Өмүр бедери

Жакында “Кыргыз Республикасынын жазуучулары” деген маалымдама китебин барактап олтурсам, далай замандаштарым, калемдештерим, досторум кинотасмага окшоп көз алдыман өттү, кылык-жоруктары эске түштү. Ар кимиси адабиятка, көркөм өнөргө жана маданиятка ак дилден эмгектенишип, улуттук рухий маданиятка өз салымдарын кошкон инсандар. Алардын көбү эми улуу муун аталып калды. Өмүр дегениң – сымап сымал жылт этме көз ирмем, колдон төгүлсө уч-кыйыры жок, үзүрү жок тура. Кээ бир таланттардын атын ушул китептен гана окуп, таанып калдык. Айрымдарын деле унуткарып бараткандайбыз. Эмне үчүн өзүбүздүн замандаш жөнүндө жылуу, калыс алкоо сөздү учурунда айтпадык экен, неге эскерип жазбадык экен деген кеч болсо да бушаймандык бар менде.

Замандаш, бурадар, өз дос-торубуз жөнүндөгү кепти баш аман кезинде, тирүүбүздө бири-бирибизге айта жүрөлүчү. А өмүр дегениң  булуттай жылып билинбей, зымырап өткөн кинотасма экен.

Ал эми кинотасманын да, өмүрдүн да эмне экенин, түйшүгүн, барк-баасын киносценарист, жазуучу Кадыркул Өмүркулов бизден жакшы билет. Ал бүгүн 70 жашка чыгыптыр. Мен анын өмүрүн, эмгегин кыйла эле байкап калдым, Кудайга шүгүр, 45 жыл болду, биздин ымалалаш, достошконубузга. Кадыр анда 25 жаштагы күлгүн курагы эле, Москвадагы киносценаристтердин институтун бүтүп келип, Мамлекеттик кинодо адис болуп иштеп жүрүптүр. Ошондон бери биздин курбулук, жаншериктигибиз үзүлбөдү, буга сыймыктанабыз.

Акын Нуркамал Жетикашкаева менен жазуучу Касымалы Жантөшевдин үй-бүлөсүндө өсүп, тарбияланып калгандыгынан Кадыркул маданият, адабият, өнөр чөйрөсүндөгү адамдар жана асыл дүйнөсү менен эрте таанышкан.

Кадыркул бой тарткандан баштап өз өмүрүнүн сценарийинин автору, тактап айтканда, адам өмүрүн кандай тарбиялап, кантип жашап, канчалык эмгек жасоосу керектигин эрте түшүнгөн, дээринен өзүн даяр­даган. Эне ордуна көргөн акын эжесинин, ата ордуна көргөн жазуучунун өмүрү, эмгектери жана насааттары үлгү болгон. Жаш курагында эле “өз тагдырымды өзүм гана кура алам” деген ынанымга жетишкен. Шаардык бала жаштайынан заводдо темир уста-чогултуучу болуп иштеди. Адабиятка, киного кызыкты. Басма сөзгө кабар жаза баштады.  Жыйырма жашында Москвадагы Бүткүл Союздук кинематографисттер институтуна конкурстан жеңип, сценаристтик окууга өтүп, ийгиликтүү бүтүрүп келди. Ал учурда республикада атайын кино адис болуп келген адам жок болчу.

Институтту бүтүп жатканда Кадыркул “Бакайдын жайыты” фильмине алгач киносценарийди жазышты. Таланттуу режиссер менен таланттуу сценаристтин фильми союздук, бүткүл дүйнөлүк кино өнөрүнө, кыргыздарга атак, сыймык алып келди.

Анан Кадыркулга сыйлыктар келе баштады, кино өнөрүнүн эшиги кеңири ачылды.

Ал кыргыз жана дүйнөлүк кино ышкыбоздорго эрте таанылды.

* * *
Кадыр да эл, жерди кыдырып, замандаштарынан көбүрөөк дүнүйөнү тааныды. Ал Советтер Союзу учурунда Басма сөздөгү жаңылык агенттигинде (АПН) он жылдан ашуун кыргыз бөлүмүнүн өз кабарчысы жана башчысы болуп иштегендиктен, Ата журттун булуң-бурч­тарында түнөп-конуп жүрүп, нечендеген адамдар менен жолугушту. Мекендин кооздугу, таланттуу инсандары жөнүндө сыймыктануу менен чет элдик басмаларга кыргызды тааныткан көркөм эссе, очерк, публицистикалык ой толгоолорду жазып турду. Ага жер жүзүн кыдырганга ыңгайлуу шарт ачылды. Кадыркул ар бир чет өлкөдөн келгенде саякаты жөнүндө басма сөзгө бизге үлгү болор, таалим алар очерктерди жарыялады. Чет элдин тарыхы, жорук-жосуну, маданияты жөнүндө жеке жолукканда масилет курар элек. Скандинавия өлкөлөрү жөнүндөгү Кадыркулдун кызыктуу аңгемелери отуз жыл өтсө да алиге жадыман кете элек. Кадыркулдун Кыргызстан жана улуу инсандары жөнүндөгү бир нече чет тилинде чыккан китептери кол тамгасы менен китеп текчемде турат.

Кыргыз баласы дагы эле Ала-Тоонун кокту-колотунда, шар суунун боюнда жашагандай көрүнөт мага. Табияттын адамга жуккан зери  жана кусуру болорун элибиз туярмандыгынан улам илгертен эле билишкен да. Чүй өрөөнүндөгү Жыламыш да башка коктуларга окшош, барсаң ичи кенен, ажайып кооз жер. Кадыркулдун айылы нака Жыламыш суусунун боюнда. Кадыркулдун аркасынан нечен жолу Жыламышты бойлодук, каткырып-күлүп, чер жазып жыргадык.

Элибизде бирөөлөр башкалардан мурда аты чыгып, журтка төбөсү көрүнүп калса, аны эл ичинде “Мунун жашаган жеринин, суусунун касиети болсо керек” деп жоруйт эмеспи. Чынында жаратылыш жарыктык адамдын рухуна, суруна жана ден соолугуна дейре таасири тиет окшобойбу. Кооз жерибизди асырап, таза кармап сыйынуу ар бирибиздин парзыбыз. Ошондуктан Жыламыштан илгертен атактуу адамдар бекеринен чыкпаса керек. Кадыркулдун таякелери кыргызга белгилүү Жангарач манаптын тукумунан. Эр тайын тартат дейт эмеспи, Кадыркулдун элге, табиятка, бийликке, мансапка жана жөнөкөй адамдарга жасаган сый-сыпатында-каадалуу, сыр билги, сыйкор, чынчыл, кесипкер, эмгекчил.

Кадыркул 45 жылдык чыгармачылык өмүрүндө окурмандар сүйүп окуган улуттук маанилүү маселелерди, түйшүктү козгогон, идеясы терең, ойго бай мыкты повесттерди, аңгемелерди жазды. Анын сценарийи боюнча “Ак куулар конгон айдың көл”, “Каныбек”, “Эски тегирмен”, “Жер касиети”, “Кербез”, “Акжолтой”, “Бурма” ж.б. көркөм жана даректүү кинофильмдер тартылды.  Республикалык жана эл аралык сыйлыктарга ээ болду.

Кадыркул ата-эненин көзү өткөн соң, Касымалы Жантөшевдин “Каныбек” романын басмадан чыга-рууга, киного экрандаштырууга, жазуучунун мааракесин Ысык-Көлдө өткөрүүгө, эстелигин коюуга, Нуркамал Жетикашкаеванын китебин чыгарууга, ысымын мектепке ыйгарууга жандили менен киришип, уулдук парзын жасады. Бул кимге болсун сабак эле.

* * *
Биз эми шаардан мурдагыдан да жакыныраак, кошуна болуп жашап калдык.  Мен анын эртелеп дарс окуганы баратканын көрүп каламын. Ал азыр Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “радио, теле көрсөтүү жана кино” кафедрасынын башчысы, профессор. Эл жазуучусу дагы эле жигит кезиндей зирек, келбеттүү, омоктуу, токтоо басып баратат. Жетимишке келген досума “Жараткан Теңир колдой көр, узак жашап, өмүрдүн рахатын көрсүн” деп ичимден тилек кылып, кутмаарек айтып коёлук.

Кеңеш ЖУСУПОВ, “Кыргыз Туусу”, 25.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий