Салижан Жигитов жубайы Кимия Токтосунова менен

1964-жылы баш кошушкан. Бир уул, бир кыздын ата-энеси.
Үч неберенин чоң ата, чоң апасы.

— Кимия эже, «Тирүү өлөт, жердин койну — жатагы. Изи калаар, болсо жакшы атагы» деп Жусуп Баласагын айтып кеткендей, Салижан агай жашоого из калтырып, атагы алыска кетпедиби…
— Үй-бүлөсү… Китепкана бөлмөсү… Агайыңардын жыйнаган китептери… Бардыгы эле ордунда турат. Бир гана жаркылдаган кожоюнубуз жок… Молдокемдин (агайыңарды ушинтип айтчумун) жандүйнөсү китеп менен болду. Өмүрү китеп менен өттү…

Хоббиси — китеп жыйнамай болчу. Кайсы өлкөгө (Түркия, Ташкенттен 600-700дөй китеп алып келген) барбасын китеп эле алып келе берчү. Жакында эле Кыргыз-түрк «Манас» университетинен оордугу 50 килдей китеп келди. Жыйнаган китептери китепкана бөлмөсүнө батпай кетип, балконго чейин чыгып калды. Өзүнүн китепканасы бар болсо да, Улуттук жана Чернышевка китепканасына тынбай бара берчү. Ушул эки китепкананын эң көп барган кардары молдокем эле десем жаңылышпайм.

— Жыйналган китептерди эмне кылалы деп жатасыздар?
— Мынча китепти үйгө кармап эмне кылабыз, андан көрө студенттерге пайдасы тийсин деген ой менен «Манас» университетинен бир бурч сурап жатабыз. Эгер берип калса, ошол жакка өткөрүп берсек деген ойдобуз.

— Агайдын китептерине көз чаптырсак, сырты айрылып калыптыр. Кайрадан жаңыртып берели деп кол сунган адамдар болуп атабы?
— Молдокем өмүр бою кичинекей, жука китеп чыгарып, анысы да 3000 нускадан ашкан жок. «Эмнеге үч миңден нускаңыз ашпайт?» деп кейип калсам, «көп чыкса өтпөй калат, аз чыккандыктан таланып калбай калып жатпайбы» деп каткырып койчу. Эскилиги жетип калган китептерин чогултуп, нускасын көбөйтүп, өзүбүз үчүн чыгарып алалы деп максат кылып олтурсак, депутат Болот Шерниязов мен чыгарып берейин дептир, анан ага ыраазы болуп олтуруп калдык.

— Балдарга арналган «Кичинекей ханзаада» аттуу жомок китебинен барбы?
— Ал жомокту 1964-65-жылдары кыргызчага которбоду беле. Ошол китеп Кыргызстанга конокко келген француз жазуучусу Антуан де Сент — Экзюперинин жээнинин колуна тийип, жагып калып, «кайрадан басып чыгалы» деп авторго сунуштап, макулдугун алып, өздөрү демөөрчүлүк кылып чыгарышкан. Бул киши шашпай турса, алар автор катары белекке беришмек да. Алардын чечимин күтпөй 100 долларга сатып алып, үйгө толтура китеп алып келген. Туугандарга, тааныштарга тарап, калбай баратканда «кийин неберебиз окуйт» деп мен экини алып, сандыкка катып койгом. Бир күнү «Бельгиядан бир киши келип, автордун автографы менен сурап жатат, бирди таап берсеңер, эч жерде жок экен» деп үстөккө-босток бир бала телефон чалып калды. Катып койгон китептин бирөөсүн боорум ооруп бергем, бирөөсү дагы эле катылып турат.

— Чыгармачыл адамдын жары болуш кыйын бекен?
— Чыгармачыл адамдын жандүйнөсүн түшүнбөсө өтө кыйын. Молдокем «Кожоюн катары менден бир нерсе сурап тынчымды албагыла. Себеби мен үйдүн маселесин көп түшүнө бербейт экем. Тапкан тыйынымдын баарын силерге алып келип берем, өзүңөр керегиңерге жаратып алгыла» деп колума акча карматып, үй чарбасы менен иши жок болчу. Атүгүл үйдү сырдап, актачу эмес.

— Дайыма шайыр жүргөн киши эле. Ачууланган учуру болчу беле?
— Китепкана бөлмөсүнүн чаңын сүрткөндө китептери ордунан жылып кеткенде, мени чакырып алып: «Мен кыз кишиге катуу айта албайм, сен кыздарыңа айтып койчу, менин китептериме тийбей эле коюшсун. Керек болсо өзүм чаңын сүртүп коем. Мен силердин идиш-аягыңарга тийген жокмунбу, силер да менин китептериме тийбегиле» деп ачууланчу. Көрсө, ачууланганын жүйөсү бар экен. Ар бир текчеге бөлүп, тизип койчу экен. Бир китеби жоголуп кетсе, кудай бетин салбасын, анда жер астын-үстүн болуп кетчү…

— Агай конокко барганды жакшы көрчү беле, же конок тоскондубу?
— «Той-топур болуп турсун, бирок мен бара албайм. Андан көрө бир макала жазганым жакшы эмеспи» деп чакырган жерге оңой менен барчу эмес. Мен конокко барабыз дегенде бир күн мурун ага кошомат кылып, сүйөп-таяп, үгүттөп араң көндүрчүмүн. Ошондо да кыйылып араң барчу. Баргандан кийин да сүйлөп, белек-бечкек тапшырылгандан кийин «эми силер эт жемейинче кетпейсиңер да, мен кете берейин» деп кетип калчу. Конок чакырганды жакшы көрчү. Чакырарын чакырып алып, унутуп койчу. Бир жолу сый кишилерди конокко чакырганы менен жолдон аларга кошулуп калыптыр да «Силер каякка баратасыңар?» деп сураптыр. «Сиздикине, сиз бизди чакырбадыңыз беле» десе, «а кокуй десе, мен унутуп койгон турбаймынбы. Чернышевка китепканасынан келатат элем» деп күлүп калат. Алардын астынан кирип, төргө өтүп кеткенин деле байкабай калчу. «Молдоке, төрдү конокторго бербейсизби…» десем, «мына, эми өз үйүмдөн да төргө олтура албайм. Көргөн күнүм курусун, ушинтип төргө отургузбайт» деп тамашалап олтуруп, ыңгайсыз абалдан чыгып кетчү. Дагы бир артыкчылыгы кызматтан түшүп калган адамдарды конокко чакырчу. «Ал эмнеңиз, эл кызматын куттуктап чакырат экен, сиз болсо табалагансып…» десем, «кыргыздын эң жаман жери кызматта турганда көкөлөтүп, кеткенден кийин карабай калган жаман адаты бар. Мына ошодон арылышыбыз керек. Буларга азыр жакшы сөз айтып, көңүлүн көтөрүшүбүз зарыл» деп калчу. Адамдын көңүлүн калтырбаган, таза, калыс, шайыр адам эле. Өтө жөнөкөйлүгүнөн студенттери менен деле теңтуш катары сүйлөшө берчү. Анан алар дагы агайына эркелешчүбү, айтор, акча сурай беришчү экен. Эгер жанында акча жок болуп калса, бирөөдөн таап берип, кийин өзү айлыгынан берип кутулуп койчу дешет. Негизи тууган-туушкандарын, жоро-жолдошторун, жердештерин жогору койчу. Жердештери келип калса, отургузаарга жер таппай, берээрге ашын таппай калчу. Өтө ак көңүл болчу. Бирөөнүн ишин өзүнүкүндөй чуркаганы менен өз балдарына анткен жок. «Атадан калган дүнүйө балага байлык болбойт» деп илгертен айтылат. Анын сыңарындай, ар ким ак эмгеги менен акча тапса, ошол буюрат. Мен уул-кызымды окуттум, кийинттим, китепти болсо жыйып койдум» деп койчу.

— Уулуңардын үч жолу үйлөнгөнүн агай кандай кабылдады эле?
— Ой ал киши урушмак түгүл, аны кагып-силккен да эмес. Мен «бул эмне кылганың» деп Акбарды катуу урушсам, «баланы өз оюна койчу. Тың балдар кайра-кайра үйлөнө берет турбайбы…» деп каткырып койчу. Бирок неберелерин айтып, кайгырып калчу…

Акбар өңү жагынан мага окшош болгону менен чарбага жок жагынан атасына окшош. Ал эми Салима болсо адамды тамашалаган, сөздү таап сүйлөгөн жагынан, шайырдыгы, жада калса өңү да атасына окшош. Ал эми окуу жагынан экөө тең тың. Китеп окуган жагынан атабыздан үлгү алганбыз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, балдарыбыз жаман чыккан жок. Экөө тең жогорку билимдүү. Акбар КУУнун тарых факультетин, Салима юрфакты бүткөн. Кызыбыздын жеке менчик адвокаттык контора ачкан. Ошол иши менен алектенүүдө. Уулубуз болсо турмуштун агымына жараша иш алып барууда. Анын үч кыздары чоңоюп калды. Улуусу Кыргыз-Славян университетин бүтүргөн. Ортончусу Англияда. Кичүүсү алты жашта.

— Канча бир тууган эле?
— Төрт (агасы, эки карындашы) бир тууган болгон. Агасы балык кармайм деп барып, айлампага чөгүп кеткен экен. Агасынан бир уул, үч кыз калды. «Ата ордуна ата болуп мен буларды бутунан тургузушум керек» деп алдына милдет коюп, тапкан -ташыганын баарын айылга жөнөтүп, алардын баарын жогорку билимдүү кылып, үйлөнтүп-жайлантты. Бир туугандарын көп ойлоп, көп кейүчү…

— Көп кейигенден чачы түшүп калган турбайбы?
— Жашынан ички органдарынын баары ооруп, ооруканага көп жатыптыр. Ошондо эле чачы бириндеп түшө берип, 2-3-курска келгенде көп түшүп, суюлуп кеткенин айтып калчу. Уул-кызы да төрөлгөндөн эле атасын чачы жок көрүшпөдүбү… Акбар 5-класста окуп жүргөндө, чачы бар сүрөтүн көрүп, «ата, сизде да чач болду беле?» деп сурап жатпайбы. Анда да балага тарбия болуп калсын деп «Болгон уулум. Эгер сен жакшы окубасаң, тентек болсоң, калган чачымды жулуп салам» деп коркутуп жатпайбы. Баео балабыз «Кой, ата, антпеңиз, жакшы бала болом» деп атасынын бирин-серин чачын тарак менен тарап, башын сылап калчу.

Бир кезде кыз-келиндерге парик мода болуп кеткен. Мен дагы эл катары парик кийип калдым. Күн ысыкта чечип койсом, Акбардын кызы куурчак кылам деп тоголоктоп ойноп жүргөн. Жазбы, күзбү эсимде жок. Суук болуп калган кез. Бир күнү жумуштан келсем, ошол парикти Молдокем кийип алыптыр. «Бул эмне кылганыңыз, бирөө көрсө эмне дейт? Чечиңиз» десем, «Ой, мунуң жылуу турбайбы. Башым үшүп, кийип алдым…» деп чечпей бизди бир топко боорубузду эзген. Анда дагы «досум Ишенбай Японияга көп барат эмеспи. Ага эркектин паригин заказ кылып, алдырайын. Анан Жазуучулар союзуна кийип барам. Ал жерде талаш-тартыш көп болот. Ачуум келип баратканда паригимди үстөлгө бир чаап алып кетип калам» деп кыялданып калаар эле. Өзү бала кыял болчу.

— Агай бала кезинде кандай болуптур?
— Кичинесинен эле китептин көп окуптур. Өзүнүн айтуусу боюнча 5-класста эле Көлдүк айылынын китепканасындагы китептин баарын окуп койгон. «Көлдүк боюнча вундеркинд болуп чыкпадымбы» деп күлүп калчу. Алгач калемди 6-класста кармап, «Тазабек агайга» деп ыр жазыптыр. Ошондо эле «Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш» гезиттерине макала жазчу экен. 1959-жылы КУУнун филфагын ийгиликтүү аяктап, алгачкы эмгек жолун айылынан баштаптыр. «Агай бизге жакшы сабак берген» деп окуучулары алигүнчө тамшанып, сыймыктануу менен айтышат. Адамгерчилигин да айтып, баа берип келишет.

— А сиз агайды биринчи көргөндө кандай баа бердиңиз эле?
— Анда мен 21 жашта элем. Жаш болуп, чамгарактап турган чагым. Чынын айтсам, мага көп жага берген эмес. «Бою кичинекей турбайбы, чыкыйып турбайт экен» десем, досу Ишенбайдын жубайы (бизди Майрам эже тааныштырган) «Сырткы кийимди кийгизсе болот, ал эми ички дүйнөнү жасай албайсың. Костюм-шым кийгизип, мойнуна галстук тагуу сенден. Мындай идеалдуу кишини табыш кыйын, андыктан ойлон» деп койсо, керемет киши окшойт деп макул болгом. Студент кезимде турмушка чыктым. 10 рубль алам. Ишенбай досунун үйүндө жашап калдык. «Ашказаны ооруйт, диета кармайт. Режим менен тамак жасап бер» деп досу айтса, тоок алып келип, аны үчкө бөлүп шорпо кылып «Ишенбай, молдокенин тамагына тийбе, экөөбүз куурулган тамак жейбиз» десем, «антпечи, мени ыңгайсыз абалда калтырып жатасың» деп молдоке урушат. Ошондогу жоругумду «меникинде жашап жатып, тамак жебе деген» деп азыркыга чейин Ишенбай тамашалап айтып калат. Батирде беш жыл жүрүп, көчүп-конуп жүдөгөн учурлар болгон…

— Агай чыгарма жаратканда тынчтыкта олтуруп жазчу беле?
— Жок, такыр андай эмес болчу. Илхому каерден келсе, ошол отурган жеринде башын көтөрбөй, алты саат козголбой жазчу. Аны бир эле жазып ыраазы болчу эмес, он жолу жазып, он жолу оңдочу. Мен ашказаны бузулат деп жанына тамак-аш алып келип берчүмүн. Китептерди укмуш окучу. «Койсоңуз боло. Мээңиз кургап кетпесе болду» десем, кайра: «Силер аял кишилер китеп көп окубайсыңар. Бир нерсени бирөөдөн угуп алып сүйлөйсүңөр. Бирок аял кишинин ошондой эле болгону жакшы» деп койчу.

— «Сага» аттуу ыры сизге арналган жок беле?
— Жок, Студент кезинде Сайракан деген курсташ кызына ашык болуптур. Ал сүйгөнүн Майрам эжеден уккам. «Сайракан эжени сүйүп сөз айткан турбайсызбы, макул болбой коюптур го…» десем, «Сүйдүм деп Сайраканды алып алсам, «мага муну, тигини алып бер» деп жүдөтмөк экен. Себеби ал колунда бар кыз эле. Менин бир туугандарыма караган, түшүнүктүү кыз алсам деп тилегем, Кудай тилегимди берди» деп кутулуп кеткен. Эми ал бала кездеги сүйүүсү экенин жакшы түшүнчүмүн, кантер экен деп тамашалап койчумун.

— Идеалдуу адамда деле кемчилик болот эмеспи…
— Албетте. Даяр турган кийимди кийгенден эринчү. Өзүн карабаган жагынан биринчи орунду алчу. Мен ишке сегизде, ал киши тогузда кетчү. Тамак-ашын подноско салып, кийим-кечесин столго илип, бут кийиминине чейин жөндөп кетчүмүн. Ошентип кетсең да байкабастыгы бар эле. Бир жолу Ак үйгө бир бутуна кара, бир бутуна күрөң ботинкасын кийип кетиптир. Ар кимди тамашалап кетип бараткан жеринен бирөө «Агай, сиздин ботинкаңыздын түсү эки башка го» дептир. Мага телефон чалып: «Тезинен Нуралыны тапкыла. Машина керек болуп жатат. Машинаны ступеньканын жанына алып келип койгула. Мен эки башка түстөгү ботинка кийип алыпмын. Жарыкка чыксам көрүнүп, уялып жатам. Элдин баары көрүптүр, мен байкабай жүрө берипмин» дейт. «Мен Нуралыны кайдан тапмак элем. Болоору болуптур да, баары көрүп койгондон кийин эмнеге уяласыз, жүрө бериңиз да» деп койдум. Ошондон кийин күрөң ботинкасынын жанына кара ботинкасын койбой калдык. Анткенибиз менен деле бир күнү Салима кызыбыздын ботинкасын кийип кетиптир. Анда дагы «Мен байкабай Салиманын бут кийимин кийип кетипмин. Керек болуп калса, издеп калбасын» деп үйгө телефон чалат. Салима: «Мен ботасы кийип жүрөм, кереги деле жок. Бирок бир аз такасы бийик эле, ошону кантип байкаган жок дейм да…» деп күлөт.

— Эмнеге нааразы болчу?
— «Өзүмө өзүм бир аз нааразымын. «Кызыл күүгүм» деген романымдын аягына чыкпай кала турган болдум» дечү. Ошону улантсам деп тилек кылчу. Түркчөдөн кыргызчага, кыргызчадан түркчө китеп которуш керек эле. Көп пландар аткарылбай кала турган болду» деп кейип калчу.

— Сиздерге керээз кылып, эмнелерди айтып кетти эле?
— «Өлүмгө түз караш керек. «Рак» деп айтып атышат. Илимге, билимге мурас калтырдым, ошол деле бир топ артыман сөз болоор» деп айтып калганда биз уккубуз келчү эмес. Уулубузга: «Акбар, мен өлгөндө, өтө чыгым болбогула. Мен бөөдө чыгымды жаман көрөм, билесиңер» деп айтса, атасын жанындай жакшы көргөн уулу жашып кетчү. Агасынын уул-кыздары ооруп жатканда көргөнү келип калышты. Аларга да: «Көзүм өтүп кетсе, Оштон келип убара болбогула. Жол алыс, кыйналасыңар. Анын үстүнө жолкире да кымбат. Андан көрө ошол жактан мал союп, куран окуп койгула» деп алардын да жүрөгүн ооруткан. «Антпеңиз аба, бизге бата берип коюңуз» дешсе, «Ынтымактуу, биримдикте жүргүлө. Бакытты (агасынын баласы), Султанды (Бакыттын баласы) карап, колдоп жүргүлө» деп аларды таза ойго салган… Абдыганыны үйгө чакырып: «Сен менин ордумдагы кызматты ээлеп кал. Дегеле жазганды билесиң, билимдүүсүң» деп айтса, «Агай, ойлонуп көрөйүн. Азыр бош жүргөн жокмун, китеп жазып жатам,» десе, аябай сүйүндү… Кетип калат деп ким ойлоптур…

Кетерине эки күн калганда күч топтодубу, айтор жакшынакай болуп туруп, университетке кетти. 45 мүнөт дарс окуптур. Бир саат саясатты сүйлөптүр. Ашканага кирип тамак ичиптир. Кечикти деп телефон чалайын деп терезени карасам келатыптыр. «Мен сууга түшөйүн» деди. Ваннага суу толтуруп койдум. Ваннага кирсем, тамашакөй адам эмес беле, анда дагы жөн турбай, көзүн жумуп алып, ваннанын тешигине тыгып койгон пробканы алып бетин жышып жатыптыр. «Бул катуу эме, бетиңизди кырып кетпейби» десем, «мен самын экен деп ойлопмун» деп күлүп койду. Суудан кийин бир саат уктады. Эшикке чыгып, бат эле кирди. Эртең менен турганда «белим бир аз ооруп калыптыр» дегенинен ооруканага барып, анализ тапшырып келдик. Суюк тамак ичип, созулуп эле калды. Баарына ыраазы болгондой түз жатып, уктап жаткан кишидей болуп кете бербедиби… Дагы жашай турса жакшы болмок… Анын үстүнө гемоглобини төмөн түшүп кетиптир…

— Спорттун күчү менен жетимиш жашка келди деп уктук эле?
— Спорт боюнча күндөлүк тартиби бар эле. Эртең менен эрте туруп, ишине чейин бир саат спортко көңүл бурчу. «Чыгыш-5тен» «Көк-Жарга» чейин, мектептин тегерегинде чуркачу. Мектептин аянтчасын тегеренип, чуркап жүрсө, бирөө «сиз Сатымкул Жуманазаровсузбу?» деп сурады деп күлүп жүргөн.

— Кимдер менен дос эле, кимди катуу тамашалачу эле?
— Эң жакшы көргөн кыйышпас досу Ишенбай. Алымды, Нуралыны, окуучусу Абдыганыны жакшы көрчү. Жумуштан кийин Нуралыга жолукпаса чери жазылчу эмес. Силердин редакцияңарга барбаса башы ооручу… Тамашалаган жагынан Кеңешти катуу тамашалады. Кеңеш бир сырдуу, оор басырыктуу, мүнөзү сонун киши экен, күлүп коюп олтура берчү.

— Агай каяктын күйөө баласы эле жана канча бажасы бар эле?
— Алайдын Күлчө айылынын күйөө баласы болчу. Уруубуз баргылар. Атам: «Алымбек датка бизге жакын тууган болот. Биз үч атадан барып кошулабыз» деп айтып калчу. Курманжан датка чоң энемдин курбусу болуптур. Мен сегиз бир туугандын (үчөөнүн көзү өтүп кеткен) улуусумун. Бизди ата-энебиз жогорку билимдүү кылды. Беш күйөө бала тең мугалим болуп чыкты. Молдокем бажалары менен өтө сый мамиледе болду.

— Эмне үчүн атыңыз Кимия деп аталган?
— Албетте, кызыгып сурагандар да, «каухардан да, алтындан да кымбат баалуу кимиё деген асыл таш» деп жандыргандар да көп болду. Өзүм да сөздүктөн карап көрсөм «кимие — философиянын ташы» деген сөз экен. Ал эми Молдокем тамашага салып, ар түрдүү нерсеге жоруп, күлдүрө берчү. «Химияжан-Физикахан» деп койчу. Мен физфакты бүткөм, ошого байланыштуу айтчу. Айтор, атымдын тарыхы мындай болгон. 1943-жылы күн суукта төрөлүпмүн, киндигимди кошуна өзбек аял кесип жатып: «Келечекте жакшы кыз болот. Ысмын Кимияхан деп атагыла» дептир.

Мектептин аянтчасын тегеренип, чуркап жүрсө, бирөө «сиз Сатымкул Жуманазаровсузбу?» деп сурады деп күлүп жүргөн.

«Салима кызыбыздын ботинкасын кийип кетиптир. Анда дагы «Мен байкабай Салиманын бут кийимин кийип кетипмин. Керек болуп калса, издеп калбасын» деп үйгө телефон чалат. Салима: «Мен ботасы кийип жүрөм, кереги деле жок. Бирок бир аз такасы бийик эле, ошону кантип байкаган жок дейм да…» деп күлөт.»

P.S. Бул маек 2006-жылдын 17-мартында «Бишкек таймс» гезитине жарык көргөн. Беш жыл мурун берилген убаданын канчасы аткарылып, канчасы аткарылган жок деген таризде кайрадан Кимия эжеге барып калдык. «Молдокемсиз беш жыл жашап коюптурбуз» деп үшкүрүнүп алып, сөзүн улады: «Үйдөгү китепканасын көчүрүү, тагыраагы, студенттерге жардам иретинде Кыргыз-түрк «Манас» университетинен бир бурч сураган элек. Ал 2007-жылы ишке ашып, «Жал» кичирайонунда ачылды. Садык Шер-Нияз 2006-жылы Молдокемдин «Жаңырык» аттуу китебин 1000 нуска менен чыгарып берди. 75 жылдыгына карата бир топ китеби даярдалып, «Бийиктик» басмаканасына алынып кеткен. Бирок, чыга элек. 75 жылдыгына жетишпей калышты го, кийин чыгат окшойт. Молдокем жөнүндө даректүү тасма тартылууда. Биз билгенден ушул. Туулган күнүндө мал союп, куран окутканы жатабыз. Ар аптанын бейшемби күнүндө куран окуп, ай сайын көрүстөнүнө барып турабыз». «Түшүңүзгө киреби?» десек, киргени менен карааны алыстан көрүнөөрүн, тээ алыста туруп караарын айтты…

«Менин кийимдериме жакын болчу. Бир күнү үйгө келсем, менин төшүндө гүлү бар жемпиримди кийип алып диванда жатыптыр. «Чечиңиз, бирөө көрсө уят» десем, «Ой, мунуң укмуш жылуу турбайбы» деп чечпейт, эшик чырылдаса чуркап барып эшикти ачып боорубузду эзген. «Кудай мени ичип кетпесин деп ашказанымды оорутуп койгон окшойт. Болбосо ичип кетмек экем» деп тамашалап калчу. Негизи ичимдикке жок болчу. Дарылык үчүн гана 50 грамм алып койбосо, иччү эмес. Тамекини жакшы эле тартты» деп ал күндөрдү эже жылмаюу менен эскерди. Кээде үшкүрүп, кээде жылмайып күн кечирген Кимия эже баягы беш жыл мурункудай эмес. Атайын токтолуп сөз кылбаса да, Салижан агабызсыз үй-бүлөлүк бак-дөөлөт канчалык кемигени көзүнөн, ар сөзүнөн билинип турду.

Салима ЖИГИТОВА: «Кедей Жигитовду деле кабыл алып койгулачы» дептир»

— Салима, сиз атаңыздын белгилүү адам экенин канча жашыңызда билдиңиз эле?
— Менин атам тарыхта таза киши болуп жазылып калды, мен ошого кубанам жана сыймыктанам. Атамдын бизге болгон ишеничи чоң эле. Ошондуктан анын атын булгабай, биз дагы таза бойдон сактап калабыз. Мен атамдын акын экенин мектепте окуп жүргөндө эле билчүмүн, бирок терең түшүнчү эмесмин. Себеби, орус класста окучумун. Ошентсе да атам жазган китептерин мектепке алып барып, классташтарыма фамилиясын көрсөтүп «менин атам жазган» деп мактанчумун. 9-класста окуп жүргөндө, атамдын 50 жылдык мааракесин ой-боюна койбой, чакан столдо белгилеп калдык. Эл кеткенден кийин, достору «эми сени мактайлы» деп калышты. Өскөн Даникеевичтин жубайы Зина эжеге тост келип, «Элегия» деген ырың гениалдуу ыр» деп калды. Эмнеге бул ыр мынча макталды деп кызыгып, ошол ырды таап алып окудум, бирок терең түшүнгөн жокмун. Бир күнү атамдын китепканасынан керектүү нерсемди издеп жатып «Элегиянын» орусча котормосун таап алып, окуп, атамдын талантына таазим кылдым. Анча-мынча ыр жазып калчумун.

Ошону атама көрсөтсөм, «жарабайт» деп койду. Бирок капа болбой, өзүм үчүн жашыруун, атамдын стилине окшоштуруп жазып жүрө бердим. Экинчи жолу атамдын алдына келип, ырларымды окуп берсем, көпкө чейин үндөбөй олтуруп, «китеп кылып чыгарбайсыңбы» деп койду. «Ураа, экзаменден өттүм» деп аябай сүйүнгөм.

— «Акын боло албаган адам сынчы болот» деп айтканы бар эле. Өзүнүн ырлары өзүнө жакчу эмес беле?
— «Акын болуш кыйын. Акындын да ыр жазар убактысы болот. 20 жаштан 35 жашка чейин жакшы ыр жаралат. Жакшы ыр жаралбагандан кийин сынчы болуш керек» деп айтчу. «Акынга талант берип койсо эле болду. Бир жазып койсо эле өзүн гениалдуумун деп эсептегендер бар, жазганын кайра карап чыгуу деген жок» деп кейип калчу. Атам өзүн да сындай билчү. 30-40 жыл мурун жараткан ырларын да оңдоп олтурчу. Мен кыргыз жазуучулардын баарын тааныбагандыктан «Кыргызстан маданияты» гезитине сүрөтү менен чыккан акынды же жазуучуну «бул ким?» деп сурап калсам, «жинди» деп койчу. «А булчу?» десем, «Ал дагы жинди» дей берчү. Тамаша-чынына түшүнбөй, эмне жазуучулардын баары эле жиндиби деп таң калчумун. Анын түпкү тамырын кийин түшүнбөдүмбү. Көрсө анын артында бир нерсе жатат турбайбы… Атам кыргыздарды оңолсун, алдыга жылсын деген мааниде сындачу. Ачуу чындыкты айтканы менен жүрөгүнүн түпкүрүндө «кыргыз» деп күйгөн патриоттугу бар болчу. Бирок муну жакын адамдары гана түшүнбөсө, көпчүлүгү кабыл ала алган жок. Бирок, менин атамдын сөздөрүн азыр түшүнүшпөсө, кийин түшүнүшөт деп ойлойм.

— Орус акындарынан кимди баалачу эле?
— Мен да ушул соболду таштасам, «Давид Самойловду» деген. Эмнеге жактырат деп ал акындын китебин окусам, атамдын ыр жазуу стили ага окшош турбайбы.

— Атаңыздын кайсы сапатына баа бересиз?
— Мен өзүмө татыктуу дос таба албай келем. Атамдын дүйнө таанымы кенен, өзүнө окшогон өнөк дос — Ишенбай Абдуразаковду таап алганына баа берем, бир чети таң калам. «Бири-бириңерди таап алган кандай бактылуу адамсыңар. Силерди мен Маркс, Энгельс деп айтаар элем» десем, анда да атам куудулданып: «Ишенбай, сен Энгельссиң, себеби мага караганда байырааксың да» деп атпайбы…

— Балалык күндөрүңүздү кандай эскере аласыз?
— 4-5 жашымдан баштап балалык чагымды билем. Эсимде, атам тапкан акчасынын баарын апама берип коюп, кайра 1-2 рубль жол киреге деп сурап калчу. Анан мен «күндө эле акча сурабай, өзүңүз эле алып калсаңыз болбойбу?» деп сурап калсам, «апаңа акча бербесем, анда чатак чыгарат» деди. «Сиз деле чатак чыгарыңыз да» дей берчүмүн. А чындыгында менин атамдын мүнөзү жумшак, кишиге катуу сүйлөбөгөн алтын киши болчу. Байкем экөөбүздүн айтканыбыздан чыкчу эмес. Байкем «жынсы, ботасы, сатып бергиле» деп ыйлап чатак салчу. А мен болсо оюнчукка жакын болчумун. Велосипед көп тебер элем. Биздин короодо мени менен тең кыздар жок болгондуктан, балдар менен ойночумун. Бир күнү балдардан пистолет көрүп калып, атама айтсам, жумуштан келатып ала келээрин айтты. Чыдамсыздык менен атамды күтүп, ал келчү жолду карайм. Атам унутуп калыптыр. Мен ыйласам, кайра эски «Детский мирге» жөнөп калды эле, апам: «эми эртең деле алып келесиз да» десе болбой, «кой, баланын көңүлүн оорутпаш керек» деп дүкөнгө барып, алып келип берди. Бизди эркин кармап, эрке өстүрдү. «Эмне кеч келдиң? Кайда жүрөсүң? Андан көрө китеп окусаңар боло» дечү эмес. «Эмне эле китеп, журнал, гезит окуй берет. Анда эмне кызык бар болду экен?» деп биз өзүбүз кызыгып окучубуз.

— Сизди эмне деп эркелетчү эле?
— «Маңкам ий, маңкам» деп эркелетчү. Мен жакшы сөз экен деп ансайын так секирип, «ата, дагы айтчы» дей берчүмүн. Акылыма киргенден кийин маанисин түшүнүп алып, аябай ыйлагам… Бизди туугандарын тааныбай калбасын деп катташтырып турчу. Мени Ошко жөнөтүп калышты. Кайра келгенче:
«Салима деген кызсыңбы,
Самолетко сен түштүңбү?
Самолеттон коркконуңдан,
Саныңа жаба чычтыңбы?», — деп тамаша ыр чыгарып коюптур. Мага ырдап берсе, анда да кубанганым менен кийин түшүнүп алып, дагы ыйлагам…

— Кандай иштери менен силерди күлкүгө бөлөчү эле?
— Атама интеллектуалдык жактан эч ким жетпейт. Кашка-Суу айылынын үстүнөн жер алганы өзүнчө эле анекдот. 1983-жылы Илимдер академиясынан жер берилген. Ошол жылдары атам фундаментин казып аракет кылыптыр. Фундаментке металл керек болуп калганда эки жагын караштырса, 300 участоктун ар биринен номери менен коюлган знак көзүнө урунат. Знактын баарын жыйнап келип туруп, фундаментине таштап салыптыр. Коомдун жетекчиси Малабаев келип, «мен атайын заказ менен шаардан алып келсем» деп урушса, «силерде эми акча көп да, дагы эле знак жасап коесуңар» деп аны ого бетер күйдүрүп жатпайбы. Бир күнү дагы чоң таш чыгат. Илимдер академиясы болуп жаткандан кийин геологдор бар деп аларга барып, «тоону жарган жардыргычыңардан грамм эле берип койгулачы, мен таш жарам» дейт. Геологдор «атайын уруксат менен берилет. Анын үстүнө таш эле эмес, баары жарылат» десе деле болбой алардын артынан алты күн жүрө берет. Акыры геологдорду ээрчитип келсе, байкелерим келип, баягы ташты фундаменттин капталына коюп, бүтүрүп коюшуптур. Кара жумушка жок, кенебеген киши болчу. Чала бүткөн дачада 2-3 жыл эс алып калды. Ал жактан апамдын кофталарын, туфлисин (кызыгы үчөөбүздүн размерибиз бирдей болчу) кийип жүрө берчү. Ушундай бир тамашакөй, шайыр киши эле. Байлык, мансап дегенди билчү эмес. Акаевге кеңешчи болуп жүргөндө «ата, бизге бир жерди менчиктештирип бер. Акүйдө иштеп жатасың го» десек, «жок, түгөнүп калыптыр» дей берчү. Учурунда ичип-жеп калайын дегенди билчү эмес. Кызматтын артынан чуркаган жок. Мына Акаев убагында үч жолу (БГУга, Ош пединститутуна ректорлукка, Кыргыз-Славян университетине проректорлукка) кызматты сунуштады эле болбой койгон. Себебин сурасак, «баламды окууга өткөрүп бер» деп тууган-урук көбөйүп кетет, өткөрбөйм десең таарынышат. Андан көрө жөн эле жүргөнүм жакшы» деп койчу. Анын үстүнө «интеллигент адам мамлекетке оппозицияда жүрүшү керек» деп айтчу.

— Эмне үчүн фамилиясы Жигитов болгон?
— Фамилиясынын тарыхын капысынан мага айтып берди эле. Чоң чоң атам уулу төрөлгөндө Туташпай деп ат коюптур. Бирок андай ысымдан айылда үчөө экен. Оригиналдуу ат болсун деп Жигит деп атаптыр. Чоң атам Мусаев Жигит өзбек досунун атынан Салижан деген ысымды уулуна ыйгарат. Бирок атам «өзүмө атым жакпайт» дечү. Эмнеге дегенде, орустар «Салиджан, Салимжан» деп өзгөртүп айтышат деп калчу. Мен институтта окуп жүргөндө Байжигитов деген филолог бар экенин билип, атаман сурасам, «ал менин окуучум» деп калды. Бир күнү атамды Акүйгө чакырышат. Барса эле: «Биз Байжигитовду издеп аттык эле, жаңылышып сизди чакырып алыппыз, кечирим сурайбыз» дешсе, «Жөнөкөй, кедей Жигитовду деле кабыл алып койгулачы» деп аларды күлдүрүптүр.

Маектешкен Назира Саалиева, «Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий