Бермет БАЙКЕЛОВА, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: «Ар бир ыр өзүнчө чоң спектакль»

Белгилүү ырчы Бермет Байкелова 1986-жылдан баштап улуттук филармонияда элибиздин сыймыгы болгон айтылуу Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде иштеп келет. Ырчы айымдын аткаруусунда А.Огонбаев, М. Абдраев, Ж.Шералиев сыяктуу залкар обончулардын мукамдуу ырлары ар бир угуучунун жүрөгүнөн түнөк таап, толкундатып, дайыма күнү бүгүнкүдөй жаңырып турганын билебиз. Ошондой эле Бермет айым филармониянын астанасын аттап өнөр өргөсүндө жүргөн 25 жыл ичинде ырчылык өнөрү менен бирге филармониянын алып баруучулугун да аркалап келүүдө.

«Алгачкы кесибим — жыгач усталык»

Артыңызга бир сереп салып, өнөр сересине келген жолуңузга көз чаптырып өтпөйсүзбү?
Атам үч жашымда кайтыш болуп калып, мени бала кезден таенем багып алган экен. Таенебиз Жумгалдагы кадимки Байзак баатырдын келини болчу. Кызыгы, өзү да балбанга түшкөн, анча-мынча менмин деген эркектерден тың киши эле. Бир жагынан табиятынан берилген касиет аркылуу элди дарылаган, салган төлгөсү төп түшкөн, боюнда бар келиндердин тетири жатып калган баласын оңдогон, аялдарды төрөткөн колунда эми бар Умай энедей аял болчу. Андыктан ал көбүнчө эл аралайт. Артынан мен ээрчип алам. Кичинемде «кийин ким болсуң» деп сурашса, мен эмнегедир ырчы болом деп жооп берчүмүн. Мектептеги кезимде элди ыйлатып Ажардын монологун айтып, ырдап, айтор, жалаң чыгармачылык менен жүрдүм. Кызарттан Коммунизм мектебин бүткөндөн кийин Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга жөнөдүм. Ал убакта мектеп окуучуларын колхоздун ар кандай жумуштарына бир-эки ай иштетип, анан гана аттестатыбызды беришер эле. Анын айынан мен мектепти бүткөн жылы кечигип калып окууга тапшыра албай калдым. Бирок айылга кетким келбеди. Иш издесем кашайып бир да жерге жумушка албайт. Айлам кетип «Кыргызавтомаш» зоводуна барсам, аларга жашик жасаганга жыгач уста керек экен. Ага чейин мык кагып көрбөгөм, бирок колумду эчен жолу балка менен жанчып отуруп акыры бул жумушту үйрөнүп кеттим. Атургай жакшы иштеп сыйлык алып, комсомолдук дух менен коомдук иштерге жигердүү катышып, даталуу күндөрү ырдап чыгып, жамааттын алдыңкы жумушчусуна айлангам. Ошентип менин алгачкы эмгек жолум жыгач усталыктан башталган.

Кийинки жылы окууга тапшырдыңыз…
Ооба. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына кирип, мында да алдыңкы студент болуп жүрдүм. Төртүнчү курска келгенимде актерлук чеберчилик боюнча сабак берген эжейибиз Тамара Александровна «сенде актерлук талант күчтүү» деп мени Москвага жөнөтүшмөк болгон. Ага менин үйдөгүлөрүм болбой койду. Андан кийин искусство институтуна тапшырдым. Ал жерде залкар инсан Болот Миңжылкыевдин классында билим алдым. Институтту бүтүп жаткан кезимде Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде башкы дирижер болуп турган эл артисти Төлөгөн Томотоев агай филармонияга чакырып, жетекчилик ырдаганымды жактырып, ошол боюнча бул жерде иштеп келем.

«Актерлугум ачылбаганына өкүнөм»

Чоң сахнага качан чыктыңыз эле?
Чындыгында мен ага чейин эле оркестрдин коштоосунда чоң сахналарга чыгып жүргөм. Биздин институтта ошол кезде опера-балет театрынын кафедарасы ачылган. Андыктан биз арияларды даярдап иштеп жүрчүбүз. Экинчи курста биздин курсташтар СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаеванын жетекчилиги менен Насыр Давлесовдун «Аста секин, колукту» спектаклин даярдап, сахнага алып чыкканбыз. Андагы бардык аялдардын ыры мага берилген эле. Бул спектакль менен Ысык-Көлдү кыдырып, аны менен кошо Атай Огонбаевдин «Эсимде», Жумамүдүн Шералиевдин «Түшүмдө», «Таң сыры», «Албырып шаттык жүзүңдө» деген чыгармаларын ырдап жүрдүм. Кийин институтту бүтүп филармонияга келип иштей баштаганыма бир ай болбой жатып эле кокусунан Жумгалдагы өзүмдүн кичи мекеним болгон Кайырма айылына концерт берип бардык. Бул кандайдыр бир деңгээлде мага чоң чыгармачылык дем берген. Жаңы окуу жайын бүткөн адиске кандай жерде, кимдер менен чогуу эмгек жолун баштаганын өз айылдаштарына көрсөтүү зор сыймык эмеспи. Андан кийин алып баруучулукка аралашып кеттим. Өмүр билинбей өтө берет экен. Мен азыр элүүгө чыктым, он жылдан кийин өзүмдү сахнада элестете албайм. Буюрса, артыбыздан жаштар келатат. Андыктан артымда мени эстеген, өнөрүмдү улаган шакирттерим калсын деп он жылдан бери искусство институтунда жаш муундарга сабак берип, ырчылык, алып баруучулук, мугалимдик менен элиме кызмат кылып келатам.

Жыйырма беш жыл бою бир жерде, филармонияда иштеп калганыңызга өкүнбөйсүздү?
Бала кезимде ырчы болсом деп тилегем, ошол максатыма жеттим. Менде актерлук жөндөм да бар. Филармониянын Карамолдо Орозов атындагы оркестрине келип иштей баштаганыма бир ай болгондо опера-балет театрынан КР эл артисти Кыдырбек Чодронов агай «сен театрга иштешиң керек эле» деп жетекчибиз Төлөгөн Томотоевдон мени сурап келип калышты. Операдагылар бешинчи курста окуп жатканда биртобубузду театрга алабыз деп ырдатып көрүп, бирок эмнегедир албай коюшкан. Жашмын да, ошого таарынып барбай койдум. Мен бул үчүн кээде өкүнөм. Себеби өзүмдүн актерлук жөндөмүм жакшы экенин билем. Спектаклдерде ойногум келет. Ал эми филармонияда жалаң гана концерт эмеспи. Ошол эле учурда кайра сүйүнөм, аныгында ар бир ыр өзүнчө чоң спектакль.

Классикалык ырчылардын көпчүлүгү италияча ырдашат. Музыкасы боюнча талаш жок, бирок биз ал ырдын сөзүн түшүнбөйбүз да. Сиздин репертуарда да ушул тилде ырлар бар. Сиздер бул тилди билесиңерби, же…
(күлүп) Жо… силерди түшүнбөйт деп жөн эле бир нерселерди айтып ырдай беребиз… Классикалык музыка боюнча билим берген окуу жайларда италия тили үйрөтүлөт. Мисалы, бизге Күрөңкеевде бул тил боюнча төрт жыл бою Евгения Шаталова деген мугалим сабак берген. Ал аял өзү еврей эле. Бизге бул тилди кадимки кыргыз тилиндей эле окутуп, грамматикасын мээбизге куйган. Италия тили боюнча биз мамлекеттик экзамен берчүбүз. Мен бул сабакты жалаң «5»ке окугам. Мына азыр менин окуу жайын бүткөнүмө жыйырма беш жылдан ашты, албетте байланыш жоктугунан италия тилин мурдагыдай билбей калышым мүмкүн, бирок бул тилде китеп окуй алам.

«Музыка менен өскөн бала жаман болбойт»

Жеке турмушуңуз кандай болду? Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз.
Өзүм Көлдүн келинимин. Тоң районунун Бөкөнбаев айылына турмушка чыккам. Жолдошум өзүмдөн кичүү эле. Мен 2009-жылы 19-июнда концерт бердим, тилекке каршы, ал 29-июнда каза болуп калды. Эки кызым, бир уулум бар. Улуу кызым укук таануу академиясында окуйт. Андан сырткары моделдик агентстволор менен иштейт. Экинчи кызым быйыл мектепти, ошол эле учурда Шубин атындагы музыкалык мектептин фортепиано бөлүмүн аяктайт. Уулум сегизинчи класста окуйт, ал дагы музыка боюнча билим алууда, үйлөмө аспаптарда ойнойт.

Кечиресиз, менимче, учурда классикалык музыканы уккандар аз. Сиз өзүңүздүн балдарыңызды да ушул тармакка тартат окшойсуз. Анын себеби эмне?
— Ооба, чындыгында артисттердин көбү мен көргөн турмушту балдарымдын көрүшүн каалабайм дешет. Эмнегедир мен анте албайм. Тескерисинче, мен балдарымдын баары музыкант болушун каалайм. Бирок балдарым өздөрү болбой атат. Мисалы, Шубинден пианинону бүтүп жаткан экинчи кызым Айпери «апа, менин Шубинде окушум сиздин каалооңуз болчу. Мен аны аткардым, окууну жалаң «беш» менен бүтүп жатам, бирок андан ары улантпайм» дейт. Мен музыка адамга эч качан зыянын тийгизбейт, аны түшүнгөн бала өз чөйрөсүнө аяр мамиле кылат деп ойлойм. Ошондуктан балдарым бул өнөрдүн артынан түшпөсө да мектепти бүткөнчө музыка боюнча билим алып калсын деп ойлодум. Чоң кызымды деле башында өзү сүрөт тартууга кызыккандыктан чыгармачыл чөйрөгө тартып сүрөтчүлөр окуу жайына жибергем. Окууну жалаң «беш» менен аяктаса да аны андан ары улантпай, укук таануу тармагына кетип калды.

Учурдагы кыргыз музыкасы кандай абалда деп ойлойсуз?
Өзүм билген эле классикалык, улуттук музыкабыз тууралуу айтсам, азыркы биздин абалды жакшы деп айтканга болбойт. Эң негизгиси, мамлекеттин бул тармакка болгон камкордугу канааттандырбайт. Ошого карабай классикалык ырчылар өзүбүз аракет кылып, мисалы, мен жыл сайын концерт берип келатам. Бирок аныбызга өкмөт жакшы көңүл бурбай жатат. Мамлекет эгемендик алгандан бери бизге эле эмес элге да көңүл бурулбай калбадыбы. Мына ушинтип маданиятка көңүл бурулбай калгандыктан ар кандай эстрада «жылдыздары» жайнап кетти. Алардын деңгээлине жараша мамиле кылган эч кандай орган жок.

Сиз жакында концерт бергени жатасыз, андан киреше күтөсүзбү?
21-апрелде улуттук филармонияда 50 жылдык юбилейиме карата ыр-кече өткөргөнү жатам. Классикалык ырчылар үчүн чынында концерт берүү абдан оор. Биз биринчиден, жандуу үн менен ырдайбыз. Экинчиден, концертке кеткен чыгым акталбай калышы мүмкүн. Мен өзүмдүн жумгалдык жердештериме ыраазымын. Бул өрөөндүн аттуу-баштуу ул-кыздары ырчы эжекебизди колдоп коелу деп аракеттенип жатышат. Алардын арасында айрыкча Автандил, Райымбек деген жигиттер чын дилинен уюштуруу иштерине чуркап жүрөт. Негизи эле жалпы элге ыраазычылык билдиргим келет. Эгер эл болбосо биз кимге ырдамак элек.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий