Ишенбай АБДУРАЗАКОВ «Сакем ички уңгусу боюнча ар бир кыры жаркыраган көөр таш сымал эле…»

Бир жыл илгери кайсы бир белгилүү адамдын юбилейинин эртеси телефон шыңгырап калды. Тыңшасам Сакем экен, «үйдөсүңбү?» дейт. «Тышта болсом телефонду алат белем? десем, «Баса дейм да, сени кечинде эле эмес, күндүзгү тойлордун баарына чакырышат экен, ансыз той көркүнө чыкпай калыптыр деген сөз угуп калдым эле, болбосо жөн эле келе бермекмин. Болду, мен азыр барам» деп карсылдап күлдү. «Ой, мен азыр тойго кетип бараттым эле. Болуптур эми, сен биринчи жолу телефон чалып келмекчи болгонуң чоң жаңылык. Ошону белгилейли»…

Учурдагы абал боюнча толгон маселелерди талкуулап кирдик. Дүйнөнү бир чарк айланып келген соң демибиз сууду көрүнөт. Кечээки тойду эстеп, ылайыгы келгенсип айтып калдым: «Молдоке (ал экөөбүз бири-бирибизге ушундай кайрылчубуз), көп адам алтымыштан өткөндөн кийин ар бир беш жылда эле той берип жүрүшөт. Эмки жылы сен да жетимишке таянып калат экенсиң. Жакшылап өткөрүп коелу. Көптөрдүн чайын ичтиң, алар күтөт, Сакемдин тоюнда жарпыбыз жазылып, чыныгы тойдун нускасын көрөбүз үмүтүндө өзүңдүн күйөрмандарың кудуңдап жүрөт»… деп , сөзүмдү бүтө электе эле: «Хо… хо… хо…, болду, болду… түшүнүктүү… Эч юбилей өткөрбөйм, молдоке, азгырба. Өзүң билесиң, биз бул дүйнөгө өз каалообуз менен келген жокпуз, кокусунан келип калган соң адам катары башкаларга өрнөк болоор иш да жасай албай жүрүп эле, эй, мен жетимишке келип калыпмын, сүйүнчү бергиле дегенсип, элди чогултуп алып, аларды кошоктоштуруп тизип коюп сөз бергендин өзү эле болбогон нерсе да. Же аларың көңүл ачаар сөз айтпай, бири-бирин кайталап, сени көңүл үчүн мактап турса, а сен болсо, ошол сөздөргө маашырканып, жаш балдар Аязатага кубангандай көзүңдү сүзүп, салабаттуу кыяпат көрсөтүп отурсаң. Эстүү-баштуу адам эмне деп ойлойт? Же мен бир элимди кулчулуктан куткарган каарман болбосом, же аларга айкын жол көрсөтүп, ошого ээрчитип кеткен даанышман болбосом…» — деп адатынча өзүн кичик кылып, адамдык парзды бийик көтөрүп, менин айтканыма көнбөй койду эле.

Тагдырдын жазмышына айла жок да. Өзүнүн тубаса тунук туюму шыбырап, «сен ал күнүңө жете албайсың» деп турдубу, айтор, бүгүн Сакемдин өзү жокто жанын кейитпей ойлогон оюбузду ортого салууга туура келди.

Өгүнү айттым эле: Сакеми биздин коомубуздун бүгүнкү күндөгү өлчөмү менен бааласак, сырткы кеби эмес, ички уңгусу боюнча ар бир кыры жаркыраган көөр таш сымал көрүнгөн талант эле. Анын биринчи кыры поэзияда ачыла келди. «Шуулдаба, терегим, теректерим» элегиясы чебер зергер кынаган сөздөрдүн куюлушкан музыкалык ыргагы арбаган окуучунун эсинен кеткис эстетикалык рахаты менен эле чектелбестен, ички мазмуну да көптөгөн адамдардын карегин ачыштырып, шуу үшкүртүп, ыйлагысын келтирген эмоциялык таасири аркылуу элдин эсине сүңгүп кирип кеткен классикага айланды десек да кыжалат болууга эч негиз жок. Поэзияда Сакем котормо жагына да кызыгып кетти. Башкалардан айырмаланып, ал классикага азгырылбай, бүгүнкү шартка ылайык, өзүнчө энергетикалык касиети бар акындарга кайрылып, анын ичинде түрк акыны Назым Хикметке айрыкча көңүл бура баштаганын уккан соң, орус тили аркылуу которсо акындын өзгөчөлүгүн так чагылдыра албай калбасын деп, Москвадан чакан түрк-орус сөздүгүнө Болгарияда басылган Хикметтин ырлар жыйнагын кошуп алып келип бердим. Өзү да айрым китептерди таап алган экен, баш-оту менен кирип кетти. Кийинчерээк анын котормосун окуп, орусча варианты менен салыштырып, түркчө нускасына да жалпысынан кайрылып көрсөм, негедир, кыргызчасы мага өзгөчө көркөм, ал эле эмес, кыялды алоолонткон сыйкырдуу аурасы бардай сезилип, «Мажүрүм талды» окуганда хроникалык кино көргөндөй, окуялар көз алдыман өтүп турчу эле. Конгениал котормо деген ушул да деп ойлоп койдум, бирок Салижанга аны айткан жокмун — анын сырын билем да: «Ой, молдоке, дагы жетпей калды» дейт эле. Поэзиянын күчү керемет эмеспи, Сакем кайдан окуганын ким билет, мага айтты: «Хикметтин ошол ырын окуп, Ататүрк да көзүнө жаш алып, атаганат, бул адам биз менен болсо болмок экен, коммунист болуп калганын карасаң» деген имиш.

Поэзия багытында иштей берсе кыргыз тилин байытып, стилин кеңейтип да тереңдеткен көп асыл чыгармалар жаралмак. Ал ошол кезде эле устат болуп калеми курчуп, башы ойго, жүрөгү көркөм кыялга каныгып калган. Кайсы жыл экени эсимде жок, Тургуналы Молдобаев, Жолон Мамытов болуп Арсланбапка, андан нары Сарычелекке барып калдык. Жолдо жүрүп, ар нерсе жөнүндө сөз болот да. Барпы, Жеңижок, комузчу Ниязаалы… эстебеген кишибиз калган жок көрүнөт. Азыркы акындарга сөз кезеги жеткенде Жолон айтып калды: «Ыр жазган жагынан Салижан акемден ашкан зергер устатты көрө элекмин. Таң калам. Бирок бу киши өтө эле акылдуу да. Жарыктык киши, саал эле наивный болсо кандай сонун болоор эле» дегени эсимде кыт куйгандай калыптыр.

Проза да жазып көрдү. Бирок эртелеп илимге кирип кетти. Мен бир жолу өзүмдүн түшүнүгүмчө: «ушу сен адабиятта эле жүрсөң улуу классик болот элең. Илимде көркөм чыгармачылыкка убакыт калбай калат» десем, берген жообу бу: «Ээй, молдоке, сен четте жүрүп, бул жердин шартынан алыстап калдың. Бүгүн бизде, кыргызда, ким көп? Адистер, өнөрчүлөр, инженерлер менен техниктер эмес, жазуучу көп. Анын көбү «эмгек сиңирген» наам алган, көкүрөгү орден, медалга толгон. Ошолор өзгөчө артыкчылыгы бар эрке адамдар. Жазган ар бир ыр сабы үчүн итапкан гонорар алышат, китептери том-том болуп кезек менен чыгып турат. Оокат-тиричилигинен кам санабайт. Сынчы болсоң достон душманың көп болот экен, бу биздин жазуучуларга кашкайган чындыкты айтсаң да таарынат, себеби ар бири өзүн өзгөчө талант катары эсептешет. Анын үстүнө алардын кудай берген канаты болбосо, миң жолу сындасаң деле, оболотуп учура албайсың да. Сынчы бу бекер кесип экен.

«Акын же жазуучу болуп, тынч оокат кылыш үчүн жанагы «эркелердин» катарына кошулуш керек. Өкмөт менен партиянын саясатын даңазалап, оң каармандарды ойлоп таап, идеологияга шыкалган чыгарма жазбасаң, гезиттерге майрам сайын ыр жарыялап турбасаң, жогоркулардан эч ким этибар албайт. А мен, кембагал, андай ишке бара албайт экемин. Китеп чыгарыш үчүн бирөөнө барып, ортомчу салып, конокко чакырып, көңүл алыш керек экен, көз каранды болуп калат экенсиң. Мен буга да жарабайм да. Азыр туруктуу айлык алып, катын-баланы багыш үчүн илимден башка жол көрүнбөйт. Аякта ишиңе жараша, алышса-алышып, чалышса-чалышып, теңата болуп жүрөм. Чоңдору менен да теңтуш болуп алдым» дейт.

Кийинчерээк Илимдер Академиясында иштеп жүргөндө сөздөн сөз чыгып отуруп бир окуяны айтып берди — «Элдин баары эле сурайт: Академияда иш көп болсо керек дешет. Мен тамаша кылып: балакеттиби, ал жерде тим эле жыргализм. Түшкө чейин отурам, түштөн кийин шапкемди столдун башка бурчуна тескери каратып коюп кетип калам. Элдин баары бу эми эле сыртка чыккан турбайбы деп ойлошот. Кечинде келип, шапкемди алып кетем» деп койсом, аны дароо эле ошо кездеги партиянын шаардык комитетине жеткизип коюшуптур. Бир күнү шаардагы партиялык уюмдардын секретарларын шааркомго чакырып, ал кездеги биринчи секретарь Карыбек Молдобаев кеңешме өткөрүп, айыл чарбада түшүмдү коротпой жыйнап алыш үчүн күн сайын жардамга кызматкерлерден жиберип тургула десе, академиянын өкүлү башка шылтоо таппагансып, «бизде азыр илимий иштерди жыйынтыктоого убакыт аз калды, бизди бошотуп койсоңор экен» деп сураныптыр. Куру шылтоо экенин дароо түшүнгөн Молдобаев «Академия азыр жыргализм. Аны Салижан Жигитов айтып жүрөт. А киши туура айтат, мен ага ишенем. Бир кишини кыскартпай, Академияны айрыкча контролго алгыла» деп коюптур. Бир маалда эле Тарых институтунун директору мени көрө коюп «Ай, Салижан, сен бул жерде жыргап жүрсөң, эч кимге жар салбай жүрө бербейсиңби, эмне, көрүнгөн көчөдө калжырап, «бизде жыргализм» деп жүрөсүң. Мына сенин айыңдан баарыбызды жумушка айдабатат» десе болобу. Эмне дээримди да билбей «Ой, кечиресиз, бул академиядагы чоң сырды бекем кармап жүрдүм эле, шайтан сайып оозуман чыгып кетиптир. Бирок мен айткам: директорлор эле, байкуштар, куурап иштеп жүрүшөт, биз, калгандарыбыз үчүн жыргализм» дегенмин десем, аргасыз күлүп «Э, бачагар, сенден сөз качып кутулбайт, тилиңди кесер киши жок, жүр, андай болсо шахмат ойнойлу» деп, кабинетине кирип, аны утуп алдым. Мени алая карап «эй, сенде уят барбы?» дейт. «Уят болгон үчүн элдин көзүнчө утуп атпаймбы. Куурап иштеп жүргөн кишинин шахмат ойноого убактысы болбойт, тренировка кыла албайт, а мен жыргап жүргөн кишимин, күн сайын шахмат ойнойм. Кокус сиз утуп алсаңыз, элде тескери түшүнүк болуп калбайбы» деп, баарыбыз шатыра-шатман күлүп алдык.

Ошентип жүрүп романтик-акын досум прагматик-илимпоз болуп кетти. Азыр ойлосом, анысы деле туура болгон экен. Себеби Салижандын кыргыз элинин тарыхына, басып өткөн жолуна, дүйнөлүк агымга байланыштуу кенен кругозору так ошол адабият таануу илиминдеги изилдөөлөрү менен тыгыз байланышта. Улуттук адабиятыбыздын башатынан берки жолду традиция жана жаңылык өңүтүнөн караганда көркөм чыгарма коомдогу абалдын, элдин рухий дүйнөсүнүн, ой жүгүртүү деңгээлинин, интеллектуалдык жана да маданий деңгээлинин күзгүсү экендиги таасын көрүнөт. Мына ушул нерсени объективдүү көрсөтүп берүү үчүн да тийиштүү эрудиция болбосо, идеологиялык шаблондун торуна түшүп, тар көзкараштан сыгылып чыккан келегей жыйынтыктан нары жылыш мүмкүн эмес. Салижан ушул жолдо жүрүп адабияттын ченелүү алкагынан чыгып, жалпы коом таануу, адам таануу дүйнөсүнө багыт алып кетти. Ошондуктан ал кызыкпаган проблема аз эле. Окубаган китеби калбады. Окубаганын башкалардан сурап билчү. Дыкат менен көңүл бөлүп билгиси келген маселелер өтө эле кенен болгондуктан айрым жеке багытына сүңгүп кирген деле жок, бирок замандын өзгөрүү мыйзам ченемдүүлүгүнө байланыштуу ой-пикир боло калганда тим эле кыраан куштай чапчып кармап, эсине сактап алчу. Көп учурда анын чын-төгүнүн башкалардын баамы аркылуу текшерип, эгерде эртерээк айтып койгон болсо тыянактарын кайрадан түздөп турар эле. Ал, менин жеке оюмча, эч качан догманын торуна чалынган жок; мурда ишенип жүргөн нерсе турмушта өзүнүн чындыгын тастыктай албаса, андан дароо баш тартчу, ошондой эле замандын агымына жараша жышаналуу жаңы көрүнүштү калган элдин оюна карабай, колдоп чыкчу. Ошентип, адабияттагы салт менен жаңылык темасы Салижан үчүн турмуштун негизги темасына айланып кеткен. «Туура, бирок ошого жарай турган жаштар барбы? «Аганы көрүп ини өсөт» дегендей, аларга деле улуулардын илдети жугат да» десем, «Жоок, чыгып калды. Мына түштүктү эле алалы. Азыр республикалык деңгээлге көтөрүлгөн түштүктүктөрдү көрүп, быяктагылар ирээнжишкенин да түшүнсө болот. Өзүмдүн ичим чыкпайт. Тааныштык менен, жетекчилерге өтөгөн кызматы үчүн көтөрүлгөнү көрүнүп турат. Азыр билими жогору, камчы салдырбай, аркалыктардан кем калбай иштеп кете турган жаштар бар. Ошолор көз жаздымда калып атпайбы. Себеби алардын сүйрөп кете турган тягачы жок. Трагедия эмнеде? Нукура «кадр саясаты жок…» «Түндүк-түштүк» деген жасалма тирешүү да ошондон чыгып келатат. Иштин көзүн билип, калыс болуп, элдин көзүнө көрүнгөндөй үзүрлүү эмгек кылса, ага ким нааразы болсун. Мына, Раззаков эл оозунда жүрөт. Менимче анын себеби бирөө эле — а киши элди эч убакта бөлгөн эмес, ошол кезде ишке жарамдуу кадрларды жерине карабастан бапестеп өстүрүп көтөрүп турган. Ал жалпы кыргыз элинин намысын ойлогон» дейт.

Мен өзүмдүн кошумча оюмду айттым «Раззаков жөнүндө көп айтабыз, бирок анын эң негизги сапатын эске албай жүрөбүз. Ал эмне үчүн каракылды как жарган калыс болгон? Анын табият берген акылы, зээни, чечендиги өзүнчө маселе. Ал кыргыз чөйрөсүнөн тышкары өсүп, калыптанган адам. Биздин элге мүнөздүү феодалдык, уруу-уруктук психологиянын эпкини тийген эмес. Жетим болгондуктан туш-тушунан тегеректеп ар нерсе сурагандар болбогон. Бөтөн чөйрөдө өскөн адам жеке өзүнүн аракетине таянат, өзүнүн түпкү элинин тагдырына зирек карайт, анын намысы курчуйт. Ошондуктан андай адамдар жалпы улуттук масштабда ойлонот, баарына тең, калыс болот. Өзүң айтып жүргөн Ататүрк элинин тагдыры көпүрөгө асылып калганда, өлкөсүн сактап калыш үчүн кан кечип ажалга түз карап жүрүп курчуса, Раззаков өз элине сырттан көз салып, анын оң-тескери сапаттарын баамдап жүрүп, акыры бийликке келгенде, элди канткенде алга чыгарса болоорун тунук акылынан өткөрүп жүрүп курчуган. Өз элин сырттан караган адам гана ага калыс мамиле кыла алат — алар эртеңки келечекти да даана көрө алат, себеби кечээги менен бүгүнкүнү талдайт, башка элдерге салыштырат, элдин жакшы сапаттарын сактап, кедерги болгон көнүмүшүнөн, эскирген салт-санаасынан кутулуу жолун даана көрө алат» десем, Сакем көздөрүн жүлжүйтө ойлоно калып, сөөмөйүн өйдө көтөрдү да «во!» деп коюп, «ой, сен ушуларды жазсаң боло, бул кызык ой экен» дейт.

Сакем эч убакта кызаңдап талашчу эмес. Тек гана монолог айтып аткандай ойлогон ойлорун жобурап шуруга тизгендей уланта берчү. Кээде карс-карс күлүп алып, кыска формуладай ачуу жыйынтык жасап койчу. Анын айткандарынын наржагында кашкайган чындык жатса да, кээде анын айрым сөздөрү, репликалары көп адамдарды чычалатып жибергенин эске алып: «байкап сүйлөсөңчү» маанисинде кеңеш берген күндөр да болгон. «Ой сен, молдоке, көп жыл дипломатияда жүрүп» өтө эле сак болуп кеткенсиң да. Бизде четин чыгарып сылык айткан пикир кулактын сыртынан кетет. Ачуу айтсаң — эси бар адамга ошол жетет, жетпеген адамга айтып кереги эмне? Кыргыз интеллигенциясынын көздөрү желкесинде» десем таарынышат. Ошол таарынычтын өзүндө эле мандем бар да. Бүт дүйнөдө илим-билимге, технологияга, кумурскадай талбаган эмгекке таянган эл алгалап баратканын өзүң айтып какшап жүрөсүң. А биздин интеллигенция жомок айтып, иллюзияга чөмүлүп кетти. Биз кыйынбыз, байыркыбыз, баатырбыз дешет. Андай болсо эмнеге кембагал болуп, элибиз тентип четте жүрөт? Балдарыбызды өнөргө, адистикке, мээнетке үйрөтүш керек. Бизде өксүк комплекси болгондуктан өзүбүздү кыйынбыз деп сооротуп жүрөбүз. Өнүккөн элдер небак мифология угутунан өскөн ой жүгүртүүдөн чыгып, рационализм, практицизм, прагматизм жана башка акылга байланган «измдер» менен жашайт. Ансыз прогресс болбойт. Же жалганбы? Мен какшап айтып жүрөм: биз кыргыздар артта калганыбыз — кашкайган факт. Бирок ал кыргыздардын башы иштебегенден эмес, алардын башы башкалардан кем эмес, себеп — ошол башты иштетиш үчүн тийиштүү шарт болгон эмес, биз азыркы заманга ылайыктуу ыкмага өтүшүбүз улуттук тагдырдын маселеси…

Ушуларды айтып келип, «сага бир тамаша айтып берейин. Өзбекстандын бир куудулу бар. Телевизордон көрүп алып күлдүм эле. Ал мынтип атпайбы: өзбектердин калласы барбы? Бар. Алар качан иштейт? Эй, шашпагыла. Убакыт келет. Мына, көрсөңөр, япондордун калласы кичинекей-кичинекей болот экен. Эмне үчүн? Себеби алар көп ойлонуп, иштеп жүрүп кичирейип баратат. Биздин өзбектердин баштарын караң баарысы чоң-чоң. Алар азырынча ишке кирише элек. Алар азыр — запаста… Ошолор иштей баштаганда «бизге оомат келет» дейт. Мына өзбектерге өкмөтү рынокко ылайык шарт түзүп берсе дүрт этип өсүп кетет. Булар абдан иштерман эл да. Тажиктер да ошондой. Алар алгалап кетсе, ошондо кургур биз кантебиз? Мына бизде байлар пайда болду. Бирок карап көрсөң, токсон пайызы чиновниктер. Демек, бирөөнүн ырыскысын тартып алгандар. Алганын актап, жок дегенде дурусураак иштеп берсе да бир жөн. Булар микробго окшоп кирген эле жерин чиритип атпайбы… Анан кантип оңололу.

Тамашага аралашкан, бирок элдин тагдырына байланыштуу сөздөр көп болгон. Ал кандай күлкүлүү сөз айтса да, анын өзүнчө бир моралы болор эле.

Менин пикиримде, кийинки кезде аны айрыкча түйшөлткөн маселе кыргыз элинин тагдыры, анын келечеги өңдөнөт. Мага кезиккенде бул маселени көтөрбөй койчу эмес. Бүгүн анын айткандарын эстеп көрсөм, негизги тезистери төмөнкүлөр болчу: кыргыз эли узак убакыт башкалардын көрсөтмө акыл-насаатына баш ийип жүрүп, өзүн өзү башкаруу ыкмасын унута баштаганда, улут катары толук сезимге жете электе эгемендик түндүктөн түшкөнсүп келип калгандыктан, анын кадырына жете албай, эски оорусу кармап, трайбализм жолуна түшүп кетиш коркунучу көпкө чейин сакталышы да ыктымал. Ушул тапта эли үчүн бардык пендечиликке кайыл болуп, күйүп-жанып иштеп бере турган инсандын карааны көрүнбөйт. Эгемендүүлүк үзүрлүү болуш үчүн ар бир жаранды ак эмгек менен акыйкатчылыкка багытташ керек эле. Бизди тескери жолго салып коюшту.

«Чала молдо дин бузат» дегендей эле, демократия менен эркиндикти өз башынан өткөрүп, көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезбеген адамдар бийликке келип эмне кылыш керектигин терең түшүнө албай, илгерки Таманго абалын элестеткен жолдо баратабыз. Лидерлерибиз саясий-экономикалык альтернатива аркылуу атаандашкандай дарамети жок, кызматка илинсе эле болду, калганына кайыл. Ататүрктөй эрен чыкпады. Интеллигенциябыз — арабөк калган немелер — элди алдыга багыттагандын ордуна артка түртүп, популизм күч алып баратат. Эми бир эле үмүт калды — мынабу бузула элек жаштарга таяныш керек…

Жеке өзүм, арийне, Сакемдин айткандарынын бир гана бөлүгүнө күбө болдум. Балким, башкалардан көбүрөөк да, узагыраак да, кененирээк да сүйлөшкөнү мен болгондурмун. Ошондой болсо да мен жалгыз эмес элем. Анын ой бөлүшкөн адамдары өтө эле көп болчу. Бүгүн ойлосом, Сакеме тургуза турган эстелик катары аны менен аңгемелешкен адамдар эстутумун чыңалтып, жадында калган сөздөрүнүн ток этер жерлерин жазып берип, анан окурмандарга өткөрүп берсек чоң иш кылган болор элек. Бул мурас келечек муундар үчүн өзүнчө бир баа жеткис казына болуп калаары шексиз.

«Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий