Датканын сүрөтүнүн сыры

Быйыл Кыргызстанда Курманжан датканын жылы. Атактуу Алай ханышасы тууралуу эч жерге жарыялана элек тарыхый маалыматтар көп. Жакында тарыхчы жана журналист Кыяс Молдокасымов архивдик булактардын негизинде Курманжан датканын буга чейин ким тартканы белгисиз болуп келген фотосүрөттөрүнүн авторун таап чыкты

ПРЕЗИДЕНТ ТАРТКАН СҮРӨТ
Курманжан датканын бизге жеткен саналуу гана сүрөттөрү бар. Балким, кайсыл бир чет өлкөнүн архивинде, басылган китептеринде сүрөтү бардыр, бирок алар бизге жете элек. Аларды таап, алып келүүгө азырынча чамабыз чакталуу. Башка дагы сүрөттөрү болуу керек деп ишенимдүү айтып жатканым, ХIХ кылымдын акырында, ХХ кылымдын башында Ош, Алай аркылуу көптөгөн саякатчылар, расмий адамдар Кытай, Индияны көздөй каттап турушкан. Алардын ар бири Курманжан даткага жолугуп, колунан даам татып, маектешкенге куштарланган. Айрымдары атайылап издеп келип жолугушкан. Оштогу көп жыйындарга датка байма-бай чакырылып, ардактуу мейман болуп аралашып турган. Ал учурларда тартылган сүрөттөрдөн азырынча дайын жок. Өз доорунда тартылган сүрөттөрдүн арасынан Орусиянын Генералдык штабынын полковниги, соңунда Финляндиянын президенти Маннергеймдин тарткан сүрөттөрү эгемендүүлүк жылдарда дайын болду. Калган сүрөттөр алигиче дайынсыз.

СҮРӨТТҮН СЫРЫ 1 КЫЛЫМДАН КИЙИН АЧЫЛЫП…
Ал эми бизге белгилүү Курманжан даткага тиешелүү 4 сүрөттү ким тартканы билинбей, ар кандай божомолдор айтылып келген. Эми аны тактап, авторун элге жарыя кылууга мезгил келип жетти. Биз даткага тиешелүү бул сүрөттөрдү ким тартканын архивдерден көпкө изилдедик. Өзбекстандын Мамлекеттик Тарых музейинен да издедик. Өз убагында Санкт-Петербургдагы архивдерди каздык. Акыры сүрөттүн илинчеги Ташкенттеги Өзбекстандын Мамлекеттик Борбордук архивинен табылды. Мына ошол архивде Фергана облусунун иш кагаздары сакталган 19 фонд бар. Бул фонддун 8750-иш кагазында Ош уездинин начальнигинин милдетин аткаруучу, подполковник Алексеевдин Фергана аскер губернаторуна 1907-жылдын 5-февралында жазган каты сакталуу. Бул кат Курманжан датка каза болгондон 3 күндөн кийин жазылган. Андан сүрөттүн ээси ким экенин билебиз. Подполковник Алексеев өз катында:
«Фергана облусунун башкармалыгына мына ушул кат алышуулар менен бирге Курманжан датканын сүрөтү даяр болору менен дароо жиберилерин билдиргим келет. Бул сүрөт мага караштуу канцеляриянын катчысы Григорьев төрө тарабынан тартылган. Ал өзүнүн эмгеги үчүн эмгек акыдан да баш тартып, бул сүрөттү музейге тартуу иретинде кабыл алынышын каалап жатат»,- деп сүрөттүн чоо-жайын билдирген. Мына ушул кыскача маалыматтан улам Курманжан датканын сүрөтү ким тарабынан тартылганын билебиз. Бул сүрөт Санкт-Петербургдан чыгуучу «Исторический вестник» аттуу журналга 1907-жылы И.П.Ювачевдин «Курманжан датка Алай кыргыздарынын ханышасы» аттуу макаласы менен бирге басылган. Мына ушул журналдан алынган сүрөттөр аркылуу биз датканын өң-келбетин көрүп келдик. Бирок бул сүрөттүн түп нускасын азырынча биз эч бир жерден таппадык. Балким, бул сүрөттөр жалгыз эместир. Григорьев төрө бир нече сүрөт жиберип, алардын арасынан басма өзүнө ылайыктуусун гана тандап журналга баскандыр. Эң негизгиси, бул сүрөттөр Фергана облустук башкармалыгына жиберилген сүрөттөрбү же И.П.Ювачев Ошко келгенде Григорьев төрөнүн өз колунан алган сүрөттөрбү? Ал тууралуу И.П.Ювачев да эч сөз кылбайт. Айтор, сүрөттүн автору ким экени бир кылымдан соң бизге белгилүү болуп отурат.

Кыяс Молдокасымов, “Супер инфо”, №440 8-14-апрель, 2011-жыл

Соц тармактар:

Добавить комментарий