«Салижан кыргызга күйүп жүрүп өтүп кетти»

Улуу илимпоз, акын, изилдөөчү, адабиятчы, сынчы, философ, котормочу ж.б. көп кырдуу талантка эгедер 100 жылда бир жаралчу феномен Салижан Жигитов агай, быйыл тирүү болсо 75 жашка чыкмак. Салижан Жигитовичти эскерген замандаштарынын бардыгы агайдын тамашакөйлүгүн, улуу акылмандыгын, өз элин сүйүп, бирок, кемчилигине, кенебестигине жаны ачып айткан катуу сындарын учкул сөзгө айлантып аңыз кеп кылып, тамшанып, сыймыктанып айтып келишет. Агайдын адамкерчилиги тар чөйрөдө гана белгилүү болбостон, башка түрк, өзбек, орус окумуштууларынын да сый-урматына татыган. Бирок, айрымдар пенделикке салып, улуу залкар Чыңгыз Айтматовго «Нобелди»бербей койгон сыяктуу, бул кишиге да Академик наамын бердиртишпей койгон экен. Демек, Генерал менен Академик, партиялар менен бейөкмөт уюмдар, ырчы менен чоорчулар бутка чалынган ушул заманда, мындай адамдар андай наамдан бир кыйла жогору турушат деп билели. Салижан агай үйүндө кандай ата, кожоюн болгондугуна кызыгып, жубайы Кимия апа менен маектешип, бул адам сыртта кандай болсо үйдө да өз ою менен алектенип, илим изилдөөдөн баш көтөрбөгөн адам болгондугун түшүндүк.

Салижан агай менен 40 жыл өмүр сүрүптүрсүздөр. Агайды жубайы катары эскерип кетсеңиз?
Салижан Жигитович менден жети жаш улуу.1959-жылы мен окууну бүтүп, Университетке келгенде , алар бүтүп атышыптыр. Мурда бу кишини жердеш катары сыртынан билсем, кийин эжемдин үйүнөн таанышып калдык. Студент кезимде баш коштук, анда а киши өзүнүн кандидаттык диссертациясын жактаганы атыптыр. Жактап бүткүчө мен түштүктө жашап турдум, ошо жерден уулумду төрөп алып, борборго келгем. Шаарда квартирабыз жок,беш жыл квартиралап жүрүп, университет 6-кичи районунан квартира берилип, жашап калдык. Ал жакка көчүп баргандан кийин, кызыбыз Салима төрөлдү. Андан кийин агайың Энциклопедияга жетекчи болгондо, кеңейтилген там берилип жашап жүрдүк. Салижан Жигитович башка эч бир нерсеге көңүл бөлчү эмес, көрсө илимдин кишиси экен. «Ар бир адам, өзүнүн сүйгөн иши менен алектенип жүрсө, демек ал адам бактылуу» деп көп айтар эле жана өзүн да бактылуу эсептечү. Дайыма изилдеп, изденип эмгектенгенди жактырчу. Убакытты текке кетиргиси келчү эмес. Кыргызда тууган-урук арасында жакшылык-жамандыктар болот да. Анан айтып калчу «чогулуштарга, кыргызчылык той-аштарга барбасам, дагы көп жасай турган эмгектерим бар эле» деп. Анда «кой, аларга да барыш керек, элден чыкмак белең» дечүмүн. Айткандай эле, жазып жүргөн «Кызыл күүгүм» деген романын бүтпөй кетти.

Ал кишинин кандай сапаттары бар эле?
Абдан тамашакөй киши болчу. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде проректор болуп иштеп турганда, түрк тилин дагы бат эле үйрөнүп алды. Тил жагынан да шыктуу эле, татар, казак, азербайжан тилин жакшы билген. Түрктөр «кожо» деп коюшат экен, «кожобуз аябай тамашакөй киши» деп эле күлүп жатышчу. Кээде «Салижандын тамашасы» деп мен айтпаган сөздөрдү деле айтып калышат экен. Тамашакөйлүгүмө байланыштырышат го» деп калчу. Жаңы сөздөрдү чыгарганга да маш, көп кырдуу талант эле. Докторлук диссертациясын жактарда экини жазды. Биринчисин жазып бүткөндөн кийин, өзүнө жакпай калды го, экинчисин жазды. Ташкентке эки жыл элчи болуп иштеп жүргөндө, кыргыз балдар менен байланышып, жардам берип, чогулуштарга катышып, Ташкенттин телекөрсөтүүсүнө чыгып сүйлөчү. Анан чогуу иштеген кесиптештери «Салижан Жигитович бизге тележылдыз болду» деп тамашалап калаар эле. Бул дүйнөдө илимден башка эч нерсе жоктой жүрчү кайран киши. Жаштар бул киши жөнүндө өмүр жолун, жасаган эмгектерин изилдеп, диссертация жазса деп ниет кылып жүрөм. Салижан Жигитович чоң окумуштуу катары диссертация жазганга татыктуу киши деп ойлойм. Бул боюнча Академияга да барып аракет кылып көрдүм, ишке ашпай атат.

-Үйдө кандай ата, кандай жар эле?
Үйдө чарбалык иштер менен иши жок болчу. Болгон акчасына китеп сатып алып , бөлмөсүндө өзүнчө отура берчү. Биз да аны түшүнүп, иштөөгө шарт түзүп бергенге аракет кылчубуз. Үйгө жаңы оокат алып атабызбы, эмне кылып атабыз, иши жок болчу. Алган айлыгын алып келип: «Өзүңөр билгендей оокат кыла бергиле, мага жолтоо болбогула»деп койчу. Башкалардай дүкөнгө, базарга барганды жаман көрчү. «Сиз эмнеге барбайсыз?» десем: «Андай майда-чүйдө нерселерге барганга убактым жок. Ошонун ордуна керектүү жумуш жасап алсам, мага ошо пайда» дечү. Катуу ооруп калганда Раззак Сейдилханов деген окуучусу менен сүйлөшүп отуруп айткан экен: «Ой, Раззак, ойлоп көрсөм мен ушул байбичемди, базарга алып барып бирдеме деле алып бербесем керек, капырай. Азыр ошону ойлоп атам»дептир. Көзү өткөндөн кийин, окуучусу мага келип: «Агай ушинтип айтты эле, өзү жатып алып ойлонгон окшойт» дейт. «Ой, агайың чапан-чупан, көйнөк менен иши жок болчу, аны өзүбүз эле алып, жөндөбөсөк. Ал кишиге андай суроолор менен кайрылчу эмеспиз» дедим. Бирок, абдан тууганчыл киши эле. Айылынан туугандары келсе, үйрүлүп түшө калып, айылда болгон туугандарын чын дили менен сурап чыкчу. Колунан келгендей туугандарын окутту. Өзү ак жүрөк, чынчыл адам эле.

2005-жылдагы биринчи революцияда абдан катуу кайгырып, нерви козголуп, мурду канап кетти. Доктур чакырып, «Ой, эмне болду?» десек. «Чогулушта аябай күйүп сүйлөдүм эле, ошондон мурдум канап кетти» деди. Көрсө, ошондо оорусу башталып аткан мезгили экен. Духу күчтүү киши болчу. Ооруп жатып калганда да жолдоштору, балдары келишсе диванга отуруп алып сүйлөп, баарын күлдүрчү. Ошондо да Мукай Элебаевдин 100 жылдыгына карата, изилдеп чыккан. Көбүнчө, бул киши изилдегенди жакшы көрчү. Кудайдын куттуу күнү китепканада жүрчү. Адат болуп калса керек гезит, китеп дегенди колунан түшүрчү эмес.

Канча балаңыздар бар? Агайдын жолун жолдоштубу?
Бир уул, бир кызыбыз бар. Жок, азыр заман өзгөрүп кетпедиби, уулум тарых факультетин бүтүрсө да, Туризм агенттигинде иштеп жүргөн. Азыр Туризм агенттиги жоюлгандан бери коомдук ассоциацияда иштейт. Кызым юрфакты бүткөн, жеке адвокат. Атасы өтүп кеткенден бери мени багып үйдө жүрөт.

Убагында агайдын көңүлүн, жүрөгүн оорутуп койгондор болдубу? Андай учурдан кантип чыкчу эле?
Кыргыздар жөнүндө сынды көп айтчу. Түшүнбөгөн кишилер «сен кыргыздарга каршы жүрөсүң. Кыргыздарды жакшы баалабайсың» деп жаман көрүшчү. Бирок анын баарын кыргызга чын дилинен күйгөнүнөн айтчу да. Илим жагынан Салижан Жигитович Корреспондент мүчөлүгүнө, Академикке тең келе турган киши болчу. Бирок, Корреспондент мүчөлүккө эки жолу документтерин берип, Академиядан өткөрбөй коюшту. «Документиңизди бербей эле коюңузчу, айланайын. Эмнеге бересиз?» десем. «Бер деп атпайбы, берип коюш керек да» деп, өтпөй калганда эч кандай капа болчу эмес. «Ай, эч нерсе болбойт. Боло берет. Мен өзүмө-өзүм Академик, өзүмө- өзүм Корреспондент мүчөмүн» деп койчу. Жолдоштору да «сен башкалардай кошомат айтканды билбейсиң да, ийкемдүү эмессиң. Сен биз үчүн Академиксиң» деп калышчу. Баарынын бетине айтып, сын макалаларды көбүрөөк жазып койчу.

Кээде «Сиз теңдүүлөр жетишкен, бай турмушта жашашат. Бизге окшоп жупуну жашашпайт» десем,»Ай, бай жашаганда эмне? Кийерге кийимиң, ичерге ашың, жашаган үйүң болсо болду да. Эмне кереги бар андайдын?» деп койчу. Конокко барабыз, анан аларды да чакырыбыз да. «Конок чакырганда эле силер аялдар бүлүнүп-чалынып каласыңар. Конокко келген киши бар тамакты ичип эле кетиши керек да. Биринчи көйгөй кылып чуркап жөнөйсүңөр. Мага кыргыздын аялдарынын ушинткени көп жакпайт. Тамакка тойбой калдым деп ким айтмак эле» дечү. Ушундай орус мүнөз, батыштыкындай түшүнүктө жашачу.

Аялзаты катары, ушул кишиге сиздин тагдырыңызды буюруп койгонуна бактылуусузбу?
Мен абдан сыймыктанам. Бул кишидей акылдуу, окумуштуу,адамкерчиликтүү кишилер турмушта көп деле жолуга бербейт болушу керек. Салижан Жигитович менен 40 жылдай бирге өмүр сүрдүм. Ушул жылдарды эстеп, мен абдан бактылуумун деп өзүмчө ыраазы болом. Бул киши бир жолу дагы көңүлүмдү калтырып, жаман сөз айткан жок. Майда-баратка кирише берчү эмес. Алака-катышты өзүм жөндөп, жок болсо да бар деп, бул кишини түшүнүп, кыйначу эмесмин.

Маектешкен Нурайым РЫСМАМБЕТОВА, “Лозунг” («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий