Рамис Рыскулов

Акын, котормочу, сүрөтчү.

Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган.

1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин М.Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт.

Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959–1960-жж. «Ала-Too» журналынын редакциясында эмгектенген.

Анын ырлары «Кыргызстан маданияты», «Эркинтoo» ж.б. гезит беттеринде жарыяланган. Акын ак ырды киргизүү менен кыргыз совет поэзиясын жаңырткан.

Биринчи ырлар жыйнагы “Жаз” 1959-жылы жарык көргөн.

Ал кыргыз тилине А.С.Пушкиндин, В.В.Маяковскийдин, Н.А.Некрасовдун, Л.Вознесенскийдин, X.Алимжандын ж. б. чыгармаларын которгон.

1986-жылы «Ырлар» жыйнагы А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.

1959-жылдан СССР Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

1987-жылы СССР Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон.

Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамдары берилген.

“Уикипедия”

 

Рамис Рыскулов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Рамис Рыскулов: «Мен токойго жашынган ыр каракчысымын»

Ырларына жараша мүнөзү

Жазды сезген Рамис Рыскулов

Шайыр РЫСКУЛОВА: “Рамиске токол алып берем деп айтып калам…”

 

Ырлар

ГЕНИЙДИН ТАБИЯТЫ

Түшүнүксүз болот гений чынында,
Чок ташыйт ал келе жаткан кылымга.
Ошон үчүн аны дароо таанышпай
Кайсакташат кана алышпай сырына.

Гений койсо катуу коëт чекитти,
Чыгармада билет жандан кечишти.
Билет жана качан жарк деп чыгууну,
Билет качан сценадан кетишти.

Далай жылдар артта калат негедир,
Кызыкпастан жылдызданган багыңа.
Эч ким күтпөй эч нерсени турганда,
Атып чыгат бийиктикти сагына.

Генийлердин иши турат кычырап,
Чындык үчүн тагдыр жолу бычылат.
Ошон үчүн чыйрак чыгат сөздөрү,
Ыргактары ырларынын чытырап.

 

КҮНДҮ ТОСУП ЧЫККЫЛА

Эй, адамдар, ар күн таңда,
Күндү тосуп чыккыла!
Шимиргиле күн нурларын
Денеңерге,
Сиңиргиле көздөргө.
Ар күн таңда,
Ар күн таңда
Күн жолунда баскыла.
Күн менен бир иш баштап,
Күндөй ишти жасагыла!
Күндөй араан сүргүлө!
Күнүң тийгиз адамдык
Адамдарга!

 

СҮЙӨМҮН ПУШКИН СҮЙГӨНДӨЙ»

Күйөмүн Байрон күйгөндөй,
Сүйөмүн Пушкин сүйгөндөй.
Тагдырын бүтүн дүйнөнүн
Башыма болом үйгөндөй.

Энтигип жашап жүрөмүн,
Ат болуп туйлайт жүрөгүм,
Алдыңа тартып койсом дейм,
Жашоонун жашыл мүрөгүн.

 

ЛАБИРИНТ

Лабиринт- шаар,
Көчө толо адамдар.
Тааныштарым кайда житкен.
Кээ жолуккан такыр калат жолукпай.
Түшүп башка трамвайга
Адашкандан адашам.
Барып калам барбайм деген жагыма.
Көрбөйм деген адамдарды
Көрө баштайм.
Тунук витрина ичинде
Турушат
Сулуу манекендер
Жер асты жол, асман жол,
Ошондо да кетким келбейт
Лабиринттен,
Кызыгына улам анын берилем.
Кезем- кезем Лабиринт шаар ичинде
Кезем, кезем!

 

О, ДҮЙНӨ

Чындыктын чытырмандуу чыйырлары,
Чынынан чыйрыктырып ойго салды.
О дүйнө кайда минип баратасың,
Токунуп токтоо билбес толкундарды.

Кете бер кечүү терең, күндөр терең,
Адашат акыл-ой да жетпей ченем.
Ааламды батырууга демденесиң,
О, жүрөк, баатырсың эмне деген.

О, дүйнө чегин таппай тентиреген.
О, көлдөр, сыр бербестен мелтиреген.
О, дүйнө, түпкүрүнө шыкааласам,
Тирөөч жок ай-жылдызда же тиреген.

 

СҮРӨТ

Катып койгун азыр сага керексиз,
Бул сүрөтүм жүрсүн сенде себепсиз.
Ушул кездер түштөй кайып болгондо
Эскерерсиң анда кандай элек биз.

Колуң тийсе кезегинде карарсың
Мени эмес, өткөн күнүң самарсың.
Ай. Жашчылык айтып бүткүс баяның
Кайда калдың, аттиң ай деп жанарсың.

 

ТУРМУШ СЕНИ АЛДАБАС

Тур, уйкудан көзүңдү ач!
Турмуш менен алга бас!
Туш- тараптан жүр-жүр деп
Турмуш сени алдабас.

Алаксытып арсыз сөзү,
Абайлабай айтат сөздү.
Турмуш сени жаңылтса да
Туюк жолду ачат өзү.
Ачат жаңы ааламдарды,
Жасайт жаңы адамдарды.
Учкаштырып ышкырылат
Адамдарды, замандарды.

Сен өзүңдөн кайра-кайра
Ачтың жаңы күчтүн кенин.
Ал күчтөрдүн нукурасын
Жер энеден тапкын, келгин.

 

ТАЛАНТТЫН ТҮШҮ

Пушкиндин тармал чачтары
Башыма келип конгондой,
Сүрөтүн сулуу периште
Маңдайга асып койгондой.
Таланттын таттуу түшүндө
Магдырап жаттым ойгонбой.

Башынан кайта жаралып,
Барабан какты балалык.
Кызарып күнгө баратты,
Алыстан ак там агарып.
Күн нуру көзөп ал тамды
Баратты нары таралып.

Ойгонуп карайт дүйнөнү,
Өмүрдүн тепкен жүрөгү.
Балапан куш да пырылдап
Белгилүү канат күүлөрү.
Ырлардын көчү келатат
Жолдоштор, кулак түрөлү!
Ошол таңда ырыстын
Уясында түнөпмүн.
Кызыл- жашыл ырлардын
Саясында түнөпмүн.
Кылымды бойго түнөттүм,
Кылдарын терип жүрөктүн!

 

ОЮНЧУК КАРЫШКЫР (балдар ыры)

Оюнчук карышкырдын көзү өткөнчө
Үй бурчунан балдарга карап,
Анда балдар качышпай тарап,
Оо карышкыр, карышкыр
Кыйынсынбачы
Ай-ай-ай
Биз коркпойбуз сенден ай-ай-ай
А себеби, баатырбыз биз аябай.

 

ЖАШТЫК-САПАР

Эй, жаштык, чык сапарга!
Бизди тосот сапар жылдар.
Жаштык — мезгил аалам менен
Өз күчүңдү сынашчу!
Сүрдөбөс жаштык кармаштан,
Жанып турдук балбылдап,
Көздөн кетпей элеси.
Жер балкыган деминен.
Жаш болуу бул —
Күнгө жетээр кулач болуп сунулуу!
Эргүү, кеңүү
Эркин нурдай элирүү!
Аба- сууга семирүү.
Көк асмандай туруу дайым заңгырап.
Бул турмуштун булккан күчүн
Өз денеңден көп жайдан издеп табуу.
Жаштык- куруш көкөлөтүп сулуу шаар.
Күүлөн, жаштык,
Болгун бийик секирик!
Миң көз менен,
Миң сөз менен,
Миң иш менен,
Миң ыр менен,
Бул турмушту өлчөгүн.
Капачылык — картаюу ал,
Күлгүн, жарк эт
Бул турмуштун
Кайнар көзүн издегин!

 

СЕРГЕКТИК

Таң эртеңки сергектик турат себилип,
Мапмайда жаан тыбырчылайт акырын,
Жубанам мен, ынанамын кимгедир.
Алыста көгүлтүр мунар кылаят.
Салкын тунуктук жирейт мени.
Тилсиздикте телмирет жашыл арча.
Күбөсү ким ушул кезимдин?
Деп ойлонкурайм далайга.

 

АЙЫЛЫМ

Толуп ташып дайрадай
Токтолбогон айылым.
Токтоп өтөм сага деп
Толкун жолдон кайрылдым.

Биздин айыл жел айыл,
Жаз келгенде сел айыл.
Түпкүлүгүн ойлосоң
Түгөнбөгон кен айыл.

Көк чыкканда жаңырып,
Дуулдаган айылым.
Заман темпин кубалап
Зуулдаган айылым.

Кызыл жайда кызарып
Кылкылдаган айылым.
Кыз баланын үнүнөн
Шыңкылдаган айылым.

Дайра кирсе кечүүсүз,
Ташкындаган айылым.
Келбетиң сенин көрүүгө
Шаштым дагы айылым.

 

ТААСИРИМДИ ТУЮШАТ

Ысык-Көлдөй терең болдум
Чөгүп ойго,
Ала-Тоодой бийик болдум
Чыгып тоого.
Үн чыгарсам капчыгайда
Кайта баштап
Жаңырыктар алда кайда
Кайталанат.

Атым мага башын бурган,
Карышкырлар тиги кырдан
Жытым туйган.
Таасиримди беремин
Алыстарга.
Түшүп келем бул турмушта
Жарыштарга.

 

ЫР ДЕСТЕ

Туйлап көрсүн туйлай элек жүрөктөр,
Бийлеп көрсүн бийлей элек денелер.
Жыргап көрсүн жыргай элек көңүлдөр
Турмуш кандай туу чокуну ашарда.
Гүлдөр кандай баш жөлөшөт жатарда.
Заман бүгүн өпкүлөйт
Жүздөрүнөн балдардын.
Кайда жүрсөм тууган жерим капарда.
Мына, мына мен да кирдим катарга
Сүйлөйм бүгүн аалам тилинде,
Бир башкача ийгиленет.
Куштун тили, гүлдүн тили, бала тил,
Бардык тилдин баркы чоң
Мен үчүн.
Биз баратсак
Шаңкаят алыс аскалар аскарланып,
Көлдөр жатат чалкарланып!
Ырдай электерге
Сунам ырдесте!

 

ТИЛЕК

Турмуштун сырынбилем деп,
Балыгын алтын илем деп,
Ойлогон элем жаш чакта
Жылдыздуу үйгө кирем деп.

Жетемби деги тилекке,
Умтулам келген илепке.
Жериме мени жеткизип,
Жебелейт сүйүү жүрөккө.

Ашууда жүрүп ой багам,
Кой бакпай эле ой багам.
Үңүлө мага карачы,
Үнүмдү тыңшап ой заман!

 

ЖАШОО

Мен өмүрдө канча узун
Жол басканым билбеймин.
Кандай кызык ойго чөмдүм
Не айтканым билбеймин.

Жашоонун бир кур өзөнү,
Барат мени агызып.
Эмне айла менен койдуң,
Жүрөгүмдү жангызып.

Ошол түнү, ошол күнү,
Жалын түштү мойнума.
Бул сүйүүнүн элирмесин,
Тартыптыр деп койгула.

Турмуш өзү алыс сапар,
Жол чегүүбү билбеймин.
Бийик аскар көз жетпеген,
Бел ашуубу билбеймин.

Айтып берчи турмуш сырын,
Баяндачы угайын.
Миң бир түркүн сырларыңан,
Даам татып куунайын.

 

ЭЛИКТИН ЧААРЧЫГЫ

Үйдүн чыгып чатырына
Ыр жазчумун олтуруп.
Эч кимге айтпай ошонум
Кубанчумун.
Ак баракты толтуруп
Эликтин жаш чаарчыгы
Кубалачу бизди аябай,
Там башына чыга качып
Кутулчубуз ай, пай-пай!
Чаарчык болсо чарчоо билбей
Так секирип түйүлчү,
Биз менен ойноп сүйүнчү.
Көп жыл өттү, андан жалгыз
Талпак калды бир гана.
Көп ойду ошол ойлотчу
Болсо туш-туш дүрдана.
Мен студент кезим эле,
Тоонун чыксам башына
Балдардын ичинен мен
Чаарчык үнүн тыңшадым.
Баягы чаарчык элестеп
Ойго баттым ичимен.
Энесин издеп чакырат,
Бейкут жашап ээндикте,
Тоо булагы, тоо чөбү
Абдан жагат эликке.

 

ЗАМАНАМ

Күн кармап турат колунда
Ай кармайт жана сүрдөбөй,
Дүбүртү бийик заманам
Туралбайт деги түрлөнбөй.
Жаркырактан бүткөнсүп,
Жаркырайт менин заманам.
Ракет минип зуулдап,
Заркырайт менин заманам.
Томурулат түбүнөн,
Тереңдеп сырын билгизип.
Кимдерди бербейт дегеле,
Ойлосом абдан эл кызык.
Мекеним күсөп аялап,
Кучагым ачат ай-аалам.
Алыста күнгө жетебиз,
Талапташ болсо ар адам.

 

ЖАШТЫК ПОЕЗД

Өтүп барат жаштык поезди
Бир күнү мен калам секирип.
Мына, менин тоскон өзөнүм —
Бала күнүм койгом кечирип.

Мен турмушка али жетпедим,
Сүйгөнүмдүн бетин өппөдүм.
Бир максаттын жүрүп соңунан,
Билбептирмин мезгил өткөнүн.

Деги канча аян бергенсиң
Сен күткөнсүп, көзүң жалжылдап.
Алыс жакка оттор жагасың
Жетпей келем жүрүп ай-жылдап.

Зуулдап барат жаштык поезди
Кетип барат кеткен жолунда…
Токто, менин элпек жаштыгым,
Каналекмин сенин ойнуңа!

Ыр акенин ой дүрмөттөрү

Көчөдө айтылган философия
Көчөдөн текирең-таскак салган бир келин оймоктой оозун чормойтуп:
— Сен акын болсоң эле Пушкиндей болмок белең. Эптеп-септеп ыр жазып жүргөнүңү колко кылба! Дөңдөн түшкөн арабадай болбой, бараткан жолуңа түш, — деп, ичимди аябай күйгүздү.

***
Көчөдөн дагы бир келинге тийишсем:
— Жугунду аңдыган ит ко мобу, — дейт.

***
Ошол келинге кийин жолуксам:
— Сен мага жагып калдың, — дегенде мен:
— Анара, мен эми сенден башка сулуулардын көңүлүнө жагып калдым, — деп, карабай басып кеттим.

***
Көнөктөгөн жамгыр алдында калганымда колчатыр көтөргөн бир кызга:
— Колчатырыңыздын алдына квартирант болуп кирип алайынчы, — десем, чунаңдап жолотпой койду.

***
Саясат дегениң асмандагы булуттай тез-тез удургуп, өзгөрүп турат.

***
Мага калем алдырган мен эмес, мендеги жүрөк толкуну.

***
Иштен кийин окуудан тараган студенттер менен ары түртүшүп, бери түртүшүп алганда денем жакшы бир машыгып алгансып, алардын деминен, күчүнөн чоң ырахат алам.

***
Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар.

***
Бул дүйнөдө тунук шайтандар көп. Туптунук сулуу кыздар анык шайтан, анан арак. Тунук арак ичке киргенден кийин соо адамды жиндиге айлантат.

***
Иттер, куштар, чымчыктар менин ырларымды жатка билет. Алар менин ойлорумду тыңшап жашайт.

***
Турмуш дудукту да колун жаңсатып сүйлөтөт. Чолокту да чолоңдотуп, бир жакка шаштырып жүрөт.

***
Турмуштун баардык тозогуна төшүм ачык. Болбосо акын болот белем.

***
Табигаттын аптекасы — мөңгүлүү Алатоо.

***
Кээде биз кудум эле айнектен чыгалбай дыңылдап аткан аарыга окшоп, жөнөкөй тоскоолдукту да жеңалбайбыз.

***
Турмуштун түзүлүшү шахматтай да, шашкидей да. Шашкинин фигураларынын баары тегиз болсо да, дамкеге чыкмайы бар. Шахматта болсо, адегенде жүрүштү кичинекей пешкалар баштайт. Алардан аттар гана аттап өтүп, мурда көчүү акысын алалышат. Жакшылап ойлоп бакса, турмуштун көп мыйзамы шахматта сиңирилген.

***
Бир жигит бир кызга:
— Жазуучу Варлам Шаламовду билесиңби? — десе,
— Шалгамовдун далайын билем, — деди.

***
— Эмне арманың бар, Ыр аке? — дейт, бир келин.
— Буканыкындай энегим болсо деп тилейм, — дедим.

***
— Сиз төгүп да ырдап ийесизби? — дейт бирөө.
— Мүдөөм менин — балаган,
Береген колум алаган.
Сокур ит бетим жалаган, — деп төгүп салдым.

***
— Милийса эмне үчүн түндөсү хулигандардан коркпойт? — дейт бирөө.
— Өзү хулиган болсо эмнеге коркмок эле, — дедим.

***
Душманды алыстан издебеш керек. Ал дайыма жаныңда акмалап жүрөт. Сен жөнүндө сөз ташыйт, сырыңды тыңшайт

Жазып алган О.ШАКИР

***
Тагдырдын сезип омогун,
Улайлы сүйүү жомогун.
Шерше ля фам,
Шаршен атам.

***
Биздин турмуш жакшы
Аяштардын этегиндей көйкөлөт
Көп көңүлдөр сулууларды
көргөн кезде өйкөлөт.

***
Чиркин сүйүү,
Сүйүлүүдө болгондор
Делбетап,
Ээликме жана жээликме.
Сүйүү-бул турмуштун лүкүлдөгөн, дүкүлдөгөн локомотиви. Өргүл, өткүр локомотиви.

***
-Бейиш кайда?-деди Сартбай. -Бейиш аялымдын кухнясында. Менин бөлмөмө куурулган пияз менен эттин жыты келгенде аябай жыргайм.

***
Мидинден
Күндө өтөмүн эшигиңдин түбүнөн
Айтчы секет, качан сенден түңүлөм.
Тамтаңдатып такыр колго тийбейсиң,
Мени көрсөң жүгүрүп чык үйүңдөн.

***
Тарарам
Тарарамды ырдап барам, Тамараны ойлоп жыргап барам.

****
Акын Сүйөркул Тургунбаев «аял-мончо» деген. А мен «аял-түрмө» деп уладым. Аял- бейиш, жашоого негиз, Аялың жанда болсо телегейиң тегиз. Кыз, айымдын өзү пляж, Кудай аял-эркек деп бөлүп, бирине бирин издетип койгону ырас.

***
Кызылыңа кызыгам,
Жашылыңа жашынам.
Өмүр бою дегемин
Кетким келбейт кашыңан.
Сага ашык ким болсун.

***
Көчөдө баратсам, калпагым кыз-келин жакка кайкая берет.

***
Жиндиге кемпирди салып берсе, жини кагылат.

***
Белиң сенин ийилет, ээр токум токуп чапкандай,
Дилдештигиң билинет чабышып бекем капкандай.

***
Өзбектин кызы жибектей,
Казактын кызы шайыдай.
Кыргыздын кызы кыяктай,
Жашагым келет айныбай.

***
Мен бул турмуштун лажасымын,
Хрущев жана Аджубейдин бажасымын,
Акындардын ажосумун.

***
Москва — Мас күйөө деп чечилет. Мидин, Есенин, Байдылдача мени да кабак колдоп кабагым ачкан көп ирет.

***
Мен Ысыккөлдүн Хутор кыштагында кароолчу болуп иштегем. Бир фляга кымыз жана он бештеги сулуу кызды мага калтырышты. Мен ага «жазда келем айылыңа, көпкөк өрүк, кайта кетем жериме сени көрүп» деп ага эч жуубай койсом, кыз ыйлап жиберди. А мен ага да болбой, аны калтырып кете бердим. Ал себеби, үй-жайсыз тентип жүрүп, кантип андай кызга үйлөнөм дедим.

***
Ай кыздар, кыздар, байпагым кызыл, көргүлө.

***
Жаз маалында үрөн сепсем талаага,
Миллион телпек өсүп чыкты.
Өзүм калдым терең санаада.

***
Чынарага
О, Чынара, Чынара?
Тапкызгансың чын арга
Ошол бир күндүн кызыгын,
Эсиңден деги чыгарба.
Жаннаттын туюп илебин
Чыкыйган жаздым чыгарма.

***
Күйөөсү менен аялы узак ойногон магнитофон пластинкасындай тура.

***
«Ой, сен тармал чач, аппак жигит элең. Эмне үчүн эми өзгөрүп кеттиң» деди Качкынбай Осмоналиев.
«Эй, досум, азыр мен жаштыгымдын чучелосу гана болуп калбадымбы» дедим.

***
«Оо, жигит, сенсиң кысталак» деп карыя кемпирин катуу кызганат.

***
Сулуу кыз, айым аз болгон үчүн канча жигиттер жеген канжардын мизин. Байыркы Грециянын Троясында Елена деген сулуу үчүн болгон ырасында.

***
Согуш убыгында турмуш начар болгон үчүн сулуулар кеткен азайып. Бир сулуу үчүн көп жигит өлтүрүлгөн. Аябай куугун жеген кашайып.
Сулуу аялы менен үстү ачык легковойдо эл алдына чыкканы үчүн президент Кеннедиге ок атылып, не бир досу каршы болуп бурган жүзүн.
Азыр болсо бейпил доордо,
Эл турмушу катуу оңолду араң зорго.
Сулуулар кетти көбөйүп,
Метис балдар төрөлүп.

***
Көп кыз-келиндер менен жүргөндө кайра бактысыз болдум,
Үйлөнгөндө чынында бакыт эмне экенин билдим.

***
Колтукташып жаз менен , көчөдө келем эркелетип логиканы, эмоция эмем.

***
Ак көйнөкчөн кызды сүйгөм, экиси көк көйнөкчөн жаш жигитке далдаланып бир сулуу болду көрмөксөн.

 

Соц тармактар:

Рамис Рыскулов: 1 комментарий

Добавить комментарий