Георгий ВАСИЛИАДИ: «Көкүрөк тийгизген досторум Кыргызстанда»

«Мен Георгий Василиади- Кыргызстандын, Талас облусунун Бейшеке айылында туулуп- өскөм. Грецияга көчүп келип жашап атканыма 19 жылдын жүзү болду. Кыргызстандагы жердештерим, досторум менен пикир алышканда кадимкидей канат байлап калам. Дайыма туулган жеримдин музыкасын угам.»

«Кыргызча жакшы сүйлөйм…» -деген жазууну окуп, грек улутунун өкүлү ушинтип өзүн бүткүл дүйнөгө интернеттен тааныштырып атканына бир чети ыраазы боло, бир чети кызыгуу арта, баарлашууга чакырдык. Анан да Георгий байке өзүнүн интернеттеги кампасын жалаң кыргызча ырлар, кыргыздын залкар адамдарынын өмүр-баяндары, кыргызча саптар, айтыш, кыргыздын салт-санаасы, жаратылышы, жада калса наны, кымызы чагылдырылган сүрөттөрү менен толтуруптур.

Георгий байке, кайсы тагдыр сизди Кыргызстанга туш кылып, кандайча Кыргызстанда туулуп-өсүп калдыңыз эле?
Сурооңузга жооп берерден мурун, мен Кыргыз эли-жерине, Таласымдын Эчкили тоосуна, шар аккан сууларына, таза абасына, кооз жаратылышына, күнүнө, айына учурашып алайын. Менин ата-энем 1942-жылга чейин Кавказда Новороссийск шаарынын четинде жашап келген экен. Согуш убагында ал жерди таштап, 4 баласы менен Борбор Азияга Сталиндин өкүмү менен сапар тартышат. Ошол учурда гректерди гана эмес, чечен, түрк, немис, татар ж.б. көп улуттуу болгон элди ар тарапка чачыраткан экен. Ошентип, ата-энем кыргыз жергесине туш болушуптур. Ал жерден дагы эки уул, эки кыздуу болушат. Алардын ичинде мен да бармын. Менден кийинки карындашым кайтыш болуп, эң кичүүсү мен болуп калдым. Ал эми ээрчитип келген эки акем 1944-45 — жылдары кышы суук болуп кайтыш болушкан. Ошол кыйын кезеңде кыргыздын сүтү менен жармасы көп адамдардын өмүрүн сактап калганын көп айтышар эле.

Эс тартканыңызда бөтөн эл, бөтөн жерде экениңиз сезилдиби? Кичинекей кезде дос балдар бөлүп-жарып дегендей..?
Көкүрөк тийгизген досторум ошол жакта калды. Бул жактан да досторду таптым, бирок кан досторумдай мамилебиз жок. Биз тамеки сарайдын жанында жашаганбыз, балалык кезим, жаштыгым ошол сарайдан өткөн. Жайында тамеки тизип, кышында чүкө, ордо аткан жерибиз да ошол эле. Кыргыздын алтыбаканын тээп, ак чөлмөк, качма топ, ортого турмай, топ таш, мак -мак, чикилдик ж.б. оюндарын ойноп чоңойгом. Ах чиркин, ошол күндөр кайра келсечи! Бизди кыргыздар өгөйлөгөнү эсимде калбаптыр. Эми балачакта бирөөнүн малы бирөөнүн бакчасына кирип кеткенде чукчуңдашып кетпесек, улуттук деңгээлдеги чыр- чатак болгон эмес. Тескерисинче, кыргыздар биз ыйласак да, күлсөк да жаныбызда арка-бел болчу.

Кайсы окууну бүтүрүп, каякта иштедиңиз эле?
Кичинемден техникага жакын болчумун. Айылдагы сүт машиналарды, тигүүчү машинкаларды, патифондорду оңдой калып жүрдүм. Мектепте 7-8-класста окуп жүргөндө, Анаркул Сатыбалдиев деген акемди көп ээрчип, ошол акемен көп нерселерди үйрөнгөм. Анаркул акем колхоздун комсомол секретары болчу. Үйлөнүү тойлорго ээрчитип барып, мен музыка коюп берип жүрүп, эл менен көбүрөк аралаштым. 1969- жылы Фрунзедеги 20-ГПТУда телемастер кесибинде үч жыл окудум. Үн оператор болуп Кировдун Тиричилик комбинатында 9 жыл иштедим. «Рентген тасмасына ыр жазчумун, ушундай кесип бар эле» десем, уулум ишенбей күлөт. Азыр баарысы компьютер колдонуп, бүт дүйнө желе байланышын колдонуп калышпадыбы. Андан кийин Грецияга көчүп кеткиче радиостанцияларды оңдоп иштеп жүрдүм. Кыргызстандын бардык жерлерине барып, рацияларды оңдочу элек. Андыктан, Кыргызстанда кыдырбаган жерим калган эмес. Командировкада жүргөнүмдө кыргыз тилин билгеним аябай көп жардам берчү. Агезде алыскы кыргыз айылдарда көпчүлүк кыргыздар орус тилин начар билишчү, ошондо мен орус менен кыргыздардын ортосунда тилмеч болор элем.

Чын эле кыргыз тилинде мыкты билет экенсиз…
Канчалык көп тилди билсең эч зыяны жок. Ар бир адамга өз эне-тили ыйык болушу керек. Мен орус мектепти бүтсөм да, кантип кыргыз тилин үйрөнүп кеткенимди билбейм. Кыргыз тили- улуу тил, макал-лакаптары таамай айтылып, мазмуну терең. Бир тилди үйрөнүш үчүн бир эле сөздүк колдонуу аздык кылат. Анүчүн ошол элдин тарыхын, маданиятын, чегарасын, музыкасын, үрп-адатын, элдик тамактарын, динин жана көптөгөн башка нерселерди билиш керек. «Манас» -кыргыз тилинин түгөнбөс сөздүгүнүн булагы. Мен «Манасты» канчалык уксам, ошончолук өзүмө унутуп койгон сөздөрдү табам. Элдик ырларды, термелерди, айтыштарды көп угам. Кыргыздын нак тарыхы ушуларда жатат. Тилекке каршы, азыркы жаштар ушул жанрга көңүл бурбай жатышат. Комуздун өзү эле кандай керемет!

Кыргызстандагы достор менен байланыш барбы?
Ооба. Аларды абдан сагынам. Өзүбүздүн булагыбыздан бир суу ичсем болмок… Кыргыз досторум конок болуп кет деп чакырышат. Кээ бир досторум конок болуп келип турушчу. Мурда бул жакка кыргыздар келип иштеп кетишчү, кыргыз көрүп калсам эле, үйгө чакырып коноктоп турчу элем. Азыр көп келишпей калды. Анткени, кризис деген балакет бизди да аңдып калды. Бардык нерсе кымбаттап жатат. Күнүгө эл көчөгө чыгып «забастовка» кылууда. Ким билет, эртең эмне болуп кетерин… Чыңгыз Айтматов жазган чыгармалардын көрүнүштөрү азыр бардык жерлерде дал келип жатат. Көрсө, ал адам көрөгөч философ тура!

Ата-Мекениңиз Грецияны алгач качан өз көзүңүз менен көрдүңүз? Же дароо эле көчүп кеттиңизби?
Мен 1988-жылы Грецияга алгач турист болуп барып келгем. Тарыхый Ата-Мекенди көрүү үмүтүм мурдатан эле бар болчу. Бирок, келгенде мага эч кандай жакпады. Элдери башка, көз -караштар башка, кызыкчылыктары башка. Көрсө, базар экономикасы элдерди ушундайга апкелет экен. Ошондо бул жакта эки ай иштеп, видео камера сатып алып , Кыргызстанга жөнөдүм. Видео камерам менен иштеп, кадимкидей турмушумду жакшыртып, жыргап эле жашап калдык. Ошол кезде Талас аймагында видео камера эки эле кишиде бар эле. Мен ошол Кыргыстанда тарткан видеолорумду интернетке киргизсем деп жатам. Грециядан келгенде туугандарыма эки жактын айырмасын айтып, түшүндүрүп «Силер кетсеңер кете бергиле, мен кетпейм» дегеним бар. Бирок, ошондон бир жыл өтүп, Советтер Союзу ыдырап мекенге кетүү толкуну бардык жерди каптады. Байкасам гректердин көбү кете башташты. Мен да балдарымды ойлоп, кете турган жолго түштүм. Ошентип 1992-жылы ноябрь айында Грецияга көчүп келдик.

Анан бат эле камыр-жумур болуп кеттиңизби?
«Ойлогон максатты- кыстаган турмуш жеңет» деген чын экен да. Грецияга келип, көрбөгөн кордукту, кедейчиликти көрдүк. Кыргызстанга ушунчалык зар болуп, кайра артты көздөй кетем деген күндөрүм болду. Бирок, турмуш өз нугуна салып койду. Жаңы келгенде бул жактын адамдары да бизге абайлап мамиле кылышчу, а азыр ишенип, сыйлап калышты. Грек тили бай тил экен. Кыргыздар деле грек тилиндеги сөздөрдү пайдаланып жатканын биякка келгенде билдим. Мисалы, музыка, театр, гармония, олигарх, космос, маска, премьера, кино, геометрия, физика ж.б. Гректер да кыргыздарга окшоп этти көп жешет, бирок негизги улуттук тамагы -Фасулада- фасолдон (кырг. нобыядан) жасалган тамактар. Дини Христиан. Бирок, эч кандай сен мусулмансың же башка динсиң деген өгөйлөшүүлөр жок. Комотини, Ксанфи деген эки шаарда, жарымысынан көбү мусулмандар (түрк калкы) эң сонун жашап келатышат. Мечиттер көп, ар бир эл өз дини менен. Жаман дин болбойт- жаман молдо дин бузар дегенди билесиз да.

Сөзүбүздүн акырында үй-бүлөңүз менен тааныштырып кетпейсизби?
Алгач өз ата-энем менен тааныштырсам: Апам менен атам бул жакка көчүп келгенден кийин, атам 86, апам 81 жашка келгенде өмүрлөрү үзүлдү. Атам жакшы жыгач уста болчу, колхоздо пенсияга чыкканча иштеп жүрдү. Апам болсо биздин айылдын Анна апасы болчу. Элди дарылачу. Аллатааладан бекен, ушундай энергетикасы бар эле. Балдары токтобогон келиндер, балдары ооругандар ж.б. келип батасын алып ырымдатып кетишчү. Биз көчүп кеткенден кийин, досторум апамды издегендер көп болгонун айтышты. Менин эки кыз, бир уулум бар. Балдарым эстүү болуп чоңоюшту. Кыздарым турмушка чыгып, өздөрү менен өздөрү болуп калышты. Уулум былтыр эле казакстандык гречанкага үйлөндү. Музыка менен алектенет. 11 диск жазып чыгарды. Азыр кыргыз тилин үйрөтүп жатам, ким билет, мүмкүн кыргызча ырдаган бир диск чыгарып каларбыз. Мурда байбичем менен жашыруун сөздөрдү кыргызча сүйлөшчүбүз, балдарыбыз түшүнбөсүн деп. Азыр сүйлөй албайбыз, анткени кыргызча түшүнүп калышкан. Байбичем да гречанка болгону менен Киров айылынан болот. Бирге жашап атканыбызга 31 жыл болуп калды. Бул жакта жашап атканыбызга 19 жыл болду, бирок кыргыз тилин унута элекпиз. Мен кээ бир «эне-тилимди унутуп койдум» деген кыргыздарга таң калам! Сөзүмдүн акырында, мен кыргыз элиме жакшылык, токчулук, ачык асман каалайм. Алдыдагы жазгы талаа иштери майнап берип, барчылыкта күн кечиришсин. Элибиз азыркы абалдагыдай түндүк- түштүк деп бөлүнбөй, ынтымакта болушса экен.

Эльмира МАДИЕВА, «Лозунг» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.02.2011-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий