Талантка бай, бакытка жарды залкар…

Аттиң! Турмуш кандай татаал, кандай катаал. Жашоо күтүлбөстүгү, татаалдыгы, табышмактуулугу менен кызык тура. Адам баласы жарым сааттан кийин эмне болорун билбей, үмүт, алдыга умутулуу менен күн кечирип, жашоо өткөрөт экен. Ошол үчүн адам баласы алсыз тура. «Пенде» деген сөз да, адамдарга тегин жерден берилбесе керек. А чынында, кимдин канча өмүр сүрөрүн, алдыда эмне күтүп турганын жалгыз гана Жараткан билет экен. Мындан 18 жыл мурда, тактап айтканда, 1993-жылдын 30-декабрында кыргыз театр жана кино искусствосуно опол тоодой салым кошкон улуу актриса Бакен Кыдыкеева бул жалган дүйнө менен кош айтышкан. Жаңы жылга бир күн калганда кокустан машинага урунуп, жандай көргөн устатын акыркы сапарга узата албай кетерин, болгондо да сөөгү таанылбай, издеп келер адамы жок 18 күн моргдо жатып каларын ошол мезгилде өзү да сезбесе керек. Болбосо…

1993-жылдын 30- декабрында көпчүлүк сыяктуу эле кирип келе жаткан жаңы жылды шаңдуу тосуп, колуна бокал кармап, кесиптештерин, бүтүндөй кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктап, 31-декабрда айтылуу Алиман Жангорозованын сөөгүн жайга узатууга келмек эле… бирок ал энесине топурак сала алган жок… Энеси демекчи, Бакен Кыдыкеева Алиман Жангорозованы «театрдагы энем» деп койчу экен. Ошентип, Бакен эже энесин акыркы сапарга узата албай, аны менен кошо келбес сапарга кете берди. Балким, ал бул жашоонун адилетсиздигине, айрым адамдардын ичи тарлыгына, көрө албастыгына, карасанатайлык иштерине чыдабай кеткендир… Ошондой жан дүйнөлөрү тар, пенделик пастыктан жогору көтөрүлө албаган кээ бир пенделердин жаман ойлорунан кутулуу үчүн бул жалган дүйнө менен кош айтышкандыр… Дегеним, кесиптештери Бакен эжени бир мүнөз, бетке чабар, айтканынан кайтпаган, ушакты жек көргөн, ыплас иштерге чыдай албаган жан эле деп айтып калышат. Ошондон улам, жогорудагыдай ойго жетеленип кетет экенсиң. Ким билет?.. анын табышмактуу өлүмүн изилдеп, ачыкка чыгарган адам болгондо…

Трагедиялуу өлүм…
Бакен Кыдыкееваны жакындан билген адамдардын айтымында, караңгыда кетип бара жатып машинага урунуп авария болгон дешет. Ал эми Бакен эжени коюп кеткен машинанын айдоочусу өзү келип урунду деген көргөзмө берип кутулган деген кептер айтылат. Анын табышмактуу өлүмүн иликтөөгө алып, ачыкка чыгарган ошол кезде бир да адам болгон эмес экен. Баары өз көмөчүнө күл тарткан замандын адамдары болушкан окшойт. Ал гана эмес биздин маданият башындагылар да актрисанын өлүмүнө кайдыгер карап, кол шилтейт. Кайдыгерликтин кесепетинен сөөгү өлүкканада 18 күн жатып белгисиз бир адамдар менен бир чуңкурга көмүлөөрдө сөөгүн жууган медсестра таанып калып, тиешелүү органдарга кабарлайт. Сөөктү жууган адам да кайдыгер бир түркөй болгондо улуу актрисанын сөөгү бир чуңкурда чиримек экен… Анын чыгармачылыгын түшүнүп баалаган, Бакен деп күйгөн өмүрлүк жолдошу болгондо анын табышмактуу өлүмү иликтөөгө алынып, ачыкка чыгат беле?.. Жараткан ага талантты ченемсиз бергени менен, үй-бүлөлүк бакыттан жарды кылып койгон экен. Бири кем дүйнө деген ушул тура…

Таттыбүбү өлгөндө жүрөгү сыздап…
Кино жана театр жылдызы болгон белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаева театрга келгенден тарта өлгөнгө чейин коргоп келген жалгыз гана адам — Бакен эже болгон дешет. Таттыбүбү өлгөндө да жүрөгү сыздап, «Таттыбүбү бизге берилген жаратылыштын баа жеткис, татынакай белеги эле. Ал биздин сахнага кокусунан учуп келип калган кереметтүү ак куу болчу. Биз анын баркына жетип баалай албаган соң, арабыздан көздөн кайым болуп учуп кетти. Биз болсок анын талантын акырына чейин дале болсо баалабай келатабыз» — деп айтканы бар. Ушул сөздөрдү айтып жатып, ал өзү жөнүндө да айтып алганын байкабаса керек…

Жашында кылып эмгекти, карыганда…
60-90- жылдар кыргыз киносунун жана театрынын гүлдөгөн учуру экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Ошол гүлдөгөн доорго Бакен Кыдыкеева сыяктуу искусствонун кайраткерлеринин күчү, талыкпас эмгегинин арты менен жеткенибизди эч кимибиз тана албасак керек. Бакен эже жаштыгын, күчүн, талантын Кыргыз драмтеатрга арнап, театрдын ысыгын күйүп, суугуна тоңуп, баарына кайыл болуп эмгек кылган, бирок ал карылыкка моюн сунуп, алдан тая баштаганда театрдын жетекчилери аны көчөгө чыгарып коюшкан экен. Ошондо белгилүү режиссер Алмазбек Зарылбеков Жаштар театрына кабыл алып, өмүрүнүн акырына чейин ошол театрда эмгектенген экен. Мына, биздин жетекчилердин искусство адамдарына жасаган мамилеси… Кыргыз театрынын киносунун түптөлүшүнө зор салым кошкон, бүтүндөй өмүрүн искусствого арнаган залкар, кайталангыс таланттын баркына жете алышпай, арман менен бул жалган дүйнөдөн узатышкан экен. Ошол ошол бойдон калды. Эч кандай өзгөрүү болгон жок. Дагы деле искусство чеберлерин жеткиликтүү деңгээлде баалай, барктай албай келебиз. Көзү тирүү кезде капарыбызга албай жүрүп, көзү өткөндөн кийин калп кайгырымыш болуп, ооз учубуздан чыккан акылдуу, бирок суу кечпеген куру сөздөрдү сүйлөп, узатып коебуз. Ошону менен унутабыз. Ал адамдарды эскерүү, наам берүү туурасында ойлонбойбуз. Анын ордуна капчыгы калың акчалуу адамдардын, чоң кызматта отурган, сөзү өтүмдүү чиновниктердин аталарынын 80-90 жылдыгын белгилеп, аларга наам ыйгарып, айрым учурда мамлекеттин мүлкүн жеген, элдин канын соргон кээ бир кишилерге «Эл баатыры» деген наамдарды ыйгарабыз. Өзү бизге ар деле жок экен. «Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт»- деген кеменгерлердин сөзүн эсибизге сала жүрсөк ашыктык кылбас.

Муканбет Токтобаев, КРнын эл артисти:»Жашоосун театрсыз элестете алчу эмес…»
— Бакен эже биздин искусствого бир гана жолу жаралган залкар эле. Мындай адамдар жүз кылымда бир жаралса керек. Анда да жаралса… биздин муун эми мындай таланттарды көрбөй калдык го. Жараткан ал кишиден талантты аябаптыр. Анын талантын, биздин маданиятка сиңирген эмгегин сөз менен айтып жеткире албайсың. Ал эми адамдык сапаты туурасында айтсам, түз жүрчү. Кайсы жерде, ким болбосун, адамдын кемчилигин бетке айткан, бетке чабар, өжөр, эмгекчил, айтканынан кайтпаган жан эле. Башка аялдар сыяктуу ушак айтып, бирөөнү жамандап, бут тосуп, ичи тардык кылчу эмес. Анын бир өзгөчө, көпчүлүк баалаган мыкты сапаты бар эле. Жумуш учурунда башка нерсеге такыр көңүл бурчу эмес. Ал даярданып жатканда кокустан бирөө катуу басып, үн чыгарып калса, сыртка чыга калып: «Ой, сен эмне көчөдө жүрөсүңбү? Бул жер деген театр. Бул жердеги кишилер чыгармачылык менен алектенип жатышат. Маданият деген барбы»- деп ордуна коюп койчу. Азыр андай кишилер жок. Театрдын ичи будуң — чаң…

Бир жаман жери, Бакен эжени карыган кезде театрдан чыгарып ташташкан. Күнөө кимден кеткендигин билбейм. Ошондо аябай катуу кейиген. Ал жашоосун театрсыз элестете алчу эмес. Бул жетекчилердин кетирген кемчилигинен улам болдубу, же өзүнүн мүнөзүнөн улам чыктыбы, билбейм.

Зуура Акынова, КРнын эмгек сиңирген артисти: «Чанда жарала турган талант эле…»
— Бакен эже менен 1977-жылдан тартып чогуу иштеп калдым. Ал киши кыргыз эли үчүн жаралган асылзат аялзаты эле. Ошол чогуу иштеген жылдары ал кишинин бирөөгө кошомат кылганын, эки жүздүүлүгүн байкай албадым. Аябай калыс, бетке айткан, түз жүргөн аялзатынын бири эле. Ушактан да алыс болчу. Адамдын артынан сүйлөчү эмес. Кемчилигиңди бетке айтып, катачылыгыңды көрсөтүп койчу. Көңүлгө карап, калп сүйлөп, калп жылмайганын да көрбөдүм. Эркек мүнөз эле. Биз үйүнө көп барып калдык. Катышып турчубуз да. Үйүнүн тазалыгына сөз жок. Баары ирети менен турчу. Аябай таза эле. Тазалыгын мындан билиңиз, бир жолу чогуу гастролго чыгып калдык. Барган үйдүн шейшептерин салынбай, өзү көтөрө барыптыр. Бакен эжеден көп нерсени үйрөндүк. Анын талантына сөз жетпейт. Ал кылымда бир жаралуучу адам эле. Мындай адамдар чанда гана жаралат.

Даярдаган Жаркынай Кадыркулова, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий