Жандат Жаманбаева, актриса: «Театрда жүрүп тапканыма караганда, жоготконум көп болду»

Өнөр ээси болуу оңой. Анткени аны жараткан сага берет. Бирок өнөрдү таптай, өстүрө, колдоно билүү өтө кыйын дегендей, адамдын жан дүйнөсүнө гүлазык тартуулаган театр чөйрөсүндө 36 жыл эмгектенип, бир топ ролдорго жан киргизип, бүгүнкү турмуштун оң-терс жагын роль аркылуу элге жеткирип келген Жандат Жаманбаева эже менен баарлаштык. Сөз учурунда Жандат эженин 36 жыл театр деп жүрүп бир дагы сыйлык албаганын угуп, бир чети таң калсам, бир чети ушундай таланттардын талантына баа бере албаган кээ бир чоңдорго жиним келди. Айла канча… Биздин колдогу иш болсо…

— Биздей унутулуп бара жаткан, улуу муундагы өнөр ээлерин эскерип, гезит бетине чыгарып жатканыңарга терең ыраазычылык билдирем. Бизди журналисттер эле эстебесе, чоңдор эбак унутуп калса керек… Ээ, мейли, Кудай тынччылыгын берсин…

1972- жылы жолдошум Муканбет экөөбүз (Муканбет Токтобаев, КРнын эл артисти, Жандат Жаманбаеванын өмүрлүк жолдошу- авт.) Москвадагы Луначарский атындагы театралдык окуу жайын бүтүрүп келдик. Ошол кезде Ош драмтеатры жаңы гана салынып бүтүп жаткан. Москвадан келээрибиз менен бизди түз эле Ошко жиберишти. Ош драмтеатрын ачууга 21 өнөрпоз бардык. Биздин учурдагы өнөрпөздөр аябай таланттуу, таскагы катуу чыккан өзгөчө кайталангыс таланттар эле. Баарыбыз билек түрө иштейбиз деп, чамынып турган убагыбыз. Анда жогорку жак кайда жөнөтсө, ошол тарапка барып иштөөчүбүз да. Өз каалооң, тандоо деген жок. Иште, бар деген жакка жүгүрмөй. Ошентип, Москвадан келип эле Ош театры бүтө элегине байланыштуу Жалал-Абадга бардык. Эки жыл Жалал-Абад театрында иштедик. Ош театры бүтөр менен ишке кириштик. Анда эмне, жаңы эле окууну бүтүп келгенбиз. Жаштык кез… Иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган убак. Ош театрынын биринчи кышын коюп, ишке киргизген биздин муундагы өнөрпоздор болдук.

Борбордогу Кыргыз драмтеатрга кандайча келип калдыңыздар эле?
1977- жыл жолдошум шаарга которулуп келип, Кыргыз драмтеатрда иштеп калды. Шаарда үйдүн жоктугунан улам мен 8 ай кеч келдим. Тактап айтканда, 1978-жылы Кыргыз драмтеатрга которулдум. Ошондон тарта экөөбүз тең Кыргыз драмтеатрда иштеп калдык. 36 жыл театрда иштеген эмгек жолумда тээ дүйнөлүк классик жазуучулардын чыгармаларынан тартып өзүбүздүн жазуучулардын чыгармаларындагы каармандардын ролдорун ойноого жетиштик. Ал кезде билесиз да, театрдын гүлдөп турган учуру эмес беле? Элдин баары театрдан чыкчу эмес. Залдар күнүгө жык-жыйма элге толуп турчу. Сенин эмгегиңди баалап эл келип жатса, кубаныч да. Биз дагы өз ролдорубузду жогорку деңгээлде аткарып, элдин купулуна тололу деп билек түрө иштечүбүз. Күндү күн дебей, түндү түн дебей иштеген учурларыбыз аябай эле көп болду.

Ош драмтеатрынан келгенден кийин кандай ролдорду ойнодуңуз?
Театр дайым жашарып турушу керек. Ал үчүн жаш актер-актрисалар керек. Мен Ош драмтеатрынан которулуп келгенде мага жаштардын ролдорун бере башташты. Ошол кезде иштеп турган өнөрпоздордун көзүнө аябай жаш көрүнсөм керек. Болбосо, 30 жашка чыгып калганда келгем. Кыргыз драмтеатрда иштеп жүргөн алгачкы жылдары 10-класста окуган кыздардын ролдорун көп ойноп калдым. Негизи эле мага мүнөздүү ролдорду көп берчү. 1990-жылдын март айында «Сейтек» спектакли коюла турган болуп, мен Каныкейдин ролун ойномой болдум. Февраль айында даярдык көрүп жатканыбызда Кыргыз драмтеатрдан кетүүгө туура келди. Ошентип, жаш кыздын ролунан Каныкейдин ролуна жеткенде театрдан кетип калдым.

Кыргыз драмтеатрынан кетүүңүзгө эмне себеп болду эле?
1990- жылы «Тунгуч» театры Кыргыз драмтеатрынан бөлүнүп чыгып, биз Мукем экөөбүз Жамал эже менен кетип калдык. Себеби мурда «Манастын уулу Семетей» деген спектакль коюлуп, Мукем Семетейдин ролун ойногон. Ошол спектакль Токтогул атындагы сыйлыктын лауреатына көрсөтүлүп, ошол спектаклде ойногон 4 актер да сыйлыкка көрсөтүлдү. Сыйлыкты бергенге келгенде эле башкы ролду ойногон Мукем куру калып, экинчи, үчүнчү ролдогулар сыйлыкка ээ болуп жатпайбы. Көрсө, ошол учурда эле Маданият министрлигин эшигин жыртып кайра-кайра барган, тааныш-билиш салган адамдар наам алчу экен. Анан жолдошумдун көңүлү ооруп, «Ээ, канча мээнет кылсаң да билишпейт экен. Жүрү кетебиз»- деп Жамал эже менен кетип калганбыз.

«Тунгуч» театрында канча жыл иштедиңиз?
Театрдын өзүнө таандык имараты болбогондон кийин иштөө аябай эле кыйын экен. Ошого карабай Жаныш Кулманбетовдун калемине таандык «Чыңгызхандын купуя сыры» деген спектаклин койдук. «Тунгуч» театрында иштеп жүргөндө койгон чоңураак спектаклибиз ушул болду. Чыңгызханды Мукем, экинчи ролдогу кемпирдин ролун мен ойнодум. Ошол кезде азыркыга салыштырмалуу бир топ эле жаш экенбиз. Анан да «Тунгуч» театры көбүнчө концерттик багытта болуп, гастролдорго да көп чыкчу. Өзүм ырга жокмун. Четте туруп айлык ала албайсың. Ошол себептен эртерээк эле пенсияга чыгып алдым. Чачым аппак болуп, сахнада «Сени сүйөм»- деп ырдап жатканымды элестете алган жокмун. Карыган кишинин ырдаганы уят экен. Анын үстүнө Мукемди Кыргыз драмтеатрга чакырып калышты. Мукем Кыргыз драмтеатрга кетти. Мен пенсияга чыгып алдым.

Сахнаны сагынган учурларыңыз болобу?
Өзүң карыган менен жүрөк жаш болот экен. Сахнаны сагынасың. Өзүң теңдүү курбуларыңдын иштеп турганын көргөндө ичиң бир аз уйгу-туйгу болуп кетет. «Сени эмне бирөө театрдан эрте кетип кал деди беле?»- деп өзүмдү жоошутуп коем. Азыр болсо, кээде тасмаларга тартылып калам. Үйдө черимди жазган неберелерим бар. Кечке аларга алаксыйм. Беш баланы төрөп, чоңойттум. Аларды татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткирдим. Кудай аялдык бакыттан аксатпаптыр ушунусуна шүгүр дейм.

Жаштык кезде жаңылуу болот дегендей, жолдошуңуз менен театрда чогуу иштепсиздер. Муканбет абанын башка кыз-келиндерге көз артып, ала жипти аттаган учурлары болду беле?
Эми жаштык кездин деми, күчү менен көп жаңылыштыктар болот. Муканбеттин атагы чыгып турган учурда көз кысып, тийишкен кыз-келиндер көп эле болгон. Ал кишинин да тартип бузган учурлары көп эле болгон. Бирок ошонун баарын аял киши көтөрүп, чыдашы керек. Аялзаты көтөрүмдүү, чыдамдуу, сабырдуу, акылдуу болушу керек. Эркектин эркелегени убактылуу гана. «Тай секирип талга чыкпайт» дегендей, бүгүн туйлап-туйлап ойноп, эртең эле кайра сага келет. Ал учур деле алыс эмес. Болгону, учурунда аялзаты көз жуумп, укмаксан болуп гана коюу зарыл. Ошондо гана сен жеңесиң. Муканбет абаң тескери баскан эмес десем калп айткан болом го. Анда таптакыр эле эркек болбой калбайбы… (күлүп).

Кызганычтан улам, пикир келишпестиктер болчу беле?
Биз аябай бири-бирибизди жактырып, сүйүп жүрүп баш кошконбуз. Биздин сүйүү аябай улуу эле. Мына ушул нерсе биздин курган чептин уралбай сакталышынын негизги түркүгү болду го десем жаңылышпайм. Албетте, казан-аяк кагышкан учурлар болот. Биз такыр эле катуу айтышпайбыз десем да туура эмес болуп калат. Пикир келишпестиктер болбогон нерседен улам деле чыгышы мүмкүн. Андай учурлар биздин баштан да өткөн. Бирок 42 жыл бирге түтүн булаткан жыл аралыгында катуу кетип урушкан учурубуз болгон жок. Кызганычтан улам убактылуу гана таарынычтар болчу. Кызганычтын айынан чоң чатактар чыккан эмес. Дайыма бири-бирибизди түшүнүүгө аракет жасачубуз.

36 жыл театрда жүрүп эмне таба алдыңыз?
Театрга бир нерсе тапсам деп деле барган эмесмин. Сөздүн чыны, тапканыма караганда жоготконум көп болду окшойт. 36 жыл театрда эмгек кылып бир да сыйлык, наам алган жокмун. Буга өкүнбөйм деле, буга өзүм да күнөөлүүмүн. «Дарак бир жерден көгөрөт» деген чын экен. Бир Ошто, бир борбордо иштеп жүрүп эмгегим толук бааланбай, эмгегимди ысырап кылып алдым. Бир жерге жасаган эмгегиң экинчи жерде бааланбай калат экен. Ролдоруң жакшы чыгып калганда гана кубанып, бакыт таппасаң… Билбейм, мындан башка эч нерсе таба алган жокмун го деп ойлойм. Театр деп жүрүп төрт жаштагы баламды жоготуп алганым эң чоң өкүнүчүм болуп калды, а калган жоготууларга кайылмын.

Маектешкен Жаркынай Кадыркулова, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий