Кыргыз адабиятынын тагдыры тууралуу

Баяс Турал (коомдук ишмер, акын, Кыргызстан Улуттук жазуучулар бирикмесинин төрагасы) менен маек

— Баарыбызга белгилүү болгондой өткөн жыл Кыргызстандын коомдук жана саясий турмушунда татаал жыл болду. Сиздин оюңузча бул окуяны кыргыз жазуучулары кандай кабыл алып, кандай чагылдырды?
— Менин оюмча кыргыз жазуучулары бул багытта кыйла пассивдүү, мунун да өзүнүн субьективдүү себеби бар. Айталы, көпчүлүк белгилүү адабиятчылар карып үйлөрүнөн чыкпай отурушат. Көптөгөн авторлор саясаттан тыш, болгондо да өз эрки менен саясатка аралашкысы келишпейт. Ушундан улам менде бир ой пайда болот. Казак поэзиясынын алптары Мухтар Шаханов менен Олжас Сулеймановдун учурунда антиядролук кыймылды жетектешпеди беле.

Муну менен эмнени айткым келет? Алар жөн эле жазган адамдар эмес, көптөгөн ири идеялардын башында жүргөн чоң инсандар, алар өздөрүнүн майтарылгыс мүнөздөрү менен эч бир окуяга кайдыгер карай алышпайт, ошол үчүн алар буга чейин ири окуялардын кыймылдаткыч күчү болуп келишкен жана аягына чейин ошол бойдон калары түшүнүктүү. Биздин авторлордон бул багытта бир кезде Кыргызстан демократиялык кыймылынын(КДК) башында турган Казат Акматовду белгилесе болот. Ошондой эле өздөрүнүн активдүү позициясын Мелис Абакиров, Асанбек Стамов, Абдымамбет Сариев да билдирип жүрүшөт. Өзгөчө Абдымамбет Сариевдин салт, маданият, улуттук баалуулук темасындагы макалалары мезгилдүү басма сөздөрдө байма-бай жарыяланып келет. Анан калса ал өз пикирин ачык жана түз айтып келет. Аял авторлордон бизде активдүү иштейт деп Гүлсара Момунованы айтса болот. Ал өткөн жылдагы апрель окуясы боюнча атайын ыр түрмөктөрүн чыгарган. Бирок жалпысынан айтканда апрель окуясына адабий баа берүү азырынча эртерек деп ойлойм. Азырынча бул окуяны камтыган олуттуу китеп чыга элек. Менимче азыр окуяга анализ берүү жана чыгармачылык менен изденүү мезгили жүрүп жатат. Андыктан чыныгы турмушту, чыныгы окуяны чагылдырган, бул кандуу окуя боюнча ар бир адамды ойлонткон жана толгонткон чыгарма сөзсүз жаралат деп ойлойм. Каалаганым ошол китеп, адамды солк эттирген, актуалдуу жана ар бир жаш курактагы адамдарга кызыктуу боло турган китеп болсо экен.

Бул жылга карата Жазуучулар Союзунда кандай кызыктуу долбоорлор жана программалар бар?
— Баарыбызга белгилүү долбоорлор менен программалар каржылоо маселесинен көз каранды. Акча болгондо… мына мен жакында Ашхабадга адабий конференцияга барып келдим. Иш чара улуу түркмөн акыны Нурмухаммед Андалиптин урматына уюштурулду. Мен ал жакта Армениянын, Грузиянын, Казакстан жана башка мурдагы союздук республикалардын жазуучулар союзунун башчылары менен жолуктум. Казакстан жазуучулар союзунун башчысы менен орто жана кичүү муундагы таланттардын «Поэзия» кечесин Ысык-Көлдүн боюнда өткөрүү боюнча сүйлөштүк. Проектилер менен программалар ишке ашуусу үчүн каражат маселесинен көз каранды болот эмеспи. Каражат болгондо… бирок жакында эле Ашхабадка адабий конференцияга барып келдим. Салтанат түркмөн элинин улуу акыны Нурмухаммед Андалипке арналган. Ал жактан Армения, Грузия, Казакстан жана башка бир топ илгерки союздун курамындагы өлкөлөрдүн жазуучулар союзунун төрагалары менен жолугуштум. Ошондо казак тараптар менен Ысык — Көлдүн жээгинде жаш жана орто муундагы адабиятчылар менен бирге «Поэзия» деген аталыштагы семинарды өткөрөлү деп сүйлөштүк. Демөөрчүлөр да табылгансыды, бирок алдын ала айткым келбей турат, баары ишке ашмайынча көмүскө сактай турайын.

Дагы бир жакшы жаңылык — Жогорку Кеңештин бир отурумунда мамлекет жаңы китептерди басып чыгарууга 10 миллион сом бөлүп берүүгө чечим чыгарды. Жыйырма жылдан бери биринчи жолу! Февраль айында парламентте мамлекет башчысына жана расмий жетекчилерге улуттук адабиятка көңүл бурууга чакырган сөз сүйлөгөн элем.

Азырынча каражат которула элек, бирок биз маданият министрлигине профессионал жазуучу, акын, министрликтин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүүнү сунуш кылып атабыз. Конкурстун жобосун азырынча түзүп чыга элекпиз. Бир гана нерсени айта алам, бул башта жарыкка чыга элек чыгармалардан болууга тийиш.

Мындан тышкары Жогорку Кеңеш «Ала — Тоо» журналынын чыгышына беш миллион сом бөлүүнү туура тапты. Бул басылма мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан бери жарыкка чыкпай калган эле.

Үстүбүздөгү жылдын 5- майында мамлекеттик филармонияда мамлекет башчысы Роза Отунбаеванын катышуусунда Поэзия кечеси болуп өтпөдүбү. Акыркы жылдардын ичинде президент өзү катышкан адабий кече болуп атат. Кыргызстандагы жазуучулардын статусу бийиктейт деген үмүт барбы?
Поэтикалык кече өткөрүү демилгеси Роза Отунбаева тарабынан көтөрүлгөн. Албетте, мамлекет башчысынын ата — мекендик адабиятка кызыкканы бизге жагымдуу болду. Президенттин маданият тармагы боюнча кеңешчиси Султан Рае вменен биргеликте ар кайсы муундагы мыкты акындардан жыйырма чактысын тандап алдык да, алар филармониянын сахнасында ырларын ийгиликтүү окуп бере алышты. Бул салтты мындан ары да улантарыбызга үмүттөнөм. Азыр Улуттук университеттин, БГУнун жана Манас кыргыз — түрк университетинин ректораттары менен алардын аудиторияларында поэзия кечесин өткөрүү тууралуу келишим түзгөнүбүз бар. Жазуучунун статусуна кайрыла турган болсок… бул өтө орчундуу суроо. Акыркы кездерде бизди дээрлик унутта калтырышты, ал эми көпчүлүк саясатчылар ачыктан ачык эле байкамаксанга салышты. Болжол менен жети — сегиз жыл илгери «Улуттук адабиятка мамлекеттик көмөк» деген суроо парламентте көтөрүлгөн эле. Бирок тилекке каршы мыйзам ар кандай себептерге байланыштуу өтпөй калган. Азыр биз «чыгармачыл бирикмелер тууралуу» мыйзамы өтүшүнө аракет көрүп атабыз. Суроо туулат, эмне үчүн? Биз бирикменин өкүлдөрү, мисалы — сүрөтчүлөр, жазуучулар, композиторлор ж.б.у.с. башка коомдук мекемелерден ажыратышын суранабыз. Республикада 4000 НПО бар, биздин ишибиз алардан таптакыр айырмаланып турса да алардын катарындабыз. Искусствонун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибеков менен жолугушканыбызда ушул теманы талкуулаган элек. Өз кезегибизге чыгармачыл жамаат төрагага аталган мыйзамды кабыл алууга жана иш жүзүнө ашырып берүүгө өтүнүчүбүздү жолдодук.

Келечекти божомолдобой туралы, бул мыйзамды кабыл алышабы, кабыл алышканда канчалык деңгээлде — убакыт көрсөтөт. Бирок менин оюмча кандай болбосун чыгармачыл бирикмелердин статусун көтөрүү керек, аны менен кошо искусствонун өкүлдөрүнүн да статусу көтөрүлөт.

Сиздин көз карашыңызда биздин өлкөдө жаш, таланттуу жазуучулардын келечеги барбы, же ийгилик коштогон автор болу үчүн башка өлкөлөрдүн китеп базарына чыгуу керекпи?
Менин оюмча кыргыз чыгармаларын которуу иши менен көбүрөөк алектенишибиз керек. Мыкты драматургия, поэзия, прозаны башка тилдерге которуу зарыл. Советтер союзунун курамында жүргөн мамлекеттерди эле алалы, бизде жалпылыктар көп,чыгармаларыбызды бири — бирибиздин тилибизге которсок адабий жашоо менен жакындаша алабыз. Биз мурунку бир тууган өлкөлөрдүн бардыгынын жазуучулар союзу менен иштешүүнү каалайбыз. Бүгүнкү күндө бул жаатта биринчи кадамыбызды таштап баштадык. Мисалы, армян акындарын которуу иши менен Мукан Асаналиев алектене баштады. Буга чейин ал азербайжан классиги Мар Жалалдын ырларын которгон болчу. Жакын арада эле ата — мекендик акындарыбыздын ырлары англис тилине которулуп, китеп болуп жарык көрдү. Албетте, Шекспир сүйлөгөн тил учурда дүйнө жүзүндө лидерлик позицияда турганы жашыруун эмес. Кайталайм, бизге сапаттуу, мыкты котормо керек. Ошондо гана башка өлкөлөрдүн китеп базары бизге болгон кызыгуусун ойготот.

12 — декабрь кыргыз адабиятынын күнү болуп жарыяланды. Ушул күнү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген жана улуу акын Алыкул Осмонов каза тапкан. Күн, албетте, биздин өлкөгө символикалуу, бирок бул күн кагаздагы жөнөкөй формалдуулук катары калып кетпейби, сиз кандай ойлойсуз?
Бул күн адабият сүйүүчүлөрү үчүн майрам катары болушуна аракетибизди жасайбыз. Республикалык деңгээлдеги салтанат уюштуруп бөлүнүп чыккан авторлорго сыйлык тапшыруу сыяктуу иш — чараларды уюштуруу зарыл. Эгер жыл ичинде кандайдыр бир кызыктуу жана таланттуу чыгарма жаралган болсо аны сөзсүз түрдө белгилеш керек. Жазуучулар үчүн чыгармачылыгын андан ары улап, өркүндөтүүгө стимул керек. А бизге өз кезегинде мамлекеттик колдоо зарыл.

Кыргызстан беш миллион калкы бар өлкө жана белгилүү болгондой жаштар ар кандай себептер менен китеп окууга көп кызыга беришпейт. Өлкө чоң эмес, китеп сүйгөн мекендештерибиз көп эмес. Көрүнүш толугу менен кубантаарлык эмес. Сиздин көз карашыңызда кыргыз адабиятынын келечеги кандай, үмүттөнүүгө болобу?
Үмүт акыркы болуп өлөт. Мекендештерибиз адабий жаңы чыгармаларды окуйбу — өтө татаал суроо. Бирок ошол эле убакта биздин убакта ата — мекендик жана чет өлкөлүк китептерди окууга кызыккан жаштарыбыз жок эмес. Мени кейиткени азыр көпчүлүк айылдыктар адабий вакуумда жүрүшкөндөй сезилет. Окуганга эч нерсе жок. Китептер ал жакта сатылбайт, китепканалар бош. китеп маданияты акырындык менен жокко түшүп баратат. Муну ушул бойдон таштабаш керек. Он миллион сом которулганда биз ата — мекендик жазуучуларыбыздын мыкты чыгармаларын жарыкка чыгарууга аракеттенебиз. Өтө мыкты деп саналган он чакты китепти көп нуска менен чыгарып, республиканын бардык аймагына, китепканаларга таратууну колго алабыз. Акыркы кездери кыргыз китептери көп болгондо миң нускадан ары өтүшө элек. Жаңы ысымдар керек, учурда поэтикалык тил менен жазган мыкты авторлор болсо да.

Кыргыздарда поэзияга болгон тубаса касиет бар. Адабиятыбызда драма да пайда болушун каалайт элек. Акыркы кезде драма жанры азайып баратат. Ата — мекендик адабияттын тагдыры кандай болот, айтыш кыйын. Биз өзүбүз жөнөкөй эмес, оош — кыйыш заманда төрөлүп калдык. Бирок аз болсо да кыргыз адабияты өз нугундагы өзөндөй азып баратат. А эгер суу агымы болсо, анда жашоонун уланганынын белгиси жана анын мааниси жана мазмуну уланып атканы.

Наргиса Карасартова, “Кыргыз руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 22.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий