Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сатылган САЗАЕВ: “Кагылайын кыргыз элим деп турчу эле”

– Сабира эже менен качантан баштап иштешип калдыңыз?
– 1992-жылдан чогуу иштештим. Ал учурда Союз жоюлуп, театрлар жаңыдан ыдырай баштаган убакыт эле. Ошол учурларда театрдын 70 жылдыгы болуп калды. Өкмөттөн чоң жардам болбогондон кийин  70 жылдыкты өзүбүз тоскону аракет кылалы деп Таласка Бексултан Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” спектаклин коюп бардык.  Чүйдү толук кыдырдык, Көлгө, Нарынга бардык. Мына ошол убакта бул эже ушунчалык чыны менен өзүнүн кесибин сүйгөндүгүн же болбосо ушул улуу актриса деген наамды көтөрүп жүргөндүгү анык болду. Себеби, сахнанын артында ушунчалык дыкаттык менен даярдангандыгы дагы да болсо көз алдыбызда турат. Анан ошол спектаклдерди коюп бүтүп жатканда, же анын алдында эже жалаң гана сахнада бир типте эле ойной бербей, күндө башкача ойночу.

– Эжеден алган таасирлер өзгөчө болсо керек?
– Абдан да! Ички дүйнөсүндө башкача болуп турчу, сахнага чыгуу, сахнадан тышкары да жашообузда ал бизге үлгү болчу. Себеби, элдин алдында чыгып сүйлөгөндө ар дайым “ардактуу элим, кагылайын кыргыз элим, кыргыз журтум” деп кайрылып, ушундай бир улуу сөздү көп айтчу эле. Анда биздин жаш кез, балким ошол чогуу жүргөн кезде бизге ураан катары, бийик  абазы менен айтылгандай сезилчү. Элин, кыргыз калкын сүйүп, энелик мээрими менен төгүлүп айтканы билинип турчу. Биз буга күбө болгонубуз үчүн да бактылуубуз.

Аксакал катары да акыл-кеңеш айтканга жүрөгүн берип турчу. Кийинки учурда союз жоюлуп, элдин алдында чыгып жүргөндө жөн эле барбай, көйгөйлүү ойлорду, бир маселелерди айта жүрдү. Ошондо аксакалдар менен жолукчу элек. “Балдарыбыз мына минтип Кытайдан келген жаман арактарды ичип, ахвалыбыз ушундай болуп турганда  аксакалдар жөн отурбай кантип жардам беребиз, ушундай адашкан жолдон кантип сактап кала алабыз, мына минтип чогуу олтурганда маданияттуу ой бөлүшөлү, келгиле кеңешели”, – деп бардык аймактагы аксакалдарга, жетекчиликке, чыны менен жүрөгү күйүп, эртеңки  кыргыз келечегинин  кандай болоруна  кайгырчу.

Ушундай жерлерге барганда да эженин өзүн алып жүрүшү бир башкача болчу. Эжени эл сыйлачу, ошондой убакта  дасторкондо отурганда ичимдик  коюшат, ошондо акырын гана “алма суусу” деп койчу. Ошол кезде Касымбай Табалдиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти болчу. Акырын нускалуу сөз айтып, “биз азыр  концертке барабыз, мунуңарды тим эле койгула деп”  акырын алдыртып коюп жүрчү. Мунун баары бизге тарбия экен да.

Сабира эже эпизоддук ролдорду көп ойноп, бирок таң калыштуусу аны башкы ролдон да ашыра таанытып койгонуна көрүүчүлөр суктанып кеп кылышат эмеспи, сиздер чогуу бир нече жылдар иштешип калгандан кийин мындай чебердиктин сыры эмнеде деп ойлойсуз?
– Ооба, бул чын сөз. Бул киши аябай таң калыштуу инсан эле,  Кыргыздын каада-салттарын коштоп аткарган  ролдордун   ажарын   аччу   эле.

1994-жылы Уфага бардык да “Кагылайын Манасым” менен эже да барды. Кемпирдин ролун аткарып жаткан мезгилде жөн эле сахнанын бир бетинен экинчи бетине басып кирип кетет. Ошонусу менен образды дал өзүндөй куюлуштуруп  келтирчү. Сынчылардын берген баасы таң калыштуу эле. Анткени ошондо образды сүйлөбөй аткарган. Чынында башка каармандарга караганда ал аткарган кемпирдин элеси көргөн кишиге чоң таасир берип, көпкө унутулчу эмес. Бул ролду өзү ойлоп тапкан, сценарийде жок болчу.

Көчкөн Сактанов менен Төлөгөн Касымбековдун биргелешип жазган “Курманжан даткасында” кемпирдин баласын мууздап, баягы, кан көтөрөрдөчү, ошондо баласын издеп келгендегиси, баласын курмандыкка чалганы жатканда сахнанын тиги алдында баланы кармап турганга  чейин жамбаштап басып келгенин бир башкача аткарчу, өзүнүн изденүүсү бар болчу. Тубаса талант деген ушундай экен да.

Дагы бир жолу, 95-жылдары эле, Ысык-Көлдөн спектакль бүтүп, биз Нарынды көздөй кетип бара жатып, машине бузулуп калды. Долондон дөңгөлөк жарылып суукка туруп, эртеси эже ооруп калыптыр, биз спектакль ойномокбуз да, анан эмне кылабыз деп калсак  “силер  бара бергиле, андан көрө дары мага алып келгиле”– деп айтты, биз араң таптырып алып келип бердик. Эже “Мен азыр барбайм, кечкисин спектаклге барам”– деди. Биз ойлонуп эми кантер экенбиз деп калдык. Себеби эже 80 жашка жакындап калган кези эле да. Ошондо сахна дарыладыбы, же сахнага чейин эже өзүн дарыладыбы, же сахна үчүн ооруну унутуп калдыбы, оорубаган адамдай ролду ойногон.

– Гастролдо жүргөн  учурлардан көп эле айта бериңиз, залкарларга күбө болгон ал күндөр эми биз үчүн тарыхка айланып калбадыбы?
– Эжени эстөө абдан жагымдуу, айтса айтайын. Чүйдү кыдырып жүргөндө айыл өкмөтүнүн үйүндө конокто болуп калдык, айыл өкмөтү жаш келинчек алып, жаңы турмуш баштаган экен. Эже өзүн түз кармап, чыпыйып отурду. Айыл өкмөтү таң калып турду. Себеби  “ай биздин артыбыздан сөз калат, байкабай жел чыгып кетсе кантебиз” деп калчу. Кыскасы баскан- турганы, тамак жегени бардык кыймылы, мүнөзү үлгү болчу. Аны көргүсү келгендер миңдеп саналчу, баары жакшы көрүшчү.

Эжеге барган жерде дайыма жок дегенде  беш жоолук берилчү. Эжени эл аябагандай сыйлоочу. Бирок баарын кыздарга таркатчу. Биринчисин мен алайын, калганын силерге дечү.  Анан дагы кесиптештерине дагы аябагандай жан тартчу. Айкөл эненин үлгүсүндөй адам эле.

Кайниси кайтыш болгондо Таласка Сайра Мырзалиеванын  20 жылдык чыгармачылык кечесине да чакырылып калышты. Кайнисин жерге коюп келгенден кийин,  “кой, ооруп турсам да барып келейин” деп ушул жерден Таласка барып кечени өткөзүп келген.  Мындан кесиптештерине болгон сый- урматы билинип турбайбы. Ошондой эле театрга болгон сүйүүсү таза болчу, чын дилинен аракети күчтүү эле.

– Элдик талант катары эже “элим” деген сөздү көп айтчу эле дешет?
– Ал чын. Сабира эже эл тууралуу көп айтып, көп түйшөлүп, өзүн элден бөлүп карачу эмес. Өзүнүн 80 жылдык тоюнда да ”элим мени сыйлап жатасыңар” деп ыраазы болду эле. Ошол кезде Апаз Жумагулов Премьер-министр эле. Ошондо “ Театрга эмне жетишпейт”-дегенде  эл алдында  тура калып, “Мынакей сизден суранычым колдон келсе, театрга улуттук деген наамды алып бериңиз, бул улуу актерлорго берген бааңар болот, менин суранычым ушу” деген.

– Эженин жеке өмүр таржымалы тууралуу өзүнөн уккансыңарбы?
– Укканбыз, кээде маектеше калганда сурап калсак айтып берчү эле. Документинде 1917-жыл деп жазылыптыр,  бирок Үркүндө    кетип бара жатканда төрөлгөн экен. Ата теги бай киши болуптур. Мен неберелүү болдум деп сый тамак берген экен. Артын караса куугундагандар жок, анан акжолтой деп аташчу экен. Кийин чоң аталары артка кайтып элине келген имиш. Чоң аталарын көп эскерчү. Азыркы Төкөлдөш кичи району, Көк-Жардагы көчөлөр турбайбы, Бакен Кыдыкеева эженин, Сайра Кийиз-баеванын  аттарын берип коюшпадыбы, ошол жерлер  биздин чоң аталарга карашчу деп калчу. Эрке өстүм дечү. Эже Алыкул Осмонов менен окууну бирге бүткөн. Ошондо өрт болуп,  бир курсту бүтпөй калдым дечү.  Кийин  №45- мектепке мугалим болуп иштеп,  анан театрга келип калдым дейт. Театр болсо Сабира эженин чыныгы бактысын ачкан тагдырына айланбадыбы.

Эжеден эмнени уксак да биз үчүн өтө баалуу эле, көбүнчө залкарлар тууралуу айтып бергендери эсте калды. Райкан Шүкүрбековду кантип үйлөнткөнү  жөнүндө айтып боорду эзчү. Комиссионка деп койчубуз, ал жерге эски кийимибизди тапшырып акча алчубуз дейт. Анан Райканга үйлөн десек, үйлөнбөйм дейт. Шумдук болгону менен  кыздарга келгенде сөз айталбай калчу. Анан “Кой буга бир 100 грамм алып берип, анан сүйлөтөлү” десек, жарым бөтөлкөдөн кийин дагы жетпей атат дейт, берсек мас болуп дагы сүйлөй албай калды. Анан чогулуп туруп муну Жалал-Абадка курортко жибердик дейт. Алардын арасында  Мукең, Ашыралы Төлө­гөнөв баары жөнөтүп калды дейт.

Анан телеграмма келип калды. Анда “жанакы комиссионкаңар кантти” деп жазып жибериптир дейт. Анысы дагы акча салгыла дегени экен деп боорду эзчү.

Муса Баетов жана Сайрагүл Балкыбековалар менен гастролго чыккандагы кыйынчылыктарын айтып берип калчу. Ошондо  бир айылдан экинчи айылга баратып, бир жерге барганда Муса чыга калып эле уча турган  болуп калды дейт. “Ай эмне болду”- десе. “Ай жанагы башкарманын жумурткасынан кийин тоок болуп уча турган болуп атам”- дейт. Ошентип бир кой сойдуруп жеп, сөөктүн баарын Муса жыйнап  алды  дейт, керек болот деп. Жолдо арабада келе жатабыз, анан токтото калып эле баарыбызга чий кармата салды дейт.  Дагы бир аз келдик, анан жанакы сөөктөрдү чагып карматты, соруп-соруп бара бересиңер деп. Мындай күндөр өтө эле көп болгон.

Тирүү болгондо чын өзүнүн жашы менен Сабира эже быйыл 95ке чыкмак. 2007-жылы 14-сентябрда каза болду. Мына ушул жыл маданияттын чоң жоготуусунун жылы болду. Сабира Күмүшалиева, Чыңгыз Айтматов, алтын жаак төкмө акындарыбыздан Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, ошол эле биздин кыргыз улуттук драма театрынан  Кыргыз Республикасынын эл артисти Мамбет Асанбаев, Гүлшара Дулатова, Тургунбек Бердалиев өтүп кетти.

– “Өлгөндөр баркталмайынча, тирүүлөр даңкталбайт” дейт эмеспи, улуу муунду унутпай эстеп турганыңыздарга рахмат, маегибиз соңуна чыгып баратат, сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 22.04.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий