Ырысбек ЖАБИРОВ, кинорежиссёр, продюссер: “5-март – Ак калпак күнү!..”

– Ырысбек, өзүңдүн кесибиң экономист экен, анда искусствого, тактап айтканда кино тармагына кандайча ооп келдиң?
– Экономист болгонум менен, жандүйнөмдө чыгармачылыкка бала кезимден эле жакынмын. Андыктан, киного капысынан эле келип калдым деп айта албайм. Айрымдар кээде суроо берип калышат: “Киного акча табуу  үчүн келсең керек?” – дешип. Жок, андай эмес.

– Анда эмне үчүн?
– Билесизби, биринчи (үйрөн­чүк десем да болот) кино тасмам  –  “Кайып булак”. Муну тартыш үчүн мен үйүмдү, машинемди насыяга коюп, 21 миң доллар карыз алып туруп тарткам. Бирок, кинодон кайра бул акчаны кайрып ала аламбы, жокпу, ал кезде таптакыр белгисиз эле. Эгерде акча табууну максат кылган болсом, ошол 21 миңдин беш миңине ал кезде контейнер сатып алмакмын, калган он беш миңине товар алмакмын да, жайбаракат отуруп алып акча таба берет болчумун да.

– “Кайып булактан” кийин “Достор”, “Талак” кинотасмаларын тарттың, ушулардын кайсынысы өзүңдү көбүрөөк канааттандырат?
– Биринчи кино – биринчи кадам сыяктуу. Анткен менен, техникалык жана режиссёрлук жактарын айтпаганда, анын айтайын деген ою жакшы. Ал эми “Достор” пессимист­тик көз карашта болуп калган. Анткени ал заказ менен тартылган болчу. Ал эми “Талак” ал экөөнө караганда мени көбүрөөк канааттандырат. Муну  режиссёрлор Темир Бирназаров менен Эрнест Абдыжапаров да айтты: “Мына эми, режиссёр болдуң”, – дешип.

– Башынан эле искусствого аралашып өстүм дебедиңби?..
– Антип айткан себебим, 1993-жылы Жалал-Абад облустук  Барпы театрына актёр болуп ишке киргем. Андан соң режиссёрдун жардамчысы, директордун орун басары,  облустук телеканалда директордун орун басары болуп 2003-жылга  чейин иштедим. Кийин шаарга келип “Этнос” деген жеке продюссердик борбор ачып, жалаң чыгармачыл адамдар менен иштешип жүрдүм. Деги эле менин борборго келип калуума Рахман Раззыков агайдын эмгеги зор: “Сенин ордуң тигил жакта. Барбасаң болбойт”, – деп шыктандырып атып алып келген. Келип эле агай экөөбүз  бир жылга он миң долларга келишим түзүп, ишке кириштим.  Башкача айтканда: “Ушул бир жыл ичинде сиз үчүн иштеп берем”, – дедим. “Рахман Раззыков тартуулайт”, “Ар бир айдын алтысы” аттуу долбоорум иштей баштады…

– Бул долбоор сеники турбайбы анда? Биз аны Рахман аганыкы деп жүргөнбүз да?
– Антсек деле боло берет. Анткени, менин максатым өзүмдү эмес, Рахман агамды, анын чыгармачыл тобун чыгаруу болчу. Деги эле мен кинодо болобу, эстрада жанрында болобу, өзүмдү продюссер катары тааныштыргым келбейт. Бул терминди өзүмө кийинчерээк эле ыйгара баштадым..

– Эмнеге антесиң?
– Себеби, чыныгы продюссердин өзүнүн базасы, жок эле  дегенде үн жазуучу студиясы болуш керек.  Болбосо, азыр  телерадиодо иштегендин баары эле өздөрүн продюссер атап алышпадыбы.  Ант­кени, кааласа уктуруп, көрсөтө алышат, каалабаса жаптырып салышат. Бирок мен аларга дайыма айтып келем: “Булактын көзүн таптакыр жаап салууга эч качан мүмкүн эмес. Бир жагынан болбосо дагы, бир жагынан бир күнү баары бир чыгып келет”, – деп.  Мисалы, сиздер деле уксаңыздар керек, убагында Рыспай Абдыкадыров агайды бир чиновник өчөшүп, эч жактан чыгартпай койгон экен, ал азыр селсаяк кейпин кийип, эптеп күн кечирип жүрөт. Рыспай агабыз болсо, өзү өтсө да артында ыры калып, жашап келет.

– Азыр улуттук деңгээлдеги дагы бир жаңы долбоорду көтөрүп чыкпадыңбы: “Ак калпак күнү” деген. Атайын жыйын өткөрүп, республикалык телеканалдар, басма сөз беттери аркылуу: “5-март – Ак калпак күнү!” деп жарыя салдың. Бул идеянын жаралыш себебин айтып бересиңби?
– Негизинен, бул көптөн бери эле көкүрөктө жүргөн маселе болчу. Бирок, бир окуядан кийин ал күч алып кетти…

Бир жолу мончого барсам, бир “киргиз” жигит парга кийип отуруп алыптыр. Көзүмө эң эле жаман көрүндү. Анан: “Эй, дос, бул калпак мындай жерге кийе турган баш  кийим эмес! Калпак деген – улуттун баш кийими!” – дедим. Алар бир нечөө экен, анын үстүнө пиво ичип отурушуптур, опурула башташты. Ошентип эки тарап болуп кеттик.

Алардын ак калпакка жасаган мамилеси мени көпкө чейин кы-жаалат кылды. Кийин байкасам, кыргыздын жигиттери ак калпакты үйлөнгөн кезде бир кийип, чечип ташташат экен да, жамандыкта бир кийип чечип ташташат экен.

Кызымды турмушка узатып, келин алып, калпак кийип жүрсөм  тааныштарымдын баары эле мени чоочуркай карашат: “Тынччылыкпы?..” – деп.  Ошондо дагы бир кейи­дим. Анан ойлонуп, кары-жаш, тели-теңтуш менен кеңеше баштадым. Акыры, көпчүлүгү буга макул экенине ынанган соң “Ак калпак күнүн” белгилөөгө белсенип кириштим.

Анан калса, кыргыздын ак калпагы тууралуу  атайын иликтөө-изилдөө иштерин жүргүзсө болот экен. Анын ар бир чийими, ар бир оюу-кыюусу өзүнчө бир турмуштук  ойду, философияны камтып турат. Балким, көптөн бери аны изилдеп жүргөн агалар, эжелерибиз бул маектен кийин, ал тууралуу сиздерге атайын кайрылар деп  ойлойм…

Ошондой эле, албетте, таңуулабайм, бирок “мен кыргыздын жигитимин” деген ар бир мекендешимди  ушул күнү ак калпак кийүүгө чакырам. Ошол эле учурда  мен башымдан ак калпакты түшүрбөй кийгени – көп жакшылыктарга, саамалыктарга туш боло баштаганымды төлгө катары айткым келет. Балким, чыны менен эле ата-бабалардан калган улуттук баш кийимибизди урматтай алсак – учугубуз уланып, чачылганыбыз куралып, жандилибизди жакшылык уялар…

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 25.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий