Драматург, театр сынчысы Жаныш КУЛМАМБЕТОВ: «Кыргыз театрлары канткенде жанданат?»

– Жаныш байке, театр сынчысы, драматург катары айтсаңыз, учурда кыргыз театрлары кандай жашоо өткөрүп атат? Эмнегедир жымжырттык өкүм сүрүп жаткансыйт?
– Биринчиден, театрлардын айрымдарында  ремонттоо иштери  жүрүп жаткан кез.   Демек, бул –иш процесси токтоп турат дегенди билдирет. Алардын арасында  Кыргыз академиялык драма театрыбыз да ремонтто турду эле, үч айдан бери кичи сахналары иштеп атат. Чоң сахнасы  ишке кирише элек. Ошондой эле шаардык театр, жаштар театры да  ремонтто турат.  Облустук театр­лардан эң активдүү иштеп жатканы  Каракол театры болчу.  Аны жетектеп турган  Марат Алышпаев кыргыз академиялык драма театрына келбедиби. Эми жакшы жетекчи кеткенден кийин ал театрдын абалы кандай деңгээлге түшөөрүн айта албайм.

– Айтыңызчы, театрларыбыздагы эң негизги көйгөй эмне? Эмне үчүн театрлар көрүүчүлөрүнөн  кол  үзүп  бара-тат?
– Биринчиден, менеджменттик, уюштуруу  иштери начар. Экинчиден, театрда замандаш драматургия жок. Бул экөө болмоюнча кыргыз театрлары көрүүчүлөрдү өзүнө эч качан алып келе албайт, өнүгүп-өспөйт.

– Балким, режиссёрлорубуз, актёрлорубуз да советтик доордогудай чыкпай жаткандыр?
– Кантип эле кыргыздар таланттан куру жалак  калсын? Бул мүмкүн эмес, бизде режиссёрлор да, актёрлор да жетиштүү. Болгону эле жанагы  менеджменттик, анан замандаш драматургиянын жоктугу театрлардын кедергисин кесип турат.

– Замандаш драматургия дегенди чечмелеп берсеңиз? Ал кандай драматругия болуш керек?
– Бизде ушундай бир түшүнүк калыптанып калган, спектакль коюш керек десе эле чет өлкөлүк репертуарларды көтөрүп чыга калышат.  Көрүүчүнүн табитине жараша мамиле кылуу дегенди билишпейт.  Мисалы, чет өлкөлөрдүн менталитети деген такыр башка, кыргыздыкы башка. Бир планетада жашап жатканыбыз менен, ар бир элдин атадан-балага калган ар бөлөк мүнөзү, көз карашы, каада-салты болот. Аларды бири-биринен айырмалап турган ошол нерсе. Ар кимге өз менталитетине бап келген нерсе  жакын сезилет, ага кааласа да, каалабаса да ыктайт.  Демек, сахнада да ошондой. Ар кимге өзүнүн каалап турган нерсесин көрсөтүш керек, уккусу келгенин айтыш керек.

– Марат Алышпаевге жетекчи катары жакшы оюңузду айтып кеттиңиз, ал  киши азыр Кыргыз академиялык театрын жетектеп жатат, аны менен  ушул теманын үстүндө сүйлөштүңүздөрбү?
– Ал киши деле ойлонуп атса керек. Бирок жакын арада эле баары өзгөрүп кетет деп айтыш кыйын го.  Анткени, бул маселени чечиш үчүн ишти өйдө жактан башташ керек. Адегенде маселенин баарын минис­трлик  колго алышы керек.

– Мисалы?
– Мисалы, советтик доордо репертуардык театр деген түшүнүк бар болчу. Ушуну мамлекеттик театрларга киргизүү зарылчылыгы бар. Репертуардык театр деген түшүнүктүн өзү – көрүүчүгө күн сайын спектакль көрсөтүп туруу деген сөз.  Ошол учурда айына отуздан ашык спектакль коюлчу. Азыр  театрлардын мамлекеттен алып жаткан каражатынын көлөмү  ошол эле  боюнча калып, бирок  бир айда эмес, бир жылда араң отуз спектакль көрсөтүүгө кудуреттери жетет. Демек, элге берген продукция такыр жок десек болот.

– Ошондогудай эле каражат кетип атса, эмнеге ошондогудай спектаклдер коюлбайт?
– Анткени кыргыз драматургиясына болгон муктаждык жок. Бүгүнкү репертуар менен кыргыз театрлары эч убакта көрүүчүнү өзүнө тарта албайт.  Дегеним, дүйнөлүк классика кыргыз көрүүчүлөрүнүн муктаждыгына туура келе бербейт. Ошол эле  Александр Островскийдин “Көпөстүн турмушун” алалы, бул кыргыз көрүүчү­лөрүнө кызыкпы? Кызык эмес.

Мисалы, Шекспирди алалы, ал өзүнүн доору, өзүнүн заманы, замандаштары үчүн жазган да. Азыр да ошондой, өз дооруна кызмат кыла турган заманбап чыгармалар керек.

– Замандаш чыгармаларды жазган авторлор жок дейсиз го?
– Бар. Бирок жазуучулар менен иштөө аракети, аларга чыгармачылык стимул берүү жок. Мамлекеттик театрларга репертуардык театр деген түшүнүктү кайрадан киргизмейинче,  кыргыз драматургиясы жок болуу абалында турат.

– Театр адамы катары  ушул эле, өзүңүз айткан көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, бул маселелерди чече турган тараптарга сунуш айтып көрдүңүзбү?
– Бир эле нерсени айтайын, биздин министрликти кечээ эле белгилүү драматург жетектеп турду. Эмне үчүн ошол убакта драматургия өсүп кеткен жок? Эмне үчүн кыргыздын драматургиясы театрга келген жок? Кызыктын баары ушул жакта жатпайбы. Биз ошол минис­трге бир нече жолу: “Кыргыздын драматургиясы театрга келсин. Драматургдарга стимул болсун үчүн калем акы төлөнүш керек, драматургия боюнча сабактар уюштурулуш керек” деп кайрылуу жасадык.  Бирок…

– Баары бир туңгуюктан чыгуучу жолдор болууга тийиш? Жандануу процесси деги качан башталат?
– Театрлар өзүн-өзү каржылай турган деңгээлге көтөрүлүшү керек. Мисалы, орус драма театрын алалы, алар өздөрүн-өздөрү багып калды. Анткени эл көрө турган, эл келе турган чыгармаларды берип жатышат. Демек, жанданса болот. Бирок, дагы айтам, элге керек, анын менталитетине шайкеш замандаш  драматургия жана мыкты менеджменттик болмоюнча, эчтеке жок.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 25.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий