Жер-суу аттарын саясат эмес ономастика илими чечет

Мамлекеттик тилди өнүктүрөлү деген эле сөзүбүз көп. Учурда бу маселе боюнча жалгыз гана Мамлекеттик тил комиссиясы күйүп жаткандай таасир калтырат. Ушундан улам КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан АКМАТАЛИЕВге кайрылып, айрым суроолорго жооп алдык.

— Мамлекеттик тил деп эле күйпөлөктөйбүз. Бул маселеге кыргыз илиминин алтын уясы болгон Улуттук илимдер академиясында көңүл бөлүнөбү?
— 90-жылдардын башында Илимдер академиясына мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө атайын каражат бөлүнүп, илимий изилдөөлөр, практикалык иш-чаралар жандана түшкөн. Бирок кийин мамлекеттик тилдин проблемаларына бир тыйын да бөлүнбөй калды. Академиядагы изилдөөлөр кыргыз тилинде жүрүп, алгачкы монографиялар жана окуу куралдары жарык көрүп калган. Эмнегедир андай көңүл буруу токтоп, мамлекеттик тилге болгон мамиле солгун.

— ИАда иш кагаздары кайсы тилде жүргүзүлөт?
— Таң каласың, институттардын жетекчилери кыргыз болуп туруп орус тилинде кат жазышат. Ал эми Ак үйдөн, Жогорку Кеңештен келген каттарды кыргыз тилине которуп бергиле деп бизге беришет. Бизде болсо атайын котормочулар жок. Тилчилер десе эле которо берет деп ойлошот окшойт. Аргасыздан биздин кызматкерлер маанисине туура келеби-келбейби, которуп берүүгө аракеттенишет.

— Жер-суу аттарынын кыргызча аталышына карата кийинки кезде саясый өң-түс берилип кетпедиби…
— Тил илиминин ономастика деген чоң тармагы бар. Совет учурунда эле ономастика илими гүлдөп өркүндөгөн. Эгемендүүлүк алгандан бери бул илим кыргыз тил таанууда четке сүрүлүп калды. Мына, Казакстанды эле алсак, бул илим жандуу, активдүү өнүгүп жатат. Теориясы менен практикасы жанаша жүрөт, ар бир облуста ономастикалык комиссия бар, республикалык комитет бар. Алар чечим кабыл алгандан кийин гана жер-суулардын, адамдардын аттары өзгөрүлөт же жаңы коюлат.

А бизде бул маселени бир-эки эле адам чечет, көбү бийликтин, байлыктын жолу менен көз ачып-жумганча чечишет. Бизде ономастиканы калыбына келтирүү үчүн каражат болушу керек. Ошондуктан ономастика боюнча илимий-теориялык конференция өткөрсөк жакшы болор эле. Бардыгын илимий негизде гана чечүү керек. Жанагы саясый өң-түс деген сурооңо келсек, Ивановка, Сосновка, Александровка өңдүү жер-суу аттарынын тарыхый аталышына карата ар кандай ой-пикирлер айтылып кетпедиби. Ономастика — ушундай талаш-тартыштарга чекит койчу илим. Мындан саясат жасап кереги жок.

— Мамлекеттик тилге илимий мамиле байкалабы?
— Тил маселеси боюнча докторлук жана кандидаттык диссертациялар көп эле жакталып жатат. Бирок атайы мамлекеттик тилдин бүгүнкү ал-абалы, проблемалары жөнүндө жазылган диссертацияларды байкай алган жокмун. Менин оюмча, жыйырма жылдан бери материал да, тажрыйба да жыйналып калды. Изилдөөнүн кезеги келип турат. Ал эми мамлекеттик тилди окутуунун мамлекеттик стандартынын жоктугу эле окуунун чаржайыттыгынан кабар берет. Ооба, кийинки мезгилде мамлекеттик тилди окутуу боюнча биртоп эмгектер чыкканы кубандырат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тил десе эле башка адистиктердин студенттерине филология факультетиндей сабак берүүнү түшүнүп жүргөндөр бар. Мамлекеттик тил баарынан мурун Кыргызстанда жашаган башка улуттарга керек. Каражаттарды жана иш-пландарды ушул багытта жумшоо, жүргүзүү талап кылынат.

— Мындай шартта мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө институттун, Академиянын салымы барбы?
— Биз негизинен теориялык маселелер менен алектенебиз. Тил таануунун көптөгөн чечилбей жаткан проблемалары күн тартибинде турат. Илимий кызматкерлердин саны да чамалуу, жыйырмадай. Ошондон улам республикабыздагы бардык тилчилерди бириктирүүгө, темаларды координациялоого аракет кылып жатабыз. Көбү коомдук башталгычта жардам берип жатышат. Жакында анын бир мисалы катары айтып кетейин, «Махмуд Кашгари жана кыргыз маданияты» деген илимий жыйнак чыгат. Тил проблемасы орчундуу орунду ээлейт. «Тил, адабият жана искусство» деген журналыбыздын жалпы он бир саны чыкты, анда да илимий жаңы макалалар бар.

— Менимче, кыргыз тилин өнүктүрүүдө сөздүктөргө маани бербей жаткандайбыз. Ансыз тилди кантип өнүктүрө алабыз?
— Албетте сөздүктөрдү да даярдашыбыз керек. Совет учурунда ар кыл багыттагы, тематикадагы сөздүктөр биздин институттан даярдалган. Азыр коомчулук ошолорду колдонуп жүрөт. Аны табыш да кыйын. Илимий кызматкерлер жакында эгемендүүлүктөн кийин кирген сөздөрдүн «Орусча-кыргызча сөздүгүн» даярдап бүтүштү. Бир кезде институт тарабынан даярдалган сөздүктөр кайра басылса жакшы болор эле. Үч жылдан бери өкмөткө, Жогорку Кеңешке сунуш киргизип жатып тажадык. Жакында Жогорку Кеңештин билим, илим комитетинин мүчөлөрү — депутаттарга кулак кагыш кылдык. Институттун, академиянын мамлекеттик тилди жайылтуудагы салымы да, ролу да зор.

— Тил комиссиясы менен алака жокпу?
— Биздин максат — дагы айтам, илимий изилдөөлөр. Алардыкы болсо практикалык иштер болмокчу. Эки мекеме бири-бирине жөлөк болуп, коомчулук алдында көп иштерди аткарып берет деген ишенимдемин.

Азыр илимий изилдөө иштердин да көп жылдык планын түзүп жатабыз. Алдыбызда ачык-айкын изилдөө объектиси, темасы болушу керек. Чаржайыттуулук жыйынтыкка алып келбейт. Пландоонун негизинде гана «Азыркы кыргыз тили» (943 бет), «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн» (1460 бет), Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин сөздүгүн» (906 бет) үч жылда күн-түн дебей аткарып да, басып чыгарып да коомчулукка жеткиргенибизге сыймыктанам. Бизди кыйнаган деле, муну жасагыла деген деле эч ким болгон жок. Биздин ар-намысыбыз ойгонду. Бул тарыхый мааниси бар эмгектер.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-13, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий