Ли Бо

 

(701—762/763)

 

ЛАОЛАОНУН ТАПЧАНЫ

Жердин аты жанды тилип,
Туздайт, көрчү кордугун.

Эч ылгабайт, маа демектен
Узатуучу, мейман бол.
Шамал гана билип бирок
Кош айтуунун оордугун
Бутактардын бүрдөшүнө
Эч убакта бербейт жол.

 

КҮТҮП ЖАТАМ

Кулумду мен кыштак жакка жумшадым,
Иччү жайдан шарап алып келгин деп.
Бирок аным жок негедир эмгиче,
Эмне болду? Кечикти го, келсе тез.
Күн батаарда дөңсөөлөрдө кызарып
Кызгалдактай күн нурлары эркелеп
Анык маалы келип калды, чөйчөктү
Колго кармап, шарап жутуп алар кез.

Акырындан ичип коюп шашылбай
Олтурмакмын терезенин түбүндө.
Түрлүү ырын салып ар бир обонго
Кечки чымчык безеленип, сайрамак.
Шуулдап келген онкарак салкын жел
Экөөбүз тең кызыганда түнүндө.
Жолоочуга шерик болуп чаарчаган
Зеригүүсүн жолотпостон айдамак.

 

* * *
Эс алууга жылып жатат булуттар
Күн аптабы калган кезде кактабай.

Эң акыркы куштар тобу шуу коюп
Бири калбай жай жайына тарашат.

Мен тоолорго карап турсам, тоолор да
Көпкө дейре тиктегенден жадабай

Мага окшоп, көз айырбай далайга
Мемирешип, тынбай мени карашат.

 

БЕЙПИЛ ТҮНДӨГҮ ОЙЛОР

Ак нурунан төшөгүмдүн четине
Жол түшүптүр, күмүш өңдүү жалтырап.
А балким ал кыроо болуп жүрбөсүн
Өзүм жакшы билбейм эмне экенин.

Терезеден айды көрөм жылмайган
Өйдө жакты караганда жалдырап,
Башты жерге салган кезде шылкыйып
Көз алдымда турат ыйык мекеним.

 

* * *
Көк тиреген бакты чырмап чырмоок гүл
Пайда болот өзгөчө бир жарашык.
Баарыдан да алар көрктүү жазында
Бүт токойду кулпунтушуп, жарашып.

 

* * *
Бир кездерде жаш болгонмун мен дагы
Эми жалгыз жашайм басып карылык.
Мезгил зуулап, бир кездеги жаш аял
Карылыкка моюн сунат кабылып.
Падышанын сүйгөн жарын эсиңден
Чень канышты  чыгарбагын дегеле.
Алтын сарай ичиндеги бөлмөсү
Ээн калып, толгон  эски желеге.

 

* * *
Эбак эле  таштан тизген тепкичтер
Шүүдүрүмдөн муздап калган аябай.
А байпагым ушунчалык ным десең —
Күз түндөрү  өтө  узак чиркин ай.
Үйгө келип   мен парданы түшүрүп
Көрүп турам ал пардадан дапдаана
Нур чачканын  сумсайынкы тийип Ай.

 

КАЙГЫ

Жибек парда артында
Көрчү, чүрөк катканын.
Терезеге сүйөнүп
Кусалыкка батканын.
Көздөрүндө муң чалган
Жаш кылгырып, жалтырайт,
Билиш кыйын кимди ойлоп
Ал кайгырып жатканын.

 

ЖАМАКТАТУУ

Кылычымды көтөрүп мен
Шилтеп, чапсам булакты.
Мурдагыдан тез агып ал
Күчөйт, алып кубатты.

Чөйчөгүмдү шыпкап ичип
Койбосом да жарымдап.
Кусалануу өз табында
Алоолонуп, жалындап.

 

ТАМАШАЛАП ДУ ФУ ДОСУМА ЫР СУНАМ

Бийик тоонун чокусунан
Өсчү калың карагай
Жолуктурдум мен Ду Фуну
Күн куйкалап турганда.

Суроо бердим: — Досум мынча
Арыктапсыз аябай –
Ушунчалык алың жокпу
Ыр саптарын курганга?

 

* * *
Татып турган күндө дагы сүйүгө
Жаңы алган аял гүлгө барабар.
Мен картайып, окшошмун яшмага.
Ойду катпайм, сөздөрүмдө чындык бар.
Гүл туруксуз. Сүйүү жиби бек болбой
Өмүрүңө түшүрөт ал көлөкө.
Бирок чиркин, яшма жүрөк эч качан
Суубайт жана алмаштырбайт бөлөккө.

 

ЖАТ КИШИЛЕРДИН АРАСЫНДА

Буркураган жыты шумдук 
Шарабынын Ланьлиндин.
Чөйчөгүмдө толуп турат
Каухардай жалтырап.
Мас болгончо коногуна
Үйдүн ээси ичирсе
Бөлөк жерби, өз жеримби
Билбей калам тантырап.

 

ЛУШАНЬ ТООСУНДАГЫ ШАРКЫРАТМАНЫ КАРАП ЖАТАМ

Уясына күн кызарып
Батып барат алыста.

Шаркыратма, тоолорго мен
Көз чаптырам алыска.

Шаркыратма боюн таштайт
Көк мелжиген аскадан.

Саманчынын жолу жерге
Кулагансып асмандан.

 

ЛУШАНЬ ТООСУНДАГЫ БЕШ ЧОКУГА КАРАЙМЫН

Көзүм тойбойт Лушань тоонун көркүнө,
Көзгө сүйкүм, карабагын кай жагын.

Чокулары көктү тиреп, заңкаят,
Көтөрүлүп гүл өскөндөй, карагын!

Ага чыксам, туш тарапка суктанып
Мен көрмөкмүн жаратылыш ажарын.

Эч бир арман болбос эле көңүлдө,
Ушул жерден келип алса ажалым.

 

СУУНУН ШАРЫ

Шылдырап аккан суунун бетин,
Ай аймалайт эркелеп.

Түштүктөгү көлдүн уктап,
Жаткан кези мемиреп.

Айткысы бар лотос мага,
Бир кайгылуу нерсени.

Мени дагы кайгы курчап,
Маанайы пас болсун деп.

 

КҮЗҮНДӨ СЕ ТЯО МУНАРАСЫНА КӨТӨРҮЛҮП

Заңкайышып кырка тоолор,
Тартып койгон сүрөттөй.

Көктү карай чокуларын,
Бийик созуп, топтошкон.

Шаркыраган эки чоң суу,
Шаарды курчап агышат.

Үстүндөгү көпүрөлөр,
Жаага анык окшошкон.

Сууктан дарак кыймылдабайт,
Кусаланат ал дагы.

Жалбырактар шуулдайт, күйүп
Өрттөй турган кез келип.

Кимдер гана чыгышпасын
Мунарага шаардагы.

Се Тяону сөзсүз түрдө,
Кетет экен эскирип.

 

АК ТУРНА

Учуп келген ак турнаны
Көрдүм мына, күзүндө.

Кыштын түшкөн кыроосундай
Сууга конуп, сүзүүдө.

Чалып өткөн капалыктан
Сагынычты туямын.

Кумдуу жээкте, ээн аралда
Жалгыз өзүм турамын.

 

ТООДОН ЖАЙЫНДА

Ысып, араң олтурамын
Өзүм батпай өзүмө.

Түнгө эптеп кетсем эле
Жыргайт элем көөшүлө.

Үстүмдөгү кийимимди
Эчакта мен  чечкенмин.

Тоо-токойдон жеңил соккон
Жел куюлат төшүмө.

 

ТООДОГУ ХРАМ

Чокуга, тоого чыкканда
Бош калган храмга түнөймүн.

Жымыңдап жаткан жылдызга
Колдорум, сунсам жетчүдөй.

Үнүмдү катуу чыгарбай
Акырын гана сүйлөймүн.

Антпесем, асман тургунун
Чочутуп аным кетчүдөй.

 

ЮАНЬ ДАНЬЦОНУН ТООДО ЖАЛГЫЗ ЖАШАГАНЫ

Тоолорунда чыгыштын
Ал өзүнө ылайык.

Кичинекей үй салган
Башы гана баткандай.

Ала жаздан үйүнөн
Ал чыкпады кылайып.

Күндүзү да, мык менен
Жерге кадап кааккандай.

Үнүн булак, шамалдын
Албай койду ал элес.

Кереметти кулагы
Өмүрүндө уккан жок.

Уруш-талаш дегенди
Билип койгон жан эмес.

Кылымдарды карытып
Жашай берсе эп болмок

 

ДАЙТЯНЬ ТООСУНА КЕЧИЛГЕ ЖОЛУККАНЫ БАРЫП
ТАППАДЫМ АНЫ ОРДУНАН

Иттер үрүп, суу шаркырайт,
Шуулдайт окшоп шамалга.

Сугарылды шабдалы да
Жан суусуна, булакка.

Анда-санда токойдон сен
Жолугасуң маралга.

Тээ бийиктен коңгуроонун
Үнү жетпейт кулакка.

Байкап турам, бамбук өсүп
Ак булутка жеткенин.

Шаркыратма аска-зоодо
Бир ордунда каткандай.

Кимиң мага айта аласың
Достун кайда кеткенин?

Эски бактар арасында
Мен жалгызмын, айткандай.

 

ДОСУМ МЕНЕН ТҮНДҮ БИРГЕ ӨТКӨЗӨМ

Кайгыбызды
Унуттук го, деги биз!
Жүз чөйчөктөн
Жазылбастыр черибиз.
Түн-чер жазып
Таттуу кепти курганга,
Уйку качат
Ай жылмайып турганда.
Өмүр өчүп,
Гүл сыяктуу соолмоюн.
Жериң-төшөк,
Асман-жууркан болмоюн.

Которгон Кубанычбек Басылбеков

 

КӨҢҮЛ КАЛГАНДА

Чын сүйүүгө татыгы жок болсо да,
Жагат тура гүлү ачылган жаш келин.
Карып кеттим, жарай албай мен сага,
Жашырбаймын мендеги ойдун эч жерин.
Өзгөрүлөт, гүлдүн өчөт иреңи,
Жаш келиндин сүйүүсү да ошондой,
Мен отурган ордум басат ал эми,
От башында айкаштырып койгондой.
Бир кезекте жапжаш элем мен дагы,
Өмүр өттү. Азыр жалгыз калгамын.
Жылдар өтөт чиркелишип айларың,
Кемпир болот азыр тандап алганың.
Күйөөсүнө өмүр гүлүн арнаган,
Эсиңдеби Чэнь ханшанын убалы?
Шөкөттөлгөн алтын сарай турагы —
Желе басып желип бүткөн убагы.

 

ТУУ ЧОКУГА ЧЫГЫП БАРАТАМ

Шу жеринде ыйык чоку аз эмес,
Бирок баары Туучокуга жетеби?
Көргөн жандан сурайт элем, ал элес
Көрк береби, көңүлүңдөн кетеби?

Асман мелжийт, туш-туш жашыл туңгуюк,
Миң кубулган зор дүйнөгө суктанам.
Жаным жыргап таң нуруна куюнуп,
Сырга канам, кайрат алам, шыктанам.

Күүгө салып булуттардын күүлөрүн,
Эмей тоонун чертем сыйкыр кылдарын.
Буга дейре батынчу эмес кыялым,
Эми мына, кєрдүм анын сырларын.

Таптым издеп. Алдым булут нурларын,
Жалган дүйнө жоголду бул жолдордо.
Бараткансыйм ак козуну мен минип,
Ак жарыкка, айкалышкан колдорго.
724-жыл

 

ТАЛЧЫБЫК ШООРАТЫ

Талчыбыкты ырдай кой,
Толо чөйчөк куяйын.
Тал шагында куштардын,
Таңшыганын угайын.

Куштар түнөйт шактарга,
А сен үйгө түнөйсүң.
Жалындаган от күйүп,
Жашообузду сүрөйсүң.
726-жыл

 

ЛУШАНЬ ТООСУНДАГЫ ШАРКЫРАТМА

Кайнар тоодон көк буу көккө бууланат,
Бийик тоодон шаркыратма куланат.
Агыш тарам Саманчынын жолундай,
Көктөн Жерге күмүш түстүү суу агат.
726-жыл

Которгон Эрнис Турсунов

 

* * *

Досум менен түндү өткөрдүм
Кесеге шарап толтурдук.
Кеп куруп шашпай олтурдук.

Уюган черлер тарады.
Унуттук эски жараны.

Теребел тыптынч, ай жарык.
Тегиз ой жарык, жан жарык.

Жамынган жууркан көк болуп,
Салынган төшөк чөп болуп…

Отурган жерге оогончо,
Таң сүрүп жарык болгончо,

Арактан куйдук кайталай,
Аңгеме курдук чарчабай.

Которгон Сагын Акматбекова

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий