Муса Мураталиев, жазуучу: “Кыргыздын 245 жазуучусу тууралуу эскерме жазам…”

Москвалык кыргыз жазуучусу, “Азаттык” радиосунда бир топ жыл иштеген Муса Мураталиевдин “Идол жана Мария” деген китеби орус тилинде жарык көрдү. Жакында эле жазуучунун өзү менен интернет аркылуу байланышып, чыгармачылыктагы жаңылыктарынан кабардар болдук.

Муса мырза, кыргызда адам менен таанышканда эле жерлигин сурайт эмеспи. Мага да сиздин кайда-туулуп өскөнүңүз кызык болуп атат?
– Нарындын кулунумун. Ата-тегим байырлаган жер Атбашынын Чеч-Дөбө айылы. Совет өкмөтү орногондон кийин, чоң атам Мураталы кулакка тартылып, Жар-Кашат деген кыштакка көчүп келишиптир. Балалыгым ошол айылда өткөн. Апамдын айтуусу боюнча 1942-жылы буудай бышкан кезде төрөлүпмүн. Бирок, кийин комсомолго өтүп жатканда, вожатыйыбыз февраль кылып жаздырып койгон. Атам Ырыскелди эрте көз жумган. Апам токой чарбасында иштеп жүрдү.

— Москвага качан кеткенсиз?
Өзүм М.Горький атындагы адабият институтунда окугам. Аны аяктаган соң, Кыргызстанга кайтып барып, 3-4 жылча “Советтик Кыргызстан” гезитинде, андан соң телевидениеде иштедим. 1974-жылы кайра Москвага келгем. Анткени, Жазуучулар союзуна Кыргыз адабияты боюнча жооптуу катчысы болуп дайындалгам. СССР ыдырагандан кийин “Азаттык” радиосуна ишке орношком.

— “Май айынын күкүгү” деген чыгармаңызды окуган элем, ал сиздин тунгуч романыңызбы?
— Жок. Биринчи романым “Сары кар” деп аталат. Махабат тууралуу. “Май айынын  күкүгү” тарыхый роман. Аны жазганда 37 жашта элем.

— Андагы каармандар турмуштан алынганбы?
— Менде бир адат бар. Кандай гана чыгарма жазбайын, ага кейипкер катары айылдаштарымды алам. Чечдөбөлүктөр аркылуу бүтүндөй кыргыз турмушун чагылдырам. Адабиятта бул көнүмүш нерсе. Нобель сыйлыгынын ээси У.Фолкнер да өзү «жараткан» Йокнапатоф аркылуу чыгармаларында бүтүндөй америкалык турмушту берген. Ошонусу менен дүйнөгө кызык болуп калды. Таасирди турмуш жаратат, чөйрө көптү берет, калемгер маанайы ошол көрүп-билгенине жараша калыптанат. “Май айынын күкүгүндөгү” баш каарман Айша, 1916-жылкы Улуу үркүн маалында 6 жаштагы кыз болот. Аны Кытайга качып бараткан эне-атасы кичине талкан менен жолго таштап кетет… Бул трагедия анын жүрөгүндө түбөлүк калат. Күкүк сайраган сайын ошол күндү эстейт.  Үркүн маалында мындай тагдырга кабылган кыргыз балдары көп болгон.

— Үркүндү жазганыңыз үчүн советтик цензурага кабылсаңыз керек?
— Оо, кабылганда да кандай? Романда падышалык орус аскерлеринин карапайым кыргыздарды жазалаган эпизод бар. Ал үчүн Политбюро мүчөлөрүнүн төө бастысында калгам. Кыргыз КГБсын жетектеген В. А.Рябоконь чыгарманы “улутчул мүнөздө” деп айыптаган болчу. Ошол эле маалда чыгармага оң баа бергендер жетиштүү эле. Жазуучулар: Ч.Айтматов, Р.Гамзатов, Я.Козловский, Л.Озеров, сынчы З.Кедрина ж.б. агымга карай сүзүшүп, мени коргоп чыгышкан.

— Баса, Чыңгыз Айтматов менен кандай мамиледе элеңиз?
— Абдан жакшы. Аны менен кыйла жыл кошуна турганмын. Бул берки эле чети, кийин кол тийсе жеке эле Чыкем эмес, кыргыздын 245 жазуучусу тууралуу эскерме жазайын деп жүрөм. Күндөлүгүм бар…

— Жакында Москвадан “Идол жана Мария” деген китебиңиз чыгыптыр. Ага орус сынчылары кандай баа беришти?
— Биринчи болуп окуган сынчылар 2-апрелде Маскөөнүн жазуучулар үйүндө өткөн бет ачарда “адабияттагы жаңылык болду” дешти. Китепте экинчи тарыхый роман «Манасчы» да бар. Анда кыргыз баласынын оболтон берки тагдыры, жоголуп кеткен уруулары, эпосубуздун ачыла элек касиеттери, иши кылып, кыргыз тукумунун байыртан келе жаткан жолу чагылдырылды

— Романды эмнеге “Идол жана Мария” деп атадыңыз. Мааниси тууралуу билсек болобу?
— Мария жергиликтүү орус улутундагы аял. Кеп анын улутунда эмес, ал кадимки эле ЖЭКтин деректири. Аты гана диний чалыш. Мигранттарды (чечтөбөлүктөрдү) иш менен камсыз кылган, демек, акча төлөгөн — бактысын ачкан аял. Сармат, Алма, Султан, Кайрат, Аскар ж.б. каармандар ошол Мариянын кол алдында  иштешет. Бул жерде романдын аталышы менен анын ичинде тартылган кейипкерлердин айырмасы бар. Руханий дүйнө кантип бузулары тууралуу айткам. Кулчулукту баштан өткөрүүнүн ички механизмин териштиргем.

Ал эми идолчу?
— Романдагы мигранттар ишсиз олтурганда, бекерчиликтен кыргыздын байыркы кудайы Теңирди эстешет. Анын түспөлүн өздөрү ала келген куурчактан (Идол) көрүшөт. Ошол Кудайына сыйынып турушат, бирок чыгарма диний эмес.

— Азыр кыргыз коомчулугу өтө эле исламдашып баратат, дегеним, көптөр куурчакка, мазарга ж.б. сыйынууну күнөө көрүшөт. Сиз мындан кабардар белеңиз?
— Менин кабарым жокко тете. Кыргыз арасы ошончо эле диний маанайда эмес го дейм. Азыр батышта да кайра Асатру тарапты карай басуу көбөйүп атпайбы. Элдин көңүлү азыр саясый кармашка артыкча берилген кез. Бул учур да артта калат.

— Үйбүлөңүз тууралуу билсек…
— Жубайымдын аты Суфия. Маскөөлүк татар кызы. Уул-кызым жогорку билимдүү, иштешет. Эки неберем бар.

— Балдарыңыз кыргызча билеби?
— Түшүнүшөт. Сүйлөшүүгө чөйрө жок, бирок, кыргыз дегенде күйүп турушат. Уулумдун аты Акбар, аны Чыңгыз Айтматов койгон. Акбар анда-санда жаза коет, «Манасчы» романымды өзү редакторлоду…

Санжи Туйтунова, “Учур” гезити

 

Муса Мураталиевдин жеке сайты. Ал эми бул жерде «Идол и Мариядан» айрым главалар.

Соц тармактар:

Добавить комментарий