Таламай

Бир топ бала чогулуп алып бир чүкөнү, же бир саканы кан деп коёт. Ал канга кошуп көп чүкөнү калчашат. Ал чүкөнү калчаган бала эки бүгө, эки чиге, эки таа, эки алчы болсо бирин-бирине атып ала берет. Ал бала атып жатып тийгизе албай же башка чүкөлөргө тийгизип койсо жыдып калат. Жана калчаган бала дагы ошондой тартип менен ала берет. Баякы атып жаткан балдар канча чүкө атса дагы өзүмдүк кылып ала беришет. Кан атып алганы байып калгандай болуп турат. Кайсы бир бала жалгыз чүкөнү да атып ала албай тура берет. Эгерде кан алчы түшсө, алчы менен атып алат, таа түшсө таа менен, бүгө түшсө бүгө менен, чиге түшсө чиге менен атып ала берет. Канды кандай учурда атып алса да боло берет. Чүкө атып олтуруп баардыгы бүткөндөн кийин ар бир бала чүкөлөрүн санап көрүп, эң аз чүкө алып калган баланын чүкөсүнө өлчөп салып калчашат. Анда канды атып алган бала канды жолдошу менен чүкөнүн санатынан башка кылып салат. Калчашаарда анда такыр чүкө албай калган бала оюнга кирбей гана томсоруп олтура берет. Берки чүкө алган балдар калчашып жатканда кан таа түшүп калса, сак болуп турган балдар жалпы эле чачылып жаткан чүкөнү талап киришет. Анда кай бирлери көбүн талап алып коёт. Баякы чүкөнү көп атып алган дагы көп талап алып байып калат. Кээ бир балдар ошол кан талашмайда дагы жакшы талап ала албай куру калат.

Ошентип баякы көп чүкөнүн барын кайсы бала алса, ошол бала уткан болуп эсептелип, берки балдардан кош камчы, төө матек окшогон сайган байгесин балдардан алып көтөрүлүп калат. Кандын алчы, бүгө, чиге түшкөнү жай оюн болуп атып ойноло берет. Анда канды атып алган бала кан­ды жолдошу менен чүкөнүн сапатынан башка таа түшүп калганда гана талашакей болуп, балдарды тытыштырып салат. Кандын таа түшкөнү жаңылганы деп билинет.

«Эл таануу» китебинен

Соц тармактар:

Добавить комментарий