Режиссерлуктун атасы Жалил Абдыкадыров

“Жалил Абдыкадыров театр маданиятын жакшы түшүнгөн, бардык ишке көзү жетип, спектаклдин келечегин көрө билген адам эле. Биз аны  режиссер- педагог деп койчубуз. Ал жалаң гана өзүнүн режиссердук ишин, чыгармачылыгын билбестен, ошондой эле театрды өстүрүүгө чоң салым кошкон. Андан сырткары актерлордун талантын ачууда дагы  салымы чоң. Бул өзү көп кырдуу, кыргыздар айткандай “эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей мыкты адам эле…”

Маркум Жалил Абдыкадыров тууралуу анын кесиптештери, замандаштары жана шакирттери, көрүүчүлөрү мына ушундай пикир айтышат.

Бүгүн Жалил агай тууралуу атайын эскерүү сөзүн айтканы белгилүү театр сынчысы, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Авас Сырымбетов атайын ат арытып айылдан келиптир.

Жалилдин “Келиндер козголоңу”…

Биз Жалил Абдыкадыровду кыргыздын Станиславскийи деп атап калчубуз. Анткени кыргыз театрынын салтын  мыкты өздөштүрүп, европа тибиндеги театрды типтештирип, экөөнү жуурулуштуруп, мыкты спектаклдерди коё баштаган. Саид Ахматтын “Келиндер козголоңу” комедиясын Орто Азия, Казакстан боюнча койбогон театр калган жок, мына ошол пьесаны мен алып келип  кыргызчага котордум, Жакем аны көрүп калып, мен коём деп көркүнө чыгарып койду. Ошентип, бул киши менен иштешип калдым. Даркүл Күйүкова башкы ролду ойноду. Бул спектаклдин ар кандай вариантын Өзбекстандын театрларынан, Ош- Өзбек театрынан көргөм, бирок Жакемдин коюусунда ал башкача чыкты, ушунчалык турмуштун демин бере билген, абдан жалпыланган, Даркүл Күйүкова башкы ролдо океанда сүзгөн балыктай  өзүн сахнада эркин алып, образга кирип ойноду. Бул спекткаль сахнадан түшкөн жок.

Философиялык тереңдикти бере билген адам эле

Жалил Абдыкадыров Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” чыгармасынын үстүндө үч ай иштеп, эң мыкты пьеса жараткан. Ал спектаклдердин классикасы  болуп калды. Анан кийин Ш. Садыбакасовдун  “Ак боз ат” пьесасын койду, бул да классика болуп калды. Бул өтө романтикалык мыкты чыгарма болду,  анын стилинин бийиктигин, бардык спектаклди жогорку деңгээлде коё билгендигин көргөзөт. Трагедиядан, комедиядан, лирикадан дагы  философиялык тереңдикти бере билген адам эле.

Ушинтип таетрды  багыттап, өзүнчө бир салт алып келип иштеген,  ошол кезде театрды беш колдой билген, союздагы эң бир мыкты режиссёр катары таанымал эле.  СССРдин  маданият министрлигинин алдындагы драма театрлар боюнча көркөм кеңеш түзүлгөн, ошол кеңештин мүчөсү болгон. Ал жерге баарын эле кабыл алган эмес.

Биз чогуу иштеп баштагандан көп өтпөй эле Жакем куугунтукка алынды. Театрда башкалардын башкаруусун каалаган топ бар болчу. Жакеме каршы чыгышып: “Кетириш керек, бул келип баарыбызды башкарып жатат, кожоюн болуп алды,” – деп кетирүүнүн аракетин башташты.

Ошентип, каршылашып турган кезде Жакемди ала албай, ишинен кынтык да таба албай коюшту. Анан айласы кетип, бир шылтоону табышты да, Жакемди  иштен кетирип, партиядан чыгарышты.   Ошентип, он жыл аны театрга жолотушкан эмес.

Кайрадан – сахнага

Ага чейин эле “Король Лир”  спектакли менен Орто Азия, Казакстан боюнча эң бир мыкты режиссёрлордун катарына кирген Жакем  Күлүйпа Кондучалова маданият министринен иштен түшкөндөн кийин кайра театрга келди. Биринчи Нарын театрында иштеп, кийин Кыргыз академиялык драма театрына келди. Келип эле мыкты спектаклдерди коё баштады. “Ак боз ат”,  “Манастын уулу Семетейди” койду. Аз өтпөй эле мамлекеттик сыйлыкка ээ болду. Таланты кайра көзгө илинди.

Чыгармачылыгы өркүндөп, “Келиндер козголоңун” алып чыкты эле, бул да мыкты коюлду. 1984-жылы Алматыдагы Мухтар Ауэзов атындагы академиялык театры бизге келип, биздикилер ал жакка барышты. Жалил Абдыкадыров койгон Жалил Садыковдун  “Манастын уулу Семетей” деген  спектаклин көрүшүп,  ошол кездеги Казакстандын маданият министри: “Бул спектакль кыргыз элинин энциклопедиясы болуп калыптыр, укмуштай сонун коюлуптур, эпосту кандай коюш керек, улуттук идеологияны кандай бериш керек, мына ушундан үйрөнгүлө, ай- кайлай бербей,”-  деп айткан экен.

Жакем ал учурда ооруп жүргөн кези эле. Анан аларды сыйлап, ресторанга алып барышат, ошол жерден мээсине кан куюлуп кетип, Алматыдан дүйнө салган. Анын табытын Кыргызстанга алып келип, эли-журтубуз чоң ызаат менен жерге коюшту.

Улуттук деп аталганы менен, биздин театр улуттук деңгээлге жете албай турат

Жакем Муратбек Рыскуловду кандай гана деңгээлде өстүрдү. Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдырындагы” Акылбекти ойнотту, Король Лирди ойнотту. Бакен Кыдыкееваны кандай бийикке алып чыкты?! Бакен Каныкейди деңиздин толкунундай кылып толкуп ойноду.  Шатман Садыбакасовдун “Ак боз атында” Эркайымды кемелине келтире ойноду, мында да режиссёрдун салымы өтө чоң эле. Ошого удаа эле кыргыз театрына чоң салт алып келди.

Жалил Абдыкадыровду – режиссёрлуктун атасы деп да койсо болот. Абдыкадыровдун режиссёрлук иши жылдар өткөн сайын бизге ыйык сезилет. Биздин театр улуттук болгону менен улуттук деңгээлге дагы да болсо жете элек. Абдыкадыров театрдын пайдубалын куюп, дубалын тургузду, бирок аны андан ары улантып кете албай, биздин театрчыларыбыз аксап жатышат.

Жазып алган Айгүл АТАБЕКОВА, “Кыргыз Туусунун” практиканты, 01.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий