Профессор Эсенбек Мамбетакунов: “Кыргыздын макалдары Конфуцийдин айтканынан да терең”

Эсенбек агай, сиз окумуштуу, педагог катары кыргыз эли дүйнөлүк таалим-тарбия берүү процессинин мазмунуна жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын курамына эмне берди деп ойлойсуз?
– Муну алыстан баштап айтууга туура келет. Дүйнөлүк билим, таалим-тарбия, маданият, жалпы адамзаттык баалуулуктар жөнүндө сөз болгондо жер жүзүндө жашаган ар бир эл ушул адамзаттык, глобалдуу казынага кандай салым кошо алды деген маселе коюлат. Аны аныктоонун жолу да ар түрдүү. Мамилелер да ар башка. Кай бир элди эң жогору коюп, калгандарын капарга албай коюу бир жактуу жасалган мамиленин далили болуп калат. Деги эле дүйнөлүк тарых буга жол бербеши керек.

Таалим-тарбиянын же болбосо ага арналган педагогика деп аталган илимдин өзүнүн тарыхы бар. Ал жөнүндөгү адабияттарда, башкача айтканда педагогиканын тарыхында төмөнкүдөй  удаалаштык же мезгилдерге бөлүү сакталып келе жатат.

Анын эң алгачкысы катары байыркы Египет, Индия жана Кытайдагы мектептер, билим жана тарбия берүүгө салым кошкон улуу адамдардын эмгектери айтылып жүрөт. Алардын оозго алынгандарынын эң ири өкүлү Конфуций. Улуу мугалим Кундун айткандары, жазылып калгандары бүгүнкү күнгө чейин айтылып, башка элдердин өкүлдөрүнө үлгү болуп келет. Мисалы, Конфуций минтип айткан экен: «Ак көңүл бол, бирок анын ченемин бил!» Бирок ушундай эле маанидеги кыргыздын макал-лакаптары атам-замандан бери жашап, эл оозунда айтылып келе жатат. Мисалы, «Ак  көңүл­дүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт». Бул макалада өтө терең маани жатат. Аны талдап көрсөк мааниси Конфуций айткан эрежедегиден алда канча маанилүү.

Дагы бир салыштырууга токтолоюн. Конфуцийдики деп дагы бир учкул сөз айтылып жүрөт. Орусчасы: «Услышал – забыл. Увидел – вспомнил. Сделал – научился». Кыргызчасы: «Уктум – унуттум. Көрдүм – эстедим. Жасадым – үйрөндүм». Дүйнөлүк тарыхтагы окутуу методу ушул жобого негизделген. Алар окутуунун оозеки методу, көрсөтмөлүү метод, анан практикалык метод деп аталат. Биз илгеритеден бүгүнкү күнгө чейин билим берүүнүн ушул методдорун колдонуп келе жатабыз. Ал өзүнүн эң сонун натыйжаларын берген. Дагы да бере берерине мен ишенем. Мында көңүл бөлө турган бир маселе практикалык методунун баалуулугунда. Адам бир нерсени үйрөнүш үчүн, аны өзү жасоосу керек. Кайсы бир ишти өзү жасабаса ал жөнүндө канчалык укпасын, канча жолу көрбөсүн ал өзүнүкү болуп кала албайт. Бул жөнүндө кыргыздар «жасаганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн» деген макалды айтып койгон. Мына дүйнөлүк таалим-тарбияга кыргыздын кошкон салымы. Мындай маанидеги макал-лакаптарды айта берсек өтө эле көп. Аны философтор, педагогдор дүйнөлүк деңгээлге чейин көтөрүп, даңазалай алат деген терең ишеничтемин

Кийинки маселеге кандай ойду айтасыз?
– Ар бир элдин тарыхында адамды толкундатуучу окуялар жазылып келген. Ар бир элдин өзүнчө сыймыктанган, бедел туткан бели – кылымдан кылымга өмүр жолу унутулбаган даңктуу уулдары бар. Ал эми бир нече миң жылга тете узак тарыхка байкоо салсак, канчалаган ата-бабабыз өз элине гана эмес, жалпы эле жамаатташ калктарга аларды рухий жактан ширетүүчү кызмат сиңирип бергенине, алар эч качан бир гана элдин кулуну болуп чектелүүгө тийиш эместигине күбө болобуз.

– Ошондой далай элге данакер даанышман бабаларыбыздан мисалдата айта кетсеңиз?
– Мисалы, Орто Азия элдеринен эле бир канча орток ысымды эшитүүгө болот. Аристотелден кийинки  «Экинчи философ», «Экинчи мугалим» атыккан философ аль Фараби (870-950), илимдин ар кыл тарамын өнүктүргөн энциклопедист-аалымдар аль-Хорезми (783-850), Абу Райхан Беруни (973-1050), астрономия жаатында чыгыш илиминин орто кылымдык туу чокусун түзгөн Улугбек (1394-1449) …Бул тизмеге теңир тоолук элдердин кулундары Жусуп Баласагынды (1019-1020-жылдар), кашкарлык Махмудду (1029-1038-жылдар) сыймык менен кошуп айтабыз. Анын катарына 1207-жылы азыркы Афганистандын Балык шаарында туулуп, 1273-жылы 17-декабрда азыркы Турциянын Конье шаарында каза болгон Жалаледдин Румини кошпой койсок болбойт.

– Алардан бизге жакыны  Жусуп  Баласагын  эмеспи, ага кенен токтоло кетсеңиз?
– Ооба, XI кылымда Карахандар мамлекетинин коомдук-саясий, экономикалык жана маданият жагынан бир кыйла өсүп-өнүгүп калган мезгилинде жазылып, биздин бүгүнкү күнгө жеткен, түрк тилинде жазылган эң алгачкы көлөмдүү поэтикалык эстеликтердин бири биздин бабабыз, кыргыз элинин улуу ойчул акыны Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» аттуу дастаны болуп саналат.

Чындыгында эле «Куттуу билим» түрк тилинде жазылган эң алгачкы дидактикалык, адеп-ахлактык, коомдук-социалдык, философиялык дастан экени талашсыз чындык. Бул туурасында Жусуп Баласагын өзү да дастандын кириш бөлүмүндө:

«Китепти окуй турган  окурманым,
Көркүнө  түрк сөзүнүн  нак тунарсың».
«Китеп көп арап, тажик тилдеринде,
Бул китеп эң биринчи  биздин тилде»
, – деп атайылап эле баса көрсөтүп, эскертип жазат.

Дастандын кийинки бөлүм­дөрүндө асман курамынын он эки белгиси менен жети планетасы, адамдын эң жакшы сапаты билими менен акылда экендиги, тилдин пайдасы жана зыяны, окуу менен билимдин пайдасы жана башка адам турмушундагы эң зарыл көрү­нүштөргө карата даанышмандык маани-мазмундагы тарбиялык таасири күчтүү ойлор айтылат.

«Куттуу билим» дастанынын эң негизги идеялык өзөгүн – мамлекетти башкаруунун жол-жобосу, принциби, мыйзамы, эрежеси, уставы жана коомдун мүчөлөрүнүн жүрүм-туруму, өз ара мамилелери, ыйманы, адеп-ахлактык турпаты, ар түрдүү кесиптин жана илим-билимдин маани-маңызы, алардын мамлекетти чыңдоо үчүн зарылдыгы туурасындагы кеңири түшүнүктөр түзөт.

«Куттуу билимде» – биринчиден, жалпы адамзаттык ой пикирди камтыган гуманисттик-прогрессивдүү идеялар көпчүлүк орунду ээлейт. Ар түрдүү кесиптеги адамдар илим, билимди, ыймандуулукту, адилет­түүлүктү, акылды, абийирдүүлүктү, чынчылдыкты, ынсаптуулукту, эмгекчилдикти даңазалайт да, ал аркылуу адамдарды мыкты сапаттарга ээ болууга үндөйт. Мына ушунун өзү Жусуп Баласагындын дүйнөлүк маданиятка, билим берүүсүнө кошкон зор салымы болуп эсептелет.

– Кыргыз эли сыймыктана турган, түрк тилдеринин диалектологиясын негиздеген улуу инсан Мазмуд ибн Хусейин  Кашкари тууралуу эмнени айтасыз?
– Махмуд Кашкаринин туулган жана өлгөн жылдары даана белгисиз. Илимий божомолдорго ылайык ал 1029-1038-жылдар аралыгында Кашкар шаарында туулган. Ысык-Көл боюндагы байыркы шаар Барсханда (азыркы Барскоон кыштагы жайгашкан жер) туруп, кийин Кашкар шаарына жер ооп кеткен Барсхан эмири Хусейн ибн Мухамеддин уулу, Караханилер тукумунан деген пикирлер айтылат.

Билимди мусулман калктарынын орто кылымдагы маданий очокторунан болгон Кашкар, Багдад, Бухара шаарларынан алган. Өз заманынын чыгаан филологу, тарыхчысы, этнографы, географы катары таанылган. Көп жылдар бою түрк урууларынын арасында жүрүп, алардын турмушундагы, көркөм маданиятындагы тарыхый-географиялык, этнографиялык, филологиялык өзгөчөлүктөрдү ырастаган бай материал жыйнаган жана алардын негизинде «Түркий тилдер сөз жыйнагы» деген эмгегин жазган. Махмуд Кашкаринин атын илим дүй­нөсүнө тааныткан мына ушул эмгек. Бул эмгегинде тилдик кубулуштар менен фактыларды талдоо үчүн түркология тарыхында салыштырма-тарыхый методду ал биринчи колдонгон. Эмгегине дүйнөнүн өзү түзгөн   картасын да тиркеген.

– Ал картанын өзгөчөлүгү же башкалардан  айырмасы эмнеде?
– Шарттуу белгилери жана жалпы тартылышы жагынан орто кылымдагы чыгыш карталарына окшош болсо да, көп элементтердин берилиши жана мазмуну жагынан алардан чындыгында эле айырмалуу. Мисалы, Жер шарынын борбору катары Мекке менен Медина жайгашкан жерлер көрсөтүлчү. Махмуд Кашкари Орто Азия жана Кашкар элдеринин дүйнө жөнүн­дөгү  байыртадан келаткан тарыхый жана аңыз сөздөн чыккан көз караштарына таянып, чыгыш тарапты картанын жогорку бөлүгүнө жайгаштырган. Картада белгилүү географиялык байланыштар бар: дарыялар салааланып, тоолордон башталат да, деңиздерге же көлдөргө куят; шаарлар көбүнчө тоо арасында же дарыя өндүрлөрүндө жайгашкан. Тоолор, дарыялар, мамлекеттик чек аралары схема түрүндөгү түз сызыктар менен көрсөтүлсө   да, алардын аралыгында белгилүү пропорция сакталган. Мисалы, Ысык-Көлдөн Японияга чейинки аралык, Ысык-Көлдөн Хабашстанга чейинки аралыкка барабар. Бул чынында эле ушундай.

Махмуд Кашкари «Түрк тилдер синтаксисинин негиздери» деген да эмгек жазгандыгы белгилүү. Бирок ал эмгек азырынча табыла элек. Махмуд Кашкаринин эмгектери – орто кылымдагы илимдердин тарыхын изилдөөгө негиз болчу маанилүү даректерден.

Улуу окумуштуунун эмгектери дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы элдер тарабынан үйрөнүлгөн, колдон-колго өтүп көчүрүлгөн. Демек ал дүйнөлүк  илимге, маданиятка сиңип, өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келе жаткандыгы бизди кубантат. Анын эмгегин өзгөчө изилдеген окумуштуулар А.Б. Халидов, Ахмад Атеш, Рифат Билге, Катиб Челеби, Али Эмири китептин баасын төмөнкүчө сүрөттөшөт: «Бул китеп эмес, Түркстан өлкөсү! Түрк­стан түгүл – бүткүл дүйнө!» Мына ушул эмгектин автору Теңир-Тоодон чыккан  улуу алым Махмуд Кашкари! Аны менен  биз сыймыкта-нууга акылуубуз, сүйүүгө жана үй­рө­нүүгө милдеттүүбүз!

«Түркий тилдер сөз жыйнагы» – башка тилдерди айтпаганда дагы орус, казак, өзбек тилдерине которулуп, өзүнчө китеп болуп бир нече жолу басылган. Кыргыз тилиндеги толук жыйнагы бизде алигиче чыга элек. Т.Чороевдин гана «Махмуд ибн Хусейн ал-Кашгари жана анын «Түркий тилдер сөз жыйнагы» деген чакан эмгеги жарык көргөн.

– Кыргыз элинин дүйнөлүк цивилизацияга кошкон дагы бир олуттуу салымы – «Манас» эпосу эмеспи, бул жаатында дагы айта кетсеңиз?
– «Манас» – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Кыргыздар кылымдар бою өз табылгалары менен билгендерин, оң-терс, жакшы-жаман, дос-кас, турмуш, табият, коом жө­нүндөгү  түшүнүктөрүн, моралдык нормаларын ушул чыгармага топтошкон. Ошондуктан «Манасты» Чокан Валиханов «… кыргыздардын бардык мифтеринин, жөө жомокторунун, уламаларынын энциклопедиялык жыйнагы» деп жазса, академик В.В. Радлов «элдин бардык турмушун жана  бардык умтулууларынын чагылышы», – дейт. Бул эпостун көлөм жактан дүйнөдө теңдеши жок. В.М. Жирмунскийдин сөзү менен айтсак « … өзүнүн эбегейсиз зор масштабы боюнча буга чейинки белгилүү элдик эпикалык поэмалардын бардыгынан зорлук кылат». Мисалы, «Манастын» Саякбай Каралаевден жазылган бир эле вариантынын көлөмү — 500553 сап ыр. Бул көлөм «Илиада» (көлөмү 15693 сап ыр) менен «Одиссеяны» (көлөмү 12110 сап ыр) кошуп эсеп­тегендеги көлөмдөн (27803) 20 эсе көп.

«Манас» – структурасы жагынан генеологиялык циклдешүү принцибинде түзүлгөн чыгарма. Ошондуктан анда баатырлардын бир канча мууну жөнүндө сөз болот да, ар бир негизги баатырдын өмүр жолуна байланышкан окуя­лар өз-өзүнчө чоң бөлүмдү түзөт: «Манас», «Семетей», «Сейтек». Эл арасында ушул үч бөлүмдүн окуялары өзгөчө кеңири тараган. Ушул жал­­пы адамзаттык баалуулукка арзыган чыгарманы дүйнө элдерине ар кандай каражаттардын жардамында жеткирүү мен кыргызмын деген ар бир атуулдун ыйык милдети. «Манас энциклопедиясында» жарыяланган табият жөнүндөгү айрым айтылыштар, ой жорууларды чогултуп өзүнчө китепче кылып даярдоого киришип жүрөм.

– Манасчылык өнөр кыргыздан башка улуттарда кездешпейт, бул дагы дүйнө элинин маданиятын байытууга кошкон кыргыз элинин өзгөчө салымы деп ай- тууга болобу?
– Албетте, бул чоң сыймык. Манасчы – кыргызда «Манас» айтуу өнөрүн кесип кылган ырчы, акын, аткаруучу актёр. «Манас» айткандар жана алардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү «Манас» таануудагы орчундуу маселелерден. Ошондуктан бул проблеманы да ар тараптан изилдеп, анын ар бир элементи боюнча илимий закон-ченемдерге туура келген жыйынтык чыгаруу, башка тилдерге которуу жана дүйнө жүзүнө маалыматтарды таратуу милдети турат.

– Кыргыз элинин таланттуу табиятын дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун философиясын кандай карайсыз?
– Бул улуу Адамдын  ар тараптуу талантынан жаралган чыгармалары улуттук адабият эле эмес, улуттук искусствобуздун бардык тармагынын өсүп-өнүгүшүнө өз таасирин тийгизди. Дүйнөлүк окурмандарга да кеңири таанымал. Бирок, анын кеменгер ойчулдугу менен жалгыз эле кыргыз адабияты, маданияты, таалим-тарбиясы жогорку деңгээлге көтөрүлбөстөн, анын философия­сы дүйнөлүк баалуулуктун даражасын бийиктетүүгө салым кошкондугун биз кайра-кайра кайталап, улам жаңы, бийик үн менен жар салып турушубуз парз.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 15.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий