Өткөн жылдын кары кайда?

Жазуучу Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарына айрым бир сүртүмдөр

Редакциядан: 1936-жылы 22-мартта Ноокатта жарык дүйнөгө келген жазуучу жана драматург Мурза Гапаров кыргыз адабиятын мыкты чыгармалары менен байытып кетти. Анын аңгеме, повесттери кайсыл заман болбосун кызыгуу менен окула берет. Биз жазуучунун 75 жылдыгына карата адабиятчы Абдыкерим Муратовдун бир шиңгил эсселеринен окурмандарыбызга сунуш кылабыз.

Ноокат экөөбүздө эмне айып?
Биринчи жолу М.Гапаров тууралуу алакандай макалам  Ноокат райондук «Колхозчу» гезитине «Жердешибиз жөнүндө сөз» деген ат менен 1976-жылдын 13-ноябрында чыккан. Мен анда Ломоносов атындагы орто мектепте иштей баштаганга эки гана  ай толгон.

Кийин дагы жаздым, экинчисин. Анда Ноокат районунун Свердлов атындагы мектебинде мугалим- мин. Кээ-кээде макалаларды жазып, «Москва» машинкама басып, кудайга аманат деп борбордун редакцияларына салып жиберем. Ошолордун бири Мурза Гапаровдун пьесалар жыйнагы тууралуу «Канткенде адам уулу адам болот?..» («Кыргызстан маданияты», 1984, 12-янв.) деген рецензиям эле. Айылдык авторлор менен иштешип жатабыз дегенге жакшыбы, айтор редакция макаланын астына «Абдыкерим Муратов, Ноокат району» деп койгон. Ноокаттан барган катка Ноокат дейт да. Кийин көп өтпөй Мурза ака жолугуп калып айтып атпайбы, «баары жакшы экен, мени туура түшүнүпсүң, лекин аягына Ноокат району дегени саал осол болуп калыптыр» деди. Мен анда ар бир макаламда «Абдыкерим Муратов, Ноокат району» деп турса корстон болчумун, райондун атын чыгарып атамын деп сүйүнчүмүн. «Эми, үка, ар кандай пенде бар да, өзү жаздырган экен, же үкалари жазган экен да» деп ойлошу мүмкүн да… Мен ноокаттык болбосом да бир жөн эле…»

Мен анда жазуучулардын, анын ичинде өзгөчө драматургдардын бакылдыгы тууралуу, драма майданына капыстан келип жаткан жаш пьесачы Мурза Гапаровдун «эшик каккылап» турган абалы тууралуу кайдан билейин…

Күнөстүү аралды, кыя жолдорду сагындыңызбы?
Анын чыгармаларында бир каармандар бар, бүгүнкү күндөн караса, таза апендилер, өзү үчүн эч нерсе ойлобойт, ныпым пайда көрөйүн дебейт, мисалы бирөөсү кишилер өткөн кыя  жолго өлүп-талып кыйналып, оо кыйла жерден – пастан кумган менен суу алып келип коет, аны үчүн жанын кыйнайт, бирок ошонусунан ырахат алат, жолоочулар ага ырахматын айтабы, айтпайбы, анысы менен иши жок, иши кылып эле жок дегенде бирөөнүн сообуна жараса болду.

Мурза ака ушундай философияны, Чыгышта, тээ илгертен келаткан салттык фило-  софияны көрсөткүсү келет, өзүнүн жеке турмушу, чыгармачылыгы да ошол соопчулук, дервиштик философиядан келип чыккансыйт. Бизге – «турмуш» деген түгөт жолдо чарчап-чаалыгып келаткандарга оо пастагы күнөстүү аралдын музда-ак суусунан дарыя шоокумун кулакка жаңыртып алып келип, бир кесе суу сунуп, «шуну жут!» деп жуткуруп, «бар, эми, мындан ары жолуңдан калба да, сапарыңды улай бер!» деп камкордук көрүп тургансыйт.

Кошок кошор кошокчу
Эгер учуп кетсе
Уяларын таштап эзелки
Буерлердин булбулдары
Мен алардын ордуна
Кошок кошуп турмакмын.

Ушинтип ырдайт ХII кылымда-гы жапон акыны Сайгё. Мурза ака Бакен Кыдыкеева эже өлгөндө, анын сөөгү он сегиз күн өтүп өлүкканадан табылганда ушундай бир кайгырып жүрдү, сүрөткер адам жө­нүндө, анын бүгүнкү акыбалы жөнүндө, өзү жөнүндө «жазамын» деди. Ыйлап жазамын деди, анысын «Өткөн жылдын кары кайда?» деп атаймын деди…

Эки баш деген – эки баш
Соңку жылдарда  драматург М.Гапаровдун жанына афишаларда  Галия Гапарова деген ысым пайда болду. Бул ким дечүлөр көп.  Жубайы экенин билишет. Бирок баары эле биле бербеген бир нерсе бар.

Жеңебиз, бу өзүбүздүн эле Ток-мокко жакынкы ивановкалык чуваш кызы, дүйнөлүк маданиятты абдан кана окуган, түшүнгөн, эстетикалык табити татымдуу, чыгармачылыкка өнөктөш адам. Мурза ака өзүнүн чыгармачылыгы менен үйүн куруп атса, жеңем пакса урса, Мурза ака ылайкаш. Галия жеңе ылайкаш болсо, Мурза ака паксачы. Биз кичинебизде паксачы менен ылайкаш бири-бирин кандай тандарын, бири-бирин кандай ээрчитип жүрөрүн билип калдык, мыкты салынган үйлөрдү айтчы эмес беле «пакcачысы – Паланча, ылайкашы – Түкүнчө» деп. Булар ушундай. Мурза ака ой-окуя, драмалык ситуация, конфликттерди табат, айтат, жеңе орусча кылып жазат, редакциялайт, алымча-кошумчаларын киргизет, бир баш деген – бир баш, эки баш деген – эки баш. Дал ошол эки баштан жарык дүйнөгө Айкыз аттуу кыз жаралып, Бишкекте көпчүлүктүн бири катары билинип, билинбей чоңоюп атат, «түү-түү!» көз тийбесин, көктөйүнөн көгөрүп отуруп, пьеса жазып, ыр-аңгеме жазып, тим эле дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары менен кармашкысы келет. «Түү-түү!» көз тийбесин…

Ичти ачыштырган Арсланбап трагедиясы
Ошто студент кезибизде шаар аралап бир каңшаар жүрдү: артисттер палан жерде ойноп отуруп, анан бирөө мертиниптир, бечара… деп… Кийин ошол гапти келептеп Мурза ака көркөмдөп, майын чыгарып, өзү көрүп тургансып, маркум менен сүйлөшүп келгенсип, чырайын чыгара трагедия жазды. Ал «Разияны эскерүү» деп аталат. М.Гапаровдун эң мыкты, а балким кыргыз драматургиясындагы терең, жеткилең иштелген турмуш драмасы ушулдур. «Жакшы кыздын багы жок», бечара «Разияны эскерүү, же өзүбүздү өзүбүз ойнойбуз» пьесасы сахнага коюлбай калды.

Мына ушуга жама-ан ичим ачышып жүрөт.

Нооруз десек, Мурзакени, Мурзаке десек, Ноорузду түшүнөбүз…
Бу союз дегендин учурунда кыйла жазуучулар компартиянын катарына өтүп, саясатташып, динди жээрип, өткөндүн баарын кылычтап шылып таштаган. Ошондо жаңы жылды Исуистун туулган күнүнө туштап белгилеп калыппыз.

Анан кайра куруу дегени башталып,  эскини  тикелейли  десек, аларын билген пенде жок. Издеп-издеп Мурзакени таптык. «Атылбай калган текедей» жүрүптүр, эски Ноорузду эсинде сактап. Кереги тийди. Биз жээрип ийген, ыргытып таштаган, унутуп калган нерселерди быркырап сынган карапаны кайра бирден тергендей терип, чогултуп, кураштырып чыкты. Миң киши, бир система бузган нерсени бир киши оңдоп берди. Ал киши чоң майдандагы, окуу жайлардагы Нооруз майрамынын сценарийин жазып берди. Мурзакеден Ноорузду билдик.

Мурзаке жерден таап келип, асмандан нур келип, тили каткан парандаларга тил кирип, чээнде жаткан казандалар аптапка чыгып, кыш топтогон тоң кетип, топуракка тап келген, улустун улуу күнү, кыргыздын жаңы жылы Ноорузда туулган.

Нооруз десек, Мурзакени, Мурзаке десек Ноорузду түшүнөбүз…

«Мен Гапаров деген фамилиямды булгаштан уялам» деп калчу
– Силерден астыңарда – «Учкунда» «ТАА» деген бир театр ачылыптыр, ошонун режиссеру менин, тойус, жеңең экөөбүздүн битта пьесабызды алды эле, шунун дарегин билип койчу, үка, – деп телефон чалып калыптыр, акыркы сүйлөшүүбүздө. Мен ага «Ош театры сиздин пьесаңыз боюнча коюлган оюн алып келаткан турбайбы, баралы» десем, «мен бара албайм го, үка, бир тибет медицинасы боюнча чөп дары ичип атам, ичти таз-за алып жанды койбой атат» деп калды.

Анан Ош театрынын афишаларындабы же башка жарнамасындабы, аялы, авторлошу Галия Гапарованын фамилиясы түшүп калганга, өзүнүн жалгыз жазылып калганына уялып атканын айтты.

Галия жеңе экөө бир нече пьесаны кошо жазышты. Кийинки жылдары жазгандарынын көбүн казак театрлары алып турду, кол акыларын да жакшылап берип атышты.

Мурза ака «Көпөлөктөр өрөөнү» деген повестин жазып жатам деген… Көпөлөктөр ааламын сагынып аткан… Көпөлөк болуп учуп кетти…

Ал Жапан өлкөсүн көп кыялданат эле. Куду ошол Жапан жеринде жүргөндөй элестетет эле өзүн, ал ошол жакка кеткендей, сакура гүлдөрүн аралап дервиш болуп кеткендей сезилет негедир мага.

“Кыргыз туусу, 18.03.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий