Эгиз чоку

1974-жыл. Жаздын бойго жеткен кыздай толукшуп турган кези. Чыкең келип, ата-энесине куран окутат экен дешип, айылдагы туугандары кам көрө башташты.

Чыкеңин жакын тууганы, Жылкыбайдын үйүндө (коңшу турабыз) боз үйлөр тигилип, туугандары малдарын союшуп, нан, боорсокторун жасоо менен алектенүүдө.

Боз үйдү жасалгалоодо айрыкча Карагул менен Байтиктин мээнети көп. Алар боз үйгө айыл-айылдан: карышкыр, аюу, суусар, түлкү сыяктуу аңдардын, ар түрдүү илбээсиндердин терилерин илишип, боз үйдү көркүнө чыгарып коюшту.

Байтик (мага таяке болот) мени чакырып алып:
— Кененбай, Чыңгыздар келгенде, Чыңгызды жанындагы бирге келген кишилери менен мен тиккен боз үйгө киргизебиз. Чайды сен өзүң куясың — деп, мага табыштады.

Жаздын күнү жаш баладай дегендей, күндүз асман ачык, күндүн нуру денени жибитип, бүткөн бойду магдыратып турду эле, кечке маал асман ала булуттана, күн батыш тарап көшөгө тартынып, жаан бир аз себелеп кирди.

Чыкеңдер караңгылатып, кечирээк келишти. Жанында С.Эралиев, Т.Субанбердиев, Эстебес Турсуналиевдер бар экен. Чыкемдер жалпы эл менен учурашып, мал-жандын аман экендигин сурашкандан кийин боз үйгө киришти. Дасторкондон даам сызбай туруп, олтургандар Чыкенин ата-энесине куран окуп, бата кылышты.

Сөз айланып олтуруп, Эстекеңе такалды. Эстекең комузун ала, комуздун кулагын улам акырындан толгоп, эгер толгоосу туура келбесе, Эстекең да ырдай турган ырларын, айта турган ойлорун ансыз айта албай тургансып, комузунун кулагын оң-тетири ойлуу бурап олтурду да, бир маалда:
— Ак калпак кыргыз элибиз, Ала-Тоо биздин жерибиз, — деп баштады. Эстекең андан ары ушу Шекер айылынын түштүк бет маңдайында кырданып жаткан Ала-Тоону, ошол Ала-Тоодо төөнүн кош өркөчүндөй болгон эгиз чоку бар экенин, ак булуттан калпак кийип, ошол төбөсү асман аралаган эгиз чокулар бекер жеринен жаралбаганын, алар Кудай Тааламдын кудурети менен жаралганын, андай эгиз чоку эч жерде жок экенин, анын аты Манас чокусу экенин, ага Кудай Тааламдын каалоосу менен хан Манастын аты коюлганын; ошол Манас чокусунун эки ийнинде эл жайлоого өтчү эки ашуу бар экенин, эчен кылымдардан бери ата-бабаларыбыз ошол ашуулардан ашышып, төрт түлүк малдын бейиши болгон жайлоодо жайды жайлашарын; ошол эгиз чокулардын салаалаган ар бир жылгаларынан эненин эмчегиндей ийип, мүрөк суусундай болгон, сымап сымал шурудай тизилген ар бир тамчы суулар биригип отуруп, күрүлдөгөн Күркүрөө суусун түзөрүн; ал кашка тишти какшаткан, көк кашка тунук суудан Чыкенин да, далай жолу эңсеп келип, суусун кандыра ичип, чаңкаганын басканын; ошол Күркүрөө суусу кыргыз, казактын жерлерин басып өтүп, бак-дарактарын бүрдөтүп, как талаасын гүлдөтүп, өмүр берерин; бала Чыңгыз да ата-бабасы ашкан ашууну ашсам экен, асман-жердин каадасындай болуп, көк тиреген жер уюлу Манас чокусуна чыксам экен деп көптөн бери көкүрөктө багып, эңсеп жүргөн балалык кыялы да ишке ашып, өр таяна, чокуга энтиге чыгып, салкын жели бешенесинен сылап, атыр жыттуу абасынан көкүрөк кере дем алып; улам бийикке чыккан сайын ааламдын ошончолук чексиз экенин, үңүлүп карасаң, анын ошончолук терең экенин көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезип; ошондо чокуга чыгып турган бала Чыңгыздын, жумурткасы али чегиле албай жаткан кызыл эт балапандай болгон көкүрөктөгү таланты ойгонуп, жарык дүйнөгө келгиси келип, өз бет алдынча адам шилтей, канат күүлөй, кең ааламды аралай улам бийик учкусу келгенин, Кудай Таалам берген таланты ушул жерден ойгонуп, асмандагы жайнаган жылдыздардай эсепсиз ойлоруна каны алай-дүлөй болуп, жүрөктү жарып жиберчүдөй көкүрөк тепкилеп, алдыда турган улуу сапарына демине дем берип, кыялы алда кайда чабыттап, мейкинден-мейкинге алып учканын; асмандагы канаттуулар падышасы — бүркүт канат кагып, жанынан шаңшып учса, ал ансайын өрөпкүп; тээ алыста, жер эненин бешигиндей болгон тууган жери — айылы алакандай болуп көзгө көрүнүп турса; ал ансайын бүткөн боюна ушул чокудан энергия топтоп жаткансып, денесине улам кубат ала, кең ааламга көз чаптырып эргип турганын Эстекең айтып жатты, айтып жатты…

Эстекең улам айткан сайын, оргуштап түшкөн тоо суусундай ээ-жаа бербей улам күргүчтөп, акыры бир калыбына келе бүткөн бою акырындап жибип, улам кара тери чыга баштаган сайын, кулак түбүнөн чыккан тер сызылып олтуруп, туяк учуна жеткен сайын улам кызый, улам колтугу кериле, улам арышын кенен сала; үстүндөгү чабандесине эне тизгин кактырбай, же омуроого камчы салдырбай, үстүндөгү чалкалай бир калыпта бара жаткан чабандесин чайкатпай да термелтпей, төрт аягы көзгө илешип, илешпей, мойнун созо, жердин четине барып сиңип кетчүдөй муюп бара жаткан жоргодой, Эстекең төгүп жатты, төгүп жатты…

Боз үйдүн эки капталындагы туурдуктарын өйдө көтөрө беришип: кемпир-чалы, келин-кесеги, уул-кыздары боз үйгө тегерете кадап койгондой, демдерин ичтерине алып, көздөрү жайнаган эле эл.

Мурда акырындан себелеп жаткан жаан, эми улам күч ала, биротоло шатырата куюп жатты. Сыртта тургандардын тырмактын агындай да кургак жери калбай, бүткөн бойлору сыгып алма суу болуп турушту.

Табигый менен адамдын бири-бирине шайкеш жаратып койгонун карабайсыңбы. Сыртта жазгы жаан төгүп жатса, ичте Эстекең төгүп жатты. Экөө тең тыным албай төгүп жатты…

Чыкең Эстекеңдин өнөрүнө таң бере, анда-санда билинер-билинбес баш чайкап коюп олтурду.

Эстекең: Теңирим — Чыкеңдин бешенесине такты буйрубаганын, анын энчисине талант бергенин; так талаш экенин, так күнүмдүк экенин; элим, жерим деп жүрөгү какпаган падышанын же багы кетерин же тагы кетерин, же башы кетерин; ал эми талант бирөөнүкү гана экенин, талант түбөлүктүү экенин, ал сеники экенин, аны сенден эч ким тартып ала албасын, талантты мокотуп аксатып, өлтүрүп албай, талантты өмүр бою бапестеп, күлүк ат баккан кыл тамыр саяпкердей баксаң гана, ал элиң үчүн эмгек кыларын Эстекең айтып жатты.

Падышалар башкарса бир эле мамлекетти башкарарын, ал бүтүндөй элге падыша боло албасын, адамдардын ханы Чыңгыз хан: билектин күчү менен, найзанын учу менен, жер майыштырган аскери менен, Жер шарынын жарымын багындырса, Чыкең болсо, таланттын күчү менен, калемдин изи менен бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү аң-сезимдүү адамдардын рухий жан дүйнөсүн: мифке, фантазияга, лирикага, философияга жык толгон чыгармалары менен өзүнө багындырганы; мен-мендеген падышалар Чыкеңин чыгармаларына терең баа беришип, заңгыраган ак сарайларына чакырышып, мамлекеттик эң жогорку сыйлыкты тапшырып жатканын; Чыкең ушул жердин кулуну экенин, Чыкең жан дүйнөсүнө күл азыкты ушул жерден алып турарын, ушул элдин ушундай уулу бар экенине, Шекер эли кандай бактылуу эл экенин айтып жатты…

Бир маалда, Токтогул Мамбеткулов (Чыкенин жакын жээн күйөөсү, адабиятка шыктуу жан эле) ордунан тура кылып, Эстекеңе карышкыр ичик жаап жатып:
— Эстеке, айтышта астыңызга ат салдырбаңыз, алышта Дж. Лондондун «Белый клыгындай» болуп эч кимге алдырбаңыз, бул ичик көк жалдын терисинен, сиздин сүрүңүзгө сүр кошуп турсун, — деп тамашалады.

Ушундай эки залкардын бет маңдайында чай куюп берип олтуруу, мен үчүн чексиз бакыт эле.

Теңирим Кыргыз элинин бешенсине Ала-Тоону жаратып жатканда, эгиз чокуну кошо жаратса керек. Теңирим Ала-Тоо канча жашаса, эгиз чоку ошончо жашасын деп жаратса керек.

Теңирим эгиз чоку канча жашаса, Манас, Чыңгыз (экинчи чоку Чыкенин атына берилген) да ошончо жашасын десе керек…

Кененбай Мырзанаев, Кара-Буура району, Шекер айылы,
«Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий