Калыйбек ТАГАЕВ, Кыргыз эл артисти, композитор: «Артымда эркек бала калса деп үйлөнгөм»

60-80-жылдарда Рыспай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Аксуубай Атабаев, Жолболду Алыбаев, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев, Токон Эшпаев сыяктуу таланттар бирин-бири улай келип, аккордеон ойноо манерасынан, чеберчилигинен, обон кыраатынан жана музыкалык ойдун өнүгүш стилинен айырмаланып кыргыз музыка дүйнөсүнө жаңычыл жөрөлгө тартуулаган. Алардын бири Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу, композитор Калыйбек ТАГАЕВ быйыл 72 жашта.

Калыйбек агай, артка бир кылчай-ып көрбөйсүзбү, бала кезде чоңойгондо ким болом дечү элеңиз, ошол максатыңызга жетти-ңизби?
Окуучулук куракта менин негизги максатым учкуч болуу эле. Бешинчи классымдан баштап эле авиамодель менен алектенип, самолеттун үлгүлөрүн жасап учуруп жүргөм. Майрамдарда башкалар ат чаап байге алса, мен самолет учуруп байге алчумун. Биздин авиаклубдун жетекчиси, Советтер Союзунун эки жолку баатыры Талгат Бегелдинов эле. Биз жасаган самолеттордун үлгүсүн ошол киши кабыл алып, мыкты үлгү жасаган окуучуларды тандап учкучтар окуу жайына жөнөтүшчү. Онду бүтүп мен да ошол учкучтар окуу жайына бармак болуп калдым. Агезде мындай окуу жай Кыргызстанда жок эле. Тамбовго барып окууга туура келди. Жарыктык апам ал жакка жөнөтпөй койду. Анан фотоаппарат сатып алып сүрөт тартуу менен алектене баштадым. Ал кызыгуум андан ары өркүндөп, кино оператор болгум келип калды. Бул боюнча окуй тургандарды тандай турган комиссиянын кароосунан да өтүп, ана жөнөйм, мына жөнөйм деп турсам болгону эки-үч орун экен, мен Нарында жүрсөм ага Фрунзеден чоңдордун балдары кетип калыптыр. Ошентип мындан да куру калдым. Бирок менин жогорудагы кызыгууларым менен катарлаш алып жүргөн дагы бир өнөрүм бар эле. 5-класстан тарта мектептеги ыр-хор кружогуна такай катышып, онунчуну бүткөнчө Жумакемдин (Жумамүдүн Шералиевдин) алдында ар кимдин ырларын ырдачумун. Көзгө көрүнгөн музыкалык аспаптарда ойноп, чимириле бийлеп ийген да өнөрүм бар эле. Баса, ошол кезде Ленинграддагы хореография окуу жайынан эки аял келип бийлегеними жактырып, чакырып кеткен эле. Бирок апам «э кокуй, аякка кантип барасың, көрбөгөн жерге эмне бар, бийчи дагы кишиби» деп жөнөтпөй койду. Болбосо Ленинграддан окуп бийчи да болуп кетмекмин. Ошентип урунуп-беринип жүрүп акыры Жумакемди, Атыров, Мамбетбаев деген аккордеончуларды көрүп ошолордой болсом деп жанталашып, бирөөнүн гармошкасын жарым саат- бир саат сурап тартып жүрүп музыкага аралашып кеттим. Оңдой берди болуп биз онду бүткөн жылы Караколдогу пединститутта музыкалык бөлүм ачылып, ал жакка Нарындан беш бала түнү менен качып кетип калдык. Ырдоо, бийлөө боюнча ага чейин сынактардан алган громаталарыбыз бар эле. Ал жардам берип окууга өтүп, ошол боюнча мени музыка өзүнө тартып кетти.

Атак-даңкты кайсы ырыңыз-дан баштап сезе баштадыңыз?
— Долондон өтүп баратканда кары-жашы дебей «Долонду» ырдашат. Бурчта отурам. Көпкөн кезим да. Ырдай бергиле деп таанымаксан болоюн дейм, таанып алышып ич, же деп кыйнашат.

«Элмира» деген ырыңыз поездде келатып жаралыптыр деп уктум эле?
— «Элмира» эми мындай. Пржевальск музыкалык пединститутунда окучумун. 60-жылдар. 1962-жылы музыкалык бөлүм жабылып, бизди Ош пединститутуна которуп жиберишти. Мен 4-5-курсту Ошко барып бүтүшүм керек эле. Ал жакка барбай Ат-Башыга барып мектепте сабак берип алдым. Теңтуштарым «дипломуң жок» деп кыр көрсөтүшкөндөн улам Ошко барып окудум. Бир жолу поездде баратсам суйкайган бир кыз Кара-Суудан түштү. Купебиз бир, бирок тийише сүйлөсүң тоготуп да койбойт. Жаш кез да. Тарбия көргөн жан экени дароо эле билинди. Поездге түшүп атканда бир солдат бала узатып калганын байкагам. Өзү сулуу кыз, коштошконго капа болгонбу, же тууганыбы, билбейм, кабагы салыңкы. Улам-улам сурап коем, жооп жок. Менин деле татынакай кезим. Атын акыры айтты, Альмира болчу. Агезде а да жаш, атын жашырып айттыбы, билбейм. Көрсө, Фрунзеде мединституттун 3-курсунда окуйт экен. Чөнтөктө нота жаза турган дептерим дайыма бар эле. Жалын чачырап турган кез, текстте анын темир тулпар үстүндө саамайын желге сылатып баратканын жазганмын. Нотасын да ошол жерден жазып, вагондун ресторанына кетип калдым. Келсем окуп атыптыр. Күлүп «сиз композиторсузбу?» дейт. Жок, кызыгам дедим.

Мамилеңер андан ары өнүктү беле?
— Ийи, сага, силердин оюңарга койсо андан ары уйпалап иймей. Биздин муун тарбиялуу болчу. Мен Ат-Башыда, ал борбордо болуп калды. Бир жылда бир келе албасаң… Ошол кызды жок дегенде белинен кармап, жүзүнөн сүйбөдүм. Ошол боюнча көргөн жокмун. Кийин медучилищада сабак берет экен деп уккам. Бирок издебедим.

— Учурда чыгармачылыгыңыз кандай абалда?
Чыгармачылыкка өзүңдү багыштап койгондон кийин андан кутулуу кыйын. Көзүң жумулганга чейин анын артынан жүрүшүң керек экен да. Мисал үчүн устатым Жумамүдүн Шералиев акыркы дем тартканга чейин жалаң чыгармачылык менен кармашып жүрүп өттү. Өзүм тууралуу айта турган болсом, албетте мурункудай эмесмин. Азыр өзүң билесиң, өзү текст жазган, өзү обон чыгарган «жылдыздар» жайнап кетти. Алардан улам учурда эл обон деле уккусу келбей калгандай. Чындыгында азыр ырчы-чоорчулар угармандарды иренжитип алдык. Андыктан кээде обон деле жазгың келбей кетет. Мурда ырчылар «байке, бул ырыңызды мен ырдайын» деп үйгө чейин кубалап келер эле. Азыр бүт баары эле өздөрү акын, өздөрү обончу болуп албадыбы. Албетте обончулукту таштаган жокмун, бирок мурдагыдай көңүл жок. Кез-кезде аз болсо да саз болсун деп обон жазып коюп жүрөм.

Үзүрлүү иштеген учуруңуз кайсы мезгилге туш келет?
Мага Жумакемдин таасири күч болду. Ал кишинин жаны тынчу эмес. Күжүлдөп эле чыгармачылыктын казанында кайнап турчу. Бир туруп комузун ала коет, бир туруп пианиного отура коет, айтор, күнү-түнү чыгармачылык менен алектенип жатканын көрчүмүн. Мен ошол кишиден көп таасир алып калдым. Нарын театрында иштеп жүргөндө ал жерде да көп обончулар бар эле. Агезде мен, Канымгүл Досманбетова, Эсен Мааданбеков, Табылды, Орозбек Шаршенов, Түркмөнов, Мамбетбаев дегендер чогуу иштечүбүз. Жумакем баарыбызды чогултуп алып, «кана, эмне апкелдиңер?» деп катуу талап койчу. Биз жашпыз да, алгач түшүнбөй бири-бирибизди карап, бул киши ичпесе эмне алып келишибиз керек эле деп аңкайып калдык. Көрсө, Жумакем бизден чыгарма сурап жатыптыр. Жумасына үч жолу жолугушчубуз. Жумакем адаттагыдай эле эмне обонуңар бар деген сурагын жүргүзөт. Андыктан биз жумуштан чыккандан кийин жанталашып чыгарма жаратканга аракет кылчубуз.

Чыгармаларыңыздын арасынан жүрөгүңүзгө жакыны кайсы?
Ар бир чыгармамды ак дилим менен өз баламдай көрөм. Бирок албетте жүрөгүңө жакыны болот. Өзгөчө «Элмира», «Ат-Башым», «Жолугам качан сен менен» деген ырларымды жакшы көрөм. Кийин жазган «Өмүрдү бирге сүргүм бар» деген ырымды жандүйнөм менен жактырам.

Сизде бир таарыныч-паары-ныч барбы?
Таарынычым көп эле. Учурда концерт берсемби деп пландап жүрөм. Мына анын программасын түзүп койдум, жаңы ырларым бар. Мындан үч жыл мурун Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөм. Үч камералык оркестр менен чоң концерт бергем. Бирок аталган сыйлыкты беришкен жок. Ал боюнча таарынычым күчтүү, аны тиешелүү адамдарга айтам. Жакында Токтогул сыйлыгына жең ичинен тизме түзүп сунушташканы жатканын угуп калдым. Быйыл концерт коеюн десем филармониянын бир күндүк ижара акысы кырк миң сом экен. Мындан сырткары, оркестрге, телеге төлөш керек. Солисттер да бекер ырдабайт. Менде ага жете турган каражат жок. Андыктан концертимди кантип өткөрүүнү билбей турам. Демөөрчү чыгып калса дурус болот эле. Экинчиден, ат-башылык аттуу-баштуу жердештерим көп учурда мени унутуп калышат. Жакшылыктарында менин ырларымды угушат экен, бирок өзүмө көңүл буруп, чакырып коюшпайт. Акын Надырбек Алымбеков мен тууралуу жазган ырында:
«Акылдуулар космосто, айда жүрөт,
Акылсыздар ар кайсы жайда жүрөт.
Теңир сүйгөн агасын сыйлай албай,
Теңир-Тоонун тыңдары кайда жүрөт?» деген экен. Ушуларды ойлонуп отуруп кээде эч кимге деле керегим жок турбайбы деп кейип кетем. Анүстүнө өзүм да бир сырдуумун. Чакырбаган жерге улунуп-жулунуп бара бербейм.

Сизди жердеш иниңиз Аскар Салымбеков материалдык жактан колдоп жүрөт деп угабыз.
— Аскарга таарынычым жок. Ал мени көп эле жолу колдоду.

— Төшөк жаңырттыңыз эле, жаңы жеңебиз менен жашооңуз кандай өтүп жатат?
Оюмда артымда бир эркек бала калса деп жүргөм. Бассам-турсам эле уулум болуп, ал мени тартып обончу болуп калса, мен аны ээрчитип жүрүп бул өнөрдүн сырларын үйрөтсөм деп кыялданып келем. Кудайга шүгүр, төрт кызым бар. Бирок уулум жоктугуна арман кылам. Балалуу болсом деген далалат менен үйлөнгөм. Жеңеңер жаш. Машина уруп кетип баласы боюнан түшүп калды. Эмгиче бешке чыгып калмак.

Экинчи жеңебиз тууралуу кененирек айта кетпейсизби?
Ал өзү БГУну бүткөн. Кесиби филолог. Менден биртоп жаш кичүү.

Кантип таанышып калдыңыз?
— Ал мени өзү издеп тапты. Кичинекейинде менин обондорумду угуп, чыгармаларыма ашык болуп, өзүнө чоңойсом сөзсүз ушул киши 80де болобу, 90до болобу, турмушка чыгам деп милдет койгон экен. Тагдыр экен жолуктук.

Азыр чогуу жашайсыздарбы?
Анын эжелери, агалары Москвада иштейт экен. Ошолор аны бул жакта иш деле жок, ошол жакка барып иштеп келсин деп сурап кеткен. Азыр ал Россияда. Буюрса жакында келет.

Москвада эмне иш кылат? Сүйлөшүп турасыздарбы?
Эки күндүн биринде эле телефон чалып турат. Ал Москвада биздин элчиликтин гезитинде иштеп жүрөм дейт.

Азыр үйдө өзүңүз жалгыз жашап жатасызбы?
Жалгыз элемин. Мен өзүм тынч жүргөндү жакшы көрөм. Той, шаан-шөкөт дегенди жактыра бербейм.

Биринчи үй-бүлөңүз менен катташып турасызбы?
Өзгөчө кичүү кызым Салтанат дайыма ал-акыбалымды сурап турат.

Куудул Күмөндөр Абылов сизге куюп койгондой окшош. Кокус ал сиздин балаңыз болуп кетпейби?
— Адамга адам окшош боло берет да, ботом. Эми аны өзүнөн сурагыла да… Мени көчөдө көптөр Күмөндөргө окшоштурушуп, артымдан «Күмөндөр карып кетиптир» деп шыбырашып калышат. Илгери Күмөндөр Абылов экөөбүз ээрчишип сеп этип жүрүп, чала жерибизди биротоло толтуралы деп бир бөтөлкө көтөрүп алып менин үйүмө барганбыз. Экөөбүздүн ыргалып турганыбызды көргөн мурдагы аялымдын ачуусу келип бөтөлкөбүздү ташка чаап сындырмак болуп калды. Анда Күмөндөр «Омей, атамдыкына бир жолу келип, анан бир шише арак ичпей кетемби» деп тамашалап койду. Жеңеңер экөөбүздү бир сыйра карап, окшош экенибизди көрүп, ууртуна күлүмсүрөө пайда болуп жибип кеткен.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий