Сагынбек Абдрахманов, «Сүймөнкул Чокморов» атындагы фонддун жетекчиси, Чүй облусунун мурдагы губернатору: «Сүймөнкул Чокморов биринчи, Гойко Митич экинчи орунда…»

— Алгач «Сүймөнкул Чокморов» атындагы фондду түзүүгө эмне түрткү болду, ошого токтоло кетсеңиз?
— Мына, Сүймөнкул Чокморовдун көзү өткөнүнө 20 жылга жакын убакыт болуп калды. Бирок Сүймөнкул Чокморовдун өзүнүн ысымына, кадыр-баркына жараша Кыргызстанда бир дагы алгылыктуу иш кылынган эмес. Жанагы «Жетинчи ок» деген атактуу советтик тасманы тарткан өзбектердин белгилүү кинорежиссери Али Хамраев: «Эгер кыргыздар Сүймөнкул Чокморовго эстелик кое албаса, биз Ташкентке коебуз»-деп жатат. Ал эми Мухтар Шаханов: «Мен Кыргызстандын эки президентине тең кайрылдым. Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузбайсыңарбы деп Акаевге дагы, Бакиевге дагы айткам, бирөө да көңүл бурган жок»-дейт. Анан казактар Сүймөнкул Чокморовдун чоң эстелигин Алматыга тургузуу боюнча демилге көтөрүп атышыптыр.

Негизи биз дүйнөлүк масштабдан алып караганда кичинекей эле калкпыз да. Ошол алакандай кыргыз калкын дүйнө элине тааныткандардын көч башында бул Чыңгыз Айтматов жана Сүймөнкул Чокморов турат. «Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» — деген кеп бар эмеспи элибизде, анын сыңарындай биз өзүбүздүн улуу таланттарыбызга көңүл буруп, аларды жетиштүү деңгээлде баалап-барктай албай келебиз. Каза болгонуна эки жыл боло элек дүйнөлүк алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматов бүгүн унутула баштады. Булл өтө кайгылуу көрүнүш!

— Бул ишти баштаганыңызга канча болду?
— Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузуу демилгесин мен Чүйдүн губернатору болуп турган кезимде эле көтөрүп чыгып, атайын демилгелүү топ түзө баштагам. Эми минтип убакыт мурдагыга караганда кененирээк болуп аткандыктан, бул иш-чарага баш-отум менен киришип, атайын «Сүймөнкул Чокморов» атындагы коомдук фонд түздүк. Анан эстелигин куралы десек, музейи да жок экен. Учурда Сүймөнкул Чокморовдун 450дөн ашык сүрөттөрү ар кайсы жер төлөлөрдө көгөрүп, саргарып жатат. Бул адам өзүн эң биринчи кезекте актер эмес, сүрөтчүмүн деп айтчу экен. Өлөр алдында да жакындарына, туугандарына «менин сүрөттөрүм, менин эмгектерим — бул кыргыз элинин мурасы. Кийин атайын музейге чогултуп, бекем сактагыла»-деп керээзин айтып кеткен экен. Анан биздин фонд Сүймөнкул Чокморовдун жеке эле эстелигин тургузбай, музейи менен кошо атайын мемориалдык комплексин да куралы деп атабыз. Ар кайсы жерде жаткан жанагы 450дөй сүрөттөрү бар дебедимби, ошолорду чогултуп, көргөзмө зал жана ошону менен катар кино зал ачалы деп иштеп атабыз. Бул багытта учурда архитекторлордун үч тобу эмгектенип атышат.

— Бул комплексти кайсы жерге куралы деп пландап атасыңар?
— Биз болжолдоп аткан Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылына бара жаткан жол ушул Сүймөнкул Чокморовдун мемориалдык комплексин курууга өтө ыңгайлуу болуп турат. Себеби Чоң-Таш айылы бул Сүймөнкул Чокморовдун туулуп-өскөн айылы, экинчиден, ошол жердин оң тарабында айтылуу Байтик баатырдын мазары бар, ал эми сол тарабында улуу талант Чыңгыз Айтматов көмүлгөн Ата — Бейит мемориалдык комплекси жайгашкан. Ортосуна дагы бир улуу инсаныбыз Сүймөнкул Чокморовдун комплексин курсак — бир гана Чүй облусунун эмес, бүтүндөй Кыргызстандын маданий, рухий борборуна айланмак. Ошондой эле анын эстелигин Ошто Сулайман тоосуна, Таласта Манас ордо жакка курсакпы деген да ойлорубуз бар.

— Ал эми каражат маселесин кандай кылып чечели деп атасыңар?
— Биз 2011-жылдын 5-январында расмий түрдө «Сүймөнкул Чокморов» атындагы коомдук фонд түздүк. 19-январда фонд түзгөндүгүбүз тууралуу жалпы элге жар салып, Бишкекте чоң маалымат жыйынын өткөрдүк.

Ошол маалымат жыйынды өткөргөндөн эки сааттан кийин Голландиянын Роттердам шаарынан телефон чалып, «Вы наконец-то создали фонд Чокморова»-деп орусча акцент менен сүйлөп, интернеттен окугандыгын айтып, куттуктап атат. «Дүйнөлүк мыкты делинген кино тасмалардын «Красный Вестерн» деп аталган фестивалы болуп атат, Чокморов башкы ролду аткарган «Жетинчи ок» тасмасы биринчи орунда баратат. Фестивал 26-январда жыйынтыкталат, ошого келип катышып кеткиле» — деп, бизге расмий чакыруу жиберели дешти. «Жетинчи октун» режиссеру Али Хамраев англисче сапаттуу котормосун алып барыптыр, фестивалга ал дагы катышмак экен. Чокморов «мыкты эркектин ролу» деген номинация боюнча биринчи орунда баратыптыр. Ал эми атактуу индеец Чингачкукту аткарган Гойко Митич Сүймөнкул Чокморовдон кийинки экинчи орунда экен.

Ошол эле күнү кечинде Казакстандын борбору Астанадан чалышты. Казакстан элинин Ассамблеясынан чалып «Муну эчак эле түзүшүңөр керек болчу. Кеч болсо да ойлонупсуңар кыргыздар, азаматсыңар»-деп кубанып атышат. Эгер Чокморовдун эстелигин тургузабыз десеңер, биз кызыл ташын, гранитин алып барып беребиз, акчалай көмөк көрсөтөбүз деп атышат. Кыргызстанда деле 235 сомдук стипендияларын көтөрүп алып Көркөм сүрөт окуу жайларында окуган студенттер, «балам ушул акча Чокморовго эстелик тургузсаңар жардам болсун»-деп бир кап ун келген бир айлык пенсиясын түйүнчөгүнө түйүп алып пенсионерлер келип жатат. Менимче, буга чейин Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузуу боюнча мамлекеттик же жеке демилге көтөрүлгөн эмес. Көтөрүлсө да туугандары, жакын жоро-жолдоштору, күйөрмандары тарабынан мамлекет башчыларына, тийиштүү жетекчилерге кайрылуу жолдонуп, бирок баягы эле кайдыгерлигибиздин айынан бул иш алдыга жылган эмес. Ошондуктан, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакта болуп, Түштүктө да,Түндүктө да марафондорду уюштурсак, жалпы эл колдоп бергени турат. Мындан тышкары дүйнөлүк атагы бар Сүймөнкул Чокморовдун талантын сыйлаган чет элдиктер да жардам беребиз деп атышат. Түркиядан, Сауд Аравиясынан конкреттүү түрдө жардам беребиз дегендер чыгууда.

— Мамлекет тарабынан эч кандай жардам болгон жокпу?
— Кыргызстан учурда оор экономикалык кырдаалда турат. Ошондуктан мамлекет капчыгына оордук келтирбеш үчүн өзүбүз аракет кылып атабыз да. Мамлекеттен биз бир тыйын да сурабайбыз, болгону бизге жанагыдай уюштуруу иштеринде көмөк көрсөтүп, шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Вице-премьер министр Ибрагим Жунусовго атайын кат жолдоп, республика боюнча марафондорду өткөрүүгө уюштуруу тобун түзүп берүүнү, КТРК, ЭлТР, НБТ, НТС, 5-канал ж.б. теле компаниялардан Чокморовдун видеотасмаларын көрсөтүүгө жана фонддун өкүлдөрүнө убакыт берип турууну сурандык. Мындан тышкары Билим берүү министри Канат Садыковго кайрылып, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттерине, мектептердеги окуучуларга «Мен Чокморов жөнүндө эмне билем?»-деген аталыштагы атайын сабактарды өтүп, дил баян жаздырууну сурандык.

— Кыргыздын бизнесмендери, байлары көп эмеспи. Алар тараптан кандай жардам болуп атат?
— Эми биз атайын жардам бер деп эч кимисине жалдыраган жокпуз. Бирок өзү атайын келип Сүймөнкул Чокморовго деп моралдык дагы, материалдык дагы жардам кылгандар жок эмес. Балаңдын эң алгачкы там-туң этип басканы, күлгөнү, сүйлөгөнү өмүр бою эсиңде калат эмеспи, ошол сыяктуу бул фонддун эң алгачкы күндөрүндө жардам берген мекендештерибизди баса белгилеп айтып кетпесем болбойт. «Сүймөнкул Чокморовдун кинолору менен чоңойдум эле, бул адам кыргыздын сыймыгы эле»-деп Жайыл районунун акими Таалай Субанбеков, «Түндүкэлектронун» директору Тынчтык Токтогулов, бизнесмен Алишер Сакебаев, Нефтетрайдерлер ассоциациясынын директору Кубат Орозалиев, Чүй ИИБинин начальниги Бакыт Жусубалиевдерге фонддун атынан ыраазычылыгымды билдирип кетем.

Өткөндө Ысык-Атада чоң улак тартыш болгон. Ошого мени да мейман катары чакырышыптыр. Губернатор болуп жүргөнүмдө мени эл аздыр-көптүр таанып калган экен, «эмне кылып жүрөсүң, эмне менен алексиң?»-деп сурашканынан «Сүймөнкул Чокморов» атындагы фонд ачып, эстелигин тургузуу үчүн иштеп атабыз»-десем, ошол жердеги эл дүркүрөтө кол чаап жиберишти. Ал жерде Дүйшөн Байдөбөтов да бар экен, ал элге кайрылып, «өлкөбүздө ишке жарамдуу 3 миллион калк бар экен, эгер ар бирибиз бир сомдон берсек, 3 миллион сом, эгер бир доллардан чогултсак, 3 миллион доллардан болот экен»-деп калды. Анан эле кой-таштык бир аксакал таягын таянып келип, мага беш сом карматып атпайбы. Артынан «убагында Чокморов менен чогуу воллейбол ойноп жүрчү элем» — деп бир киши келип 1000 сом берди. Карасам, көпчүлүк чөнтөктөрүн кармалап, акча алып чыга баштаганда «ой байкелер койгула, мен бул акчаларды албайм, эгер көмөк кылам десеңер Бишкектеги кеңсебизге келгиле, акчаңарды бухгалтерияга төккүлө, квитанцияңарды алып кеткиле»-деп атып араң токтоттум.

— Чогултулган каражаттар чыпчыргасы коробой фонддун ишине жумшалат деген кепилдик барбы?
— Туура, 20 жылдан бери Кыргызстанда канча деген марафондор өткөрүлүп, ортодогу чиновниктер чогулган акчаны сол чөнтөгүнө солоп кетип, элди алдап кеткен учурлар көп эле болду да. Анан эле эл ойлойт да, «аа бул кечээ эле губернатор эле, акча жеген атат»-деп. Бирок биз андайга жол бербейбиз. Баары ачык, так болот. Ал үчүн биз атайын сайт ачып атабыз. Ким канча, кандай жардам берди, ар биринин тыйынына чейин тизмектеп жазып коебуз. Каалаган адам каалаган убагыбызда сайтты ачып, канча акча чогулганын, ким канча бергенин карап алса болот.

— «Сүймөнкул Чокморов» фондун түзгөнүңөрдү туугандары кандай кабыл алышты?
— Чокморов мага тууганчылык жагынан эч ким эмес. Мен жөн гана Сүймөнкул Чокморовдун эмгегин баалаган, талантына таазим эткен жөнөкөй кыргыздын жаранымын. Фондду ачар алдында туугандарына, агаларына барып, кыргыздын ырым-жырымын жасап, «ушундай фонд ачып, ушундай иштерди кылалы деп атабыз, уруксат бересиңерби»-деп сурадык. Бардыгы макул болуп, батасын беришти. Түлөө кылып, кан чыгардык. Сүймөнкулдун кичүү баласы Эргулду ээрчитип алып, Сүймөнкул агабыз көмүлгөн Ала-Арча бейитине барып, куран окутуп келдик.

Маектешкен Эрнис БАЛБАКОВ «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.03.2011-ж.

«Сүймөнкүл Чокморов» коомдук фонду
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ала-Арча көчөсү, 35.
Байл. тел.: 0772 03 03 75, 0553 99 90 51.
E-mail: of.chokmorov@mail.ru
Р/с ЗАО «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» KGS 1180000029433646, USD 1180000029484267, EUR 1180000029484469/

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий