Рысбай Исаков: «Манасчылар жоголуп бараткан динозаврлардай эле»

Кыргызды дүйнө жүзүнө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана улуу эпосубуз «Манас» деп келебиз. Ошол улуу эпостун учугун улаган Манасчы Рысбай Исаковдун «Манаска» гана эмес, маданиятка болгон көз карашын билгенге аракет кылдык.

— Акыркы учурда маданиятка көп көңүл бөлүнбөгөнү байкалып жатат. Азыркы маданияттын деңгээлине кандай баа бересиз?
— Маданият баш аламан өсүп атат. Себеби, бир нукка салган маданий агым жок. Ал эми анын себеби, маданий жактан жетекчилерибиз жакыр. Же маданияты башка. Улуттук уңгулуу маданияттан өнүп чыккан таланттарыбыз өтө сейрек болуп атат же такыр эле жок болуп атат. Ушул себептүү, маданиятыбыз азыр мышык ыйлай турган абалда турат.

Калмак жергесине барганда бир нерсеге дуушар болдум. Ошол Калмыкиянын Маданият министри маданият министрлигин көрсөттү. Ак үйү маданият министрлигинин алдында жупуну экен. Атайылап баса белгилеп, биздин маданият үйүбүздөн эле маданиятка кандай көңүл бурарыбызды билсеңиз болот деп мактап, даңктап көргөздү. Чындап эле ошондой экен. Алардын «Жангар» деген эпосу бар. «Жангар» майрамын эл аралык деңгээлде өткөрүшөт. А биз болсо Манасты ар кимге тарттырып коюп отурабыз.

— Биздин маданият башкалардыкына салыштырмалуу эмнеге аксап жатат деп ойлойсуз?
— Маданият министрлигине барган киши деле көп нерсени чече албай калып атат. Биринчи жогору жактагы кишилер, андан да өйдө жактагылар ойлонушу керек. Эми бул нерсе деле таптакыр жок болуп кетти деп айта албайм. Кудайга шүгүр, акырындан жылып келе жатат. «Көч жүрө-жүрө түзөлөт» — дегендей, кыргыз маданиятынын да оңолуп кеткиси бардыр.

— «Манас» жагына кандай көңүл бурулууда?
— «Манас» жагына абдан эле жакшы көңүл бурулуп жаткандай сезилүүдө. Туш тараптан Манастап ураан чакыргандар. Туш тараптан «Манаска» байланыштуу ар кандай уюмдар түзүлүп аткандай. Ал эми жеке ишкерлер деле Манасчылар үчүн камкордук көрүп, өздөрүнчө айлык, сыйлыктарын чегерип жатышат. Бул жагынан алганда «Манаска» болгон элдин аң сезими жакшы. Улуттук ар намысы, улуттук аң сезими ойгонуп калган кез. Ушул нерсени эми мамлекет өзү ойлонуш керек. Манасчылар боюнча ЖКдан жобо бекитилип атат. Бирок, өзүнүн чегине жете элек. Манасты Манастай даңктап ала тургандай күчкө ээ боло элекпиз.

— Сиз айтып жаткан «Манастын» учугун улаган шакирттериңиз көп болсо керек?
— Азыр шакирт деп айтууга эртерээк болот го. Бирок, даярдап жаткан окуучуларыбыз бар. Алар эртеңки күнү кандай жолду беттейт, кантип өсөт, кантип кетет, биздин жолду улантып кетеби же башка жолго кетеби, келечек көргөзөт. Себеби, окутуп эле Манасчы кылып чыгара койбой турган өнөр экен. Бардыгы жараткандын жазмышы менен болот.

— Ар бир замандын өзүнүн Манас айткан Саякбайы болот эмеспи. Учурдун Саякбайы ким деп ойлойсуз?
— Азыр жаштарыбыз жакшы чыгып келе жатат. Бири-биринен калышпайт. «Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт» — дегендей, тең жарыша чуркаган балдар бар. Мисалы, Замир, Дөөлөт, Улан, Самат, Өмүрбек, Камил, Мирлан ж.б. таланттар үйүрү менен төрөлөт дегендей, булар топ-тобу менен чыккан жаштар. Мына ушулардын бардыгы келечекте кыргыз үчүн Саякбайдай кызмат кыла турган эр азаматтар.

— Азыркы жаштар рэп менен «Манасты» алмаштырып алгандай. Өткөндө да бир сайтта Тата Улан — XXI кылымдын Саякбайы деп жүргөн эле. Чын эле Тата Улан Саякбайга теңби?
— Тата Улан өзү деле мен Саякбаймын деп айтпайт болуш керек. Мен ал баланы жакшы билем. Мен ал интернетте берген маалыматты окуган жокмун. Бул эми элдин деңгээлинин төмөндүгү. Мындай нерсеге көңүл деле бурбаш керек. Бул утурумдук адат. Адат бир мезгил өткөндөн кийин кайра эле калат. Учурунда «Манасты» комузга кошуп, кыяк менен, оркестрге салып да айтып жүрүшкөн. Рэп да ушул сыяктуу эле салттуу көрүнүш. Экинчиден, мен билгенден Тата Улан өзү «Манас» айтпайт. Ал ырчы жана эң мыкты актёр.

— Бийлик башында турган адамдардын эң аз дегенде эле экиден колуктулары бар эмеспи. Улуу көч кайда барса кичүү көч ошол жакка барат дегендей, алардын жолун жолдогондор чекеден табылса керек. Сурайын дегеним, көп аял алуучулукка кандай карайсыз?
— Мен көп аял алуучулукка болгон көз карашым начар эмес. Себеби, биздин кыздар кара далы болуп баратат. Эркектер аз болуп баратат. Муну статистика дагы айгинелеп атпайбы. Анан бир тең укук деген нерсе аң сезимге катуу орноп алган. Бир аял, бир эркек болуш керек деген. Жашоо мыйзамы андай болбой атат да. Жашоо ошону талап кылат. Анан, мүмкүндүгү жетсе, аялдары бири-бирине каршы пикир жаратпай турган кылып тарбияласа, алганга эмнеге болбосун? Ал кыздын багын ачканга неге болбосун? Кээ бир эркектер бар, такыр үйлөнбөй эле бош жүргөн. Андан көрө, ошончо аялды алып, аларды бактылуу кылган дагы жакшы иш деп ойлойм. Экинчиден бул маселеде көп нерсенин түйүнү жатат. Бузукулук, сойкулук маселелери. Андан башка турмуштун өзүнүн агымына көнүү, табияттын эрежелери менен жашоо маселеси жатат. Табиятта өзү эркекти көп жаратса дагы, эркек өзү назик болгондуктан, кырсыкка бат кириптер болуп, эрте өлөт экен. Анын үстүнө уруш-согуш деген өзүнүн көтөрүнгөн нерселери бар. Кырсыктар себепкер болот экен. Ошондон улам эркектер азайып кетет. Анан калган кыз-келиндер кайда барыш керек? Табияттын өзүнүн мыйзамын алып карасак деле ушул. Бир эле адамда эмес, мисалы короз аз, тоок көп дегендей. Айгыр аз, бээ көп дегендей…

— Саясаттан сырт адам катары азыркы саясатка кандай баа бересиз?
— Мен чынында саясатка баа бере албайм. Саясатка кээде айла жок аралашып каласың. Бирок, чын дилимден ушул нерсени жактырбайм. Мен ушул чыгармачылык Манас жөнүндө гана ой толгоп келем. Анан саясаттын бир жеринен жаңылыш айтып алып, бир жеринен жазып калып, кимдир бирөөгө шылдың болгум келбейт.

— Көпчүлүк таланттардын тагдыры татаал болот эмеспи. Өзүңүздүн тагдырыңыз тууралуу эки учук кеп улай кетпейсизби?
— Бул эми союздун учурундагы алкак болгон. Таланттар жарды-жалчыдан гана чыгыш керек деген. Азыр тескерисинен бардыгы эле бай-манаптын, бийдин, баатырдын тукуму болуп калбадыбы. Мен кадимкидей эле жупуну үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам сугатчылык, жылкык артында жүргөн, кара жумуштардын баарын жасаган киши болгон. Үй-бүлөбүздө он бир тууганбыз. Апам он баласын багып чоңойткон, үй тиргилиги менен алектенген. Үйдүн үчүнчүсү, уулдардын улуусумун. Алты уул, төрт кызбыз.

— Интригасыз ишкана жок эмеспи. Манасчылардын арасында да интрига барбы?
— Кудай сактасын бизде жакшы эле. Себеби бизде талашып, бөлүшө албай аткан нерсе жок. Бир себеби ушундан деп ойлойм. Экинчи себеби, тар пейил болсо, артынган жүктү көтөрө албайт. Өзү дагы бир турмуштун өзүнүн мыйзамы ушундай болуп калыптыр. Ыйык нерсеге баш ургандар да, аны сыйлагандар да сейрек болот экен. Ошо Манасчылар өзү жоголуп бараткан динозаврлардай болуп жетишпейт. Манасчылар кыргыз элин кыдырып айтса жетишпейт. Азыр кыргыз эли гана эмес дүйнө чакыртып, «Манасты» уккусу келип атат.

— «Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат» — деген макал чыгармачыл инсандардын кимисинин дарегине тиешелүү деп ойлойсуз?
— Макалга макал: «Өнөрүң болсо өргө чап, кор кылбай асыл жаныңды бак», — дейт. Өнөрлөрү болсо өздөрүн ар тараптан шыгын көрсөтө берсе жараша берет. Анан, турмуш өзү да ошону талап кылып калган чагы. Бир орунда отуруп алсаң, эч ким сенин аягыңа аш салып бербейт. Тиякка жанды карч уруп, бул жакка жанды карч уруп жанды багыш керек. Азыр бардыгы ушинтип карч урушуп атат. Саясатта дагы, саякатта дагы бардык жерде өзүнүн болгон дараметин көргөзүп калуу аракетинде.

— Азыр мен Айың эмес, Күнүң эмес,
Ай, Күндүн бетин тоскон булутуңмун, — деген сүйүү саптарын кайсы периге арнадыңыз эле?
— Эстен чыккан унутулган нерселер. Мындай ырларды чынын айтканда кимге гана жазбадык. Калем шилтеп ыр жазып калгандан кийин ар ким суранат. Буга ыр жазып бер, тигиге ыр жазып бер деп. Мына ушундай жаралган ырлар.

— Чыгармачыл адамдар бат-бат сүйүп турбаса, чыгармачылыгында жаңылануу болбойт деп коюшат. Сиздин жан дүйнөңүзгө канча убакытта бирден сүйүү пайда болуп турат?
— Сүйүү деген бир эле болот. Болгону ошону аңдай албай ар ким ар кимдин элесинен издеп жүрө берет. Бирөөнүн көзү, бирөөнүн сөзү окшошот дегендей. Чыгармачыл чөйрөнү көбү туруксуз деп билишет. Баягы шоопурду эрим дебе, артистти аялым дебе дегендей эле кеп. Бирок, кудайга шүгүр көп эле чыгармачыл инсандарды билем. Аялдарын да, эркектерин да, туруктуу эле. Ал эми адам катары жактыруу, касиетин жактыруу, сулуулукка суктануу, кооз имаратты көрсөң деле, кооз гүлдү көрсөң деле ажайып бир нерсени көргөндөй суктануулар сөзсүз болуш керек деп ойлойм. Бул чыгармачылыкты арттыра турган нерсе. Эргүүнү ойгото турган нерселер. Ушундай өңүттө гана караш керек. Ал эми напсини агытып, сугун артып караган бул башка нерсе.

“Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 22.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий