Аалы Туткучев, төкмө акын. «Казак акындарына жооп»

super.kg сайтынан алынды

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Какшасам угаар үнүмдү,
Казак-кыргыз калкым бар.
Көйгөйүм айтып, эркелейм,
Көңүлдө бир аз дартым бар.
Тизгинди тартпай бош койдум,
Тилимден бүткөн камчым бар.
Баш кесет, бирок тил кеспейт,
Бабадан калган салтым бар.
Элчи менен ырчыга,
Өлүм жок деген шартым бар.
Кастыкты айтпайт акындар,
Достукту айтаар парзым бар.
Кутмандуу кыргыз-казагым,
Кулак салгыла ээй, алтындар.
Сол карегим казагым,
Оң карегим кыргызым.
Мойнуңда эгиз тумарым,
Ал Мухтарым менен Чыңгызым.
Түбүбүз да опокшош,
Үйүбүз дагы опокшош.
Түндүктөн санап жылдызын,
Ак элечек ак мөңгү,
Ала-Тоо биздин энебиз.
Эки эмчегин эки улут,
Эзелтен бери эмебиз.
Кыбыланы беттеген,
Динибиз дагы бир элбиз.
Ортомчу жок сүйлөшкөн,
Тилибиз дагы бир элбиз.
Бабам кыргыз айткандай,
Казагым айтат «канша» деп,
Кыргызым айтат «канча» деп.
«Ш» менен «Чсы» болбосо,
Айырмасы жок анча көп.
Болбосо, бабабыз Казак айткандай,
Басымда кийген ак калпак,
Кыюулап шетин шыргызган.
Менин бетим да жапжалпак
Айырмаң кайсыл кыргыздан?!
Мына ушинтип акындар,
Ынтымак жайлуу ырдашкан.
Ааламдын эли жете албайт,
Акындык жактан, ыр жактан.
Ар доордо болгон бузуктар,
Артка тарткан шыйрактан.
Ырчылардай тамемдигин,
Ынтымакты ырбаткан.
Адырда болгон малы бир,
Аңызында даны бир.
Кан Манас менен Көкчөнүн,
Казатта болгон жаны бир.
Сакталган кыргыз-казакта,
Санаттуу акындары бир.
Тагдырың окшош жазылып,
Тамырда соккон каны бир.
Өзгө элдер антип өкүрбөйт,
Өлгөндө көмчү жайы бир.
Бөрүнү баксаң бир күнү,
Тиш салат тура баары бир.
Казактын телеканалдан,
Кадимки эле Хабардан.
Айтышка байге сайышып,
Акындар чыкты чабарман.
«Кыргыздар бизге душман» — дейт,
Кененсарыны чаап алган.
Чала болду кыргызга,
Элди атаар жоо таап алган. —
Деп ырдап жатсаң эфирден,
Сабырым түттү араңдан.
Жакуттан үйгө баксаң да,
Жаман сөз чыгат жамандан.
Уу сөздөр чыкты биз жайлуу,
Эркегинен да, аялдан.
Бок сөзүң токтот,
Болду деп чыккан жок,
Эч ким алардан!
Айлына кирип барбасак,
Аялын тартып албасак.
Достукту айтпай акыны,
Домбрасын кучактап.
Долудай неге каргашат?!
Жолоочу болуп келгенге,
Кымызы даяр кыргыздын.
Тоноочу болуп келгенге,
Кылычы даяр кыргыздын.
Өздөрү келип катылса,
Өлтүрөмүн деп бакырса,
Ата-баба мазарын,
Асманга чаңын сапырса,
Кантсин анан Ормон Хан,
Көрсөттү эрдик баатырча.
Же эмне «Кенен келди» деп,
Жүгүнмөк беле катынча?!
Анчалык кеттик анда,
Мен айтайын жооп ээй акынча:
Казак дагы мусулман,
Саждага башын салгандар.
Кыргыз дагы мусулман,
Жай намазын жайгандар.
Мусулманга мусулман,
Бир тууган деген пайгамбар.
Пайгамбардан чоң бекен,
Акынсынган ал балдар?!
Тууганым душманым дей берсин,
Дининен чыгып калгандар.
Байлыкка көппө тууганым,
Байлыктан улук Аллам бар.
Казактын чечен бөлтүрү,
Сөзүндө болбос кемчилик.
Кыргыз-казак достугун,
Кыябын ачуусун келтирип.
Жүлүнгө жеткен сөзүнө,
Жүрөктүн кылы чертилип.
Бөлтүрүктүн кашында,
Кыргыздарды душман дегендер.
Кыйналып кетмек энтигип,
Бөлтүрүк бабаң сыяктуу.
Бөрктүү сөздөн ырдагын.
Көпкөн сөздөн ырдабай,
Көрктүү сөздөн ырдагың.
Каруулуң ага жетпесе,
Казакты уят кылбагың.
Өз элиңди сүйө бил,
Бирок өзгө элди да сыйлагың.
Таанып билгениң кыргызды,
Тазарсын оюң, ыйманың.
Шаханов Мухтар агамдын,
Көбүрөөк оку ырларын.
Абылай Хан чыгып казактын,
Азабын-муңун аз кылган.
Үш жүздүн кошуп баштарын,
Ордолуу хандык так кылган.
Жанында букар жырау бар,
Жанашага тар бастырган.
Кыргызга жортуул жаса деп,
Абылай Ханды азгырган.
Бузук сөз айтып кыргызды,
Букар жырау чаптырган.
Кайталап тарых катасын,
Караңгы жолду басасың.
Бүгүн да казак акындар,
Бузуктук кылып жатасың.
Шак эле кыргызды душман деп,
Шайтандын алба батасын.
Элимден чыккан «жөө жакын»,
Эки элге болгон көпүрө.
Көздөрү көрбөй Кудайым,
Көп сыноо берген өзүнө.
Айтышкан элең акындар,
Асыла берип көзүнө.
Казактын он жети акыны,
Кайсалып калган сөзүнө.
Кыргызды казак жеңе албайт,
Салып кой боорум эсиңе.
Калмак-жуңгар бир кезде,
Катуу кыргын салды эле.
Казак менен кыргыздын,
Канына кылыч малды эле.
Катык сүт берер эчки жок,
Кайың саап казак калды эле.
Кыргызыңдан башка ошондо,
Кыйышпас тууган кайда эле?!
Кайрадан кыргыз биригип,
Калмактан өчүң алды эле.
Алиги казак акыны душман,
Дейт бизди ал неге?!
А балким, ошол акында,
Калмактын каны бар беле?!
Ооруңдун айтса чынын да,
Отуз экинчи жылында.
Катыра план төгөм деп,
Катталган казак чыгымга.
Катыктап жарма ичээри жок,
Кедей да тургай, бай да жок!
Кыйышпас жакын тууган деп,
Кыргызга оогон айла жок.
Кырылды жолдо канчадан,
Көмүүгө кубат, ал да жок.
Кыйнабай багып сыйлаган,
Кыргыздай пейил жанда жок.
Казак кул деп айтууга,
Деңгээли пастар анда жок.
Тону жокко тон берип,
Малы жокко мал берген.
Үйү жокко үй берип,
Ашы жокко нан берген.
Үйлөнгөн кыргыз жигиттер,
Казак кыздарга пар келген.
Арадан канча жыл өтүп,
Ал жаштар азыр картайган.
Андагы казак жеңелер,
Азыр чоң апа болду балпайган.
Асманда сансыз жылдыз көп,
Ааламда андан кыргыз көп.
Дүйнөнүн булуң бурчунда,
Ырыскын издеп, турмуш деп.
Пайгамбарым Мухаммед,
Насыят айткан чындык деп.
Кытайдан болсо дилиңди,
Үйрөнүүгө тырмыш деп.
Пайгамбарга үммөтпүз,
Бир Кудайга кулбуз деп.
Илим издеп дүйнөнү,
Кыдырып кеткен уул-кыз көп.
Ааламда жашайт канча улут,
Майда улут жана алп улут.
Кучагың жайып достоштук,
Жүрөккө жүрөк тартылып.
Кыргызды кул деп эч улут,
Айтпаган көңүл калтырып.
Казактар бизди кул дешти,
Туугандык жолу бар туруп.
Чын тарых болсо эсиңде,
Чындыкты айтам секирбе.
Кара-кыргыз деп турат,
Картаңардын бетинде.
Казак деген жазууну,
Картадан издеп таппайсың,
Музейге кирген кезиңде!!!
Казактан чыккан Шэкерим
Ким билбейт анын атагын,
толуктап келген эмеспи,
топ залкарлардын катарын?!
Кыргыздан казактар тарадык,
Деп жазганын окуп жатамын.
Шэкеримдин сөзүнө бар беле,
Кылаар чатагың?
Баурум демек көз ачып,
Баркын бил кыргыз атаңын.
Айтуучу сөзүң аныкта,
Ар ишке бер калыс баа.
Орустар тыңчы жиберген,
Орто Азияны алышка.
Манасты Чокан жазган деп,
Боорум пейилиңди тарытпа!
Манас бар үчүн Чокандын аты,
Өчпөй калган тарыхта.
Москва шайлап Колбинди,
Мазаңды чакты чоң жинди.
Азаттык сүйгөн казакты,
Атууга аскер кол кирди.
Алматыдай борбордо,
Желтоксаныңар болгондо.
Кычыраган суукта,
Кырчындай жаштар тоңгондо.
Жардам бермек болушуп,
Жакыным казак боорлорго.
Атайын кыргыз жаштары,
Аттанып чыгып сапарга.
Алматыңа аз калып,
Аралап кирип Отарга.
Алдынан тосуп аларды,
Таңкалар турду катарда.
Ай-хайлап артка качпаптыр,
Автомат менен атаарда.
Урпагың улуу кыргыздын,
Ушундай кыргыз эрдиги.
Казактар үчүн кыргыздын,
Пейилинин кеңдиги.
Казактын бизге кылганы,
Кандай болду эмдиги?
Кечээ кыйындар элди атканда,
Кыргыздын шору катканда,
Чыңгыздын ыйык Мекени.
Чыланган кезден акканда,
Чындык деп чыккан кыргызды,
Чын айтсам теңеп мастарга!
Казактар жардам бердиңер,
Кан ичкен зөөкүр качкынга.
Ош окуя башталып,
Элибиз толкуп ташканда.
Конок пейил кыргыздын,
Койнунан жылан чыкканда,
Энелердин көз жашы,
Ээгинен ылдый акканда,
Дүйнөнүн эли кол сунуп,
Жардамын берип жатканда,
Кайышып кетти кабыргам,
Каны бир деген казагым,
Чек арасын жапканда.
Казагым жүрөк-бооруң,
Катуураак беле таштан да?!
Кыргыздын мындай эрдигин,
Кылымдын эли кеп кылган.
Кыргыздан чоочуп сен эмес,
Кытайлар бекем чеп курган.
Кылымдар бою урабай,
Кыргыздан сакта деп курган.
Уй түгүндөй кытайлар,
Урушка келсе көөп толуп.
Казак менен кыргызга,
Карышкырдай өч болуп.
Санаага салган эки элди,
Салык салып жеп коюп.
Кыргыз менен казактын,
Кыжыры кайнап кек толуп.
Кытайдан барып өч алган,
Кырааның Манас бек болуп.
Азыр да кытайдан коргоп,
Казакты кыргыздар жашайт,
Чеп болуп.
Казагым менин асылым,
Кардешим, боорум, жакыным.
Казакты жаман дей албайм,
Мен акынды айтып жатырым.
Барк алам десең элиңен,
Ал байытыш керек акылын.
Эл деген калыс тараза,
Элекке салган акыным.
Тууралап тандап алса экен,
Тулпары менен качырын.
Арыстан гана токойдо,
Азаттыкты талашат.
Ал эми коркок коёндор,
Алптардын бутун жалашат.
Арыстан жүрөк кыргыз деп,
Ааламдын эли карашат.
Биз да ушундай болсок деп,
Коңшу өлкөлөр самашат.
Кыргызды кордоп сын такса,
Кымбатым баурум адашат.
Сын такканды жөн коюп,
Сактансаңар жарашат.
Анткени кыргызды баскан,
Сур булут
Кылкылдап казакты көздөй,
Ээй! баратат.

“Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий