Мен билген Дарика

Дариканын башкы сапаты анын кубулжуган үнү миңдеген үндөрдүн ичинен мен жазбай таануучу, менин жүрөгүмө жашоонун улам жаңы шоокумдарын сээп, тирүүлүктүн түгөн­бөгөн шаңын элестеткенинен сырткары анын Кудай Таала ыроологон татынакай өң-түсүнө, акыл парасатына кыргыз аялдарынын бийик касиетин, назик мүнөзүн, жөнөкөйлүгүн, боорукердигин, кең пейилдигин сиңиргендиги деп ойлойм.

Муну айтып жаткан себебим, 2007-жыл жаңырар алдында КТРдин биринчи каналынан ал жөнүндө берүүнү көрүп олтуруп, анын ырчылык өнө­рүнөн башка татынакай ыр саптарын жазаарын, куурчактарга көркөм
образ киргизип, Японияда ЭКСПО көргөзмөсүнө катышып сыйлык алып келгенин, сахнада ага болгон бут тосууларды, ата ордуна ардактап баккан энеси Күмүшай 95 жашка толуп колунда экендигин, жолдошу Жай-лообектин эрте өтүп кеткендигин арман кылып айтканын угуп, мен бир чети анын орошон талантына ыраазы болуп, бир чети өмүрүндөгү тоскоолдуктарга зээним кейип, ошол кезде чыгуучу “Асаба” гезитине ыр саптарымды, каалоомду жазып берсем жарыя­ланып калды.

Кийин билгендей, Дарика “ушул киши жумгалдык киши экен, кантип жолугам” деп жүргөнүндө шаарда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда дарыгер болуп иштеген кызымдын участ­касына ал жашаган үй киргендиктен, бир кыдырууда Д.Жалгасынова үйүндө болуп калат. Таанышып, кызымды “кай жердин кызысың” десе “жумгалдыкмын” дейт. “Жумгалда Акматов Сабырбек деген кишини тааныйсыңбы!» – десе кызым чочуп кетип, «ал менин атам», – десе, өз кызындай жалынып, белегин берип, атаң шаарга келсе мага жолуксун”, – деп “Замандаштарга эстелик” деген китебине жакшынакай каалоолорун жазып берип ийген экен. Кызыгы ал 1941-жылы 20-мартта, мен ушул жылдын 26-мартында төрөлүпмүн. Ошондон бери анын өтө жөнөкөйлүгүн, адамга бешенеси жарык экендигин эстеп, кээ бир адамдардай бир көргөн адамын унутуп койбой, жолукканда өзү жөнүндө жазылган эмгектерге каалоо жазып, ал-абалымдан кабардар болгондугуна ыраазы болуп келем.

Ташка тамга баскандай,
Тарыхта калса элестер.
Кылымдар өтүп кетсе да,
Ыраазы болгон эл эстээр,- деп Кыргыз Республикасынын Эл артисти, булбул таңшык ырчыбыз Дарика Жалгасынова ырдагандай, ырчылык өнөрү менен канча жыл өтсө дагы карыбас, көөнөрбөс, эскирбес кылып артына даңктуу из калтырып, быйыл 70 жаш куракка жеткенине ишенип, ишенбей да кетесиң.

Арийне, ал Талас облусунун Кара-Буура районунда колхозчунун үй-бүлөсүндө туулгандыгын, бир жашка чыга элегинде атасы аскерге кетип кайтпай калганын, апасы Күмүшай эки кызын этегине салып элден кем кылбай багып өстүргөнүн, кут даарыгандай кубулжуган үнү бар кутман инсан Дариканын балалык курагы оор болгонуна карабастан, тырышчаактыгынан улам басып өткөн өмүрү байсалдуу болгонун элдин эсине салып коюу парзыбыз дейм.

1966-жылдары радио, теледе керемет үнү менен ырдап чыгып,  Д. Жалгасынова далайлардын кумирине айланды. Анын укса кулак тойбогон ырлары кыргыз тоолорунан ашып, бир тууган элдер түгүл, дүйнө кезип жаңырганына туура кырк беш жыл толуптур. Ал Атай, Муса, Абдылас, М.Абдраев, Ж.Шералиев, Н.Давлесов, К.Молдобасанов баштаган атактуу композиторлордун, обончулардын обондорун артисттик чоң чеберчилик, музыкалык маданияттуулук, тегиз ыргактуу үн менен угуучулардын көңүлүн көкөлөтө ырдап келгендиги талашсыз. Ал ырдаган Ж.Шералиевдин “Жибек чач”, “Албырып шаттык жүзүңдө”, А.Малдыбаевдин “Кимге айтам”, М.Абдраевдин “Жалыныңа күйгөнмүн”, К.Молдобасановдун “Ай нуру”, “Көл вальсы”, “Өрттөнсүн бозой жалынга”, Н.Давлесовдун “Кыргыз жери”, “Ысык-Көлдөн бир элес”, С.Жумалиевдин “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Толкундар”, “Таалайым сенде”, Ж.Жалгасыновдун “Фрунзем”, К.Усупбаевдин “Өс, Ала-Тоо”, Б.Эгинчиевдин “Алымкан”, С.Баймуратовдун “Перизат”, К.Тагаевдин “Ысык-Көл”, “Кыялдануу”, “Гүлсары”, “Махабат вальсы” сыяктуу кыргыз обондорунан сырткары анын аткаруусундагы дүйнө элдеринин ырларын санап олтурсак өзүнчө эле бир керемет. Д.Жалгасынова опералык багытта билим алып, үнү лирикалык сопрана болгондуктан, ал аткарган Жульеттанын, Маргаританын, Татьянанын, Михаэланын, Виолеттанын жана кыргыз композиторлорунун операларындагы жан дүйнөсү таза, ак пейил татынакай аялдардын образын түзгөндүгүнө искусство, музыка изил­дөөчүлөрү адилет баа берип келе жаткандыгы бекеринен эмес.

Ал Москвадан жогорку билим алып келип Опера жана балет театрында болгону 12 жыл иштеп, кыргыз композиторлорунун чыгармаларын аткарып, таланты ташкындап турган кезинде ошол кездеги театрдын деректиринин адилетсиздигинен сүрүлүп калып, кийин Академиялык симфониялык оркестрде солист болуп иштеп, атак-даңкка жеткендигин көпчүлүк биле бербейт. Ушул жерден айтаар акыйкат сөз – орус эли А.Русланованы, К.Шульженкону, Г.Вишневскаяны, Н.Зыкинаны, Шумскаяны, Архипованы, Обухованы, казактар Кулаш Байсейитованы, Роза Багланованы, Бибигүл Төлөгөнованы, өзбектер Тамара Чебанды, украиндер София Ротаруну, молдовандар Биешуну кандай барктап бапестесе, биз Дарика Жалгасынованы ошолордун катарында барктап-баалап алышыбыз керек.

Ырас, убагында ал жөнүндө телефильм, фильм, концерт тартылып, тилекке каршы СССРдин Эл артисти наамы ыйгарыларда Союз тарап кетип, наам ээсин таппай калды.

Кийинчерээк Дариканын үнү угулбай, ага карата өкмөттүн сый-урматы унутулуп бара жаткандыгы өкүн­дүрөт. Ошондуктан биз, анын күйөр­мандары, кайталангыс талантыбыздын 70 жылдык мааракеси өкмөттүк деңгээлде өткөрүлүп, ал жогорку сыйлыкка көрсөтүлүшүн каалайбыз. Дарика жалгыз Талас элинин эмес, жагымдуу үнү менен ар бир үй-бүлөнү кубантып, моокумун кандырган бүт кыргыздын урмат-сыйына татычу инсаныбыз.

Сабырбек АКМАТОВ, эмгек ардагери, Жумгал району, Чаек айылы,
“Кыргыз туусу, 18.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий