Аман Саспаев, жазуучу: «Сарала иттин иттигин кечире албайм»

— Агай, сиз Кытай жерине кандайча барып калдыңыз эле?
Ал кезде мен 5-6 жашта элем. Миң жылкылуу Сарыбай дегендин тукумдарынан экенбиз. Кийин 1933-жылдары коллективдештирүү, колхоз, совхоз уюштурулуп башталганда күрөшүү күч алды. Байдын балдарын колхоз, совхозго кабыл албай калышты. Ачарчылык башталды. Ошондон улам Кытайга кетүүгө мажбур болдук.

Эң алгачкы чыгармаңыз кайсы тилде жазылган жана аталышы кандай?
Эң алгач кабарларды казак, уйгур тилинде жазып турчумун. Кийин мени «Инклабий Шарк Туркистан» деген гезитине кабарчы кылып Текес жана Монгол уезддерине белгилеп коюшту. Ошондо мен ырларды казакча, кабарларды, аңгемелерди уйгур тилинде жазып жүрдүм.

Сиздин «Сарала ит» же «Жашоо жөндөмү» аттуу аңгемеңиз коомчулукта көптөгөн талаш-тартыштарды жаратты. Ошол чыгармаңыз тууралуу кең-кесири кеп кылып берсеңиз?
«Сарала ит» тууралуу сындан кийин мени антисоветтик адам катары карашып, 5 жыл картошка жеп калгам. Чыгармаларым ар жерден чыкпай калды. Укаев деген киши «Советтик Кыргызстан » газетасында адабият боюнча бөлүмдүн башчысы экен ал подтекстте «Бул эстетикалык эмес, антисоветтик чыгарма» — деп жазып койгондон кийин, беш жыл бою чыгармаларым чыкпай калды. Аңгемеде мындай сөз бар: «Өсүмдүктөр дагы, сезими жок бири-биринен бийик өскүсү келет». «Сарала иттин иттигин кечире албайм». Эң негизгиси ушул. Эмне десе да макул болуп, мүңкүрөп жүрө берүүнүн эмне кереги бар. Адамдын да, жөргөмүштүн да, иттин да жашоого укугу бар. Бардыгынын умтулуусу болуш керек деген ойду айткым келди. Сарала итти өлтүрүп салдым, анте албай калды да.

«Ширеңке» деген аңгемеңизде кимдерди ашкерелейин дедиңиз эле?
Биз Кытайга баргандан кийин ал жерден да жыргап кеткен жерибиз жок. Бай уйгурларга малай болдук. Энем турмушка чыккан адам алардын отунун жарып чөбүн чапты. Ошондогу турмуштун кыйынчылыгы ошол эле ширеңкеден көрүнүп турат. Ширеңке деген эмне? Ошонун азабынан уруш чыгып, энемди апкеч менен коюп жиберип, кызыл өңгөчүнө абаны зордоп жиберип, кайра кекирип жиберген гомендандык акмак офицер алып барып камап койду. Мында ошол жашап жаткан турмуштун начардыгы, өкмөттүн адилетсиздиги, кыскасы, бул жактан качып барган элдин жашоосунун начардыгын көргөзгүм келди.
Ал эми «Кызыралейсалам» аңгемемде биздин ислам дининин жете билбегендигибизди, түшүнбөстүгүбүз тууралуу айткым келди. Жалпы эле дин боюнча кыргыздардын түшүнүгүнүн начардыгы, «чала молдо дин бузар» деп да коёт. Чыныгы ислам дининин тарыхын, салттарын, пайдалуулугун чечмелеп берген киши жок. Ирандын, арабдын кийимдерин кийип алабыз. А негизи жарашканды таануу кийимде эмес, адамдын ички дүйнөсүндө. Ислам, иудаизм, буддизм дини тууралуу окуп чыктым. Кийим тууралуу эч кандай сөз жок.

«Гүлкайыр» аңгемеңизге токтолуп өтсөңүз?
Кытайда жүрүп мен Индиянын, Франциянын, Американын, орус жазуучуларынын аңгемелерин окудум. Кыргыз аңгемелеринен колго алганымдан бири да көңүлүмө толгон жок. «Эмгек азаматтары» деген китептен А.Токомбаевдин бир гана аңгемесин жактырдым. Туулган жерге келгенден кийин мен гүлкайырды сагындым. Бул гүл бардык жерде өсөт, аны кээде «кайыргүл» деп да коюшат. Биздин аңгемелерибиз мындан ары улана берсе экен деген тилек менен жаздым. Кеңеш Жусупов мага: «Биринчи ирет аңгемелердин жакшысын жазып бердиңиз» — деп айтты.

«Тууган» деген аңгемеңизде өзүңүздүн туугандарыңыз тууралуу жазгансызбы?
Мен Ата Мекен деп келдим, тууганым деп келген жокмун. Кыргыздар баары бир тууган. Бардык жерде мени бир тууган катары кабыл алышат. Кытайдан келдик. Туугандарыбыз Саспанын тукумдары деп бир-бир көйнөктөн кийгизип, жылуу тосуп алышты. Бирок алар менен менин оюм дал келбей калды. Алардын оюнда мен мал багып иштешим керек эле. А мен алдыма бир нерсе коюп аңгеме, чыгарма жазууну каалачумун. Алардын талабына жооп бербей калган үчүн «башка жакка барып эле оокатыңды кыл» дегендей айтышты. Тууган деген күндө тийген күн эмес.

«Экспонат номер төрт…»
Мен бул аңгемени жаман көрбөйм. Чыгармада орустардын каармандыгын белгилегим келди. Октябрь революциясына чейин бугу, сарбагыш болуп согушуп турбадыкпы. Шаар салууну, тиги-буларды бизге орустар үйрөттү. Мына ушул максатта жазылган.

Аңгемелериңиздин ичинен мектеп программасына дагы кайсынысын сунуш кылар элеңиз?
«Татым туз», «Сарала ит» программада бар. Дагы «Каныкейдин алтын билеригин» мектеп программасына киргизсе деген оюм бар. Чоң улуттар майда улуттардын үстүндө туруп өз билгенин жасайт. Каалаганын кылат. Ага моюн сунбаска айла жок. Акыл-эси бар адам түшүнөт. Улуттук эркиндик маселесин билет.

«Фантастикалык аңгеме» да жазыптырсыз…
«Ажайып дүйнө жөнүндө баян» аңгемем тууралуу айтып жатат окшойсуз. Фантастикалык аңгеме болуш үчүн көптөгөн илимдерди билиш керек. Дүйнөдө көптөгөн фантасттар болгон. Мен жөнөкөй гана биздин өлкөдө да өнүгүү болсо экен деген ой менен жогоруда айткан аңгемемди жараткам.

Бийликти сындоо же тийиштик катары жазылган чыгармаларыңыз барбы?
Эми жашоодо адамга бийлик, байлык берсе бат эле өзгөрүлөт да «Дос жана газик» аңгемемде теңтуш, дос болуп жүрүп кийин анын даражасы көтөрүлүп калса, мурункуларын унутуп, кекирейип калуу жөнүндө берилген. Ошондо мындай сөз бар: «Бакты аралап баратсам эки сагызган кыйк-чуйк этип бок талашып урушуп жатат». Бул сөз аңгеменин негизги идеясы. Ал эми сурооңуз боюнча айтсам, «Прометей жана Зевс» деген аңгемемде коомдун жекеге болгон мамилеси өмүр бою чечилбей келет. Зевс — чагылгандын кудайы. Прометей — адамдарды бир нерсени билсин, өнүксүн деп кеме жасап берди. Адамдарга жакшылык жасайт. Зевс акыйкатты сүйгөн эмес. Бийлик менен акылдуу адамдардын ортосундагы карама-каршылыкты көрсөткүм келди. Баары бир бийлик жеңет деген ой берилген.

Сиздин чыгармачылыгыңызга кайсы адабиятчылар таасир берди эле?
Мен Бээжиндеги китепканалардан көп окудум. Китепкана бай болчу. Европанын, Индиянын адабияттарын көп окудум. Мага өзбек, казак, уйгур тилдери өз эне тилимдей. Индиянын Брем Чанг, Яшпал, Робендраго Тагор, Франциянын Моппасан, Чехиянын Божена Немцова, Карл Чапек дегендердин майда аңгемелери жакчу. Орус элинин Лесков, Чехов, Бунин деген жазуучулардын аңгемелери жагат. Алардын аңгемелеринде кандайдыр бир адамдык дарт жатат. Адам баласындагы кемчилдиктерди кантип оңдоо керектиги тууралуу ой жатат. Канчалык турмушка сиңди бул башка иш.

Сиздин «Парторг» романыңыздын дагы бир «Тоо чабалекейи» деген аталышы бар. Эмне себептен романдын темасын өзгөрттүңүз?
«Тоо чабалекейи» дегенимдин себеби, биздин, кыргыздардын, 20-кылымдагы тагдыры татаал болуп калды. Октябрь революциясынын келиши менен кыргыздар шаар салып, билим алып, көтөрүлүп, отурукташа башташты. Парторг — бул коммунисттик партия. Коммунисттик партиянын улуттук саясаты жакшы болду. Ошол мезгилде прогресс болгондорду колдоп, ага ылайык келбегендерди жоюу иши жүрдү. Майда улуттар өзүнүн байыркы маданиятын көтөрүп туруп алат. Чоң улуттарга каршы коёт. Өнүгүүгө мүмкүндүк бербейт. Орус эли болсо өздөрүнүн үйрөткөндөрүн айтышат. Совет мезгилинде өнүгүү өтө эле тез жүрүп кетти. Айланасында жалаң эле капиталисттик өлкөлөр курчап турду. Ушундай шартта катаал саясат жүргүзүүгө орустар мажбур болушту. Чындыгында жер айдоону, отурукташууну билген эмес элек, орус эли буларды бизге үйрөттү, аны кантип танабыз. «Индиянын ачылышы» деген китепте айтылгандай, ар улуттун өзүнүн жөрөлгөлүү маданиятын жогору көтөрүп, өтө эле эркиндик, боштондукту көздөйт, ал эми башкарып турган чоң улут ага каршы болуп турат. Мына ошол кыйчалыш мезгилде биздин кыйын адамдарыбыз жок болуп кетти. Динге каршы иштер жүргүзүлдү. Ошол кезде бизден өсүп чыккан партиялык кадрлар жаңы цивилизацияга элди акылдуулук менен алып келиши керек эле. «Самарканддан саман учуптур» десе, «Самарканддан жоо келатыптыр» дегендей кыргыздар өзүбүздү өзүбүз талкалаган учурлар да болду. Маселен айталы, Сталинге өзүбүздүн интеллигенттерибиздин артынан түшүп, кылык-жоруктарын өзүбүздөн эле айтып турушту. Мансап үчүн өзүбүздү-өзүбүз орго салабыз, өзүбүздү-өзүбүз көргө салабыз. Менталитетибизде жарабаган иштер бар. Эгерде биз гумандуу, акылдуу болсок, бардык иштер ойдогудай болмок. Мына ошолорду ойлоп, колхоз, совхоз чарбаны ойлоп, «партиялык жетекчинин» образын түзүүнү ойлодум. Ага мажбурлаган нерсе биздин тарых. Мен өзүм партиялык адам эмесмин. Алгач романды «Парторг» деп атадым. Кыргыздан бир жакшы адам чыкса деп ойлодум.

Кийин кайра «Тоо чабалекейи» деп өзгөрттүм. Себеби биз тоодо өскөн адамбыз. Алгач жаздын келишин чабалекей билгизет. Чабалекей учуп келгенде жаздын келгенин билебиз. Жакшы адам чыкса экен деп ойлодум. Акыл-эстүү адамдын символу катарында алдым. Партиялык адам ишти гумандуулук, акыл-эс менен чечсе экен деген тилекте жазгам. Цивилизациянын алгачкы кадры, тоо чабалекейи, жаздын бактылуу, таалайлуу күндөрдү билдирген бир кадрды берсем дегем.

Албетте, образ түзүүдө кемчиликтер бар, бирок менин деңгээлим, көз карашым менен «Тоо чабалекейи» деп атап койгом.

Маектешкен Зейнеп КУДАЙБЕРГЕНОВА, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.03.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий