Чубак Сатаев. ЧАГЫЛГАН ИЗИНДЕЙ ӨМҮР

Чыныгы талант кандай мезгилде болсо да, өз баасын ала алат. Чубак Сатаевдин аткаруусундагы кыргыз жыттанган ырлар азыр да элдин эсинде. Биз гана эмес, казак боордоштор агабыздын ырларын жактырып, жаңы өмүр берип жаткандары сыймык эмей эмне!

Эл оозунда калган Чубак Сатаевди эскерүү кечеси 10-мартта болду.

АККОРДЕОН ШЫГЫН ОЙГОТУП…
Чубак ага 1960-жылы 13-январда Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган. Атактуу агабыздагы таланттын көрөңгөсү апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып жүрүп, кошунасы Мараттын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнүп алат.

Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургунаалы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болот. “Сен олуттуураак ырларга өт” деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. Мына ушул убактан баштап Чубак деген ысым ар бир кыргыздын оозунда, ырлары кулагында боло баштайт. “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшө элек.

33 ЖАШ, 33 ЫР
“Талантынанбы, жылдызынанбы, эл Чубакты көргөн жерден конокко чакырууну сыймык көрүшчү” дешет замандаштары. Кээде чакыргандар кезекке туруп, “сеникине барбайт, мен коюмду союп, күтүп жаткам” деп мушташып да кетишчү экен. Чубак ага да элге өзүн бүтүндөй арнаган бейм. Ошондон улам жайы-кышы дебей гастролдоп жүргөн ырчы ден соолугуна көп көңүл бурбайт.

Чубак Сатаев эки жолу чоң жол кырсыгына кабылат. Биринде велосипед менен келе жатканда машина уруп кетип, мээси чайкалып калат. Экинчисинде Токтогулдан гастролдон келе жатып автокырсыкка кабылып колу-буту сынып, дарыгерлер бутун кесүүнү чечишет. Бактыга жараша, Калык аттуу табып бутун кестирбей дарылап, бутуна тургузган экен. Чыныгы таластыктардай “дерзкий” мүнөз Чубак агага да тиешелүү экен. “Акты ак, караны кара деп балп эттире айтып басып кетчү” дешет. Эч кимден тайманбаган чечкиндүүлүгү менен бирге эле анда боорукер жүрөк жана ак көңүлдүгү, жөнөкөйлүгү басымдуулулук кылган. Ал 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен.

Талант 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышат. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деген боюнча жыгылып калат. Реанимацияда 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен экен.

Чагылгандай кыска жашап, бирок терең из калтырган Чубак ага кыргыздын жүрөгүндө түбөлүк жашайт.

ИНСАНДЫК ТАГДЫРЫ
Ырчынын жеке тагдыры да мазмундуу экенин айта кетели. Чубак Сатаевдин биринчи сүйүүсү курсташына арналган экен. Экөө сүйлөшүп, Чубак ага аскерден кат жазып, келгенде үйлөнүүнү көздөйт. Тилекке каршы, кыздын эки агасы кайтыш болуп кетип, анын туугандары өлгөндөргө сый-урматы бүткөнчө турмушка чыкпасын айтышат. Бирок ата-энеси уулунун үйлөнүүсүн талап кылат. Ошентип, нике кайып болуп биринчи жубайы Айшага үйлөнгөн. Андан Кубаныч, Бакыт, Таалай аттуу үч уулдуу болот. Кийин жылдызы жанып турган маалда экинчи жубайы Кенжеге үйлөнөт. Өмүрүнүн көп бөлүгү ушул аял менен өткөн экен. Бирок экөөнүн ортосунда бала болбойт.

Турмушта Чубак аганы “3” деген сан коштоп жүргөн экен. Туулган күнү – 13-январь, жашоосундагы 3 аялзаты, 3 уулу, 33 жаш, хитке айланган 33 ыры, жадакалса өлгөн жылы да 1993-жылга туш келет.

ЖАКЫНДАРЫ ЭСКЕРИШЕТ…

Кубаныч Сатаев, уулу:
Атам үйдө көп болчу эмес. Келген учурда биз үчүн чоң майрам болчу. Мен 6-7 жашымда атам кийинки аялы Кенжеге үйлөндү. Бирок мен атамдын мээримине, камкордугуна өксүк болгон жокмун. Атам гумандуу, камкор ата эле.
Атам менен Өзгөнгө гастролго барганым эсимде. Концерт бүткөндө эл атамды курчап алды. Атам элдик адам болгон. Эл арасында турганда көзү бажырайып, бапылдап, башкача болуп кетчү. Ошентип, анын кетейин деген ою жок. Менин курсагым ачып, “ата, кетеличи…” десем, “азыр, күчүгүм” деп коюп эле ордунда турат. Негедир атамдын ошол жоругун көп эстейм.
Эң негизгиси, атам “жакшы атанын уулу” деген нерсени калтырды. Ошол мага жетет. Көп жерде атамдын аты менен баркым көтөрүлүп калат. Ал кездин адамдары материалдык байлык топтоону ойлонушпаса деле керек. Атам март болчу. Бир жолу кафеде отурса, ырдатып калышат. Адамдар столго акчаларды таштай беришет. Акча додо болуп үйүлгөндө, атам ага колун да тийгизбестен, кафенин ээсине берип, кетип калган экен.

Кушчубек Сатаев, иниси:
– Агам тууралуу айта берсе, гезит бети жетпей калчудай. Ошондуктан анын бир туугандык жүрөгүн айтып берейин.
Бир туугандардан экөөбүз өзгөчө жакын элек. Чубак агам үйлөнүп, үй салып баштады. Экөөбүз баткак болуп иштеп жатканбыз. Жеңем түшкү тамакты алып келди. Анда тун уулу Кубан кичинекей. Агам аябай баласаак эле, аны колуна алып, эзилип эркелетип калды. Анда жеңем “балаңды жакшы көрөсүңбү же Кушчубектиби?” деп калбаспы. Агам да, мен да жаман болуп кеттик. Жүрөгүм дүкүлдөп, эмне дээр экен деп жатам. Ал “Кушчубекти жакшы көрөм да. Ал менин колума кол болуп жатпайбы” деди. Жаш баламын да, ыраазы болгонумдан көзүмө жаш тегеренип кетти. Эми ким баласын жаман көрсүн, агамдын менин көңүлүмдү сыйлаганы да.
Акыркы жолку элеси да көз алдымда. Түн ичинде чакыртып алды. Барсам, үйүнүн тепкичинде аппак көйнөк кийип, колун чекесине тийгизип, ойлонуп туруптур. Демейде шайыр агам мелтиреп ойлуу. Машинаны оңдотуп жатсам, “мен кеттим Таласка. Көлгө барбайм” деп коштошуп калды. Кетип баратып кайрылып келди да, бооруна кысып-кысып алды. “Мен сени жакшы көрөм, маңка. Болгону, аккордеонду жакшы ойноп жүрчү”,- деди. Караңгыга ак көйнөгү менен сиңип кеткенче тиктеп туруп, жүрөгүм кысылып кетти.


ЧУБАКТЫН ЖОРУКТАРЫНАН
Жубайы Кенже Чубакты аябай кызганчу дешет. Бир күнү эртең менен шылдырак черткен досу Каныбек менен көпкө жоголуп кетишет. «Болду-болбоду жанагы сыра саткан челектин жанында эле» деп ал жакка барса, эки дос эки келин менен отурушат. Алар Чубакты бир көрүү үчүн келген күйөрмандары экен. «Жаштык, жалын чагыңда, ойноп-күлгүн, жалында» деп эми ырдап баштаганда, жанына Кенже пайда болот. Анда ал жеңеме стаканды сунуп, «ме, Кенже, сен сүйлөп койчу» деген экен.

Чубактын бир таанышы Айыл чарба институтунун жатаканасынын коменданты болуп иштеп калат. Ал жерден анда-санда достору менен эс алганга Чубак үчүн бөлмө алып берип коёт. Бир жолу Чубак жатаканага үч күн түнөп калат. Телефон шыңгыраса эле чуркап барып, «комендант слушает» деп ала коёт. «Ай, Чуке, койсоңчу, аялың издеп чалып калса, кармалып калба» деп эскертсе, «бул жакты кайдан билмек эле» дейт. Аңгыча эле телефон дагы шыңгырап калат. Адатынча «алло, комендант слушает» десе, аялы экен, үнүн таанып калып «кайда жүрөсүң?!» деп кыйкырып баштайт. Анда шашып кеткен Чубак ага эмне кыларын билбей «девушка, вы не туда попали» деп трубканы коюп коюптур.

Бир жолу Чубак байке досу менен троллейбуска түшөт. Ичиндеги жүргүнчүлөр «Чубак, Чубак» деп шыбырашып калышса, Чубак катуу үн менен «мен Сыргакмын, КамАЗ айдайм» деген тура, иниси Сыргактын атын сатып.

Нуржамал Жийдебаева, «Супер-инфо», №436 11-17-март, 2011-жыл

Соц тармактар:

Добавить комментарий