орноткон. Мисалы, мен Кызылга барышым үчүн 2100 чакырым, башкача айтканда, Бишкекке жеткендей  жол басышым керек. Болбосо биз Тува менен чек аралаш жайгашканбыз. Хакасия менен да чек аралаш жайгашканыбызга карабастан  Абаканга чейин 1330 чакырым жол. Ортодо түздөн-түз коммуникациялар, транспорт түйүндөрү жок.

Натыйжада биз бири-бирибизден тилдик жактан да, маданий жактан да алыстай баштаганбыз. Биздин милдет – бир тууган, кандаш  бул элдер бири-бири менен байланыштарын чыңдап, бирдиктүү маданий, саясий, социалдык биримдикти  кайра калыптандырууга жетишүү. Анткени, азыркы глобалдык дүйнөдө эч бир эл жалгыздап сакталып калышы  кыйын. Эмне үчүн мен Кыргызстанга ат тезегин кургатпай келип жатам? Биринчиден,  биз бири-бирибиз менен кыргыз деген байыркы этноним аркылуу байланыштуубуз. Бул этноним бизди дагы бириктирет. Экинчиден, алатоолук кыргыздар алтайлык кыргыздарга тили, маданияты, менталитети жагынан эң жакын эл. Бул жакындык бардык чөйрөлөрдө байкалып турат. Байыркы доордо Алтай тектеш элдерди, анын ичинде кыргыздарды  консолидациялоочу жер, рухий борбору  болгон.

– Алатоолук кыргыздардын баары Алтайды “Манас” аркылуу жакшы билишет. Ал эми алтайлык кандаштарыбыздын биз жөнүндөгү маалыматы канчалык?

Акай Кине: – Интеллигенциядан тартып, тоодогу кой кайтарган чабанга чейин кыргыздарды өзүнүн эң жакын тууганы деп эсептешет. Алтайда эле эмес, Хакасия, Тувада деле ошондой эле мамиле. Дегеле Жалпы Алтайды Хакасия, Тува деп бөлбөш керек.Тувалыктар, шорлуктар, телеуттар – булардын баары алтайлыктар.

Кедр – өмүр дарагы
Темирбек Токтогазиев, ”Манас жаңырыгы” телекөрсөтүү­сүнүн  башкы директору: – Мен Алтайда Акайдан башка дагы  бир топ кишилер менен жакын мамиледемин. Жазуучулар, кайчылар( көмө­көйү менен ырдаган ырчылар) Ирина Кензина, Аржан Козереков  Кыргызстанга келип, өздөрүнүн өнөр­лөрүн тартуулашып, биздин элди кыдырып жүрүшөт. Жакында эле Алтай жазуучулар кошуунунан  өкүлдөр келип, Таласта болушту. Демек, алтайлыктарда  Кыргызстанга болгон кызыгуу чоң.

Акай Кине: – Былтыр жергиликтүү атка минерлер Ала-Тоо – Алтай долбоорун ишке ашырууга жолтоо болуп,  тыйганына карабастан жергиликтүү эл кыргыз кандаштарын  кучак жайып тосуп алышты.

Темирбек Токтогазиев: – Быйыл Алтайдан  жүз түп кедр дарагын алып келебиз. Азыр казылуу процесси бүтүп калды. Февралдын аягында, марттын башында бул жакка алып келип тигебиз. Кырк түбү Таласка, Манас ордого, калгандары бүт облустардын борборуна, Бишкек шаарына тигилет.

– Кедр бизде өсөөр бекен?
Темирбек Токтогазиев: – Өсөт. Илгери Кыргызстанда да кедр дарагы болгон. Бирок кыркылып, кыркылып отуруп, азыр тоолуу Алтайда гана калды. Алар кыдыр дарагы деп коюшат. Бул өмүр дарагы экен да. Жамгыр жаап жатканда түбүнө кирип кетсең кадимкидей далдалайт. Башка дарактардын, мисалы, арчанын астында эки саат уктап калсаң башың ооруйт. Кедр болсо тескерисинче, астында жатып уктасаң көңүлүң сергип, өзүңдү сонун сезип каласың. Анан данеги аябай жакшы азык экен. Дарылык касиети бар. Жергиликтүү эл диабет менен ооругандарга кедрдин данын же деп кеңеш беришет.  Кыдыр дарагы “Кызыл китепке” кирген экен. Ошондуктан биздин  Айыл чарба академиясынан катынын  негизинде окуу куралы катары пайдаланабыз деп алып келип жатабыз.

Акай Кине: – Кедр – бул асмандын, тазалыктын  символу. Алтайда ал асман дарагы деп эсептелет. Биз кедрди пааналайбыз, данегин жейбиз. Кыргыздар өзгөчө маани бере турган нерсе – Манас дал ушул кедр дарагынын астында туулуп, өскөн. Бул  жерде башка дарактар аз. Ошол кедр дарагынын астында төрөлгөн Манас Көкө теңирдин татыктуу улуу болуп чоңойгон. Бири-бири менен тынымсыз согушуп келген ар кайсы урууларды бир туунун астына бириктирип, эл курап, кыргыз мамлекетин кайра курган. Болбосо кыргыздар да башка кичи элдердей   тарыхта изи калбай жок болуп кетмек.

Жаратмандык духту ойготолу
– Алтайда да Манас айткандар барбы? Эпос китеп болуп чыгып, мектептерде окутулабы?

Акай Кине: – Бизде 140тан ашуун эпостор бар. Ошолордун бири “Алп Манаш”. Аталышы да, сюжети, уруулардын аттары  боюнча да Манаска өтө жакын. Бир гана  айырмасы – “Манастын” тарыхый тамыры болсо, алтайлык “Алп Манаш” көбүрөөк мифологияга жакын.

Манастын бири-бири менен жоолашкан көп урууларды баш коштура  алгандыгы бүгүн жаратмандык ишке жакшы мисал боло алат. Былтыр кыргыздар революция жасап, бүт дүйнөгө үлгү көрсөттү. Аянтта октон жалтанбай өлүмгө тик караган кыргыз жаштары нагыз Манастын урпактары экендигин далилдешти. Бирок Манас жүрөгүндө жалы бар баатыр гана эмес, жаратуучу да болгон. Ошондуктан азыр кыргыз жаштарында Манастын ошол жаратмандык духу, өлкөнүн, элдин келечеги үчүн жоопкерчилик сезими  ойгонушу керек.

Темирбек Токтогазиев: – 7-апрелде биздин жигиттерибизде Акай айткандай, Манастын аскердик духу ойгонуп, атып аткан октон да коркпой колунда жарагы жок болсо да бийликти Ак үйдөн кууп чыкпадыбы. Бирок ошол учурдан пайдаланып кээ бир жаштар дүкөндөр­дү талкалап, талап-тоноп киришти. Ошол эле эл бузарлар эриш-аркак жашап аткан бир тууган элди бири-бирине тукуруп, түштүктө канчалаган адамдардын өмүрү кыйылып кетти. Мына ушундай мезгилде кырк чоро Манас бабабыз төрөлгөн Алтайга барып, элибизде тополоңдор токтоп, Кыргызстан  өнүгүү жолуна түшсө экен деген тилектер менен зыярат кылдык.  Бабабыздын төрөлгөн жерин өз көзүбүз менен көрдүк. Саякбай атабыздын вариантында Ак токой, Жусуп Мамайдын вариантында Буурул токой деп жүрөт, бир кездерде  Жакып атабыз көчүп барган жер чындыгында эле кедр дарыгы өскөн  токойлуу, саздак  жер экен. Жакып, Акбалта аталар конгон жер – Ак-сазга барып, боз үй тиктик. Бүбү Мариям эженин “Айкөл Манасында” Бөйрөктү деп айтылат. Чын эле бөйрөккө окшош буйтка жер экен. Ак сазда  калмак-кытайдын кечилдери боюнда бар аялдардын курсагын жарып, жаңыдан төрөлгөн балдарды өлтүрүп жатканда Манасты Бөйрөктү деген жерге алпарып жашырган экен. Биз барганда үс­түбүздөн турналар учуп, нур жаап, муну көргөндө жигиттердин баарынын көңүлдөрү көкөлөп,  элибизде тынчтык, биримдик болсо экен деген тилек кылдык.

Жанагы кырк чоро минип келебиз деген аттардын тагдыры эмне болду?
Темирбек Токтогазиев
: – Бул маселе  чечилет, кудай буюрса. Быйыл Кыргызстандын эгемендик алганына 20 жыл болот.  Былтыр биз Алтайга революция болуп, кошуна өлкөлөр менен чек аралар жабылып жаткан мезгилде бардык да. Биздин өкмөтүбүз да убактылуу болуп, аларды эч ким тааныбай, өкмөтүбүздүн чечимдерин тоотпогон мезгил эмес беле. Биз боз үйдү алпарып, аянтка тикмекпиз да. Акай Бердников деген Алтай Республикасынын төрагасы менен сүйлөшүп, баары макулдашылган болчу. Барсак эле  төраганын орун басары  боз үй тиктирбе, билесиңби, кыргыздар боз үй тиксе эле сөзсүз төңкөрүш болот  деп тиктирбей койду. Бирок мэр жакшы жигит экен, аянттан башка каалаган жериңерге барып тиге бергиле деди. Биз турбазага барып, анын   директору менен макулдашып, боз үй тиктик. Эртең менен саат жетиде директорду чакырып, жумуштан алып коюшуптур. Ушундай түшүнбөстүктөр болду.

Бир түндүктүн астында
Былтыр сиздер башат салып келген боордоштук мамилелерди мындан ары да өркүндөтүп, жаңы баскычка чыгаруу үчүн дагы эмнелерди жасаш керек деп ойлойсуз?

Темирбек Токтогазиев: Жаз келсе  эл кайрадан  көтөрүлөт экен деген ар кандай ушак сөздөр жүрөт. Ал ушактар  аягында келип чындыкка айланып кете турган деле жагдайлар болуп калат. Биздин башкы тилегибиз – элибизде тынчтык, биримдик болсо экен. Бүгүнкү күндө жамандыр-жакшыдыр парламентибиз, өкмөтүбүз бири-бирине оппозиция болгон партиялардан түзүлдү. Каолицияга мурунку бийликтин да, оппозициянын да өкүлдөрү кирди. Жаңы бийликти Казакстан, Россия, Түркия, АКШ, кыскасы, бардык өлкөлөр тааныды. Барак Обама жалгыз гана биздин президентибизди  кабыл алды. Мунун өзү алар биздин өкмөттү толук кандуу,  легитимдүү бийлик   катары тааныгандыгынын белгиси. Анан ушундай мезгилде биз кайра эле төңкөрүш жасап, тополоң сала бергенде туура эмес болуп калат. Биз жаңыдан дайындалган жигиттерибизге иштегенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Республиканы кыйынчылыктан алып чыгабыз деп жатышат. Аракеттерин көрүп эле жатпайбызбы! Биринчи эле декрети менен уюлдук телефонго жана   жарыкка болгон кымбаттатууну алып салышты. Бензин 38 сомдон отуз сомго түштү. Түркияга визасыз каттоого шарт түзүлдү. Улам бир өлкөдөн кредиттер келүүдө. Эмне үчүн бензин сегиз  эмес, он беш сомго арзандабайт, жарык 6 эле тыйын болуш керек деген замандаштарыбыз да болуп жатат. Ушуга да шүгүр кылып, ыраазы болушубуз керек да. Өткөндө өкмө­түбүз аты жок чокулардын бирине Путиндин ысымын коюуну сунуш кылса, ага карата ар кандай пикирлер айтылды. Россияга же биздин түрк туугандарга окшоп гранттарды, инвестицияларды берип жатса алардын атын эмнеге койбошубуз керек? Буга  чейинки бийликтер Үзөнгү-Куушту, Каркыраны кошуналарга  жөн эле берип салбадыбы. Эмне үчүн бүгүн биз бир чокунун атын Россиянын премьеринин ысымы менен атап койсок болбойт? Алтайда Манас тоосунан анчалык алыс эмес жерде В.Путин резиденция салып жатат. Анан эртеңки күнү ошол эле Путин эмне үчүн Манас,  келгиле, андан көрө Ельцин тоосу деп атайлы деп айтышы мүмкүн да. Андыктан биздин өкмөтүбүз туура эле демилге көтөрүп  жатат, биз муну колдошубуз керек. Тоолордо канчалаган аты жок, адамдын буту баспаган  чокулар бар. Анан жөн эле кызганып, өзүмө да жок, башкага да жок деп отура бергенде болбойт да. Биз кандай гана болбосун Алтайдагы Манас бабабыздын атын алып жүргөн тоонун, көлдүн ысымын сактап калышыбыз  керек. Мына бул киши төө­лөс экен. Акай, Алтайда дагы кайсыл уруулар бар?

Акай Кине: – Кыпчак, найман, жетиген, кушчу, айтор, кыргызда кайсыл уруу болсо баары эле  бар.

Темирбек Токтогазиев: – Бүгүнкү күндө карасак кыргыздар бөлчөктөнүп, аябай эле көп санга бөлүнүп  кетиптирбиз. Христиан болуп, же буддизм динине кирип  кеткен кыргыздар бар. Мисалы, тувалыктар буддисттер, хакастар христиандар, биз мусулманбыз. Ошол эле мезгилде киргиздер, таптакыр эле космополит болуп кеткендер да  бар. Эгер диний жактан алсак биз такыр бириге албайбыз. Бизди бириктире турган бир эле Манас экен. Акай мырза Манастын туусу консолидацияга алып келип, өнүгүүбүзгө жакшы өбөлгө түзөөрүнө көзү жеткен соң  Тоолуу Алтайдын кире бериш жерине боз үй сыяктуу стелла жасаптыр. Кадимки эле боз үй, бирок түндүктүн үстүндө  жылдызы бар. Түндүктөн түшкөн бир уугу казактар, дагы бир уугу башкыр, татарлар, түрктөр… Бир тууган, тектеш элдерди бир түндүктүн астында бириктирүүнүн символу кылып коюптур да. Бул чынында эле биздин элдерди бириктире турган негизги күч.

– Биздин окурмандарыбызга алтай тилинде каалоо-тилек айтып койбойсузбу?
Акай Кине: – Улуу кыргыз элим! Бүгүнкү кунде кыргыз элдин жолун жолдосун. Манас атабыздын ругу келсин. Манасты бийик кылу керек.  Кажыла кыргыз  Көке Теңирим, Ала- Таум, кыргыз элим деп, Манас баатырым деп журзе, кажыла кыргыздын жолу ачылар. Кажыла кыргыздын жолу ачылганда  кыргыз элдин жолу ачылар. Кыргыз элдин жолу ачылганда кыргыз кагандыгыбыз онон ары өзип чыгаар.

Мамат САБЫРОВ, “Кыргыз Туусу”, 25.02.2011-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий