«Көктөм» сынагы: Азима Сүйүнбекова

Жаз жаңырыгы

Кар алдында уктап жатып чарчаган
Жаратылыш жатты терең дем алып.
Чүрпөлөрүн койнуна ойнотуп
Жер эненин жаны жыргап сеп алып.

Күндүн пири ашык болгон жер эне
Кулпунасың, седеп мончок тагынып.
Ээ жаа бербей, жүрөк каның сыяктуу
Ээн баш суу, агып жатты чамынып.

Жашоо үчүн жанталашып чымчык да,
Күнгө боюн салып өстү чырпык да.
Жакырчылык мыйзамына кызыгып
Көк шиберлер шыкаалашат жылчыкта.

Мезгил мага, мен мезгилге байланып
Шамал кууган сур булуттай айланып,
Кези келсе калам мен да бир күнү
Кучак жеткис кызыл гүлгө айланып.

Жигит селки маңдайыма келишип,
Жанын берээр ак сүйүүгө эришип,
Кан жүргүзөөр токтоп калган жүрөккө
Жайнап чыккан жоогазындан теришип.

Азима Сүйүнбекова,
“Көктөм” сынагына

Соц тармактар:

Добавить комментарий