Сооронбай Жусуев, КРнын Баатыры: «Бүгүнкүдөй жапайы маңкурттуктан дароо арылмакпыз…»

Алдыда келаткан 9-Май жеңиш майрамын утурлай, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери КРнын Баатыры Сооронбай Жусуев агабыз менен адабияттын күңгөй-тескейи, акындын жеке турмушу ж.б. суроолордун тегерегинде кеңири маек курдук…

Сооронбай ата, акыркы кездерде сизди ооруп жүрөт деп уктук. Ден соолугуңуз жакшыбы?
Адам баласына 86 жаш деген оңой жаш эмес. Ден соолугум бирде оору бирде соо болуп, уул-кыз, небере-чөбөрөлөрдүн урмат-сыйына бөлөнүп, кудай деп жашап жатам. Карыганда оорунун баары козголот тура, өзгөчө буту-колум ооруйт. Күндөн-күнгө ахыбал оорлоп баратат. Кудайга шүгүр, көрөрүбүздү көрдүк, басар жолду бастык. Бул жашоодо армансыз эле жашадым. Жетпей калган эч нерсем болгон жок, көздөгөн максатыма жеттим. «Эл үчүн кандай кызмат кыла алдым?- деген гана бир ойго жетеленип күн өткөрүп атам. Эң негизгиси өлкөбүздө тынччылык болуп, элибиз бакубат турмушта жашаса өлкөбүздө өнүгүү да болот, ж.б. көп нерсеге жетишебиз. Айрым саясатчылар, интеллигенция өкүлдөрү болгон айрым жазуучулар деле пендечилик кылып, чектен чыгып кетип жатышат. Убакыттын өтүшү менен кимдин ким экени аныкталып, Бакиев сыяктуу журт бузарлар өздөрү эле иргелип четке чыгып калат.

Сиздей көрүнүктүү адамдардын жеке турмушу коомчулукка кызык экени белгилүү. Үй-бүлөөңүз туурасында айтсаңыз…
Биринчи никем Бурулбүбү менен жаш кезимде ажырашып кеткем. Андан эки кызым бар. Кийинки жубайым Шааркүлдөн 4 кыз бир уулум бар. Эки байбичем тең 2003-жылы оорудан каза болуп калышты. Эки кызым менен катышып турам, майрам сайын белегин берип майрамдатып турушат. Экөө тең бала-бакыралуу болушуп, илимий иштер менен алектенип жүрүшөт. Ал эми кийинки кыздарымдын төртөө тең турмушка чыгышкан, өз оокаттарын кылып жашап атышат. Кичүү уулум Бактияр жашы 36га келди. Үйлөнө элек, жашы өтүп калганда үйлөнгүсү келбей калат окшойт, «үйлөн» десем «мына үйлөнөм» дейт, же үйлөнбөйт. Ортончу кызым үйү жок болгондуктан, үй-бүлөсү менен биз менен бирге жашап жатат. Көп кабаттуу үйдө жашагандыктан, үйүбүз тар, эптеп батышып жашап жатабыз. Президентибиз Роза Отунбаева былтыр үй маселесин чечип берем деп убада берген, буюрса, жакында үйлүү болуп калаармын деген үмүттө жашап жатам. Анын үстүнө азыркы турган үйүмдө 1953-жылдан бери жашап келатам. Эски үй болгондуктан, канчалык ремонт кылып жылуулаганыбыз менен, кышкысын үй жылыбайт. Быйыл кыштата үшүп чыктым. Же автоунаам жок, кээде ооруканага жете албай көчөдөн транспорт чакыртып айлабыз кетет. Президентибиз Роза Отунбаева ушул маселени да эске алып чечип берсе жакшы болор эле.

«Аккан арыктан суу агат» деп коёт эмеспи, уул-кыздарыңыздын арасында сиздин жолду жолдоп чыгармачылыкка багыт алгандар барбы?
Жазуучунун баласы жазуучу болот, же акындын баласы акын болот деген чанда гана болчу көрүнүш. Уул-кыздарымдын арасында бирөө да чыгармачыл эмес. Эл башкарып, саясатчы же бизнесмен болгондору жок. Баары тең жөнөкөй, интеллигент адамдар. Кыздарым 4-5 тилде эркин сүйлөшөт. Жогорку окуу жайларында англис тилинен сабак берип, туристтик фирмаларда котормочу болуп иштешет. «Тең-теңи менен, тезек кабы менен» дегендей, кыздарымдын баары карапайым эле жердин балдарына турмушка чыгышты. Арасында уйгуру да бар.

Карганда кемпири жок жашоо кыйын эмеспи?
Кемпири жок абышка жетим абышка деп бекеринен айтылбаса керек. Балдарым канчалык бапестеп көлөкөгө бакса дагы, абышкасын кемпиринен артык эч ким бага албасына көзүм жетти. Кулактын кужурун алып, ажылдап турса дагы баарынан кемпиримдики өйдө экен. Бирок кудайга шүгүр, жаман эмес, кыздарым жакама кир жугузбай багып жатышат.

Сөз нугун адабиятка бурсак. Акыркы кездерде адабиятыбыз кумга сиңген суудай жок болуп баратканы эч кимге деле жашыруун эмес. Канткенде адабиятты жандандырып, өнүктүрө алабыз?
Адабиятты өнүктүрүү кыйын болуп калды. Илгеркидей китеп окулуп, китепке болгон окурмандардын сүйүүсү артып турса, адабиятыбыз да гүлдөп турмак. Ааламдашуу доору болгондуктан, тилекке каршы, техника басымдуулук кылып, чоңунан кичинесине чейин баары эле компьютерге кадалып калышты. Көркөм адабиятыбыздын тамыры кыйылып анын ордун көчө сөзү менен жазылган, адамдын аң-сезимин бузган, жеңил-желпи чыгармалар толуктап атат. Мамлекет жазуучуларды койдон бөлгөн котур эчкидей кылып бөлүп салды. Жок дегенде Жазуучулар союзуна акча бөлүп, ошол жерде иштеген 5-6 жазуучу айлык акысын убагында алып турса жакшы болмок. Каражат болбосо кантип анан адабият жазылсын. Анын үстүнө жазуучулар дагы өтө эле майдаланып кетти. Биздин убактагыдай таланттуу акын-жазуучулардын саны аз. Ошондой эле, иштелип чыккан улуттук идеологиябыз жок деп жатабыз. Эң негизги идеология бул Манас эпосу жана түгөнбөгөн асыл ой, учкул сөздөрүбүз. Мындан башка идеологиянын бизге кереги жок. Ушуну улуттук идеология катары кабыл алсак, элдин калың катмарына сиңсе элибиздин аң-сезими өзгөрүлүп бүгүнкүдөй жапайы маңкурттуктан дароо арылмакпыз.

Бакиевдин убагында КРнын Баатыры деген эң жогорку наамга ээ болдуңуз эле. Бакиев туурасында эмнелерди айта аласыз?
Өз элине ок аткан Бакиевди курман болгон 87 баатырдын арбагы жазасыз калтырбайт. Эртедир-кечтир ал жазаланат. КРнын Баатыры «Ак-Шумкар» наамын мага Бакиев эмес, кыргыз элим берди. Медалды төшүмө тагып жатканда Бакиевге: «Сен мага Эл Баатыры наамын бердим деп ойлобо, бул наамды мага элим берди»- деп айткам. Башкаларчылап наам алат элем деп Бакиевге кошомат кылган жокмун. Наам алышыма Төлөгөн Касымбековдун да салымы чоң болду окшойт. Анткени Т.Касымбеков: «Мен ооруп жүрөм, көзүмдүн тирүүсүндө Эл Баатыры наамын алсам жакшы болот эле»- деп Бакиевге бир эмес үч жолу кирип: «Сенин азан чакырылып коюлган атың Курманбек эмес, Закиржан»- деп Бакиевдин ата-тегинен бери айтып атып, наам алган. Эл баатырын жалгыз Т. Касымбековго бергенде болбойт, Сооронбай Жусуевге да бериш керек деп анан мага дагы берген экен. 1981-жылы Эл акыны наамын алганда дагы Турдакун Усубалиев жалгыз Муса Жангазиевге ыйгара албай, ага кошуп, мага да ыйгарган. Иши кылып, бирөөлөргө кошулуп эле наам алып келатам. Негизи Бакиев маданият, адабият жөнүндө түшүнүгү жок адам болчу. Маркум Чыңгыз Айтматов кайрылса кабыл албай 3 айдан кийин кабыл алыптыр. Ошондо Ч. Айтматовдун чыгармаларын билбей, кандай чыгармалары бар эле деп жанындагылардан сураган дешет. Маданиятты түшүнбөгөн адам мамлекетти башкарып кетиши кыйын.

Элге болгон каалоо-тилегиңизди билдире кетсеңиз…
Жогоруда айткандай эле, өлкөбүздө тынччылык болуп, элибиздин курсагы ток болсун. Тилекке каршы, саясатчылар өтө булганып алышты. Элди ойлобой өз кызыкчылыктарын ойлоп, байлык, бийлик үчүн күрөшүп жатышат. Депутаттар эки-экиден кыл чайнашып, кырылышып жатат. Булар минтип отурса элди жакшылыкка алпарбайт. Эл ишенип, колдоо көрсөтүп шайлагандан кийин, элдин ишеничинен чыкпай, эл үчүн иштешсе болмок.

Маектешкен Мирлан Алымбаев, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий