Эгемберди ЭРМАТОВ, КСДП фракциясынын депутаты: «АЙЫЛГА ӨЗ БАШАТЫМДЫ ИЗДЕП БАРГАМ»

Маектешибиз Эгемберди ЭРМАТОВ чыгармачыл чөйрөдө акын, драматург, публицист, журналист жана педагог катары белгилүү. Анын бир катар ыр жыйнактары жана котормолору жарык көрүп окурман журтунун жүрөгүнөн түнөк тапкан. 90-жылдары коомдук турмуш жаңы нукка бурулуп, акын-жазуучулардын көбүнүн оозунан келмеси түшүп турганда ал калемдештерин чыгармачылыкка шыктандырып, «жаңы мезгил келди, биз эми жаңы адабий агымды жаратабыз» деген жалындуу дем менен «Тулпар» журналын чыгарып, бирок кийинчерек айылга көчүп кеткен эле. Кепти ушул өңүттө уланттык

Акын жана айыл

Бир кезде эл шаарга качса, сиз айылга кеттиңиз. Анын себеби барбы?
Айыл деген өзүнчө улуу турмуш. Жашоонун философиясы айылдан башталат. Шаарда интеллигенциябыз, чыгармачыл адамбыз деп жүргөндөрдүн баары эле элетте тарбияланып, бой жетип анан шаарга келген. Айыл — бул биздин уюткубуз, башатыбыз. Айыл деген шаркырап аккан суу, дүркүрөп өскөн бак-дарак, баш аягына көз жетпеген жайыттар, төбөсү асман чийген тоолор. Мен ошол айыл турмушуна аралашайын, башатыма кайра барайын деп элетке кеткем. Бирин бири алдаган, бирин бири тебелеп кете турган шаарда жүрүп көптү көрдүм, кымгуутуна аралаштым. Шаардын кайнаган турмушунда мен ким элем, каякка баратам деп кенен ойлонууга да убакыт таппай жүрүп көп нерсе жоготтум. Анан ата-бабаларым өскөн жерге барып, алар сыяктуу жашап өзүмдү издеп көрөйүн дедим. Айылдын өзгөчөлүгү — биринчиден, кенендик, бейпилдик, тынчтык. Керек болсо элет жеринде убакыт да акырын өтүп жаткандай туюлат. Күн чыгып кайра батканга чейинки убакыт узакка созулат. Айылда чынында ар бир инсандын мезгилдин кантип өтүп баратканын туюу сезими ойгонот. Шаарда бат эле таң атып, бат эле кеч кирип, мезгилдин, жашоонун баркын туйбай калып жатпайбызбы. Мен айылга ушул нерсени издеп бардым эле.

Чыгармачылыгыңыз тууралуу айта кетсеңиз.
Албетте айылда деле көртирилик бар. Бирок мен үчүн чыгармачылык биринчи планда болду. Көп жылдан бери адабиятка аралашып, өзүмдүн жазайын деп пландап жүргөн чыгармаларымды айылга барганда иштөөгө, кеңири ой жүгүртүп жазууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. «Мухаммед пайгамбар» дастанын жаздым. Мындан сырткары, күн чыгыш адабиятынын улуу классиги, сопучулук агымынын башатында турган улуу даанышман Кожоахмат Ясавинин чыгармаларын толук кыргыз тилине которуп чыгардым. Ага кошо көп жыл мурун жазылып, кайра-кайра иштелип жүргөн Азербайжандын улуу акыны Низами Канжавинин «Жети сулуу» деген дастанынын акыркы вариантын да айылда жүрүп жыйынтыктап, басмадан чыгардым. Эссе жанрына киришип, «Сыр сандык» деген китебим пайда болду. Былтыр «Заман кайрык» деген 18 басма табак китебим жарык көрдү. Негизи айылда жүргөндө Чыгыш акындарына көп кайрылдым. Алардын китептерин издеп жүрүп окуп, котордум. Анын негизги эле себеби, биз өзүбүз, кыргыздар күн чыгыш эли эмеспизби. Күн чыгыш элинин өзүнүн дүйнө туюму, көркөм табити, калтырган изи, дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы бар. Өзүбүздүн байыркы маданиятыбыз менен болгон байланышыбызды сезбесек, анда биз кайсы бир жерден аксап калышыбыз ыктымал. Ошондуктан мен араб, перс, индия, кытай, япон адабиятынын классиктеринин ырларын которуп, жогорку окуу жайларга «Чыгыш адабияты» деген көлөмдүү хрестоматиялык окуу куралын даярдап китеп кылып чыгардым. Демек, өз башатымды издеп барган айыл мага чоң ийгиликтерди жаратты.

Банкрот кылган пияз

Сиз айылда чыгармачылыктан сырткары чарбачылык менен да алектенгениңизди билебиз. Эмне дыйканчылык кылдыңыз? Бала-чаканы кантип бактыңыз?
Албетте айылда чыгармачылык менен жан багууга мүмкүн эмес, күнүмдүк турмуш бар дегендей. Мен ал жерге барып жалаң эле чыгарма жазып жатып алган жокмун. Антип жатып алсам менин бала-чакамды ким багат эле? Айылга баргандан кийин эл катары өз үлүшүмө тиешелүү жерди бөлдүрүп алгам. Ошол жерди иштетип, аны менен өз үй-бүлөмдү багууга мүмкүнчүлүк таптым.

Шаардан барып эле дыйканчылык жасап кетүү жеңил болбосо керек…
Чындыгында шаарда көп жыл жүрүп айылдан алыс калгандыктан дыйканчылыктын маданиятын унутуп коюптурмун. Башында күнкарама эгип көрдүм. Бир жыл жакшы болду, экинчи жылы болбой калды. Эл пияз эгип жаткан экен деп бир жылы мен да пияз эгип алдым. Көрсө, пияз эгүүнүн, аны өстүрүүнүн сырын дунгандар менен корейлер жакшы билет турбайбы. Кыргыздар пиязда болобу же болбойбу деп аз эле жерге, он же жыйырма сотук аянтка гана эгишет экен. Мен атасынын көрү деп бир жарым гектар жеримдин баарына пияз эгип салдым. Аныгын айтканда, пияз өстүрүүнүн түйшүгү менен жүрүп мен баш болуп бала-чакам өтө кыйналып кеткендей болдук. Чындыгында ал көп эмгекти талап кылат экен. Ага убагында суу коюп, дары салып, отоп туруу талап кылынат. Анын ар кандай оорусу да көп болорун билдим. Кыскасы, бир корей дос таап алып, анын кеңештери менен жеримден жакшы түшүм алдым. Бирок кашайып ошол жылы базарда пияздын баасы түшүп кетти. Сатам деп мүшөктөп койгон пияздарымды эч ким албай калды. Бир күнү балам он беш каптай пиязды Кызыл-Кыя шаарына базарга алып кетип, кечинде аны алпарууга кеткен жол кире чыгымына үйдөн акча алып бергенин көргөндөн кийин аны сатуудан түңүлүп, пияздарымы кап-кабы менен элге бекер тараттым. Түшүм тирукмуш болгон экен, өз айылым бекер пияз жеп жыргап калды. Себеби бизде аны жазга чейин сактай турган мүмкүнчүлүк жок эле. Ошол жылы мен сыяктуу күзүндө пиязын сата албай сактап койгондор жазында анысы өнүп же чирип кетип сай-сайга төгүштү. Мен эмгегим талаага кетпей элге бекер таратып жибергениме сүйүндүм.

«Тажиктер көчөт эге турган жерин бир жыл даярдайт»

Кийинки жылы пияздан көңүлүңүз калган чыгар.
Кийинки жылы буудай эктим. Ал бала-чакама жете турган түшүм берди. Бирок бир жерге кайра-кайра эле бир эгинди эге берсең болбойт экен. Анан ошол үлүш жеримди бак кылууга кириштим. Кыргызда «бир жылдыгыңды ойлосоң буудай эк, түбөлүгүңдү ойлосоң бак тик» деген сөз бар эмеспи. Андыктан багбанчылык менен алектенүүнү чечтим. Бирок базарга барып баасын сурасам бир жарым гектар жерге эгиле турган көчөттөрдү сатып алууга каражатым жетпейт экен. Анан үйгө келип келинчегим менен кеңешип, үйүбүздүн алдындагы чакан жер аянтына алманын, өрүктүн, шабдаалынын, гиластын данектерин эктим.

Кандай жол менен, кантип?
Күзүндө кадимкидей эл жөөк салып, ага данектерди таштап, топуракка көмүп, үстүн жыгач таарындысы менен жаап коюш керек экен. Жыгач таарындысы кышында урукту үшүтпөй, жайында нымдуулукту сактап берет.

Урук өнүп чыккандан кийин эмне кылыш керек экен?
Кийинки жылы жазда данектер өнүп чыккандан кийин аны жаш баладай эле карадык. Отоп, суюлтуп, сугарып дегендей. Кийин кимдин жакшы сорттогу алмасы, өрүгү, шабдаалысы гиласы болсо, аларды көчөттөрүбүзгө улап өстүрүп алдык.

Кантип уладыңар?
Алгач улоо боюнча тажырыйбасы бар айылдаштарымды чакырып улаттык. Анан алардын кылган ишин карап отуруп кыйыштырганды үйрөндүк. Кийинчерек көчөттөрдү бала-чакам менен эле улай баштадым. Көчөт өскөндөн кийин бир жарым гектар үлүш жериме алма, шабдаалы, гиластын көчөттөрүн отургуздук.

Өзүңүздүн көчөт отургузуу тажырыйбаңызга токтоло кетсеңиз.
Биринчи көчөт отургуза турган жерди даярдап алыш керек. Эринбей эле капталынын узун-туурасын бир метр, тереңдигин жарым мерт кылып казып алган жакшы. Көчөттүн тамырын негизинен табигый жер семирткичтер менен көмгөн дурус. Түбүн катмар-катмар кылып даярдап, чиринди, майда кум да аралаштырыш керек. Эгер ушундай шарт менен эксең көчөтүң биринчиден, тез өсөт, экинчиден, эрте мөмө аласың. Мисалы, тажик туугандар көчөт отургузула турган жерди керек болсо үч-төрт метрге чейин казып, бир жыл бою ал жерге жер семирткичтерди салып даярдап туруп анан көчөт эгишет.

Үлүш жериңиз короолонуп анан бак тигилди да…
Өзүбүз өстүрүп, улаган көчөттөрдүн кээ бири андан ары өнүп кетпей жапайы боюнча калып калды. Биз ошол жапайы бойдон калган көчөттөрдү жерибиздин чекесине жыш кылып тигип, тактап айтканда, бир жарым гектар жерди дарак тигип короолодук. Андан азыр эч нерсе кире албайт. Бир жагынан отун болот. Анан короонун ичине түшүм бере турган көчөттөрдү отургуздук. Менде учурда гиластын бир канча түрү бар. Алардын бири бышып бүтсө, бири быша баштайт. Мисалы, жаздын акырында шабдаалы түшүм берип, андан кийин гиластар түшүм бере баштайт. Ал эми кышка сактай турган алмалар күзүндө бышат. Буюрса, былтыртан баштап тиккен бактарыбыз түшүм бере баштады. Азыр мен турган Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында кыргыздар тажиктерден үйрөнүп гилас тиге баштады. Аны алармандар 70 сомдон 120 сомго чейин өздөрү терип алып кетет. Эл ушул нерсе менен жашап жатат. Эч жакка барбай эле тамаркасынан 100-150 миң сом эсептеп алышат. Учурда Көк-Талаа айылынан баштап Кызыл-Кыяга чейинки элдин турмуш-тиричилиги ушул жол менен өтүүдө. Өрүк менен шабдаалынын да алда канча баалуу жана пайдалуу бир канча түрлөрү бар.

«Жазуучуларга 10 млн. сом бөлүндү»

Эми кепти саясый нукка буралы, эмне максат менен депутат болуп келдиңиз?
Депутат болуп келиш менин көптөн бери эңсеп жүргөн максатым деле эмес. Бирок КСДП түптөлгөндөн бери анын мүчөсү болуп, айылда жашап турган үчүн дыйканчылык, чыгармачылык иштерим менен кошо Баткендин арыз-муңун борборго саясый митингдер аркылуу жеткирип, өз жеримде партиянын иш-чарасын жүргүзүп келгеним чын. Ошондон улам партиялаштарым мени алдыңкы тизмеге кошуп депутат кылып алып келишти. Эми бул мандатка ээ болгондогу мендеги эң негизги максат — элибизде тынчтык болсо экен, калкыбыз жакшы жашоого жетсе экен деген тилек. Ал үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүк бар. Эгер өлкөбүздү бир ууч топ ээлеп албаса, биздин жерибиздин, элибиздин байлыгы баарыбызга жетет.

Азыркы саясый абал тууралуу пикириңиз кандай?
Учурдагы өкмөт тууралуу ар кандай пикирлер бар. Бирөө жакшы десе, бирөө жаман дейт. Өкмөттүн түзүлгөнүнө жакында 100 күн болду. Мынча убакытта 20 жыл бузулган системаны оңдоо мүмкүн эмес. Бирок ошого карабай биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында бюджет системасында иштегендердин айлыгы үч эсе көтөрүлдү. Бул институтту бүтүп келген мугалим 6 миң сомдон жогору айлык алат деген сөз. Мен ушул шартты түзүп берип жаткан өкмөттү, парламентти колдобосок, анда биздин элге дагы эмне керек экенин түшүнбөйм. Негизи биз жамандыкты эмес жакшылыкты көбүрөөк ойлошубуз керек.

Учурда жазуучулардын акыбалын жакшы билесиз. Өзүңүздүн «төркүндөрүңүз» тууралуу маселе козгоп жатасызбы?
Жазуучуларга бюджеттен 10 млн. сом бөлдүрүүгө салым коштум. Эми жазмакерлер эч кимге жалдырабай тандалган авторлордун китептерин чыгара алышат.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий