Айзада Ибраимова: «Элнур» 100 000 сом баш байгени чечип берди»

— Айзада, «Тогуз кайрык» өнөрпоздордун республикалык телесынагын колго алып, элибиздин көөнөргүс комуз күүлөрүн жандандырууга чоң салым коштуңуз десек жарашат. Бул сынак быйыл да өткөрүлөт экен, ушул тууралуу айтып өтсөңүз?
Акыркы учурларда комузду эч ким чертпей, бул өнөргө эмнегедир кызыгуу солгундап калган мезгил болгон. Кыргыз телевидениесинде комуз өнөрүн тартуулаган бир да көрсөтүү жок болчу, мен жаштар берүүлөрүн алып барчу элем, өзүм дагы комуз адистигин аяктагандыктан комуз күүлөрү тууралуу көрсөтүүнү алып чыгуума туура келди. «Кылым күүлөрү» деген көрсөтүүм эл арасында өз ордун тапканына кубанып, бул көрсөтүүнү андан ары да тереңдетүү, комузчулукту өнөр туткан залкарларыбызды элге кайрадан таанытуу, алардын кылым улаган күүлөрүн элге жайылтуу, комузчулук өнөрдү жандандыруу максатында, чыга албай жаткан жаштарды эл алдына чыгаруу, таланттарыбызга моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында ушул долбоорду улуулар жолун улап илгери Сатар Жумабаев атабыз алып барып жүргөн көрсөтүүнү жандандырып сынакты өткөрүүнү туура көргөнбүз. Былтыр республикабыздын бардык райондорду кыдырып, областка алып келип тандоо турун жүргүзүп жыйынтыктоо турун Бишкек шаарында өткөрдүк. Өткөн жыл баарыбыз үчүн оор жылдардан болбодубу,биздин телеканалда кан төгүлүүдөгү көрүнүштөр, жоктоолор берилип андан соң комуз күүлөрү кетип жатты. Андан башка маданий кечелерди бергенге мүмкүн болгон жок. Оор мезгил деп кол куушуруп отура бербей маданий сынакты өткөрүүнү токтотуп кое алган жокпус.

— Мындай чоң сынакты Коомдук биринчи канал же жеке өзүңүздүн өткөрүшүңүз оор болуп калат го, демөөрчүлөр болдубу, комузду колдогондор бар бекен?
Мени кубандырганы кыргыз элинин көөнөргүс мурастарынын бири болгон комуз өнөрүн аздектеген адамдардын арабызда бар экендиги. Албетте, сынактын байгелерин, жер-жерге барып тандоо турларын өткөрүү чоң финансылык каражатты талап кылат. Бул багытта биз «Дасмия» комплексинин кетишибиз керек, себеп дегенде ал адам он күн бою бизге «Манас Ордо» өргөөсүн берип, катышуучуларга гана эмес келген көрүүчүлөргө үч маал тамагын даярдап, дасторконун жайнатып берди. Андан тышкары башка көптөгөн маселебизди чечип бергенин айтпай кетсем болбос. АО «Арпа» жетекчиси Автандил Кулбараков, «Замандаш» партиясынын төрагасы Муктарбек Өмүракунов, «Элнур» ун комбинатынын жетекчиси Эркин Маманов да абдан чоң жардам беришти. Эркин байке өзү «Дасмияга» келип өзү катышып отуруп кеңештерин берип отурганы бизге абдан дем болду. Быйылкы жылы да бизди кайра эле ушул агаларыбыз финансылык колдоосун көрсөтүүдө. Ал эми баарынан бизди кубандырганы быйылкы жылы Эркин байке өзү сынак жагдайы кандай болуп жатат деп сурап, башкы байге-100 000 сомду чечип берди. Бул биз үчүн абдан чоң жардам, мындай ишти башкалардын баары эле жасай албайт. Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов да өткөн жылы баардык баннерлерибизди бекер тактырып берди. Муратбек Бегалиев агабыздын чыгармачылык колдоо жасап, уюштуруу маселесинде чоң жардам берди, акыйкатчы Турсунбек Акун да жакшы көмөк көрсөттү. Талас областынын администрация башчысы Койсун Аблабековна да көп мырзалар көтөрө алгыс жүктү көтөрүп колдоо көрсөттү. Быйылкы жылы үч таланттын атында өткөрөбүз, Атбашыда Боогачы чыккан моңолдор уруусунун коому бар экен, алар 100% колдоп беребиз деп атышат. Жалал-Абадда Ниязалы комузчуну, Таласта Эстебес Турсуналиевди колдоп беребиз деген улууларды сыйлаган замандаштарыбыздын келип жаткандары бизди кубантат. Улуулар улаган мамлекетибиздин маданиятын көтөрүүгө, үч кыл комузубуздун кайрадан жанданышына колдоо көрсөтүп демөөрчү болуп бере турган адамдарыбыз көп эле го деген ойдомун. Азыркы өткөөл мезгилде жалпы эл менен кошо мамлекеттин башына да оор түйшүк түшүп турат, бирок оорчулукка шылтоолоп кыргыз жүзүн дүйнө элине тааныткан элдик өнөрдү таштап коюуга биздин акыбыз жок. Солгундай түшкөн өнөрдү кайра жандандырсак элибиз рухий гүлазык алар эле. Биздин таланттардан уучубуз кур эмес. Баарынан да Коомдук телеканалдын «Ибарат» бөлүмүнү продюсери Назира Аалы кызына да өзгөчө ыраазычылык билдиребиз, анткени баардык маселебизди талдап, жүрөгүбүздөн өткөн кыйналууларды өзүнүн жүрөгү аркылуу өткөрүп, биз менен кошо кирип, улуттук мурастарыбызды көтөрүү үчүн жан дили менен чуркап, алыска кетсек акыбалыбызды сурап абдан дем-күч берип турду.

Айзада менен маектешип отуруп өткөн жылы мамлекеттеги абалды түшүнүү менен кабыл алып кара жандарын карч уруп чуркап жүрүп улуттук мурасты жандандыруу максатында мамлекеттен эч кандай жардам албастан демөөрчүлөрдүн жардамы менен гана өткөргөнүн айтпаган менен сездик. Бирок кыздар көтөрүп аткан мындай чоң долбоорго быйылкы жылы мамлекет башчысы Роза Исаковна, Премьер-министр Алмаш Шаршенович, ЖКнын спикери Акматбек Келдибеков да көңүл буруп, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтөөр деген ойдо болдук.

Айзада Көчкөнбаева, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.03.2011-ж.


Теле сынактын жалпы максаты
1.Эл жерибизди мекенибизди сүйүүгө, рух дөөлөттөрүбүздү сыйлоого, жашоонун жакшы үлгүлөрүн үйрөнүүгө, ошолордун негизинде жаштарды атуулдук рухта тарбиялоого чыгармачылык гүлазык болуп берген манасчылардын, комузчулардын, күүчүлөрдүн, сапатын жогорулатуу, өнүктүрүү чыгаан манасчы, комузчу, кыякчыларды тарбиялоо менен алардын талантын радио, телевидение, басма-сөз аркылуу кеңири элге жайылтуу.
2.Республикадагы жалпы маданий — массалык иш- чараларды жандандыруу жана элдин эстетикалык мүдөөсүн канааттандыруу менен маданияттуу эс алуусун уюштуруу.
3.Жаратуучулук өнөрдү өркүндөтүү, аткаруучулук өнөрдү адистик деңгээлге көтөрүү, алардын көркөмдүк деңгээлин жогорулатуу максатында авторлорго моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү.
4.Айрыкча соңку кездердеги кеңири кулач жайган жеңил-желпи шоу-музыканы ооздуктоо менен, жаштардын табитин чыныгы музыкага, нукура элдик салт нугунда тарбиялоо.
5.Өнөрпоздордун сырткы келбети гана эмес, жан дүйнөсү менен да сулуу экенин, байыртадан келаткан улуттук аспабыбыздын заман талабына жараша өркүндөп жатканын баса айгинелөө.

Телесынактын сынамдары:
1.Чыгарманын мазмуну, тарыхы.
2.Аткаруучулук чеберчилиги, тактыгы.
3.Чыгарманын аткарылышынын тактыгы, уккулуктуулугу.
4.Сахна маданияты, кийимдердин салттуулугу жана саркечтүүлүгү.
5.Кыймыл аракеттин ийкемдүүлүгү.
6.Жогорку техникалык табылгалар (жаңы боек, жаңы түр).
2011- жылы өткөрүлө турган залкарлардын урматына карата өнөрпоздордун «Тогуз кайрык» Республикалык теле сынагы
Ниязаалы Борошевдин 155 жылдыгына карата ( Ош обл. Ак-сы р-н)
(залкар комузчу , куудул).
Боогачынын 145 жылдыгына карата (Нарын обл. Ат башы р-н)
(залкар обончу, төкмө акын).
Эстебес Турсуналиевдин 80 жылдыгына карата (Талас обл.)
(залкар төкмө акын, манасчы, комузчу)
Телесынактын 1-2-3-турларынын тапшырмасы:
(Манасчылар боюнча)

Манасчынын үч чоң касиети бааланат.
1.Акындык төкмөлүк. М; «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун бүтүндөй окуп чыгып, төгүп айтуусу.
2.Композитор, обончулук. М; Сагынбай Орозбаковдун өз обону болгон, Саякбай Каралаевдин өз обону болгон Уркаш Мамбеталиевдин өз обону бар. Ушул сыяктуу «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун бирөөнү туурабай өз обонунда аткаруусу.
3.Артистүүлүк. М; «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун айтууда бирде ыйлап, бирде күлүп ар түрдүү образ жаратып айтуусу. Ыйлап жаткан адам эч качан сөз сүйлөй албайт. Артисттер гана чыгарманын образына кирип, бирде ыйлап, бирде кълъп, такалбай, жеткире аткарууга жөндөмдүү.

Эскертүү; Сынактын жүрүшүндө ар бир манасчыга 15 минутадан убакыт берилет. 1-турда айтылган чыгарма кийинки турларда кайталанылбайт.
Теле сынактын калыстар тобу 5-7 адамдан турат.

Телесынактын 1-2-3-турларынын тапшырмасы:
( Аккордеон боюнча).
1.Патриоттук темадагы бир ыр. (убактысы 2мин. 4мин.чейин).
2.Лирикалык темадагы бир ыр. (убактысы 2мин. 4мин чейин).
3.Пародиялык темадагы бир ыр. ( убактысы 2мин.4мин чейин).
4.Жаңы ырдын бет ачаары. ( убактысы 2мин.4мин чейин).
Бул тапшырма мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарылат.
Эгер жаңы ыр жок болсо үчүнчү тапшырма менен чектелет.

Телесынактын 1-2-3-турларынын тапшырмасы:
(Комузчулар боюнча)
1.Айдама күү.
(убактысы үчтөн беш минутага чейин)
Айдама күү- айтыла турган ой, чертүү ыкмасында кооздолуп, көркөмдөлүп, шаң салтанатты билдирип турган күүлөр.
М: «Маш ботой», «Кара өзгөй», «Кер толгоо», «Таң булбулу», «Паравоз» ж.б.
2.Айтым күү. (убактысы үчтөн беш минутага чейин )
Айтым күү- айтыла турган ой салт кайрык менен берилип, ыр менен баяндалып күү менен коштолгон чыгармалар.
М: «Чоң кербез», «Чайкама», «Тогуз кайрык», «Ак бакай», «Ак тамак, көк тамак», «Сарынжы бөкөй» ж.б.
3.Кара күү (убактысы үчтөн беш минутага чейин)
Кара күү- айтылуу тарган ойду салттуу мукам кайрыктар менен туйдуруп, ой терметкен окуялуу күү баянын кара күү дейбиз.
М: «Сынган бугу» ж.б.

Кара күү экиге бөлүнөт:
1.Салт күү М: «Насыйкат» ж.б.
2.Арман күү М: «Таш жалак» ж.б.
4. Ырчы күү (убактысы үчтөн беш минутага чейин)
Ырчы күү- айтыла турган ой ыр түрүндө баяндалып, комуз күүсү менен коштолуп аткарылса ырчы күү дейбиз.
М: «Кулмырза менен Аксаткын»
Ырчы күү үчкө бөлүнөт:
1.Айтыш күү (төкмөчүлүк)
2.Дастан күү
3.Сармерден күү (күйгөн секетбай)
5. Күү чертишүү. (жеке же ансамблдин аткаруусунда аткарат. Эгер ансамбль аткарса жекеге караганда артыгыраак болот) (убактысы үчтөн беш минутага чейин)
(Жеребевка кармашуунун негизинде ким менен ким бул тапшырмага чыгаары аныкталат)
6. Жаңы күүнүн бет ачаары (Убактысы үчтөн беш минитага чейин). Бул тапшырма мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарылат. Эгер жаңы күү жок болсо бешинчи тапшырма менен чектелет.

Эскертүү: 1-турда чертилген күүлөр кийинки турларда кайталанылбайт.
Кароо сынактын калыстар тобу 5-7 адамдан турат.


«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.03.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий